Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кайдасыңар?

Өсөр Козуев, ырчы:
"Жаңы там салып жатам"
Мындан 10-15 жыл мурун "Атама", "Туулган күн", "Кечиккен махабат", "Жаңы жыл" аттуу ырлары менен эл оозуна алынып, өз доорундагы ырчылардын катарын толуктап келген белгилүү ырчы Өсөр Козуевди акыркы жылдары сахнадан көп кезиктирбей калдык. Ырчынын бүгүнкү күндө кайда, эмне кылып жүргөнүн билүү үчүн аны маекке тарттык.

- Аккордеонду колго алып "Атама" аттуу ырыңызды созолонто ырдап жүрдүңүз эле. Акыркы жылдары сахнадан көрүнбөй калгандыгыңыздын себеби эмнеде?
- Сен айткандай аккордеон колдон түшпөй ырдап келгем. Бирок, азыр деле аккордеонсуз жашоомду элестете албайм. Себеби, обончу болгондон кийин бир маал аны ойноп турбасам көпкө кыйналам. Адам баласы болгондон кийин капаланып, буулугуп же тескериcинче кубанган учурларда аккордеонумду колго кармап калам. Көрүнбөй калган артисттер кайда жүрөт деп кызыгуу жаратып калганыңар мени кубантып олтурат. Азыркы мезгилде көр оокат, бала-чака багуу менен жаңы там салып, сахнага чыгалбай жатам. Ошентсе да жакшылык тойлорго чакырылып, жаңы чыгармалардын үстүндө иштөөдөмүн. Мен ойлойм жылдызы жанган чыныгы таланттар түбөлүктүү болуп, элдин эсинен чыкпайт.
- Учурда кайсыл тармакта эмгек өтөп келесиз? Сахнадан сизди качан көрө алабыз?
- Буга чейин чыгармачылык чакан концерттерди өткөрүп келгем. Быйыл шартка байланыштуу концерт бералбай калдым. Ушул тапта мен улуттук биринчи каналдын кечки студиясында үн режиссер болуп эмгектенем. Эми мен мынча убакыттан кийин жеке концертимди берем деп айтуудан алысмын. Кудай буюрган күнү элдин батасын алып чыгып калам. Келечекте элдик эстрадалык музыканы жайылтуу менен Өсөр Козуев деген атымды татыктуу алып жүргүм келет. Убактылуу сахнадан көрүнбөй калганым гана болбосо, ар убак жүрөгүм ырдап жүрөт. Андыктан күйөрмандарым мени жоготуп алуудан коркпой эле койсоңуздар болот.
- Үй-бүлөңүз чыгармачылыгыңызга кандай карайт?
- Сүйүктүү жубайым жана эки уул, эки кызым бар. Балдарым чоңоюп калды, келинчегим чыгармачылыгыма түшүнүү менен мамиле жасайт. Үй-бүлөм менен сыймыктанам жана алардын амандыгы мени кубандырат.
- "Атама" деген ырыңызды кичине баладан, ата-апаларга чейин кулак төшөп угушат. Мунун сыры эмнеде, кандайча жаралды эле?
- 1996-жылы шаарга келдим. Чыгармачылык чыйыр жолум ушул жылдары башталып, жазында айылга бардым. Атам 20 жыл бою мектепте иштеп пенсияга чыккан. Ал убакта 30-40 мугалимди башкарып, окуучуларга таалим-тарбия берип эмгекти сүйүп иштечү. Чынымды айтсам атамдын эс алган бош убактысы болгон эмес. Талыкпастан иштеп, тамак ичкенге чолосу келбей күнү-түнү эл үчүн аракеттенгени мага чоң таасир берип, кыңылдап олтуруп сөзү, обону менен "Атама" деген ырымды жараттым. Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет экен. Ошентип алгач бул ырды карындашым угуп абдан жактырган. Бул менин атама арнаган эң кымбат белегим десем болот. Эмне белек кылсам деген ой-толгоолордон кийин ушул ырды тартуулаганга токтолгом.




Актан Исабаев:
"Билим жагына басым коюп, машыгуудамын"
- Актан мырза акыркы кезде сахнадан көрүнбөй кеттиңиз го?
- Албетте, азыркы учурда мен продюсердик жактан билим алып, машыгып, эмгектенип жатам. Бир учурда Америкада жүрдүм. Андан кийин Казакстанда да болуп ар тараптан изденип келдим. Ал эми алдыдагы пландарымда Москвага барып концерттик иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча сабак алып келүүнү көздөп жатам. "Издеген табат" дегендей, изденүүнүн аркасында кыргыздын эстрадасын алдыга жылдыруу максатында аракеттенүүдөмүн.
- Күйөрмандарыңыз менен качан жолугасыз?
- Элдин алдына чыгууга чоң милдетим бар. Ал үчүн дагы бир топ убакыт керек. Азырынча чыкпайм го. Кыялымдагы чоң максаттарымды ишке ашырып, жогорку деңгээлде концерт берсемби деген ойлорум буюрган күнү ишке ашаарына ишенем.
- Кыргызстандан чет өлкөлөргө көп чыгып башка элдин маданиятын көрүп калдыңыз. Алар кыргызды эмнеси менен тааныйт экен?
- Кыргызды бардык эле мамлекеттер тааный бербейт. Америкалыктарда Кыргызстан жөнүндө сурашып кызыккандар көп болот. Биздин жерге келип кеткендер Кыргызстандын тарыхын, эзелки калк экенин кызыгып, сурашат.
- Кыргыз эстрадасында сизди эмне өкүндүрөт?
- Ар бир нерсе өзүнүн убактысы менен болот окшойт. Азыркы учурда жаш ырчылар көп чыгып жатпайбы, алар жөнүндө ар кандай талкуулар, пикирлер болуп жатат. Мен ойлойм бул нерселердин бардыгы өз учуруна келип бышып жетилет жана эң мыктылардын мыктысы иргелип чыгат. Жаш ырчылардын саны бар, сапаты жок болгону өкүндүрөт. Ошондой болсо да биздин эстраданын келечеги бар экенине ишенем. Ал эми кыргыз элибиздин ырчыларды колдоп, биз үчүн күйүп жаткандарына кубансак болот.

