Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Адабият айдыңы

Жылдызбек ТУРСУНБАЕВ, манасчы, акын:
"Жаратылыш ыр жазуума кубат берет"

1982-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Эл аралык Айтматов фонду уюштурган жаштардын чыгармачыл "Дебют-I" жайкы мектебинин бүтүрүүчүсү, республикалык чыгармачыл жаштардын "Нур борбор" бирикмесинин "Калемгер" адабий клубунун мүчөсү, "Чечен айтыш" теледолбоорунун бир нече жолку жеңүүчүсү.

- Сизди ар тараптуу талант катары билебиз. Алгач акындык өнөрүңүз тууралуу айтсаңыз. Канча жашыңыздан баштап ыр жаза баштадыңыз?
- Тактап айтсам 14 жашымдан баштап ыр жаза баштадым. Мектепте окуп жүргөндө кыргыз адабияты сабагынан Байыш деген агай сабак берчү эле. Ар бир адабият сабагынын башталышында он мүнөттүк поэзия бөлүгүн өтүп, анан сабак уланчу. Биз милдеттүү түрдө кыргыз ырлары болобу же дүйнөлүк акындардын ырларыбы, кыскасы алардын ырларын издеп таап, жаттап келүү салт эле. Ал эми өзүмдүн атам Турсунбаев Салимбай манасчы, жамакчы, санжырачы болгондуктан менин балалык кезим чыгармачыл чөйрөдө өткөн. Ошондуктан ыр жаттабай келгеним уят болчу. Башкача айтканда, атамдын колдоосу жана адабият сабагындагы поэзия бөлүгү менин ыр жазуума түрткү болгон. Эң алгач апама арнап:
Алтын апа төртөөбүздү төрөдүң,
Алпештедиң, ак бешикке бөлөдүң.
Апакемдей алпештеген адамды,
Бул жашоодо эч бир жерден көрбөдүм -деп жазганым эсимде.
- Эргүү кайсыл убакта келет. Эргүүнү күтөсүзбү?
- Негизи эргүү ар кимге ар кандай убакта келет. Бир күндө бир ыр жазбасам болбойт деген акындарыбыз да жок эмес. Өзүмдү айта турган болсом, көбүнчө мага маршруттук унаада, троллейбуста чайпалып кетип баратканда келет. Ошол учурда көкүрөгүмө бекем сактап, үйгө келгенде кагазга түшүрөм. Эргүү чакырып жазган ыр менен кыйнап жазган ырдын айырмасы кашкайып билинип калат. Жаратылыштын керемет кооздугу да ыр жазуума миң жылдык кубат берет.
- Кайсыл бир жылдары чыккан "Чечен айтыш" теледолбоорунан сизди көрүп калдык эле?
- Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле дегендей, көкүрөктөгү араң турган жарамды сиз козгоп жатасыз. Бул чечен айтыштын чыкпай калганы кандайдыр бир себептерден улам болду го. Буюрса, келечекте чечендик боюнча өздөрүнүн талапкерлигин көрсөтө турган жаштарыбыздын чыгышына ышкыдар болобуз деп ойлойм. Чечен айтышка биринчи жолу 22 жашымда Эрлан Жумагазиев деген жигит менен чыгып ийгиликке жетишкем. Албетте, бул менин бала кезимдеги аруу тилегим эле ошондуктан өз талантымды сынап чечен айтышка катышып калдым.
- "Калемгер" адабий клубуна мүчө болуп жаш акындардын арышын алга жылдырып келесиздер. Сиздердин адабий клубду билбеген жаштарга эмне дээр элеңиз?
- Туура. Биздин клубка кербен сыяктуу канчалаган таланттар келип жатышат. Арабызда биздин үнүбүздү укпай, эң мыкты ырларын алып барганга жер таппай көмүскөдө жаткан таланттарыбызды "Калемгер" адабий клубуна чакырып кетебиз.
- Сиздин кайсыл өнөрүңүз жүрөгүңүзгө жакын. Манасчылыкпы, акындыкпы же чечендикпи?
- Сиз айткан акындык, чечендик, төкмөлүк биригип келип манасчылыкка такалат. Кылымдан бери келе жаткан "Манас" эпосу эч бир кагазга түшүрүлбөстөн атадан балага энчи,мурас болуп өтүп келбегенде, оозеки маданият күчтүү табында болмок эмес. Биринчиден мен өзүмдү манасчымын деп айта алам. Ошондой эле акындыкка, көркөм сөз өнөрүнө талапкермин демекчимин.
- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз. Өмүрлүк жарыңыз чыгармачылыгыңызды толук түшүнсө керек?
- Чыгармачыл адамды түшүнгөн, канатына калкан боло турган жакын адамы бул-өмүрлүк жар болуш керек. Өзүм Баткендин күйөө баласы болом. Мени ар дайым колдоп, өзүнүн адамгерчиликтүүлүгү, жөнөкөйлүгү жана кечире билгендиги менен ажарымды ачып турган сүйүктүү жубайымдын аты Жылдыз. Ортобузда Жоомарт деген уулубуз бар. Буюрса чоң атасынын жана өз атасынын жолун улаган элдин уулу болот деп ишенем.
- Сүйүүнүн бир сааты бүтүндөй бир өмүр дегенге кошуласызбы?
- Сүйүү тузун кимдер гана татпаган,
Бири жыргап, бири боздоп какшаган.
Сүйүү деген жөн айтылган сөз эмес,
Сүйүү үчүн курман болгон канча жан.

