Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Жылдыз турмуш

Бегимай менен бир күн
Көз ачып жумганча жай мезгили да аяктап, жөжөнү күздө саначу убак да келип жетти. Мындай учурда төбөсү көккө көрүнгөн чыгармачыл адамдарыбыз да тынч отурбашы айдан ачык. Бирөөсү репертуарындагы ырларды толуктаса, экинчиси гfрдеробун жаңыртып жатса керек. Бүгүн сиздердин назарыңыздарга жаш болсо да таланттуу ырчы кыз Бегимай Эсенгулованын бир күндүк жашоосун сунуштайбыз.

Бегимайды көрүп, эстен танган жигит
Биз алгач Бегимай менен байланышсак, жаңы окуу жылына даярдык көрүп жүргөнүн билдирип жолугушууга макулдугун берди. Биз жолуккан күн 28-август болгондуктан сабакка барууга төрт эле күн калган болчу. Ушул убакка чейин окуу курал-жарактарын ала элек ырчы менен бирге Филармониянын жанындагы өткөөлгө (подземкага) сапар тарттык. Баарыңыздарга маалым болгондой аталган жер көпчүлүк жаштардын жолугуучу жайы болуп калган. Күн эрте болсо да бул жерде балдар тизилип отурушуптур. Жигиттерибизге адат болуп калгандай Бегимайды көргөндө жөн калбай сезимдерин ар кандай сөздөр менен билдирип, ышкырып тийишип да жиберишти. Бегимай керектүү нерселерин алып жаткан учурда сатуучу да ырчынын чыгармачылыгын бааларын билдирип автограф алганга үлгүрдү.Мындагы жүрүштүн эң кызыгы дептерлерди сатып алып чыгып баратсак Бегимайды жанынан биринчи жолу көрдүбү, же сулуулугуна таң калдыбы, айтор отурган жеринен кулап түшөйүн деген жигиттер да болду.

Чак түштө Динара эженин бөлмөсүнө баш багып, Бегимайдын чыгармачылыгы тууралуу кенен отуруп сүйлөштүк.
Динара эженин айтымында ушул күнү "Кател" уюлдук байланыш компаниясы уюштурган концерт жана туугандарынын тою бар экен.Чакырылган жерге сөзсүз катышуусун айтып,Бегимайды салонго жиберди.Ошентип андан ары салонго карай жолубузду уладык.

Дудук айдоочуга туш келип…
Салондон чыгып Спорт ордосунда боло турган концертке шашып баратсак, дайыма каттап жүргөн таксилер да эмнегедир бул күнү таптакыр келбей койду. Айла кетип турганда какаганга - муштаган болуп дудук айдоочуга кезигип, жазуу аркылуу жетчү жерибизге жетип бардык.

Күйөрмандарымдын көңүлүн калтырбайм
Аңгыча эшик кагылып күйөрмандары тынч койбой сүрөткө бирге түшүп коюусун суранып агылып келип жатты. "Күйөрмандарыбыз бар биз ар дайым бактылуубуз, ошондуктан эч качан күйөрмандарымдын көңүлүн калтырбайм"-дейт Бегимай Эсенгулова.

"Көкүлүм тоскоолдук жаратат"
Бегимайдын айтуусуна караганда "Люкс" ырчылардын сүйүктүү салону экен.Босогодон аттаганда эле салондун ийкемдүү кыздары күлүп - жайнап тосуп алды.
Бегимайдын мүнөзү оорбу же чачы химиядан кийин ошондой болуп калганбы айтор, чачын жасап бүткөнчө чач тарач кыз бир топ эле убара тартты. Алгач башкача жасатып, кийинчерээк аны өзгөртүп отуруп акыры "мальвинка" деген чач жасалгага токтолдук. Чачын өстүрүүнү каалаган Бегимай маңдайындагы көкүлү ар дайым тоскоол болоорун айтып көкүлүн жарашыктуу кылып ары тартып бергиче да бир канча убара болушканын кошумчалай кетсек ашыкча болбос. Ырчыбыз жасанып бүткөн соң Спорт ордосуна сапар тарттык.

Сахнага чыгаардан мурун ар бир ырчы сырткы келбетин болушунча оңдоп түзөйт эмеспи. Алардын катарында Бегимай да күзгүгө каранууну салтка айлантып алган десек жаңылышпайбыз. Бирок, "көчөдө жүргөндө же жөнөкөй убакта анчалык деле боёнбойм"- дейт Бегимай.

Ошентип концерттен чыккандан кийин Бегимай чакырылган тойго, биз болсо өз жолубузга түштүк. Ырчынын көшөгө артындагы бир күндүк жашоосуна күбө болгондон кийин өнөр адамдарында тыным жок экенин байкадык. "Коштон чыксаң малага" дегендей уйкусурап кечигип келген айрым ырчыларыбызды түшүнүп койсок болчудай. Сөз аягында ары татаал, ары кызыктуу ыр дүйнөсүндө алпурушуп келаткан Бегимайдын кичипейилдүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн ,эң негизгиси адам менен бат тил табышып кеткенин белгилеп, жаш ырчыга чыгармачылык ийгилик кааламакчыбыз.

Даярдаган Нурзат Жусупова