Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Шыр маек

Нурлан Мотуев:
"Сизди өлүп калбасын деп…"
Бир учурда Нурлан мырзаны "Лимон" гезитинин кабарчылары дал ушинтип тамашага салган экен, атаңгөрү!

- Алло!
- Алло, саламатсызбы, Нурлан!
- Жакшы!
- Иштериңиз жакшыбы?
- Жакшы, сонун. Өзүң кандай?
- Жакшы эле, жылуу кийинип жүрөсүзбү?
- Бул ким???
- Нурлан, мен сиздин күйөрманыңызмын, сиз менен сыймыктанам, мага сиздин өтүмдүүлүгүңүз аябай жагат. Сиз менин кумиримсиз. Бирок, эмнеге сиз менин каттарыма жооп бербей жатасыз, айтыңызчы?
- Аа-а… бул кайсы телефон?
- Албай элесизби, мен сизге күн сайын кат жөнөтүп жатпайымбы?
- Кайсы дарекке?
- Мен сизге почта менен жөнөтүп атам.
- Кайсы дарекке?
- Сиздин дарекке.
- Кайсы?
- Үйүңүзгө, менин атым Лолита. Сиздин аялыңыз барбы?
- Жоок.
- Мен сиз менен таанышкым келип атат, сиз менен жолугайынчы. Сиз менин кумиримсиз. Сизге кандай кыздар жагат?
- Неме… мм-м… Ушул телефон сиздин үйдүкүбү же жумуштукубу?
- Нурлан, мен сизге автоматтан чалып жатам. Айтыңызчы, кандай кыздар жагат? Мен сулуумун, көздөрүм тим эле бакыраят. Жолугалычы, суранам.
- Ушуга саат 3тө чалыңызчы.
- Нурлан, суранам, мени менен сүйлөшүңүзчү, же менин каттарыма жооп бербейсиз. Жаман болуп атам. Сиз менен сыймыктанам. Сиз менен сүйлөшкүм келип атат. Жок дебеңизчи, антпесе мен өлүп калам.
- Айтып атам го 3тө чалыңыз деп!
- Нурлан, мен сизге анан чалганга мүмкүнчүлүгүм болбойт.
- Эмнеге?
- Азыр мен өзүмдү күчтөндүрүп туруп чалдым. Анан чалбай, өзүмдү өлтүрүп салышым да мүмкүн. Балким сиз мага үйлөнөсүз? Мен аябай эле сулуумун… Жолугалычы.
- Так, сиз кайда болосуз?
- Шаардан эле бир жерден, балким ресторандан.
- Анда 3тө "Ала-Тоо" кинотеатрынан.
- "Ала-Тоо" театрыбы?
- Ооба.
- Күндүзкү саат 3төбү?
- Бүгүн.
- Нурлан, а сиз мени балалуу кыла аласызбы?
- Аны жолукканда сүйлөшөбүз.
- Чын элеби, мен анын сиздей күчтүү, өтүмдүү болушун каалайм.
- Макул, 3тө сүйлөшөбүз.
- Нурлан, мен билем сиз айтып коюп эле келбейсиз. Жок дебеңизчи, суранам.
- Мен 3тө дебедимби!
- Сиз сөзсүз келесизби? Келбесеңиз мен өлөм.
- Келем.
- Келесиз ээ?
- Кайда?
- Сиз айтпадыңызбы, кинотеатр жактан кезигебиз деп.
- Кайсы?
- Сиз айпадыңызбы. Сиз мага убакыт айтып койсоңуз эле, сиз айткан жакка бара берем.
- "Ала-Тоонун" кире беришинен.
- "Ала-Тоонун" кире беришинен 3тө ээ?
- Ооба.
- 3кө жарым эле саат калбадыбы. Демек жарым сааттан кийин. А сиз мага 3 тонна көмүр бере аласызбы?
- Ооба.
- Нурлан байке, рахмат! Сизди "Лимон" гезити тамашага салды. Жинденбеңиз.
- Мен муну сизди өлүп калбасын деп айттым.
- Рахмат!

"Лимон" гезитинен
алынып которулду
2006-ж




Өктөмхан Абдуллаева:
"Чыныгы сүйүүгө бир гана ирет туш болдум"
1949-жылы 1- февралда Ош облусунун Кара-Суу районунда кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Учурда эки уул, үч неберелүү.
Алган сыйлыктары: 1994-жылы Элге билим берүүнүн отличниги,
1996-жылы Кыргыз республикасынын "Ардак" граммотасы менен сыйланган. 2006-жылы "Даңк" медалына татыктуу болгон.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Өктөмхан Авазовна Абдуллаеванын ишкердүүлүгүн эмес, жеке турмушун билмекке кепке тарткан элек.