Даярдаган Айнура Султанова




  Кызыктар дүйнөсү

Скрепка кайдан чыккан?
Турмушубузда анча байкалбаган, бирок бир топ жардамын тийгизген скрепка 1899-жылы пайда болгон. Мурда (скрепка жок кезде) додолонгон кагазды сапырып, тоскоол болбош үчүн жип же лента менен чогултуп байлашчу. Бул көрүнүш көп убакытты, машакатты талап кылгандыктан, кийинчерээк жиптин ордуна төөнөгүчтү пайдалана башташат. Бирок, зарыл кагаздарды табууда төөнөгүчтөр колду сайып, эки эсе түйшүк тартуулаган. Ошондон улам скрепканы ойлоп табуу бир эле убакта үч адамдын оюна келген. Ошентсе да Норвегияда туулуп-өскөн математик Йоханна Валера биринчи скрепканы жасаган. Норвегиялыктар мындай көрүнүшкө аябай сыймыктанышкандыктан, 1990-жылы Норвегиянын борбору Ослодо скрепканын формасындагы 5 метрлик эстелик тургузушкан.

Компьютердин "чычканын" ким ойлоп тапкан?
Эң алгачкы мындай оригиналдуу ой Дуглас Карл Энгельбартка таандык. Адегенде чычкандын ордуна жыгачтан жасалган кичинекей кутучаны колдонуп көрүшкөн. Кийинчерээк убакыттын өтүшү менен "чычканды" ойлоп табышкан. Негизи бул идея Энгельбартка тиешелүү болгону менен эң алгачкы "чычкан" аспирант Билл Инглиштин колунан жаралган.
Ал эми "чычкан" деген "ысымды" ага ким ыйгарганы жөнүндө Карл Дуглас эстей албайт экен. Болгону куйругу узун болуп калган. Эгерде Дуглас Карл Энгельбарт кааласа азыр Билл Гейтстен да бай, атактуу болмок, бирок ал атак менен байлыктын аркасынан куубай, "көлөкөдө жашынып калган". 1968-жылы "чычканды" жасаган эмгеги үчүн 10 миң доллар гонарар алып, аны шаардын четине үй салууга жумшаган.

Чатыр-жынсы шымга кантип айланды?
Дүйнө жүзүн дүңгүрөткөн жынсы кийимди ойлоп тапкан адамдын ысымы Леви Страус. Он жети жашында мекенин таштап, Нью-Йоркко баш калкалаган Леви эмне менен алек болсом деп ойлоно баштайт. Биринчи, саякатчылар үчүн чатыр тигип иштеп, бирок мындай иштен көп киреше таппасына көзү жеткен Леви дал ушул чатыр тиккен материалдан шым тигүүнү ойлой баштаган. Бактыга жараша анын ойлогон ою ишке ашып, максатына жетет. Жөн эле эч кандай кооздуксуз тигилген жынсы шымдарга 1960-жылы тигүүчү Риги Джекоб жан киргизип, кооздук берет. Тагыраак айтканда ар кайсы жерине ылайыктап чөнтөк, кнопка тагып тиге баштайт. Ушул күнгө чейин моданын туу чокусун ээлеген жынсыларга дал ушул эки инсандын кошкон салымы чоң.

Дүйнө жүзүндөгү эң кир шаарлар
Дүйнө жүзү боюнча эң кир, адамдын ден-соолугуна залакасын тийгизген беш шаар аныкталды. Биринчи орунда Чернобыль турат. Бир жылда ал жерде абанын таза эместигинен улам 5,5 миллион адам жапа чегет. Ал эми экинчи орунда Россиядагы Дзержинск турат. Ал шаарда жылына 300 000 адам ден-соолугунан жабыркашат. Дзержинскийдин тургундары орто эсеп менен (эркектери 42 жашты, аялдары 47 жашты түзүшөт). Үчүнчү орунда болсо Доминикан Республикасынын Хайна шаары турат. Ал жерде бир жылда орто эсеп менен 85000 адам ооруп, майып болуп төрөлгөндөрдүн саны жыл санап өсүүдө. Бул аймакта жашаган тургундардын көбү психикалык оорудан жабыркашкандар жана көздөрү ооругандар болуп эсептелет. Айтор, жогоруда аталган шаарлар башкалардан өзгөчөлөнүп айырмаланганы-абасынын таза эместиги.

Анара Дүйшөналиева










??.??