Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Атактуулардын ааламында

Анна Снаткина
"Татьянин день" (Гүлдөрдүн талашы) тасмасына тартылгандан кийин Анна Снаткинаны ар бир экинчи адам аны көчөдөн таанып, кол тамга алышып, сүрөткө түшкөндөр бүгүнкү күнгө чейин күн санап өсүүдө. Тасмадагы Татьяна Разбежкина менен чыныгы жашоодогу Анна Снаткинанын айырмасын төмөнкү маалыматтардан билсеңиз болот.

Окуучулук күндөрдө ойлондурган
Вова…
Анна Снаткина 13 жашка чыкканда өзүнүн классташы Вованы сүйгөнүн өмүрүндөгү эң жакшы учур деп сүрөттөп айтып келет. Тилекке каршы Анна ал кезде өтө толук болгондуктанбы, айтор Вовага болгон сүйүүсү жоопсуз калган. Ал башка кызды жакшы көргөндүктөн сүйгөнү менен урушуп кеткенде гана Аннанын көңүлүн улап аны менен сүйлөшүп койчу экен. Кийин Анна атаандашкан кыз башка мектепке которулуп кеткенде Вованы тузагына түшүрүүгө аябай жакшы кырдаал түзүлсө да, эмнегедир Вова аны такыр караган эмес. Четке кагылган сезимдери үчүн ызаланган Аннанын сүйүүсү жек көрүүгө айланып калганбы, айтор ал жогорку окуу жайда окуп жүргөндө дал ошол балалык сүйүүсү аны издеп келген. Бул жолу Аня аны өз жолуна салып, жылуу жумшак узатып койгон.

Сыйлашаарым да, сырдашаарым да сиңдим
Өзүнөн жети жаш кичүү болсо да сиңдиси анын сыр бөлүшкөн жалгыз адамы. Анткени жакын дос-теңтуштарынан карьерасынын айынан кол үзүшкөн учурлары кездешет экен. Убактысынын көпчүлүгү жумушуна кетип, кээде тамак ичүүнү да унутуп калганда сиңдиси анын курсагын тойгузат. Бир эле учурда үч-төрт киного тартылган кездер да болгондуктан ага моралдык жактан да, физикалык жактан да абдан оор күч келет. Ушундай учурларда Аня ата-энесинин шаардын четинде жашаган үйүнө барып, эс алып өзүнө стимул топтоп келет. Актриса сууда сүзгөндү аябай жакшы көргөндүктөн кичине эле бош убактысы болсо бассейнге жөнөгөндү адат кылып алган.
Материалдык жактан өзүн-өзү каржылап, өзүнүн жемин таап жегенине актриса аябай сыймыктанат. Анын бирден-бир тилеги кийинки жашоосунда да жолдошуна көз каранды болбоо.

"Балалуу болгум келет"
"Татьянин день" киносуна тартылганга чейин РТРде көрсөтүлгөн "Обреченная стать звездой" тасмасында боюнда бар айымдын образын эң мыкты чагылдырган. Анна Снаткинанын ошондон бери үй-бүлө күткүсү келип, өзгөчө наристелүү болгусу келип жүргөн кези. Ал эми кийинки сериалда кичинекей наристени колуна алган эпизодун Анна төмөнкүдөй сүрөттөп берет: "Алгач жасалма курсак салынып жүргөндө аябай ыңгайсыз кыймыл аракеттерди жасап бир чети уялдым. Андан кийин "наристелүү болуп", аны колума алганда бүткөн боюм чымырап түшүнүксүз сезимдерге туш болдум. Эмнегедир ошол учурда киного тартылып жатканымды эсимден чыгарып коюптурмун, өз балаң мындан да таттуу болооруна ишенем. Буга чейин карьераны биринчи орунга коюп келсем, эми жеке жашоом, күйөөм, балам жөнүндө кыялдана баштадым. Мага, менин сүйүүмө татыктуу жигит табылса ойлонбостон аны менен кол кармашып кете берем да, жумушумдан бир топ убакытка чейин тыныгуу алам".