Сен бар болсоң жүргөн күнүм бейиште,
Сен жок болсоң секундум да кейиште.
Себебин мен түшүндүрүп бералбайм,
Сенсиң мага бир жаралган периште- деп ырларда айтылгандай, сүйүү - сөз менен айтып, калем менен чектеп жазып бүтүрө алгыс бир сезим. Сиздин берген сурооңузга мен толугу менен кошулам.
- Жашоодон издегениңиз эмне?
- "Улуулук чыйыры улут рухунда" дейт эмеспи. Бабаларыбыздын бизге калтырып кеткен улуттук баалуулуктарын келечек муундарга мурас катары өткөрүп берген адам болуунун жолун издейм.

КЫЗ АДЕБИ КЫМБАТ

Баштан ашып шайкелеңи, кылжыңы,
Баптап кийген жамбашына джинсыны.
Батыш жыттуу бузук кыздар көбөйдү,
Билген жанга ыйманы жок бир чыны.

Кездемеге жетпей калган жардыдай,
Көйнөк кийип жонго жарым жартылай.
Көчө бойлоп кылыктана басышат,
Коргой албай кыздык намыс, баркын ай.

Чыккан өңдүү жаңы гана кыркымдан,
Чачтары да желкеден жок кыркылган.
Чычайтыша чылым тиштеп оозуна,
Чылк орусча сөз сүйлөшүп тыңсынган.

Өйдө коюп өз аброюн өзгөдөн,
Өзүлөрүн Кудайдан кем сезбеген.
Өнөр көрүп көрүнгөндү жандоону,
Өбүшүүнү жол боюнда көздөгөн.

Төккөн сымал күздө дарак баригин,
Төгүп турса кыздар минтип абийирин.
Тилингендей жүрөгүмдүн учтары,
Толуп барат толтосуна дагы ийриң.

Кызды теңеп асмандагы жылдызга,
Кыз абийири кымбат дешкен кыргызда.
Канткен менен баалуулугун бул сөздүн,
Кастарлабай баратат го бир кыз да....

