Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Чачыла

Обон - шоу times
Кожобековдон "Sonun music"
"Мин кыял FM" радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобеков "Sonun music" деп аталган компания ачты. Компаниянын негизги кызматтарынын бири - музыка сүйүүчүлөргө сапатуу жана лицензияланган дисктерди тартуулоо. Ал жакта аранжировка, үн жаздыруу, монтаж, клип тартуу деген сыяктуу шоу-бизнес тармагындагы бардык кызматтар көрсөтүлөт.

Канча тил билсең, ошончо дил билесиң…
Ушул айдын 15инде Азат Болотбек Кытайга бир жылга кеткени турат. Ал жакка кетүүсүнүн негизги себеби кытай тилин үйрөнүү. "Кытайда чет элдик гана студенттер окуучу атайын университет бар экен. Анын шарттары менен тааныштым. Мага абдан жакты. Ошондуктан биринчи тил үйрөнүп алуу үчүн бир жылга кетип жатам. Буюрса бир жылдан кийин тилди жакшы үйрөнүп калсам, ошол окуу жайга тапшырам" дейт Азат. Айта кетсек учурда Азат Кыргыз Улуттук университетинин экономика факультетинде 4-курста билим алууда.

Филатов кыргызга күйөө бала болобу?
Белгилүү шоу-мэн Алексей Филатов кыргыз кыз менен сүйүү отунда жүргөнү айрым окурмандарга маалым. Эми экөөнүн ал мамилелери күз айларында расмий түрдө нике менен бекемделет экен. Бул туурасында Филатовдун жакын достору билдиришти. Ал эми күйөрмандарына Алексей келечек жубайын сентябрь айынын аягында өтө турган "Новые имена-5" долбоорунан кийин тааныштыраары айтылууда.

Гүлзинат Эми ыр сунат
Сочи шаарында кыргыздын намысын коргогон ырчы Гулзинат Суранчиева "Шоу-бизнес KG" борборунун колдоосу менен отчеттук концерт бергени турат. Концерт аяктаары менен "Пять звезд" конкурсунан утуп алган жолдомосу менен Сочинин каалаган эс алуу жайында бир айлык эс алууга жолдошу менен барып келүүнү пландоодо.

Эстебестин жолун жолдоп…
Эки ырчы жигит Замир Арыкбаев менен Сьездбек Искеналиев жакынкы арада Кыргызстанды кыдырып концерт бергени жатышат. Эң кызыгы жигиттер көнүмүш эле концерттердей кылып дискке жазылган ырларды аткарып койбостон, эл алдына чыгып айтыш иретинде бири-бирин тамашалайт. Концертте эки ырчы репертуарындагы ырларын да алмашып ырдамак болушту. Белгилей кетсек, айтышка биринчилерден болуп Нарын жергесинин эли күбө болушат.

Нурзат 3-курстун студенти болду
"Улуттук хит параддын" алып баруучусу Нурзат Токтосунова Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун социалдык маданий ишмердүүлүк кесиби боюнча экзамен тапшырып, "5" деген баа менен окууга өтүп кетти. "Мен окууга өтүп алып сүйүнүп жүрсөм, ого бетер сүйүнтүп, Урмат Усенов менен Нэля дагы менин группалаштарым болуп калды" дейт Нурзат.

Омар Америкада окуйт
Окуусун улантуу максатында Омар күздүн аягында Америка кошмо штатына кетет экен. Ал англис тилин жакшы билгенине карабай, дагы тереңдетүү үчүн англис тили курсуна бир жумадан бери барып жатат.

Даярдаган Бегимай БАКАШЕВА









??.??