Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сезим сыры

Сезим жарасы...
Бул жашоодогу ар бир адамдын сезиминде катылып жаткан терең сырлары бар. Ал сырлар күнүнө сизди миң ирет ойлонтуп, миң ирет түйшүккө салаары бышык эмеспи. Качан гана ошол сырды бирөөгө айтып, сезимиңиздеги букту чыгарганда жашоо ыргагы кайрадан калыбына келип, жаркый түшөт. Эмесе, келиңиз окурман мындан ары "Сезим сырлары" сиздердин кызматыңыздарда болуп, көкүрөк көйгөйүндө катылып жаткан сырларыңызды тең бөлүшүп, чер жазуу үчүн өз жардамын аянбайт. Кат жазып, телефон чалып, жүрөк сырларыңызды бөлүшүңүз.
Байланыш телефондору: (0773) 35-42-81, (0772) 38-60-06.

Жалгыз калгандай чексиз асманга тигиле берем. Мейкиндик биз турган жерден алда канча алыс болгондой, асылым сен да менден алыссың...
Ушул көгүлтүр чексиздикте жалгыз сени гана ойлой берем. Мындан бир ай илгери эле ууртумдан күлкү тыйылбай, түнкү таза абанын жетегинде эркелешип терезеде бирге олтурганбыз. Ошондо биздин оюбузга көп кабаттуу тамдын башына чыгуу келди. Жүрөгүмдүн ээси Данияр, капсалаңдуу көп кабаттуу үйдүн жетинчисинде турчу. Мындан мурун көпчүлүк чыкпаган тамдын кырына чыгып көрсөм да Данияр экөөбүз чыкканда өзүмдү өзгөчө бактылуу сездим. Жылдыз толгон асманда муздап бараткан жүрөгүмө бирөө жылуулук берип жаткандай болуп, бири-бирибизге ыкташа ааламдын кооздугун алгач ирет байкагандаймын. Бирге өткөргөн ал түндөрдө экөөбүздөн башка бактылуу жан жоктой сезип жүрдүм. Сөзүбүз бүтпөгөн Данияр экөөбүз күн сайын тамдын башына чыгууну адат кылып, салкын түндө магдырай жаштыктын доорун сүрүп жүрдүк. Ошол түнү сиз, "Күмүшай, экөөбүз таңкы саат беште ушул жерден жолугушалычы?" деген өтүнүчүңүзгө макул болуп коштоштук. Көрсө, ал түн экөөбүздүн бактылуу көз ирмемдердин акыркысы экен...
Саат беште ордумдан турсам сырт караңгы. Үчүнчү кабаттан жетинчиге көтөрүлүп чыктым. Жогору карай кетчү шатынын эшиги ачык экен. Оюмда Данияр менден мурун чыккан го дедим, ашыга. Тамдын кырына чыксам мени кимдир бирөө назик кучагына алды.
- Дони... жыргал, кандай сонун,-деп артка жөлөнө берээримде, мени колунан чыгарып жиберди. Артыма бурула Самат турганын көрүп таң калдым.
А мен чыныгы арзуума жолуккандан тарта, мындан алты ай мурунку менин сүйүүмдү баалай албаган адамды эсимден чыгарып койгон экенмин. Самат башында мени өзү жактырганы менен кийин таптакыр жакпай калганымды ачык айткан. Өзүмдү коерго жай таппай жүргөнүмдө ал башка шаарга кетип калды. Убакыт баарын унуткарат белем, күн-күнгө, апта айга алмашкан сайын сезимди жаралаган дарт басылып, чыныгы сүйүүгө кабылгам...
Менин бутум төмөн карай тайып кетип, жүрөгүм оозума тыгыла түштү. Ичимден, түртүп жибербесе экен деп күмөндөнөм. Самат мага карай: "карегиңден тамган көз жашың, утурумдук беле! " - деп улам кекетип жатты. Оозума эч сөз кирбеди. Аңгыча арт жактан кимдир бирөөнүн баскан дабышы угулуп калды.
Ал тездик менен кадам шилтеп келип, менин кыл учунда турганымды көрүп Саматка жалбара карай, колумдан өйдө кармап чыгарууга үлгүрдү. Данияр экөөбүздүн кол кармашып турганыбызды көрүп чөнтөгүндөгү учтуу бычагын алып, жалооруй карап турган Даниярдын акырегине кезеди. Мен Саматка жалына колундагы бычагын кагып жибердим. Артка чегине берээрде, бычакты жерге түшүрбөй кармаган Самат, Даниярга карай согуп калды. Бычак сол колумдан артка өтүп, артымдагы Даниярдын ичине кадала түштү.
