Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Саламат плюс

"Аллергиянын эң коркунучтуусу - бул астма"
Кардиология жана терапия Улуттук борборунун алдындагы Республикалык аллергия борборунун аллергологу Салтанат Шабыкеева:

Чүчкүртүп-бышкыртып, көздөн жаш актырып, дене кычыштырган аллергияны көбүбүз эле билсек керек. Адатта эрте гүлдөгөн чөптөр (бетеге, ак сото, жылган, түлкү куйрук, ак конок) жана дарактар (байтерек, мажүрүм тал, жаңгак ,ак кайың, кызыл карагайж.б)айтылуу аллергия оорусу менен жапа чеккендерге өзүнчө бир түйшүк жаратат. Бул илдет жөнүндө толугу менен кабардар кыла албасак дагы ток этер жерлерин чагылдыруу максатында атайын адиске кайрылдык.


Аллергия деген эмне?
Аллергия - бул адамдын иммундук системасын козгой турган абдан кеңири таралган оорулардын бири. Аллергия деген сөз грек тилинен алынып, "аллос" - бөлөк, чоочун, "эрон" - кыймыл дегенди билдирет. Кээ бир адамдар белгилүү бир өсүмдүктөргө (жер-жемиш жашылчаларга) же болбосо кандайдыр бир тамак-ашты колдонууда (жумуртка, балык, шоколад ж.б), ал эмес абадагы ар кандай заттарга (чаң, чаңчаларга) өтө сезимтал келишет. Мындай сезимталдуулук адамдын организмин жабыркаткан - бөрү жатыш, чөп безгеги, диарея, ашказан спазмасы жана өтө олуттуу түргө айланганы -астма сыяктуу оорулардын себепкери болуп саналат. Организмдин мындай реакциясын "аллергия" деп атоого болот. Кыскасы, сырткы чөйрөнүн ар кандай агенттеринин (аллергендеринин) таасирине болгон организмдин жогорку сезгичтиги аллергия менен мүнөздөлөт.

Аллергиянын башталышы
Көпчүлүк учурда аллергияны грипп оорусу менен алмаштырып алышат. Себеби, бул эки оорунун симптомдору окшошуп кетет. Сезон убагында козголуп, анан өтүп кетсе, "грипп болуп, айыгып кеттим" деп жүрө беришет. Натыйжада аллергия күчөп кетет.Андыктан эскертээрим, жыл сайын бир мезгилде чүчкүрүп, мурундан суу, көздөн жаш агып, дене кычышкан өңдүү белгилер байкалса, дароо биздин борборго кайрылыңыздар.

