Сенин гезитиң!
№31, 02.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Билгениң оң

Кесиптештер менен кантип тил табышуу керек?
Көпчүлүктүн арасында тил табышып, жалпы жамааттын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп иштөөнү көпчүлүгүбүз билбесек да ар бирибиз ошого аракет кылып умтулуп келебиз. Кичинекей пикир келишпестик кесиптештердин арасында чоң жараканы пайда кылып, таарынычты туудурат. Ошол майда нерселер чоң маселеге айланып кетпеш үчүн алдын ала кандай кадамдарга барыш керек?


Эң жөнөкөй эреже: өзүңдү, көз карашыңды, пикириңди өзгөгө таңуулабоо. Анткени сиздин жеке оюңуз ага жакпашы мүмкүн. Кимиңердики туура, кимиңердики жаңылыш деген суроого жооп издөө менен бирге ортодогу талаш чоң чырга айланып кетип, бири-бириңизден көңүлүңүз калуусу күтүлөт. Өз пикириңди билдирип жатканда колду жаңсап, үндү бийик көтөрбөстөн, жай, шашпай сүйлөгөндү үйрөнүңүз. Канчалык кыйын болсо да кесиптешиңиздин пикирин да уга билүүгө аракет кылыңыз. Бул да болсо кесиптешиңиз менен сиздин мамилеңизди жөнгө салат.

Сөздү буйрук иретинде эмес, сураныч иретинде билдирүү бир топ адамдын ичин жылытаарын эске алыңыз. Кесиптешиңизге - "суранаарым, жасап коёсузбу… - кичипейилдикке"-деген өңдүү жөнөкөй сөздөр менен кайрылсаңыз сиз өзүңүздүн тарбия көргөн адам экениңизди көрсөтө аласыз.

"Рахмат, саламатсызбы, кечиресиз" деген сөздөрдү ыңгайы келген жерден аралаштыра билиңиз.

Ар бир адам сый мамилеге татыктуу. Эгерде тил табыша албай калсаңыз, ортодогу музду ээритиш сиздин гана колуңузда, кантсе да "Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарат" эмеспи.

Ортодогу пикир келишпестиктердин себеби көз караштын ар түрдүүлүгүндө болушу мүмкүн; диний, саясий, психологиялык өзгөчөлүктөр жана башкалар. Эмнеси болсо да кокус таарынышып-урушуп кетсеңиз, убакытты өткөрүп тултуюп жүргөндөн көрө бетме-бет отуруп ортодогу маселени жай сүйлөшүп, чечишип алгандан өтөөрү жок.

Иш үстүндө кесиптешиңизге эч убакта тоскоол болуп, анын оюн алагды кылбаңыз. Анткени мындай көрүнүш кийинки мамилеңизге залакасын тийгизет. Тагыраак айтканда кесиптешиңиз сиз менен сүйлөшүүүдөн качып калышы да ыктымал.

Кесиптешиңиз менен болгон мамилеңиз сиздин маанайыңыз менен карьераңызга түздөн-түз тиешеси бар. Аны менен болгон жакшы, жылуу мамиле сизди урмат-сыйга бөлөсө, алар менен тил табышып, жумушуңуздан орун алып калсаңыз дарак бир жерден көгөрөөрүн далилдейсиз. Ал эми күнүгө эртең менен жумушка майрамдык маанайда аттанууңузга албетте кесиптештериңиз түрткү болот же тескерисинче мойнунан байлаган иттей болуп жумуш ордуна келүүңүзгө да айланып келип эле кесиптештер себепчи болот экен.

Даярдаган А. Дүйшөналиева




  Пайдалуу кеңештер

Сулуулук үчүн атайын салат
5 кашык сулуу акшагы,
5 кашык муздатылган кайнатылган суу;
2 аш кашык сүт, бал жана кара өрүк;
4 тоголок жаңгак.
Түндөсү акшакка суу куюп, таң атканча коёсуз. Эртең менен сүт, бал, кара өрүк жана майдаланган жаңгакты кошуп абдан аралаштырып аласыз. Даярдалган салатты тамак ичээрден мурун жай чайнап жегениңиз жакшы болот. Албетте даамы жагымдуу деп айтуу кыйын, бирок чыдап 1 ай үзгүлтүксүз жеп турсаңыз сулуулук үчүн натыйжасы жакшы болот.

  Пайдалуу кеңештер

Жарашыктуу боёнуунун сыры
Боектордун жардамы менен өзүңүзчө табышмактуу болуп алсаңыз болот. Каштын алдын кийген кийимиңизге жараша тандаганыңыз оң. Эгер көзүңүз чуңкур жайгашса (кареги терең) кабактын ортосун ачык түс менен боеңуз. Ал эми кичи же тосток болсо күңүрт боек тандооңуз кажет. Көз караштын таасирдүүлүгүн сездирүү үчүн кирпиктин сырткы учунан кирпиктин изи боюнча күңүрт калем менен чийиңиз.
Мына ушундан кийин сүйкүмдүү жылмайып көчөгө чыксаңыз, жагымдуу жана жарашыктуу болуп ажарыңыз ачылат.

