Сенин гезитиң!
№32, 09.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Билгениң оң

Жактырган гүлүңүз сиздин мүнөзүңүздү айтып берет
Гүлдөрдүн сыйкырдуу күчү адамдарды өзүнө арбап турат. Жаратылыштын бул керемети адамга башкача жагымдуу маанай тартуулайт. Гүлдөр адамдардын ортосунда үнсүз сүйлөшүүгө, сезимдерди билдирүүгө өбөлгө түзөт экен. Андан тышкары жакшы көргөн гүлүңүз сиздин мүнөзүңүздү айтып берет.

Лилия гүлдөрү байыртадан эле хандар жакшы көргөн гүлдөр болуп эсептелет. Лилия гүлдөрүн жактырган адамдар табиятынан өз күчүнө ишенген, өз баркын билгендер болуп саналат. Мындай гүлдү көңүлү сүйгөндөрдө кандайдыр бир белгисиз өзүнө тартып турган күч болот экен. Аны менен эле бирге терс сапаттардын ичинен текеберлик сыяктуу сапатка ээ болушат. Буларга өзүн-өзү көзөмөлдөө, башкалардын оюн эске алуу деген түшүнүк жетишпейт.

Сиренди жакшы көргөндөр табиятынан таарынчаак, көп нерсени чечилип айтпаган бир сырдуу жандар болушат. Башына кыйынчылык түшкөндө башкалардан жардам сурабай өз күчү менен түйшүктөн арылуунун аракетин кылышат. Сирень сүйүүчүлөрдүн мүнөзү түнт болгону менен жан дүйнөсү аябай бай келип, сүйлөшкөн адамдын черин жазышат. Бир нерсеге умтулуп аракетчил келишет. Колунан келген жардамын башкалардан эч убакта аяшпайт. Чечкинсиз жайы бар болгондуктан көп нерседен кур калышат экен.

Хризантема гүлүн жактыргандар тамаша, күлкүнү жакшы көргөндөр. Жок жерден шакаба чегип ойногонду жактырышат. Бирок көп жерден ушул сапатынын айынан айланадагы адамдарын таарынтып алышкан жагдайлары кездешет. Кыялкеч болуп, асмандагы айга умтулушкандыктан реалдуу жашоосунда эмне болуп жатканын этибарына алгылары келбейт. Жалгыздыкты аябай жаман көрүшөт, бирок өздөрүндөгү кээ бир туура эмес сапаттары менен көп учурда жакын адамдарын алыстатып алышат.

Роза. Бул гүлдү жактырбаган адам сейрек кездешсе керек. Бул гүлдү жакшы көргөндөр жашоодо бейкутчулукту каалашат. Башына кара түн түшсө да чыдап көтөрүшөт, өтө намыскөйлөр. Жаакташып айтышууда алдына киши чыгарбайт. Албетте, мындай адамдар эч убакта жемин жедиришпейт. Айланадагы курчап турган адамдар аны жаман аттуу кылыштын амалын ойлоп бут тосушса да розаны сүйүүчүлөр мындай ыплас көрүнүшкө жол беришпейт. Кээ бир учурларда жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүп боорукерлик, жароокерлик сыяктуу сапаттарын да көрсөтүүнү каалашат. Негизинен розаны жактыргандар - эрки күчтүү адамдар.

Жоогазын гүлү өзүнүн көрүнүшү менен эле бир топ маалымат берет. Бул гүлдү көбүнчө жан дүйнөсү өтө назик, баёо келген жандар жактырышат. Адамдар менен бат тил табышып, ичи койнуна кирип, адамдын тамырын тартканга аябай жөндөмдүү келишет. Куулук сапаттан да кур калышпагандыктан өздөрүнүн сырын оңой менен эч кимге айтышпайт. Жоогазынды жакшы көргөн адам кыраакы келет. Көп жерден маселени кабыргасы менен кеңешип, акыл калчап иш кылат.
Жогоруда айтып өткөндөй жан дүйнөсү өтө назик болгондуктан кайсыл жерден туура эмес сүйлөп, таарынтып алганыңды да түшүнбөй каласың. Жалпы жонунан айтканда мындай адамдар-чечилбеген табышмак.

