Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Кыргыз көчү

Сопу ата
Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт дарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. Кыргыз тарыхында ысмы калган инсандарыбыздын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Сопу ата Азык уруусунан чыккан, убагында элге кадыры сиңген, алдыны көрө билген,акылга дыйкан адам болгон экен. Айткандай учурунда кайсы бир сынчыга Тагай бий Азыкты сынатканда айтыптыр: "Бул уулуңдун тукумунан алдыны көрө билген олуязаада, мүнөзү жумшак, алдыны көрө билген балдар чыгат"-деп сынаган экен. Ошол олуянын сынаган сыны төп келип Азык уруусунан Уаалы сынчы, Санчы сынчы, Сопу ата өңдүү олуялар чыкканы чындыктан белги бергенсийт. Эгер кат-сабат жоюлган заман болгондо анда сөз башка болуп, көптөгөн таланттуу адамдардын ысмы, жасаган иштери көмүскөдө калбайт эле.
Айтмакчы Сопу атанын дагы бизге жетпеген эмгектери көп болгон. Бул киши кыргыз элинен эң алгачкылардан болуп Кытай, Иран, Ирак, Пакистан, Афганистан, Араб өлкөлөрүн кыдырып, илим-билим менен чукулдан таанышып келген адам болгон дейт.
Сопу ата бала кезинде эле идиреги бар бала болгон-деп айтылат. Бир күнү калмактын көчү кетип баратып, Сопу аталардын айылына кез келишет.
Ошондо көзүндө калы бар, калмактын бир сынчысы тестиер баланы (Сопу атаны) көргөзүп, көч башчысын сөзгө тартып, тиги баланын көзүн тазалаш керек же аны кармап кечил кылып салбасак болбойт-деп айтат. Көч ээси таң калып:
- Эмнеге ал балага анча кызыктың. Же көзү ачыктык илхамың ойгонуп кеттиби деп тамашага чалып кыт-кыт күлөт.
Алиги калмак:
- Эй байым, сен али эч нерсени көргөн жоксуң да. Мен ал тестиер баланын белинен бир периштени көрүп турам. Ал белиндеги периште дүйнө бинаа болсо, ал баладан төрөлгөн баланын тукуму бүт калмак менен кытайды сүрүп, акыр кыяматка чейин бийлик жүргүзөт. Өзү деле бой жеткенде элди ээрчиткен, акыл кошкон, акылга дыйкан адам болот. Бул баланын өзү эл керегине жараган бала болот. Аттиң калмак элинен ушундай баланы көрсөм, өзүм таалим берип, багат элем. Бу кыргыз элинин багына төрөлгөн уул деп Сопу атаны көргөзөт. Көч башчысы айтылган сөздү угуп болуп, Сопу атадан көзүн албай карап туруп:
- Кайра артка тартканда ал баланы өзүбүз менен бирге ала кетели. Эгер сенин айтканың чын болсо-деп өз оюн айтат. Калмактын сынчысы:
- Баланы таппай калсак кандай болот?
- Табабыз, мен анын үйүнөн бери билип алдым, андан дагы баланы кечинде уурдабасак болбойт, күндүз байкап калышат-дейт. Бул сунушка макул болуп калмактар сапардан кайтып келатышканда эбин келтирип, кеч киргенде Сопу атаны уурдап кетишет. Өз жерлерине барганда алиги көзүндө калы бар сынчы:
- Бул баланы өлтүрбөй эле кечил кылып салалы. Эгер өлтүрсөк мунун касиети бизди жөн калтырбайт деп Сопу атаны кечил кылып салышат да, бир калмакка малайчылыкка беришет. Сопу ата бир аз бой тартып калганда ал жерден качып чыгып, Кытайга кирип кетет. Андан Афганистан, Пакистан аркылуу Арабияга өтүп окуганды үйрөнүп, көзү ачылат. Тестиер кезинде үйүнөн уурдалып кеткен Сопу атадан ата-энеси эбак эле түңүлүп калганда Сопу ата он жылдан ашык убакыт жоголуп кетип акыры үйүнө келгенде, ата-энеси сүйүнгөнүнөн көздөрүнө жаш алат. Сопу ата жоголуп кеткенин жана көргөн үйрөнгөндөрүн үстүртөн айтып берет да, өзүнүн окуп билгендерин көбүнчө тестиер балдарга үйрөтөт. "Билим алганга аракет кылгыла" деген таризде. Чынында ал кезде Сопу атадай эл жер кыдырып башка элдин жашоо турмушу менен жакындан таанышкан адам болгон эмес. Өзгөчө Сопу атага Арабия өңдүү чоң өлкөлөрдүн жашоо шарты, элинин динге берилгени абдан жагат. Ал жактан тил үйрөнүп, көп нерсени билип келет. Сопу атанын эл үчүн жасаган көп иштери бизге жетпей калганы албетте түбү жок үшкүрүктү пайда кылат. Өзүнөн бала калбаса дагы анын эл үчүн жасаган иштери көп сөздүн учун козгойт.

Гезитибиздин кийинки санында Ныязбек Эсенгул уулу жөнүндө сөз козгойбуз.




