Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


Алмаз ким менен беттешет?
Кыргызстандык профессионалдык боксчу Алмаз Раимкулов 19 - сентябрда мексикалык Хавьер Хауреги менен беттешет.
Учурда Америкада жашап, Кыргызстандын туусу менен беттешип жүргөн профессионал боксчу Алмазбек Раимкулов 19 - сентябрь күнү АКШнын Невада штатындагы Примм шаарында 34 жаштагы мексикалык Хавьер Хауреги менен таймашат. Алмаз Раимкуловдун атаандашы бүгүнкү күнгө чейин 70 ирет рингге чыгып, 56 жолу жеңишке жетишкен (36 нокаут) жана 15 ирет жеңилип, 2 жолу тең чыккан.
Ал эми Алмазбек бокстагы карьерасында 26 ирет жеңишке жетишип (15 нокаут), бир ирет дүйнө чемпиону Нэйти Кэмпбелге жеңилген жана дагы бир дүйнө чемпиону Жоел Касамайор менен тең чыккан. Акыркы ирет 20 - июнда америкалык Лео Мартинезди 4 - раундда жеңилүүгө аргасыз кылган. Эки боксчунун соңку көрсөткүчү төмөнкүдөй: Алмаз Раимкулов - 6 беттешүүнүн баарын жеңген, Хавьер Хауреги болсо, 3 жолу жеңип, 3 жолу жеңилген.




Президенттин белеги
Олимпиада оюндарында өздөрүн татыктуу көрсөтүшкөн спортчулар менен алардын машыктыруучуларын бүтүндөй Кыргызстан сыймыктануу менен куттукташууда. XXIX Олимпиадада Кыргыз Республикасынын желегин татыктуу көтөрүп, ийгиликтүү таймашышты. XXIX Олимпиада оюндарына катышкан 205 өлкөнүн арасындагы 89 өлкө байгелүү орундарга жетишкен болсо, Кыргызстан 65-орунду камсыздаган. Бул жылы эгемен Кыргызстандын курама командасы биринчи жолу күмүш жана коло медалдарды жеңип алды.
Президент Курманбек Бакиев грек-рим күрөшүнүн балбандары күмүш байгенин ээси Канатбек Бегалиев менен коло медалдын ээси Руслан Түмөнбаевдердин мелдештери - спорттогу чыныгы жеңиш болгонун белгиледи. Мамлекет башчысы, ошондой эле эркин күрөштүн балбандары - 5-орунду алган Базар Базаргуриев, 8-орунду алган Арсен Гитинов, оор атлетикадан 11-орунду алган Улан Молдодосовдордун ийгиликтерин жогору баалады жана Олимпиада оюндарына катышкан, бирок өз таланттарын ар кандай шарттарда толук ачып бере албай калган спортчуларга алардын машыктыруучуларына ыраазычылык билдирди. Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Эмил Алыкуловдун, өлкөнүн эмгек сиңирген машыктыруучулары Мейрамбек Ахметов, Ороз Шаршекеев жана Амеркул Молдобаевдердин эмгектерин өзгөчө белгилеп кетүү керек. Албетте биздин олимпиадачыларды тарбиялап өстүргөн ата-энелерине зор алкыш айтабыз.
Олимпиада оюндарынын чемпиондоруна жыйырма миң, күмүш медаль ээлерине он жети, коло медалды жеңип алгандарга он беш миң сом өлчөмүндө ай сайын өмүр бою берилчү стипендияны белгилөө жөнүндө Жарлык чыккан эле. Мындай стипендияны атактуу спортчу, Москва Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев алып жатат. Эми ай сайын берилчү стипендияны Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев да ала башташат.
Азыр региондордо мектеп салына турган болсо, спорт залы сөзсүз болсун деп суранып жатышат. Мурда мындай өтүнүчтөр болгон эмес. Бул эң жакшы жөрөлгө десек болот. Алыскы тоолуу региондордо да спортко болгон кызыгуу артып, балдардын спорттун ар кайсы түрү менен машыга башташканы жакшы көрүнүш.
Алдыдагы дүйнөлүк, азиялык чемпионаттарда, 2010-жылдагы ХVI Азия оюндарында, 2012-жылдагы ХХХ юбилейлик Олимпиада оюндарында жана башка эл аралык мелдештерде спортчуларыбыз Мекенибиздин кадыр-баркы үчүн жаңы спорттук ийгиликтерге жетишүүгө бүт күч-аракеттерин жумшаарына ишеним жаратып келүүдө.
Мамлекет башчысы Олимпиада оюндарында байгелүү орундарды ээлеген спортчуларыбызга, алардын машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды жана бир жолку акчалай сый акы алууга сертификаттарды, ошондой эле олимпиадалык күмүш жана коло медалдардын ээлери Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевге ар бирине наркы 38 миң доллар турган "Mitsubishi Pajero" маркасындагы джиптин ачкычын тапшырды.
Чындыгында Канатбек менен Русландын жеңишинен кийин эми өлкөбүздө күрөшкө болгон кызыгуу артпай койбойт. Балбандарыбыздын ийгилиги канчалаган жаштарды шыктандырып койду.
КР президентинин Жарлыгы менен балбандар Канат Бегалиев жана Руслан Түмөнбаев экөөнүн машыктыруучулары Мейрамбек Ахметов, Эмил Алыкулов жана Амеркул Молдабаев "Даңк" медалы менен, ал эми Талас шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин мугалим-машыктыруучусу Уразбек Шаршекеев КР Ардак грамотасы менен сыйланды.
Кимдер канча акчалай сыйлык алды?
Бегалиев Канатбекке - Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээсине - 100 000 АКШ доллары.
Түмөнбаев Русланга - Олимпиада оюндарынын коло байге ээсине - 75 000 АКШ доллары.
Базаргуруев Базарга - эркин күрөш боюнча ардактуу 5-орундун ээсине - 15 000 АКШ доллары.
Гитинов Арсенге - эркин күрөш боюнча 8-орундун ээсине - 10 000 АКШ доллары.
Алыкулов Эмилге - грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучуга - 43 750 АКШ доллары.
Ахметов Майрамбекке - Бегалиев Канатбектин жеке машыктыруучусуна - 25 000 АКШ доллары.
Молдобаев Амеркулга - Түмөнбаев Русландын жеке машыктыруучусуна - 18 750 АКШ доллары.
Усенканов Анарбекке - эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучуга - 6 250 АКШ доллары.
Лхамажапов Жамсого - Базаргуруев Базардын жеке машыктыруучусуна - 3 750 АКШ доллары.
Изабеков Нурбекке - Гитинов Арсендин жеке машыктыруучусуна - 2500 АКШ доллары.
ххх
Андан мурунку күнү Кыргызстандын Күрөш федерациясы тарабынан аталган эки балбан атайын сыйлыктар менен сыйланды. Сыйлыкты Күрөш федерациясынын президенти Максим Бакиев өзү тапшырып, спортсмендерибиз келерки чемпионаттарда, Англия олимпиадасында алтын медаль алууга мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилей кетти. Аталган азем "Хаятт" мейманканасында болуп өттү.