Кирилл
Сафонов - менин кесиптешим
Анна Снаткина "Татьянин день" киносуна тартылып бир чети өзүнүн атын таанытса, аны менен кошо өзүнүн артынан бир топ ушак-айың, кеп-сөз жаратты. Башкача айтканда, Кирилл менен Анна жакын арада үйлөнөт экен, экөө жарандык никеде жашаганына бир топ убакыт болуптур-деген сөздөр желдей тараганда алгач актриса буга анчейин көңүл бөлбөптүр. Кийинчерээк жогоркудай ушак-айыңдар күч ала баштаганда чындап намыстанган Анна Снаткина "Мен Кирилл Сафонов менен сьемкалардан башка убакта жолукпайм. Аны менен жолугууга менде эч кандай негиз жок. Жеке жашоомду Кирилл менен байланыштыруу менин оюмда жок. Болгону Андрей Малаховдун атайын бизге арналган берүүсүнөн кийин көрөрмандарыбыз менен күйөрмандарыбыз такыр туура эмес түшүнүктө калышыптыр. Балким буга түз эфир учурунда Кирилл экөөбүздүн бири-бирибизге жасаган мамилебиз түрткү болгон чыгаар. Эмнеси болсо да Кирилл менин жөн гана кесиптешим" -дейт Анна Снаткина.




"Иванушки" киного тартылат
"Иванушки" тобунун солисти Андрей Григорьев-Апполоновго өмүрүндө биринчи жолу киного тартылуу сунушу түштү. Көп сериялуу киного ал белгилүү, популярдуу адамдын образын жаратмай болуптур. "Мага эмнеге ушундай роль беришкенине башым маң болуп жатат. Башка жөнөкөй эле адамдын образын жаратуу мен үчүн бир топ жеңил болчу. Эмне кылмак элем, бош отурганда кичине эрмек болсун деп макул болдум"-дейт ырчы.
Мурда кийин актёрдук жөндөмү жок болгондуктан, азыркы учурда өзүнүн актёр досторунун жардамына кайрылып, алардан актёрлук кесип жөнүндө сабак алып жаткан кези.

Татьяна Буланова алып баруучу болот
Белгилүү ырчы Таня Буланова ырчылыкты жыйыштырып, эми алып баруучулук менен алектенет. 39 жаштагы ырчы Лолита Малевская, Вера Сердючканын баскан изин уламай болуптур. "Мен маданий берүүнү алып бара турган болдум. Телевидениеде иштегендердин сунушун дароо кабыл алдым. Себеби алар менин бала кезимдеги кыялымды орундатышты. Азыр мен дикторлук искусствону үйрөнүп, күйөрмандарым, көрөрмандарым менен жолугушканга даярдык көрүп жатам"-деген маалыматты "Жизнь" (Жашоо) гезитинин кабарчыларына берген.

Шэрон Стоун кимди таарынтты?
Ойлонбой сүйлөп, онтобой ооруга жолуккан Шэрон Стоун Кытай элинин тамагы тууралуу терс пикирин билдиргени үчүн миллиард доллар айып төлөгөнгө милдеттендирилди. Кытай элинин алдында кечирим сураганына алымсынбаган бийликтеги адамдар аны менен түзгөн келишимди дароо бузушкан. Эми Шэрондун өзүн эмес, сүрөтүн да Кытай жергесинде кезиктирүүгө мүмкүн эмес. Ал эми акчалай төлөнгөн миллиард долларды бийликтеги адамдар жер титирөөдөн жабыр тарткандарга которуп беришет.

Пэрис Хилтон көкүрөгүнүн өлчөмүн өзгөртөт
Ызы-чууну сүйгөн Пэрис Хилтон дүйнө жүзүндөгү эң чырайлуу айымдардын катарын толуктаары көпчүлүккө маалым. Бирок папарация жолу менен ал келбетин, мүчөсүн кантип сактаары аныкталды. Көкүрөгүнүн өлчөмү күн сайын чоңоюп баратканын байкаган кабарчылар Пэристин артынан аңдуу жүргүзүшкөн. Операция жолу менен чоңойтулган көкүрөгүн жашырууну канчалык аракет кылса да, эч кандай жыйынтык чыккан эмес.

Анара ДүЙШөНАЛИЕВА