Ал турган ордунан ийиле, бүк түшүп олтуруп калды. Заматта көзүмө жаш тегерене ичине кадалган бычакты сууруп алдым. Элеңдей эки жагымды карасам көп кабаттуу тамдардын карарган үстүнөн башка эч нерсе көрүнбөйт. Бизге боор ооругандай таң да агыш тартып бараткан экен. Айла таппай, кайра Даниярга жетип келдим. Жер өбөктөгөн колунан кыпкызыл кан таамп турду. Үнүм буулуп эмне кылаарымды билбей, корккондон бутум да тушалып калды. Даниярдан аккан кан токтомок тургай улам көбөйгөндөн көбөйө берди. Турган орудумда селдейе эмне кылаар айламды таппай, Саматты карасам ордунда жок, бут алдымда канга боёлгон бычак гана жатат.
Жардам кылууга жол таппай анын өмүрүн Кудайдан тиленем… Бул көрүнүш бир нече минуттарга созулду. Ал менин колумдан кармап: "Ыйлаба, мен сени гана сүйөм! Азыр өзүмдү кармана албай… " - үнү улам шыбырай алсызданып баратты. Жашымды тыя албай аны бекем кучактап көпкө чейин олтурдум. Бир убакта анын дем алуусу да токтоп калды. Коркконумдан калчылдап үнүмдүн барынча кыйкырдым… Бул учурда Даниярдын муздак эрдин жылыткандай жаңыдан чыккан күн да чыгып келе жаткан…




Бактысыз сүйүү
Көөдөндүн түпкүрүндө катылган аруу сезим, адамдын жан дүйнө сересинде сөз менен жеткире алгыс эң бир ыйык сезим тура. Качан гана жүрөк толкуткан махабат башыма түшкөндө гана ишенип олтургандаймын. Сүйүктүүмдүн элесин карегиме ката көпкө телмирип олтуруп, "сүйүүнү бактысыз адам баалай албайт" деп шуу үшкүрө ордумдан козголом. Өзүм онунчу класстын босогосуна жаңы кадам таштаганыма карабай "сүйүү" деген дартка кабылып, мына ушул окуу жылын кошкондо ичимде жашынып келген махабат дартымдын сары оорусу үчүнчү жылга жалгашат.
Мен өзүм менен чогуу окууган классташым Сапарды чексиз жактырам. Анын турган турпаты, кебелбеген токтоо мүнөзү, дегеле ар бир баскан кадамы мен үчүн ыйык, баарынан кымбат сезилет. Сабак учурунда баары мугалимдин сөзүн тыңшоо менен алектенсе, мен Сапардын кыймылын көз жаздымдан кетирбей карап олтуруу адатым эле. Арылбаган түйшүктү башыма бирөө үйүп салгандай түпөйүл сүйүүмдүн сырын билдире албай канча күндөр өттү. Сапарды танапис учурунда сырттан көрүп калсам күнөө иш кылгандай башым шылкыя түшөт. Күн өткөн сайын жан дүйнөмдүн эзилип баратканынан ага болгон сезимимди ачыкка чыгарууга белсендим.
Ошол күнү сабак бүткүчө күтүп, кетүүгө убакыт келип жеткенде баарынан мурун чыгып, Сапарды көчөнүн бурулушунан күтүп олтурдум. Канча убакыт өткөнүн өзүм да билбейм, Сапар менен чогуу келе жаткан мени менен чогуу окуган курбум Перизатты көрүп дубалдын далдоосуна жашына калдым. Перизат жашаган көчө бул жакта болбосо да Сапар аны кетиргиси келбей көпкө сүйлөшүп турушту. Экөөнөн көзүмдү албай Сапарды күтүп олтура бердим. Бир топтон кийин Сапар көчөсүнө кайрылбай Перизатты ээрчип баратты. Ичим туз куйгандай тызылдап ачышып ал мени эмес, курбумду жактыраарын билдим. Мен сүйүктүүмдүн ички сырын билгенден кийин, ички сезимимди сыртка чыгара албай калдым. Алардын артынан аңдып жүрүп алар мектепте эң эле ынак экенин билдим. Эсимде, ошондогу курбума таарынып сүйлөгүм келбей, аны жек көрүп жүргөнүм. Дале Сапардан күдөр үзбөй жүргөн жаныма бул нерсе өтө катуу сокку болду. Жан дүйнөмдүн үшүп турганын эч кимге айтпастан башка мектепке которулуп кеттим. Оюмда, экөөнүн бирге жүргөнүн көрбөсөм унутуп калам го деген чолок ойго жетеленгем. Бирок, мен ойлогондой ичимдеги илдетсиз дартым муну менен басылып калбады. Классташым Сапар курбума да жагып, мени арылбас шорго салгандай болушту. Перизат да Сапарды жактырганын укканымда бөлмөмө батпай, жарылып кете жаздадым...