Кызыл Аянттагы таймаш
Москванын борбордук аянтында, ачык асман алдында өткөн оор салмак боюнча WBC версиясынан дүйнөнүн мурдагы чемпиону Олег Маскаев америкалык Роберт Хоукинсти он раунддук беттешүүдө жеңип алды.

Сафина жеңилип калды
АКШнын теннис боюнча ачык чемпионатында россиялык Динара Сафина кийинки оюндарга катышпай турган болду. Ал америкалык Серен Уильямсти жеңе албай калды. Ал эми Серен Уильямс сербиялык Елена Янкович менен беттешет. Белгилей кетсек ал Елена Дементьеваны утуп алган эле.

Валуев утулган жок
WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиондугуна Джон Руис менен беттешип, жеңген соң анын промоутери Вильфрид Зауэрланд Валуевдин кийинки беттешүүсү 13-декабрда болоорун жар салды. Буга чейин белгисиз болуп келген атаандашынын аты да атала баштады. Түркиялык промоутер Ахмет Онер менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Николай Валуевдин кийинки беттешүүсү Стамбулда Синан Самиль Сам менен болушу ыктымал. Жакында болгон беттешүүдөн кийин ал Санкт-Петербургда атайын мэрдин чакыруусу менен болуп, Россиянын Олимпиадада жеңип келген спортсмендерин сыйлоо аземине катышып келди.

Даярдаган Калыбай Султангазы










??.??