- Өктөмхан Авазовна, биздин окурмандарга сиздин мамлекеттик кызматкер экениңизден сырткары да аялзаттын өкүлү катары жеке турмушуңузда эмне менен алектенгениңиз кызык, алгач ушул тууралуу уксак?
- Кызматтан сырткары бош убакыт табыш абдан кыйын. Анткени биздин жумуш көп убакытты талап кылат. Аз убакытка бош болуп калсам, китеп окуганга киришем. Анткени китеп окуу менин бала кезимден калган адатым. Андан сырткары кээде эне катары балдарыма, неберелериме өз колум менен тамак жасап берүүгө аракеттенем.
- Китеп окуу хоббиңиз экен кандай китептерди окуйсуз?
- Көбүнчө философиялык, анан мурун окуган классикалык чыгармаларды кайрадан окуп чыгуудамын, мисалы орус классиги Пушкиндин чыгармаларын кайрадан карап чыгып, мурда маани бербеген философиялык ойлорго, көз караштарга өзгөчө көңүл бөлүп окуйм. Мындан сырткары жан дүйнөм жаратылышка жакын болгондуктан кээде, шаар четине чыгып балдарым, неберелерим менен таза аба жутуп эс алам.
- Сиздин оюңузча "Бакыт" менен "Сүйүүнү" бирдей кароого болобу, дегеле өзүңүздү бактылуу эне сезесизби?
- Ооба. Бул жашоодо ар бир адамдын өз маңдайына жазылган бактысы болот. Мен үчүн чоң бакыт бул-уулдарымдын амандыгы. Анан да бакыт-жан дүйнөнүн жардылыгы эмес бийиктиги, тазалыгы деп билем. Ал эми сүйүү бул бактыттын бир белгиси. Бирок, экөөнү чогуу кароого болбойт.
- Ар бир адамдын сезиминде уялаган арзуусу болот, сиздин жан дүйнөңүздү ээлеген ыйык сүйүүңүз тууралуу уксак?
- Мен жашоомдо чыныгы сүйүүгө бир гана ирет туш болдум. Ошол кезде арзуума айланган адамымдын кемчиликтерин да көңүлүмө албай, байкабай, анын жетишпестиктерин кошо сүйүптүрмүн. Ал күндөр менин жашоомдо өткөн бактылуу элестер катары калды. Ал адам балдарымдын атасы.
- Турмуш багытыңызда кээде ачууга алдырып, ызаланган күндөр болобу?
- Ооба, андай учурлар адамдын турмушунда көп эле кездешет эмеспи, тирүү адам болгондон кийин ансыз болбойт да. Жашоодо баары эле жакшы тегиз боло бербейт. Турмуш бирде өйдө, бирде төмөн дегендей. Бирок мен өзүмдү токтоо кармаганга аракеттенем. Кээде өзүмдүн кызматкерлеримдин кетирген кемчиликтерине карап, ачууга алдырып, катуу айтып коюп артынан көңүлү ооруп калды го деп бушайман болмоюм бар.
- Жашоодо өзүңүздү толук тааныдым деп айта аласызбы?
- Адам деген көп кырдуу, терең сырдуу, кээде ачуусу чукул, кээде төрө пейил жан болот экенбиз. Өзүбүздү тааныйбыз деп өмүр өтөт тура. Өзүңдүн ким экендигиң мүнөзүңө байланыштуу болуп, коом өнүгүп өзгөрүлгөн сайын жан дүйнөң өзгөрүлүп турат экен. Дале өзүмдү толук тааныдым деп так кесе айта албайм. Кээде ким экендигиңди жасаган эмгегиңе, ишиңе карап, замандаштарың таанып коёт.
- Акылдуунун кемчилиги өз пикиринен кайтуусу экен, а сиздеги өзүңүз байкаган кемчилигиңиз?
- Бул дүйнөдө кемчиликсиз адам болбойт деп ойлойм. Турмушумда мен иштешкен адамдардын кемчилигин дароо байкап коймоюм бар, бирок сен ушундайсың деп эч качан көзүнө карап айта албайм. Дагы бир кемчилигим аз сүйлөйм. Бирөө менен тил табышып, аралашып кетүү мен үчүн кыйыныраак.
- Жашооңузда карьераңызды жогору коёсузбу же үй-бүлөңүздүбү?
- Карьера бул өз нугунда кеткен максаттуу бир чыйыр жол десем болот. Ал эми үй-бүлөмдү баарынан жогору жана ыйык көрөм.
Маектешкен Ч. Абдраева










??.??