  Аккан арыктан суу агат

Чыңгыз Айтматов тектүү жердин тукуму
Жакында айтылуу улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкул уулу дүйнө салганда, анын кадыр- баркы жогору экени дагы бир жолу билинди.
Чын-чынынан жаңылбайт демекчи, маркум Чыңгыз аксакалыбыз алакандай ак калпак кыргыз элибизди жалпы дүйнө элине өзүнүн көөнөрбөс таланты менен таанытканын эч тана албайбыз. Бул жерден суроо туулушу мүмкүн "Эмне себептен калем кармаган жазуучуларыбыздан бир гана Чыңгыз Төрөкуловичтин даңкы бүт ааламга чыкты?" деген.
Анткени Чыңгыз аксакал тектүү жердин тукуму болгонун эсибизден чыгарбаганыбыз оң жана ал жагына да көңүл бурушубуз керек. Эмесе сөз өңүтүн аксакалдын ата тегине бурсак. Тээ илгери, тактап айтканда мындан бир, бир жарым кылым мурун Чыңгыздын чоң атасы (ысымы толук белгисиз) Талас өрөөнүндө эл бийлеп, эл жакшысы аталып, атка минер болуп жыйындарда сөз сүйлөп, көзгө көрүнүп турган учурунда тууган арасында ыйкы-тыйкы, уруш-талаш, келишпестик болуп, туугандарына таарынып, өзүн ээрчиген элди ээрчитип, Казакстанды көздөй жол тартат. Ал кезде азыркыдай техника кайдан болсун. Ат, өгүз, төөлөргө жүктөрүн артып көчкөндүктөн кыргыз калкын "көчмөн эл" деп атап койгонун да эсибизден чыгарбаганыбыз оң.
Көч бир түнөп, эртеси түш жарым убак жол жүргөндө көчтү көргөн казактын акылга дыйкан, элге кадыры бар, жашы сексенге таяп калган, көкүрөгүн ак сакалы жапкан, орто бойлуу, калыстыктан тайбаган карыясы чай кайнам убакыт келаткан көчтөн көзүн албай карап туруп, жүк менен келаткан көч жакындаганда айылдын билерманын өзүнө чакырып, катуу дайындайт. "Алиги, келаткан көчтү "кетем" деп өздөрү айтканга чейин жүгүн түшүрүп,тамак -аштан кем кылбай бак. Болбосо мен ал көч менен кошо кетем" деп айыл билерманына маселени кабыргасынан коёт. Эч нерсеге түшүнө бербеген Бауржан бир аз ойлонуп туруп калат да, бирок эч сыр бербестен келаткан көчкө бир сыйра көз агытып алып, көңүлү көтөрүңкү көп жашап, көптү көрүп калган карыянын айткан сөзүнүн тереңинен бир сырдуу окуяны байкаган соң гана өзүн колго алып:
"Сиздин бир ооз сөзүңүз. Элге, эл келип кошулган жакшы, элден эл кеткен жаман. Биз эмне тамак жесек,ал көч ээлери деле ошол тамакты жейт да" -деп келаткан көчтү түшүрүп, эч үн дебестен бир апта убакыт багат. Ошол учурда ортодо ашыкча деле сөз сүйлөнбөйт. Аңгыча көчтүн артынан жоон топ кыргыздар келип, эт бышым убакыт сүйлөшүп, талаш-тартыш менен келген көчтүн жүгүн кайра унаага жүктөшүп, айылын көздөй алып жөнөшөт. Көч ээси казак баурлар менен жылуу коштошуп, кош-кат ырахматын айтып, жүктүн артынан жөнөйт. Узап бараткан жүктү телмире тиктеген алиги карыя берилегн суроого да жооп бербей, көч көрүнбөй калганга чейин көзүн албайт да качан көчтүн аягы кырдан ашып кеткенде оор улутунуп, үстүнөн бирөө оор жүктү алып салгансып, өзүн жеңил сезип, бери басканда , алиги айыл билерманы Бауржан : "Аксакал сизге эмне болду? Кыргыздын бир көчүн келатканда дагы кетип баратканда дагы теше тиктедиңиз? Бир апта бактырдыңыз, эч сөз айтпаганыңыздын жөнү эмнеде?"-деди эле Алиги карыя: "Эй, казактарым, силер эмнени билесиңер. Алиги көчтү баштап келген кишинин сыймыгы күчтүү экен. Ал келатканда мен анын көчү менен бирге келаткан чоң ырыскыны көрдүм. Тим эле дегенде бир ай бул жерде турганда андагы ырыскы менен сыймык казак элине оойт эле. Жок дегенде, кетип баратканда артын бир кылчайып карап койбоду. Сыймык менен ырыскыны өзү менен бирге элине алып кетти. Эми анын тукуму жакшы чыгат. Бир баласы алакандай кыргызды дүйнө элине таанытат. Айтты койду дебегиле. Жакшы уул атанын эле эмес, уруунун, улуттун атын чыгарат. Кап! Жок эле дегенде кырдан ашып баратып, артын бир кылчайып карайбы деп илгери үмүт менен көзүмдү албай карадым эле, аттиң эми болбой калды" -деп өкүнгөн экен. Чынында эле Чыңгыз аксакалыбыз аккан арыктын тукуму болгон үчүн дүйнө элине таанылып, төбөсү көрүнгөнүнүн себеби алиги казак карыя айткан сөздүн изгисинен белги бергенсийт. Болбосо Чыңгызчалык кадыр-баркка ким жеткен буга чейин.

Даярдаган
Бердикожо Бийназаров










??.??