Анара Дүйшөналиева





Мамлекеттик цирктин башкы директорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кадырбек Тажиев:
"Циркте азыр аттардан башка жаныбарлар жок"
- Кадырбек Мукашович, маегибизди цирктин бүгүнкү абалынан баштасак?
- Буюрса, жакшы. Кыргыз элибиздин эгемендүүлүк күнүнө карата кайрымдуулук иретинде ата-энеси жок, кароосуз калган жана майып балдар үчүн оюн -зоок көргөзүп, ошол оюнга жаңы кыргыз цирк коллективин чыгардык. 6 жаштан 25ке чейинки курактагы тандалып алынган жаш артисттерден турган топ, өз өнөрлөрүн көргөзүштү. Кыргыз цирки дегенде - кыргыз "жигитовкасы" деп көптөгөн чет өлкөлөрдө таанылып жүргөндөй, үч айдын ичинде даярдап атчандар номерин тартууладык. Көркөм жетекчиси Алмаз Раимкулов деген таланттуу жигит.
Жаш цирк артисттерин даярдоочу студияда да 50дөй бала тарбияланып, иштеп келатышат. Алардын жаңы-жаңы номерлерин жакында көрө аласыздар.
- Азыр циркте аттардан башка жаныбарлар барбы?
- Азыр аттар эле бар, башка жаныбарлар болуш үчүн эң негизгиси аларды тамак-аш менен камсыз кылыш керек да. Азыр арпа, буудай айдап, колубуздагы жаныбарларды багыш үчүн Өкмөттөн жер сурап атабыз.
- Иштеги ийгилигиңиздер кубанаарлык экен, ошону менен катар кыйынчылыктар да жок эместир?
- Ар бир эле иш кыйынчылыксыз болбосо керек. А бирок цирк артисттери-булар фанаттар десем жаңылышпайм. Күнүнө эки-үч жолудан даярданып, эмгектенип жатышат. Өкмөт тараптан цирктин ремонт иштерине деп каражаттар каралып, ремонт кылып жатабыз. Эми бир айтаарым: өкмөттөн ушул жаш, өсүп келаткан балдардын чыгармачылыгы уланып кетиши үчүн атайын колдоолор болуп турса да жакшы болот эле…
- Кыргыз Улуттук телевидениесиндеги "Баракелде" көрсөтүүсүндөгү калыстар тобунун төрагасы катары айтсаңыз, ал жакта өнөрлөрүн көргөзүшкөн таланттарды циркке чакырып жатасыңарбы?
- Ооба, "Баракелде" - бул эң жакшы долбоор болуп жатпайбы. Ал жактан жети артистти алдык. "Баракелденин" негизинен эл ичиндеги таланттар элге таанылып атат. Өкүнүчтүүсү, дагы деле баягы акча маселесинин тартыштыгынан көптөгөн чыныгы талантттар келе албай калып жатышат.
- Акыркы суроом: биздин цирк сүйүүчүлөрүбүз-жаш бөбөктөрүбүз үчүн жаңы оюнду качан тартуулайлы деп турасыздар?
- Буюрса, сентябрдын 26-27-28-күндөрү келип, көңүл ачып кетише алат.
Жакында цирк өнөрүнө кызыгып баалап, барктап көрө билген Бишкек шаарыбыздын тургундары, жаш жеткинчектери үчүн Бишкек Циркинде Москвадагы Юрий Никулин атындагы "Алтын Цирки" өз өнөрлөрүн тартуулашты. Монте-Карло, Париж, КНР, Будапештте өткөрүлгөн эл аралык фестивалдардын алтын, күмүш байгелеринин ээси болгон-акробаттар, аба гимнасттары, клоундар, колго үйрөтүлгөн жаныбарлар менен төрт күн кызык оюндар көргөзүлүп, цирк ичи күлкүгө жаңырып турду.
Москвадагы Ю.Никулин атындагы цирктин артисти Владимир Бураков:
- Кыргыз Циркине көптөн бери келе элек болчумун. Мен келип жүргөн жылдары цирк башка имаратта эле. Гастролдоп келип калдык. Программабызда көптөгөн кызыктуу, эсте каларлык номерлер бар, көрүүчүлөргө жагат деп ойлойбуз. Биздин азыркы топто цирк өнөрүн союз учурунда дүйнөгө тааныткан эмгек сиңирген артисттердин балдары эмгектенишет.
Кыргыз цирки болсо токтолбой өсүү жолунда экен. Бул кубантаарлык иш.
- Рахмат. Ишиңиздерге ийгилик.

Махабат Молдобек кызы










??.??