Аллергия менен кимдер ооруйт?
Иммундук системасы төмөндөп кеткен адамдар бул ооруга кабылышы мүмкүн. Мындан тышкары аллергия - тукум кууган оору. Эгер ата-энелердин ичинен бирөө гана аллергия менен жапа чеккен болсо, баласы да бул ооруга кабылышы толук мүмкүн. Көбүнчөсү алгачкы жолу аллергияга бала чагында кабылышат. Эң өкүнүчтүүсү, бул ооруга бир жолу кабылгандар, калган өмүрүндө да жапа чегишет. Андыктан сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылып туруу керек. Антпесе арты жагымсыз бүтүшү мүмкүн. Аллергиянын эң оор, коркунучтуусу - бул астма.
Аллергиянын түрлөрү
o Поллиноз (сезон аллергиясы - өсүмдүктөрдүн чаңына аллергия болгондор)
o Бөрү жатыш (тери аллергиясы)
o Бронх астмасы (чаңга, жүнгө, аспиринге аллергия болгондор)
o Инцекттик аллергия (аары, чиркейлердин чагып кетүүсүнөн)
o Медикаментоздук аллергия (дары-дармектерге)
o Тамак аллергиясы (балык, жумуртка, тоок эти, сүт ж.б)
Аллергиялык реакциянын себебин (аллергенди) аныктаган соң, мүмкүнчүлүккө жараша аны менен болгон байланышты азайтып, атүгүл толугу менен токтотуу зарыл. Минтип айтканга оңой болгону менен көпчүлүк учурда ишке ашыруу абдан кыйын. Кээде жакшы көргөн үй жаныбарлары (мышык,ит) менен коштошууга туура келсе, кээде жакшы көргөн жер-жемиштерден, жашылчалардан же даамдуу тамактардан баш тартканга мажбур болосуң. Ошону менен бирге эле айрым аллерген түрлөрүнөн качуу такыр мүмкүн эмес. (мисалы, үй чаңдары же өсүмдүк чаңдары). Бирок, мындай абалда анча татаал эмес атайын чараларды көрүү аллергия реакциясын бир топ төмөндөтөт. Эгер көрүлгөн чаралар эч натыйжасын бербей, аллергендерден арыла албасаң, дарыгер гипонсенсибилизация деп аталчу спецификалык дарылануу методун дайындай алат. Гипонсенсибилизация - бул оорулуунун кандайдыр бир аллергенге болгон кабылдагычтыгынын деңгээлин төмөндөтүүчү вакцинация өңдүү метод. Дарылануунун бул түрүн 2 жаштан жогоркуларга колдонууга болгону менен дарыгердин кылдат көзөмөлүн талап кылат. Мындан тышкары азыркы учурда аллергиянын деңгээлин төмөндөтүүчү же толугу менен жок кылуучу ар кандай жогорку натыйжалуу дарылар иштелип чыккан. Бирок, мындай дарылар организмге терс таасирин тийгизгендиктен, дарыгер тарабынан гана дайындалуусу абзел.
Тоолуу жер дарттын дабасы
Аллергияны дарылоодо кеңири колдонууга мүмкүн боло турган жана колдонулуп келе жаткан дарылык касиети бар климаттык ресурстарга Кыргызстан негизинен өтө бай. Бул жерден басым жасай кетчү нерсе - аллергия менен ооруган оорулуунун тоолуу жерде болуусу өтө пайдалуу таасирин берет. Дегеним, канчалык жогору барсаң, ошончолук аба таза, чаң, чаңча жана башка аллергендер да аз. Анан дагы бийик тоолуу гипоксия организмге машыктыруучу таасирин тийгизет жана аллергия реакциясына каршы туруучу атайын гормондорду бөлүп чыгаруучу бөйрөк үстүндөгү бездин функциясын оңойт. Биздин борбордун окумуштууларынын изилдөөлөрү бронх астмасы менен ооруган оорулуулардын деңиз деңгээлинен 3000-3500 метр бийиктиктеги тоолуу аймакта машыгуусунун жогорку натыйжалуулугун көргөзө алды. Буга күбө катары 3200 метр бийиктикте жайгашкан Төө-Ашуу ашуусундагы стационарда оорулууларды дарылоонун жыйынтыгын айтса болот. Мындан тышкары Ысык-Көл жээгиндеги тоо-деңиз климат шартында дарылануу чон популярдуулукту алды.

Республикалык аллергия борборунун отчету боюнча 2006-жылы аллергия менен жапа чегип борборго кайрылгандардын саны 6297 адам болсо, 2007-жылы булардын саны 10220 ны түзгөн. Ал эми 2008-жылдын биринчи жарым жылдыгында борборго 5014 оорулуу кайрылган.

Менде кээ бир самындарга же кремдерге аллергия бар. Мындан тышкары чөптөрдү аралап бассам да денеме майда кызыл нерселер чыгып кетет. Кантип дарылансам болот? Организмге зыяны жок чөп дарылар менен дарыланса болобу?
Наргиза, Беловодск.

Анткени самын, косметикалык кремдерге ар кандай чөптөр кошулуп жасалат. Ал эми чөптү аралап басканда аллергия болсоңуз, демек бул аллергиянын "атоптикалык дерматит" деп аталган түрү.Чөпкө аллергия болгондон кийин чөп дарылар менен дарыланууга болбойт. Кайра эле айтаарым, биздин борборго кайрылыңыз. Адегенде так анализ коюп, андан соң кылдат дарылоо зарыл.

- Менин аллергия оорусуна кабылганыма 4 жыл болду. Дайыма эрте жазда эле аллергия башталат. Чүчкүрүп, көзүмөн жаш агып, мурдуман суу агат. Кеналог деген дарынын бир ампуласы 3 айга чейин аллергияны токтотот экен. Мен азыр ал дарыны үчүнчү жолу сайдырып жатам. Ден-соолугума терс таасирин тийгизбейби?
Сырга, 28 жашта,Бишкек

Өзүң жаш эле экенсиң.Турмушка чыга элек болсоң да, келечекте төрөшүн керек. А кеналог менен дарылануу, албетте ден-соолукка зыян. Балалуу болушуңа залалын тийгизиши мүмкүн.Кеналог - бир айга эсептелинген гормондун суммасы. Сенин жаш организмиң өзү эле жетиштүү гормонду бөлүп чыгарат. Ал эми кошумча гормондун сага эмне тиешеси бар. Биз кеналогду кыздар эмес,эркек балдарга да бербейбиз.Азыр сеникиндей аллергиянын түрүн дарылоочу заманбап методдор бар. Андыктан кеңешим, биздин борборго эле кайрылганың оң. Айыгууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Даярдаган Асхат Айсаракунов









??.??