Маектешкен Айнура Султанова




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Түбүң түшкүр дүйнө ий!
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
(Башталышы
өткөн санда)
А мени көргөндөр эле көзүнүн төбөсү менен карашат десең… Ушундай менин көр турмушум!... Уксаң угуп тур…
Аз убакыт болдубу, көппү, айтор, окуяларын угуп жүрүп отурдум. Жалаң ыйга толгон турмушун, тагдырын кулагыма куюп, эсиме сактап аттым. Акыры, ак кагазга минтип жазылып отурат…
Жетим калды
Атасы сырттан кирди. Чачы саксайып, көздөрү кызарып, ырай-бешенеси кеткен. Жерге оонап киргенби, кийими бозала чаң. Анда-санда ыктытып коёт. Демейде эле безилдеп чуркап турчу апасы жетип барып үстүндөгү кийимин чечип кирди.
- Энеңди!... Албарсты! Эмне дарбазадан эле кийире калбайсың?! Минтип баткакка жыгылдым!.. -деп булдуруктаган атасы апасынын чачына асылды. Жедеп жүрөгү түшүп калган Токуштун дене-бою дүркүрөй түштү. Апасына болушкусу келди. Бирок, мындайда атасы баш берчү эмес. Керек болсо Токушту жыга чаап салгандан кайра тартпайт эле. Андан көрө, жашынып калганы оң болчу. Ары жактагы кичине бөлмөнү көздөй жылып жөнөдү. Ал жакта бешикте төрөлгөнүнө эки ай болгон кыз бөбөгү бар эле. Жаңы эле ал эшикти ача бергенде апасынын ачуу чаңырыгы угулду:
- Коку-уй, өлтүрдү!!! Жардамга!!!
Үчтөн төрткө карап калган Токуш кайрыла калды. Апасы кызыл-ала болуп жерде жатат. Атасы тепкилеп, сөгүп-сагып, апасынын башын кайра-кайра полго койгулап кириптир. Артына шарт бурулуп, атасынын бутуна жабышты.
- Атакебай, апама тийбеңизчи! Апам өлүп калат!
- О, энеңди!.. Эми сен калдыңбы?! - деген атасынын чоң муштуму төбөсүнө ойной түштү. Ошого удаа эле салмактуу кол апчый кармап, дубалга бир урду.
- Ык!-дей түшкөн кенедей Токуш андан кийин эч нерсе билбей калыптыр.
Бир маалда эсине келди. Диванда жатыптыр. Бөлмө караңгы эле. Коркуп кетти. Караңгыда кайсалап эптеп болжоп атып, дубалдын боорун сыйпалап светти күйгүздү. Чоң зал экен.
- Апаа! Апаке!-деген бойдон коридорго чуркап чыгып, кичине бөлмөнүн эшигин тартты. Ал жак да караңгы эле. Свет кайсы жерден күйөөрүн билчү. Сыйпалап күйгүзүп көрдү эле, күйбөй койду.
- Апа! Апаке! - деп ый аралаш солуктай басып жөнөдү. Алгач бешикке урунду. Андан кийин атасы менен апасы жаткан диванга жетти. Дагы сыйпалап атып апасынын бутуна урунду. Колдорун апасынын бетине алып барды:
- Апаке! Мен коркуп атам, - деп кыймылдатып көрмөкчү болду. Бирок!.. Таштай муздап, эчак эле катып калаган апасынын башы кыймылдабады. Ого бетер коркуп кетти. Балалык баёо сезими бир нерсени туйдубу, же!.. Апасынан эч айла болбогонун сезип, бакырып ыйлаган бойдон дивандын аркы жагына өттү. Бирок ал жагында атасы жок экен. Эми болгон күчү менен бакырып ыйлап , кайра бешиктин жанына келди. Бул кезде бешиктеги наристе кыз да ыйлап кирген. Бешикти кучактап алып ыйлап кирди. Жедеп өпкөсү көөп, солуктап калган кезде кайра апасына келди. Дагы жулкулдатты. Жок! Апасы козголбоду. Чыңырып ыйлап аткан бөбөгүн соороткусу келдиби, аны терметип кирди. Өзү ыйын баскан менен солуктап коёт. Тынчыбай аккан көз жашын аарчыйт. Өзү басылбаса бөбөгү да басылбасын билип, унчукпай бешикти терметип кирди. Эми бешикти таштай бөлмөлөрдүн светтерин күйгүздү. Бир гана өздөрү жаткан бөлмө караңгы болчу. Атасы көрүнбөйт. Аңгыча башына бир нерсе келе калдыбы, сырткы эшикти ачып короонун жарыгын күйгүздү дарбазага жетти. Анын эшиги эмнегедир ачык экен. Сырт жакка чуркап чыгып кошунасыныкына жетти. Алардын дарбазасынын коңгуроосуна бою жетпейт эле, дарбазасын такылдатып кирди. Тынбай такылдата берди. Аңгыча, ич жактын жарыгы күйүп, үйдөн чыккан эркектин үнү угулду:
- Ой, ким бул?!
Ал үндө чочуркоо да, кооптонуу да бар эле.
- Мен!.. Мен Токушмун байке!-деген бала ыйлап ийди. Сыягы мындай нерсе тигилердин да жүрөгүнө тийип бүткөнбү:
- Ай, атаңдын көрү десе! Жети түндө жүрөктү түшүргөн!.. Дагы атаңбы!.. -деп кобуранып келип, эшикти ачып кирди. Дарбазанын калиткасын ачып, солкулдап ыйлап аткан балага минтти:
- И, эмне болуп кетти?
- Байке… Коркуп атам!..
- Эмнеге коркуп атасың? Айтпайсыңбы, эмне болгонун?-деди тигил эркек.
- Билбейм… Апам ойгонбой койду. Мен коркуп… Атам да жок. Анан сизге келдим.
- Эмне дейт, кудай урган бала?! Кудай урду!.. -деген эркек шашыла басып, баланын үйүнө кирип келди. Ал дагы тигилер жаткан бөлмөнү күйгүзө албай койду. Диванда жаткан апасын барып силкилдетти.
- Калый жеңе! Калый жеңе, эмне болду сизге? -деп алды да, таш тиштегендей боло түштү. Муздак денеден улам эле сезе калган. Караңгы бөлмөдөгү бешикти көтөрүп, бөлмөдөн атып чыкты. Жыйырмадан өтүп калган жигит болчу. Ал дагы коркуп кетти окшойт.










??.??