Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Ар собол

Ырыскелди Осмонкулов, КРнын эмгек сиңирген артисти:
- Кыргызстандын шоу-бизнеси сизди канааттандырабы?
- Бул шоу-бизнес чоң нерсе. Муну билген адамдар жасаш керек. Таланттуу балдарды колдоп, аларды чыгарып жаткан продюсерлер акчалуу адамдар болуш керек. Ал эми ырчы болом дегендердин албетте музыкалык билими болсо, ошондо гана бул чөйрө бийиктикке жете алат дээр элем. Кудай буюрса быйылкы жыл аябай жемиштүү жыл болду. Омар жаш болсо да "Жаңы толкунда" жеңишке жетсе, Ома Американы багындырып үч алтын, 1 күмүш медалды алып келди. Гүлзинат дагы төртүнчү орун менен кайтып келди. Булар жөнүндө айтсам Омарга музыкалык билим жетпейт, эгерде билим алса бул баладан көп нерсени үмүттөнсө болот. Оманын аябай жетилип, бышып турган чагы, бул бала Кудай буюрса дагы башка фестивалдарга катышса, бизди уят кылбайт. Гүлзинатты баарыңар билесиңер, ал аябай чоң музыкант.

Гүлшан Молдоева, диктор:
- Жан эргиткен үнүңүзгө кантип кам көрөсүз?
- Менин Кудай буюрса бул тармакта иштеп жүргөнүмө 30 жылдан ашып калды. Ошол күндөн тартып башкалардай болуп үнүмө өзгөчө деле кам көрбөдүм. Кээ бирөөлөр жумуртка ичип, муздак-ысыктарды ичпестен бапестейт. Адамга талант берилгендей эле өзгөчө тунук, жан эргиткен үн мага жаратылыштан ыроолонгон.

Байыш Момунов, ырчы:
- Жакындан бери "Замана" берүүсүнө чыга баштадыңыз, түз эфирдин сүрү кандай экен?
- Оо, сурайсыз да. Алгач чыкканда аябай толкундандым. Мен бул жактан эмнени сездим, алып баруучулук бул аябай жоопкерчиликтүү жумуш экен. Үч саат бою бир жерден жылбай, түптүз, эки жакты карабай отурганды элестетсеңиз, сахнада эмне дискти салып алып, секирип-секирип бийлеп чыгып кетебиз. Карап көрүп ары жоопкерчиликтүү, ары оор жумушту аркалап жүргөндөргө ырахмат дедим ичимден. Кудай буюрса бул башталышы, алдыда эмне болот, кандай болот, кандай күндөр күтүп жатат муну бир гана убакыт көрсөтөт.

Элмара Турсуналиева, ди-джей:
- Эмгегиңиз бааланбай калган учурлар болду беле?

- Негизинен биз элдин адамы эмеспизби. Кыргыз элимдин жакшылыгы биздин жакшылык. Алардын сүйүнүчү, кубанычы менен да тиешелүү. Биз бир гана радио менен чектелип калбастан, ар кандай той-топурларда да талантыбызды тартуулап эл аралап жүрөбүз да. Ошондой эле күндөрдүн биринде Нарын облусундагы Нарын районундагы бир тойго барып калдык. Жумушубузду бүткөн соң куру кол кайтып келдик. Ал жерде бир гана менин эмес, аттуу-баштуу ырчылардын да, алардын катарында Райкан Абдувалиеванын да эмгеги тепселенгенин айтпасак болбос. Биз алар менен эч кандай талашып-тартышпай эле өз уятына койдук. Себеби, биз эл үчүн кызмат кылууга ар дайым даярбыз. Андай адамдар менен эч кандай эсептешпейбиз. Анткени, "Итке теңелсең ит болосуң" деп коюшат го.

Айгүл Чалова, ырчы:
- Ата-энеңиз тандаган жигитке турмушка чыгат белеңиз?
- Ата-эне баласына эч качан жамандык каалабайт. Эгерде аларга жаккан жигитке турмушка чык десе сүйлөшүп көрүп жылдызыбыз келишсе кол кармашып кетмекмин. Биз эми чоңоюп калбадыкпы, өз жашообузду жакшы нукка буруп, кең келечекке жакшы максаттар менен кадам таштаганга аракет кылабыз да.

Ильяз Андаш, ырчы:
- Кудай жаңы өмүр берсе кандай жолду тандаар элең?
- Эң алгач бул жарыктыкта аман -эсен басып жүргөнүмө Кудайга тобоо келтирип, ыраазы болом. Азыркы жашоомдо адам катары, ырчы катары да аябай бактылуумун. Эгерде Алла-Таала мага кайрадан өмүр берсе мен ушул эле жол менен ырчылык кесипти кубаныч менен тандап алып, алдыга койгон максаттарыма эртерээк жеткенге далалат кылмакмын. Күндө ар бир аткан таңды да Кудайга шүгүр этип жашап келем.

Урмат Усенов, ырчы:
- Эң акыркы таанышууңуз эсиңиздеби?
- Оой, таанышуулар бизде күн сайын болот. Керек болсо бир күндө аябай көп кишилер менен таанышабыз. Алардын көпчүлүгү менин күйөрмандарым. Акыркысын айта турган болсом, жарым саат эле мурда колунан көөрү төгүлгөн, кумура жасай турган уста менен тааныштым жана өз колум менен кумура жасадым. Мындай таанышуулар мага аябай жагат.

Даярдаган Нурзат Жусупова









??.??