  Пайдалуу кеңештер

Тырмак жакшы кооздолсун десеңиз
Тырмак бекем болсун десеңиз, лакты атайын суюктук менен кетириңиз. Андан соң, тырмактын түбүн учтуу металл менен артка карай жылмалайсыз. Жандарын улам тереңдетип өгөөлөй берсеңиз, аны сынгыч кылып аласыз. Тырмакты чекесинен ортосун карай бир багытта өгөөлөгөнүңүз туура. Андан кийин самындуу жылуу сууга жумшаргыча кармайсыз да, колуңузду жумшак сүлгүгө сүртүп, тырмактын түбүндөгү өсүп кеткен эттерди кесесиз. Ашыкча эт жок болсо түбүн артка карай түртүп, колду атайын жумшартуучу май менен майлаңыз. Бир аз тыныгуудан кийин кайрадан жууп, кургатылган тырмакка лак сүйкөсөңүз оюңуздагыдай кооздолот.

  Пайдалуу кеңештер

Такты кетирүүнүн жөнөкөй ыкмасы
Эки чай кашык күрүч унун же буудай унун аласыз да бир аш кашык уксус менен ушул эле өлчөмдөгү балга кошуп аралаштырасыз. Даярдалган масканы бетке жука сүйкөп, 20-30 мүнөттөн кийин кургак кебез менен сүртүп, артынан жылуу сууга чайкаңыз. Андан соң 3 пайыздуу суу перекисин кебезге сиңирип аласыз да тактардын үстүнө жабасыз. Мындай ыкманы 2-3 жума күнүгө жасооңуз кажет.

Даярдаган Ч. Абдраева




  Кызыктар дүйнөсүндө

Адам тууралуу кызыктуу фактылар
Адамдын жашоосу анын салмагына көз каранды
Дал ушундай далилдерди америкалык окумуштуулар келтиришкен. Кичинекей кезинде канчалык аз салмакта болушса, чоңойгондо чың денсоолукка жетишке мүмкүнчүлүгү ошончолук аз болот.
Эгерде адамдардын ой-жүгүртүүлөрүнө көз салып көрө турган болсок, адамдардын 70% бирөөнүн үндөөсү, көз карашы менен эсептешип иш кылса, 30% гана өз алдынча чечим чыгара алышат. Адам 12-18 айынан баштап эле өзүн күзгүдөн көрүп-тааный баштайт. Кишинин денесинде жашаган бактериялардын төрттөн үч бөлүгү али ачыла элек. Орто эсеп менен адам өмүрү өткөнчө 230105 жолу богооз сөздөрдү пайдаланат.
Наполеондун суу ичкен чыныларынын бири италиялык авантюрист Калиостронун баш сөөгүнөн жасалган.
Дүйнө жүзү боюнча эң чоң баш катырманы Звонко Янана түзгөн ал баш катырма 40 миң жана 8469 сөздөн турган.
Американын эң биринчи соту Джон Джей болгон мүлкү түгөнгүчө кулдарды сатып алып, аларды эркиндикке коё берчү.
Ар бир жетинчи америкалык дүйнө жүзүнүн картасынан өз өлкөсүн көрсөтүп бере алышпайт.

Аары бир күндө канча бал чогултат?
Аарылар 100 грамм бал чогултуу үчүн 46 миң километр аралыкты учуп өтүүсү керектелет. "Тажрыйбалуу" аары бир күндө 7000 гүлдү чаңдатууга үлгүрөт, аарылардын кээ бир түрү өзүнүн салмагынан да оорураак жүк менен учуп жүрө берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ.
Аарылардын өз алдынча пикир алышууларын адамдар эч качан акылы жетип түшүнбөйт. Булар жытты мыкты сезгендиктен, кээ бирлери туристтердин багаждарын текшериш үчүн ордуна дал ушул аарыларды пайдаланышат. Өзгөчө жардыруучу заттарга болгон жытты 99% туура, так аныкташат.

Коңурук - сүйүүнүн душманы
Британиялык медиктердин жүргүзгөн изилдөөлөрүнө таянсак, үйбүлөлүк турмуштун төрттөн үч бөлүгү жубайы коңурук тарткандан бузулат экен. Суроо салган адамдардын көпчүлүгү ушунун айынан түгөйлөр эки башка бөлмөгө жатып укташаарын билдиришкен. Ушундан улам аялы менен күйөөсү бири-биринен алыстап, жашоосунан жарака кетет деген жыйынтык чыгарышкан. Ал эми коңурук тартууга кандын жогорку басымы жана жүрөк оорусу алып келет.

Жүзүмдүн касиети эмнеде?
Ашыкча семирүүдөн адамды жүзүм сактаарын немец окумуштуулары далилдешкен. Көрсө башка улуттардан айырмаланып, бир гана француздар жүзүмдөн жасалган ичимдикке деги эле бул жемиштин өзүнө көп басым жасагандыктан, алардын мүчөсү да көрктүү, өмүрү да узун болот тура. Ал тургай биз эт-май, сүт азыктарына көбүрөөк көңүл бурсак, француздар тескерисинче кээ бир тамактарды да жүзүмдөн же болбосо жашылча, жер-жемиштен жасап жешет экен.

Даярдаган А. Дүйшөналиева










??.??