Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Шор дүйнө

Жынысын алмаштыргандардын жашоосу
Адамдар бул жашоодо кандай максат менен ушундай кадамдарга барып жатканы көпчүлүккө табышмак. Мунун эмне себеби бар экенин аныкташ үчүн жынысын алмаштырган адамдардын жашоосуна баш багып көрдүк.

Транссексуалдардын тарыхы
Транссексуализм кээ бирөө ойлогондой кечээ күнү эле пайда болбоптур. Тарыхы тууралуу кеп козгой турган болсок бир топ жыл мурун ХХ кылымга чейин эле Байыркы Индия элинин урууларында бул түшүнүк пайда болгон. Индия уруусундагылар эч кандай медициналык жолсуз "жапайы" метод менен жынысын алмаштырышчу. Бирок, алар операция жасаардан мурда аялдар эркектердин, эркектер аялдардын кийимин кийип "психологиясын" тарбиялай башташчу экен.
Ал эми такшалган хирургдардын колунан операция эң алгачкы жолу Америкада, андан кийин гана Мароккодо жасалган.

Операция кантип жасалат?
Эркектин аялга айлануусу алгач анын жыныс мүчөлөрүн операция жолу менен алынуудан башталат. Операция үч этапта жүрөт: биринчиси эркектин мүчөсү алынса, экинчиси эркекке сулуу көкүрөк жасоодон башталат. Ал эми акыркы үчүнчү кадам "мырзанын" бет түзүлүшүн "айымдыкына" окшоштуруу менен аяктайт. Жынысын которууга психологдордун айтуусуна таяна турган болсок, мындай жолго жашоосунда жан дүйнөсү жабыр тартып түйшүк тарткан адамдар же болбосо жөн гана эмне кылаар айласын таппагандар барышат экен.
Эркектерге караганда айымдардын жогорудагыдай операция жасап, алардын жынысын которуу бир топ эсе оор болуп саналат. Анткени көпчүлүк учурда операцияны көтөрө албай жарыкчылык менен кош айтышкан учурлары өтө арбын. Ошондон улам көп убакта ак халатчандар айымдардын жашоосун түп-тамыры менен өзгөртүүгө батына алышпайт. Албетте мунун себебин да түшүнүүгө болот. Аялдарды эркектерге айлантуудагы туш болгон эң чоң тоскоолдук - эркектин жыныс мүчөсүн жасоо.

Же эркек же аял боло албай…
1989-жылы Бразилиянын мыкты деген клиникаларынын бирине жаш жигит келип, жынысын өзгөртүү боюнча сөз козгогон. Психолог менен маектешип отуруп ал кичинекей кезинен эле куурчактар менен ойногонго кызыгаарын, кичине чоңойгондон кийин шымдардын ордуна кыздардын денесине чапташкан узун көйнөктөрүн кийип жүрөөрүн маалымдаган.
Ал жигиттин атасы аскер кызматындагы адам болгондуктан баласынын мындай кылык-жоругун албетте каршы кабыл алат. Роберттин кийген кийимдери менен ойногон оюнчуктарын өрттөп, өзүн кызыл-жаян кылып сабаганга чейин барган.
Бирок, атасы мындай кыял-жоругу менен баласын коркутуп сестентүүнүн ордуна анын жек көрүүсүнө арзыйт. Беттегенин бербеген Роберт ата-энесинин жылуу уясын таштап, өз арбайын тарта баштайт.
Аял катары анын жаңы жашоосу 1999-жылы башталган. "Багы жокко дагы жок" деген чын белем өзүнө Роберта деген ысымды ыйгарган аялды Бразилияда эч ким кучак жайып тоскон эмес. Ага Бразилиянын атуулу деген наамды эч ким ыйгарууну туура көрбөптүр. Луиса-Робертанын организми дагы эле эркекке мүнөздүү гормондорду иштеп чыгаргандыктан ал толук кандуу аял деп табылган эмес.

Аялга айланган эркек
45 жаштагы эки баланын атасы Дженни Бейли жынысын алмаштырганына 26 жылдын жүзү болуптур. 29 жашында аялга айланууну көздөгөн Дженни үч жыл атайын курстарга барып, түшүндүрүү иштеринен өткөндөн кийин гана мындай "жоопкерчиликтүү" кадамга барат. Албетте операция канча каражатты талап кылаары белгилүү, ошентсе да айтканынан кайтпаган, беттегенин бербеген Дженни тишинин кирин соруп жүрүп акча чогулткан экен.
"Айымга" айлангандан кийинки ыйгарылган ысымды Дженни жар салууну туура көрбөптүр. Мунун себебин ал жакындары, санаалаш достору анын кылган кылыгын колдошпогону менен түшүндүрөт. Учурда Дженни кадимкидей эле үй-бүлөсү, балдары менен күн кечирип келет. Болгону Дженни сексуалдык каалоосун канааттандырыш үчүн өзүнө ыңгайлуу шарт түзүп алган.

Биринчи кадамдан экинчиси оор…
Учурда биз жашап жаткан коомдо 20-40 кишинин арасынан 1 транссексуалды кездеш тирүүгө болот. Жынысын алмаштырган адам операциядан кийин андан да оор жагдайга даяр болушу керек. Себеп дегенде коом аларды дайым эле кабыл ала бербейт. Транссексуалдар жакын адамдарынан адатта кол үзөт, ал эми тегерегиндегилер көзүнүн төбөсү менен караары айтпаса да белгилүү.

Эң биринчи операция жасаткан аял
Америкалык Кристина Иоргенсен 1952-жылы эң биринчи жынысын өзгөрткөн адам катары тарыхка кирген. Анын мындай жоругун албетте тегерегиндеги адамдар жек көрүшкөнүн түшүнүүгө болот. Анын үстүнө операция да ийгиликтүү өткөн эмес. Жыныс мүчөлөрүн алмаштырганы менен бетиндеги тырыктар менен тигиштер бүтпөй ошол бойдон калган. Жыйынтыгында ал сексуалдык жактан рахат албай жашоосу бир тутам болуптур. Анын мындай абалын эндокринологдор операция учурунда Кристинанын сезгич ткандарына көп күч келгендиги менен түшүндүрүшкөн.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева