Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
Балалык баёо сезим, ойноок мезгилди камтыган өмүрдө бир келип кетчү окуучулук күндөрдү эске салган "Классташ" рубрикабыздын төрүнө бул жолу чыгармачыл үй-бүлөдөн чыккан белгилүү куудул Эрнис Бөрүбаевдин классташы Минура Бөрүбаеваны чакырдык. Белгилей кетсек Минура менен Эрнис эки бир туугандын балдары. Минура айым бүгүнкү күндө үй кожойкеси, төрт баланын энеси.

"Эрнистин бала кезиндеги шашмалыгы калган жок"
Жаны тынбаган жалтырак баш
- Минура эже редакциябызга куш келипсиз.
- Рахмат, кушубак болуңуздар.
- Биздин рубриканын бүгүнкү каарманы болгон Эрнис Бөрүбаевдин классташы гана эмес тууганы да болот экенсиз. Андыктан куудулду жакындан билген адам катары анын артта калган окуучулук мезгилине бир кылчайып көрсөңүз?
- Эрнис экөөбүз Өзгөн районунун Жылалды айылындагы "Новый мир" орто мектебинде 8-класска чейин бир класста окуп, андан соң ал орус, мен кыргыз класстан бүттүм. Эрнистин эмнесин айтсам, анын эскере турган жактары абдан көп. Ал бала кезинен эле бир ордунда турбаган, оозу тынбай шумданып сүйлөгөн куудул чалыш болчу. Мектепте окуп жүргөндө кашы-көзү капкара болгон сулуу чырай, узун бала эле. Кыздарды бул ээрчибей эле тескерисинче кыздар муну ээрчип, ашык болушчу. Эсимде, 1-класска барганыбызда кыздардын баары Эрнисти жакшы көрүшүп, жакындан жандап сүйлөшүшчү. Анан эле бир күнү үйүндөгүлөр чачын алып таштап сабакка такыр баш болуп келди. Кыздар башынан жийиркеништиби айтор, "жалтырак баш келатат" дешип эле эч кимиси жолобой койсо болобу. Ага чейин Нурдан деген классташыбызды аябай жек көрүшүп, бир да кыз сүйлөмөк турсун, карап да коюшчу эмес. Эрнистин чачы алынган күндөн тартып бардык кыздар Нурданга ооп кетишти. Классташтарынын бул жоругуна намыстанып, арданган Эрнис партага башын коюп алып бир сабак бүткөнчө өпкөлөп-өпкөлөп ыйлаганы азыркыга чейин көз алдымда турат. Негизи Эрнис кичинекей кезинен эле адам менен мамиле түзүп, пикир алышканды жакшы көрөт. Өзү жанда жок шок болгону менен тазалыкты сүйөт эле. Анча-мынча кыздарга караганда таза-тыкан жүрчү. Сабактардан болсо англис тилинен мыкты окучу. 1-2-классыбызда эжекебиз Эрнис экөөбүздү доскага чыгарып "Айсулуу" деген ырды ырдатчу. Мен оозумду ачканча ал шашкалактап кайырмасын ырдап бүтүп коёт эле. Анан эжекебиз "Ай Эрнис, сен Бишкекте, мунуң Ошто жүрөт го, жайыраак, шашпай ырдагыла"деп кайра-кайра кайталатып жатып акыры бирдей ырдаганга үйрөнгөнбүз. Ошондо да жөн турбай "ымтырабай батыраак ырда" деп мени чымчылап жиберчү. Ошол шашмалыгы азыр деле калган эмес. Муну Эрнистин бала кезинен калыптанып калган мүнөзү деп айтсак да болот.
Эми Эрнистин жолдо калган жоруктарынан айтып берейин. Чынында анын окуучулук кезде кылбаган кылыгы да калган жок. 2-класста окуп жатканыбызда ийне саябыз деп доктурлар келип калышты. Доктурларды көрүп Эрнистин эки көзү чекчейе түштү. Анын кебетесин көрүп ушу азыр бир нерсе кылат деп тургам. Мен ойлогондой эле экөө-үчөөнү чаңыртып баштаганда жаны таттуу Эрнис терезенин форточкасына асылып, артынан эжеке чуркап барганча секирип кетти. Ошондо бети менен жерге тийип бир топко чейин көзү көгөрүп жүргөн.

Ботокөз үчүн боздогон Эрнис
Эрнис чоң энебиздин колунда өскөн үчүн аябай эрке болуп чоңойгон. "Энеси болушчаактын баласы ыйлаак" дегендей кичине эле бир нерсе болсо чоң энем таякты көтөрүп, Эрнисти жетелеп турат эле да. 4-класста окуп жүргөнүбүздө Ботокөз деген кызыбызды Эрнис менен Мирлан деген классташ балабыз талашып кетип, мектептин спорт аянтында аябай катуу мушташышкан. Экөөнүн тең кийимдери жыртылып, китеп-дептерлери тытылып, аягында Эрнис мурду -башы канаганча токмок жеп көчөнү жаңырта үйүнө ыйлап кетип, чоң энебизди ээрчитип келген. Ошондо баарыбыз директордун кабинетине кирип сурак берип жатканбыз, бир маалда директорубуз Эрниске карап "Кана айткылачы, экөөң эмне талашып мушташтыңар?"-десе Эрнис камырабай туруп "Ботокөздү талаштык, аны биринчи мен сүйүп жүргөн болчумун" деп боздоп ыйлап жиберди. Анда агай "ай бешиктен белиңер чыкпай туруп силерге сүйүүгө балээ барбы"-деп күлүп экөөнү элдештирген.

Маңдайына "Э" деген эн салынып…
Анда 5-класс элек. Музыка сабагы болуп жаткан. Эрнис акыркы партага отуруп алып адатынча сагыз чайнап жатканын агай көрүп, доскага чыгарып туруп: "Жолдош Бөрүбаев оозуңдагы эмне?" дегенде Эрнис эч нерсе дегенче тишине кымтыган сагыз учуп чыгып кетти. Анан агай Эрнистин желкесинен кармап туруп жердеги сагызды оозу менен алдырып, кулагынын артына жармаштырган сагызын көрүп калып, аны да кошуп чачына жармаштырып анан сагыз чапталган маңдайын кайчы менен кыркып "Э" деп эн салып таштаган. Ошондон кийин Эрнистин оозунан сагыз көргөн жокпуз.

Ж. Калдарова