Мектептен кеткеним эле болбосо ал экөө жөнүндө болгон жаңылыкты сураганым сураган. Антпесем көксөм канбачудай тура албайм. Жаңы окуу жылынан тарта кайрадан өзүм окуган мектебиме кайрылып барсамбы дейм, ага дилим чыдабайт. Азыр курбум менен чырдашууну деле ойлобойм. Бирок Сапарга болгон кусалыгым артып, ансыз жашоом жоктой элестетип кетем. "Мен сени гана сүйөм. Бул сөздү баарына, бүт баарына жар салгым келет, менин сүйүүм жүрөктөгү арман кайгымды Сапар, сен гана айыктыра аласың!". Муну окуп калсаң менин абалымды түшүнөсүң го деп ишенем...
Мыскал, Бишкек

Даярдаган Чынара Абдраева




Эмне үчүн сен мындай турмушка эч себепсиз эле көнө бересиң? Эмне себептен бүгүнкү жетишкендик менен өзүңдүн духовный жана материалдык кызыкчылыгыңды канааттандыргың келбейт? Эмнеге сен өзүңдүн бактың үчүн күрөшпөйсүң? - Туталанган үн менен мен ушуларды сүйлөп жаттым. Кандай адамга багымды байлап, кандай пендеге туш келгениме түшүнө албай өзүмчө бушайманмын. Ал эч нерсе болбогон немедей жай гана:
- Кимдин маңдайына эмне жазганды бир Кудайдын өзү билет. Эмне үчүн мага андай нерселер боло бербестигин мен сага түшүндүрүп бере албайм. Мүмкүн кийин өзүң түшүнүп алаарсың. Мен баарын сага айтып бере албайм - деп өкүнгөндөй кобурады. Минтип ашыкча сыйкырдуу болууга аракеттенгенине жана аны далилдей албаган сырткы кебетесине, мындай жүдөөлүгүнө ого бетер кыжырым кайнады, бирок эмне демекмин, унчукпай тим болдум.
Биз дагы көпкө жөө бастык. Ал качан сүйлөөр экен деген ой менен мен аны аңдып бараттым. Менин бул оюмду баамдап калгандай бир учурда:
- Элмира, мен сенден бир нерсе сурайынбы? - деди. Таңдандым. Башка жигиттердей болуп оюндагысын тартынбай айта бербейби дегенсип ага таң кала карадым да, анын жүзүнөн тартынып турган нерсени көрдүм. Андагы мындай тартынгандык мага сырдуу жана кызыктуу сезилди.
- Сурай бербейсиңби, ар бир сөзүңдү табышмак кылбай эле, - дедим, бир эсептен анын кооптонуп турганы, өзүмдү-өзүмө заар жана каардуу көрсөтүп жиберди. Ага өзүмчө ыңгайсыздандым да баятан бери чыңалган нервим жанып, сөз күтүп калдым. Эмне сурайт болду экен? -деген суроо ого бетер кызыкчылыкты жаратты.
- Сен менсиз бактылуу болуп жашап кетээриңе ишенесиңби? Ал өтө табышмактуу карады мага. Бул сөз кандай максат менен айтылганын түшүнө албадым. Эми ойлосом, мени эрким менен дубаны жеңип кетет деп корксо керек, анда менин өзүмө болгон ишеничим чоң болгондуктан, көңүлүмө туура келген , ишенимдүү адам болсо жашап кетээрине көзүм жеткендей.
- Запросто жашап кетем, - деп так кесе жооп бердим. Анын суз өңү ого бетер кумсарып, жек көрүү менен бир карап алды да, терең ойго кабылган кишидей кадамын бир калыбынан өзгөртпөй илкип жөнөдү. Ал канчалык түнөргөн сайын менин дем алышым ошончо оордоп көкүрөгүм кысылып, аба жетпей бараткандай энтигип-энтигип алдым. Бара-бара баятан келип, чыңалып турган ачуум тарап, ага болгон аёо сезимим арбыды. Канчалык аёо сезим көкүрөгүмдү уялаган сайын ага болгон сезимдик жылуулук жакын адамымды таарынтып алгандай боорукерликти көздөй жетелеп баратты, аяп кеттим Бахидди.
