Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Клип таржымалы

Алымкан
"Клип таржымалы" рубрикасы сакадай бою сары алтын, боорду эзген Борончу куудулдун аткаруусундагы көпчүлүккө белгилүү "Алымкан" ырынын клиби тууралуу баяндап берет.

Токтогул менен Алымкандын сүйүүсү
Бул ыр жалпыбызга белгилүү болгон Токтогул менен Алымкандын сүйүүсүн чагылдырат. Башкача айтканда, азыркы учурда да сүйүүнүн бар экендигин, кыз-жигиттин ортосундагы мамиленин ыйыктыгын айтып жаткандай. Мындан эки жыл мурун Борончунун санаалаш досу Сагын Молдобаев ырдын сөзү менен обонун жаратып, досу Борончуга сунуштаган. Борончу алгач ырды укканда эле ырдап чыгуу идеясы оюна келип, аранжировкасын Алтынбек Нажымидиновго жаздырып, радиолорго бере баштайт. Өзүнүн кыялындагы ырга жеткен куудул, ырчыбыз "Алымканга" клип тарттырууну алдыдагы пландарына коёт.

Жайдын саратанында кар жаап…
Жайлоонун күнү жаш баладай дегендей Соң-Көл жайлоосу бир күндө төрт мезгилди өзүнө чагылдырып тураары белгилүү эмеспи. Таң эрте кар жаап кыш болсо, түштөн кийин жаз болуп аба ырайы тез өзгөрүлүп турган Соң-Көлгө барган клип тартуучу жамаат көптөгөн кызыктуу учурларга туш болуп келишкен. Алар барган күнү 24-июль жайдын саратаны болсо да, кар жаап жатканына күбө болуп, таң калышкан. "Быссымылда" дегенде эле мындай көз караш Борончу байкенин жүрөгүн түшүргөнү менен эң мыкты клиптин ээси болуп кайткан.
Башкы ролдордо: Алымкан- 3-курстун студенти- Мунара, жигиттин ролун - Канат аттуу мырза ойногон. Ал эми Алымкандын атасынын ролун Рай деген сулуу жигитибиз эң мыкты чагылдырып берген.
Клипке түшкөн боз үй, жылкыларды Соң-Көл жайлоосунун тургундары көтөрүп беришсе, демөөрчүлөр Рай менен Кадыр аттуу мырзалар болушкан. Айта кетчү нерсе ошол жердин тургундары клиптин массовкасын да түзүп беришкен. Кыргыздын каада-салтынан үзүндү алынган бул клип кыйынчылыктарды өзүнө камтыса да, элдин колдоосу менен көп ийгилик жарата алды. Ысык-суукка карабай тартылган клипти бир жуманын ичинде толук тартып бүтүршкөн.

Калп жыгылып, күлкүбүз келди
Айдын теңи жарык, теңи караңгы дегендей клиптин тартылышынын өзү кызык болгонун айта кетели. Алгач эле Алымкандын бою узунураак болгондуктан ага жигит таппай бир топ убара тартышкан. Мен деген жигиттер туура келбей, буйрук экен, Таластан атайын конокко келген Канат деген бала жарап тартылып калган.
Алымкан атка мине албагандыктан ат үстүндөгү аткарган сюжетин жылкычы баланын келинчеги ойноп клипке көрк кошкон. Ошондой эле кызды уурдап кетип баратканда кубалап, салгылашкан жери бар. Ошол учурда жайлоодогу олбурлуу, күчтүү жигиттер менен шаардын арык балдары бетме-бет чыгышат. Алар индиялык кинолордун мушташындай тие электе эле калп жыгылып, боорлору эзилишкен. Кызыктуу окуялардын дагы бири Алымкандын атасы болгон байга тебетей таппай айыл кыдырышкан тура. Ал эми жылкынын эти бышып жаткан казандын ордуна, козунун эти клипке түшүп калганы да күлкүлүү болгон.
Желеде байланып, буулуккан жылкылардын кээ бири күлкү тартуулаган. Режиссерлукту да өздөрү мойнуна алышкан Борончу байке менен Жарашбек байке клипти мыкты бүтүргөнгө аракет кылышкан.
Клип учурундагы күлкүлүү жана кызыктуу учурлардын саналуусун гана айтып бердик. Өз ыктыяры менен күйөөгө кеткен Алымкандын аягы той менен бүткөн.
Мына ушундай мыкты клип таржымалдарын сиздер үчүн тартуулай беребиз.
Даярдаган
Айнура Султанова




Алымкан
Сөзү, обону:
Сагын Молдобаевдики

Ат арытып алыстан жайлоо
тараптан,
Сапар алып айлыңа сага
баратам.
Аппак жоолук салынган ак
көйнөкчөн Алымкан,
Жылкы багып жүргөн агаң сени
сагынган.
Ала-Тоого жаз келип, арнап
сага гүл терип,
Аргымакты чаптырып мен
жолугууга шашып баратам.

Жолугалы айылдын ылдый
жагынан,
Же болбосо сен сүйгөн алма
багынан.
Сен да мени сагынсаң, келсе
экен деп зарыксаң,
Күн чыкканда күтүп алгын
мени Алымкан.
Көңүл дегдеп эңседим
Көргүм келип мен сени,
Аргымакты чаптырып мен
жолугууга шашып баратам.










??.??