Бахид болсо оозуна талкан салып алгансып, баягы жер тиктеген калыбынан жазбай илкип баратты. Жөндөн-жөн эле тилдей бергениме, эч бир мааниси жок ызалантканыма кайра өзүмдү күнөөлөп, таш боорлугумду эсиме алып, тиги байкушту сылап, бир жолу эркелетип коюуну ойлой баштаганымда:
- Алдагинтип отурсаң менсиз жашай албайсың, - деген Бахиддин ишенимдүү үнүн уктум. Кайдадыр ичиме терең сактаган жаман оюмду билип калгандай катуу уялганымдан бетим кызарып, дуулдап чыкканын баамдадым. Бир көз ирмем өзүмдү жоготуп койгонум менен, кайра өзүмө келип:
- Эмне үчүн минтип атасың? деп сураганга жетиштим. Ал мени карап жеңишке жетишкендей жылмайып:
- "Запросто" жашап кетиш үчүн таптакыр кайдыгер болуш керек. Сен анте албайсың. Урушуп-тилдеп ачууңду чыгарганың менен кайра аяп, бооруң ооруп кетет. Ошол себептен улам сенин кайдыгер эмес экениң билинет. Ал эми аёо сезими болгондон кийин көңүл кош калтырбайт, мен мына ушуга таянып айтып жатам, - деди баягы шыбыраган үнү менен. Менин жан дүйнөмдө болуп жаткан ички кубулушту кантип билип алганына таңдандым. Бахиддеги мына ушул касиет менен кошо ачылбай жаткан сыр бар экендигин сездим, бирок ал кантип пайда болгонун өзүндөгү жөндөмдүүлүкпү же окуп үйрөнгөн нерсеби, буга мен толук түшүнө бербедим. Айрым учурларда ал ушул касиети менен менин сезимимдеги нерселерди билип алып, мына ошону кайра өзүмө колдонуп жаткандай элестеп кетет. Андагы ушул жөндөмдүүлүккө таң калам.
Мурда Бахидде мына ушундай нерсеси бар экенине ишенбей, болгону ал анча-мынча нерсени байкай билген психологдук чеберчилиги өнүккөн деп ойлочумун. Экөөбүздүн ортобуз жакындап, азыркыдай учурлар арбын кездешкендиктен улам, кийинчерээк анда кандайдыр бир сыйкырдуу күч бар экендигине толук ишеним пайда болуп жана ал мезгил өткөн сайын тереңдей берди. Анын ар бир сөзү кадимки чындыктай көрүнүп турчу болду кийинки күндөрү. Анын кадырын көтөргөн дагы бир нерсе, андан башка киши эгерде мындай нерселерди билсе, ичине батыра албай жар салып чыкмак деп элестетем. Мээм жете бербеген мындай көрүнүштөр тууралуу кимдир бирөө сүйлөсө, ушул заманда ошондой кантип болсун деп таптакыр ишенбей, аны шылдыңдап, күлкүмдү тыя албай каткырмак болушум керек эле, бирок өз башыман билинбей күн санап өтүп жаткандыктан ага карата ишеним көкүрөгүмдү ээлеп күч ала берди. Күн өткөн сайын Бахид айткан ар бир сөзгө кулагымды түрүп угуп, анын турмушта ошондой болоорун же болбосун аныктабай эле ишене берчү болдум, буга өзүм да таңмын.
***
Экөөбүздүн ортобуздагы мамиле ушинтип акырындап чырмалыша баштады. Бирок мурдагыга салыштырмалуу уруш-талашыбыз азайып, бири-бирибизди түшүнүү көбүрөөк орун алды. Менин оорубай, көңүлүм жайдары болгонуна үйдөгүлөрдүн да санаасы тынч. Күндөр өтө берди. Бахид экөөбүздүн мамилебизге менин дос кыздарым көпкө чейин көнө албай жүрүштү. Шаардык кыздардын айрымдары мындан башка эле жигит таппайсыңбы деп кеңеш беришти. Өтө жакын бир досум өзүнүн бир тууган агасы менен тааныштырган да учур болду. Бирок бул мезгилде Бахидден башка эч кимди ойлобой калгам. Ырас, алгачкы мезгилдерде дос кыздарыма Бахид экөөбүз сүйлөшүп жүргөнүбүздү айта албадым.










??.??