Сенин гезитиң!
№33, 16.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


"FAMOUS" Кыргызстанды дүңгүрөткөн борбор болот
Бүгүнкү күндө кыргыз сахнасында козу карындай жайнаган ырчыларды колдоп-коштоп, "жылдыз" кылган продюсерлер азыркы учурдун аябай популярдуу адамдарына айланышты. Замандын агымына жараша чыга албай жүргөн жаш таланттарга көмөк кылган өлкөбүздө продюсерлик кесипти аркалап жүргөн инсандарыбыздын оор түйшүктөрүн айтпасак болбос. Биз бүгүн алгачкылардан болуп продюсерликке кадам таштаган Нурлан Мамакеевди кепке тарттык.

- Кийинки убакта "продюсер" деген сөз аябай популярдуу болуп кетти. Бир клипти тарттырып берип продюсер болуп алганын деле көрүп жүрөбүз. Дегеле продюсер деген ким өзү?
- Туура айтасыз, кийинки күндөрдө оператору, режиссёру болобу же гезитте, радиодо, же болбосо телевидениеде иштегендердин баары эле продюсер болуп алышты. Продюсер деген эч нерседен көз каранды болбой эркин жүрүүсү зарыл. Тарбиялап жаткан окуучуларынын чыккан күнүнөн тартып анын ырларына, формасына, клиптерине деги койчу бүт баарына жоопкерчиликтүү болуш керек. Кыскасын айтканда баштан аяк бүт баарын өздөрү жасайт. Ал эми ырчы болсо жөн гана чыгып ырдап койгонун билбесе, башкасына баш оорутпайт. Кээ бир ырчылар ошону түшүнбөй эле бир клибин тартырып берип койсо "а, ушул менин продюсерим" деп алышат, бул туура эмес.

"Бир жылда он баланы жылдыз кылабыз"
- Артта калган күндөргө бир кылчайып алган соң азыркы учурда эмне менен алек болуп жатканыңызды билгибиз келип турат?
- Жакшы болот. Биз азыркы учурда аябай чоң долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. "FAMOUS промоушн" борборун ачтык. Бул борбордо бүгүнкү шоу-бизнеске керектүү нерселердин баарын таба алабыз. Фотостудия, видеостудия, бий ийримдери, моделдик студия деги койчу ди-джей, журналист, кабарчы, алып баруучу болот элем деп кыялданып жүргөндөргө эшигибиз ачык. Аларга колдоо көрсөтүп, эң мыкты деңгээлдеги сабак берип, өз кесибинин мыкты адиси кылып тарбиялоого далалат кылып жатабыз. Бул жерде эң мыкты делген окутуучулар Эрнест Абдыжапаров, Бакыт Байсариев сыяктуулар сабак өтүшөт. Андан сырткары бүгүнкү күндүн актуалдуу темасы болгон студенттердин окуусуна тоскоол болбогон жумуштарды беребиз. Негизинен айтып өтсөк "FAMOUS промоушн" борборунун базасы чоң. Бир гана кыргыздардын эмес коңшу өзбек, казак, орусиянын ырчыларын эч тоскоолдугу жок каалаган убакта кыргызстанга алып келүүгө келишим түздүк жана алардын бул жакка алып келүүгө толук кудуретибиз жетет деп айтаар элем. Бир гана бул эмес Американын эң мыкты деген группалары менен да келишим түзүүдөбүз. Кудай буюрса 20-сентябрда шоу-бизнес KG менен биргеликте, "Comedi clubды" алып келүүгө белсенип жатабыз. Мындан сырткары "Горячая десятка" аттуу дагы бир кошумча долбоор ачтык. Мында он киши эмгектенет. Анда ырдайт элем, сахнага, гезитке чыгат элем деген таланттуу улан-кыздарга конкурс өткөрүп жатабыз. Аларга бир жылдын ичинде ар бирине 6 ыр жаздырып, анын экөөсүнө клип тарттырып, төрт мезгилдик фотосессия даярдап беребиз. Кыскасы,бир жылдын ичинде он таланттуу баланы жылдыз кылып чыгарабыз.
"FAMOUS промоушн" борборунда моделдик мектеп ачтык. 170 см ден узун бойлуу улан-кыздарды чакырабыз. Аларды шартына жараша сменада сабак өтүлөт. Окуусуна тоскоол болбош үчүн эртең менен окугандарга түштөн кийин, түштөн кийин окугандарга эртең менен эң мыкты окутуучулардан сабак алышат. Бир жумада алты күн сабакка барышат. Ар күнү түрдүү сабактар менен коштолот. Мисал үчүн 1-күнү Эрнест Абдыжапаров актёрдук сабак берсе, 2-күнү Бакыт Байсариев бийдин мыкты түрлөрүнөн бөлүшөт. 3-күнү имидж боюнча үйрөтүшсө, 4-күнү шейпинг, бассейин, машыгуучу залдарга барышып ден-соолугун чыңдаса, 5-6-күндөрү туура басууну үйрөтөт. Аябай жооптуу жумушту аркалаган бул мектептин базасы чоң деп айта алам.
- Моделдик мектепте окугусу келген улан-кыздарга баасы да аябай кызыктуу болсо керек.
- Бул жөнүндө аябай терең изилдеп чыктык. 8000 дик 4 000 дик мектептер бар экен. А биз катуу изилдеп чыгып эки айлык окуунун баасы 4500 дү түздү. Ошондо бир айга 2250 сом болот. Бул менимче аябай эле арзан. Эки айдын аралыгында бийди, актёрдук чеберчиликти, жогоруда айткандардын баарын толук үйрөнүп чыга алышат.
- "FAMOUS промоушн" борбордун атын кыргыз жыттанган, нукура кыргыз сөзү менен атасаңар балким кыргызды даңазалайт белеңер?
- Болот, бирок бул борбордун балдары бир гана кыргыз эли менен чектелип калбастан чет жакка да чыгабыз. Ушул аталыш менен Кытайга барсаң да, Россияда да, Америкада бардык жерде түшүнүшөт. Кыргызча атасак балким аларга түшүнүксүз болуп калышы мүмкүн. Ошол себептен "FAMOUS" деп атадык.

Маектешкен Нурзат Жусупова




Белгилүү тележурналист Ала-Тоо апталык маалымат программасынын орус тилиндеги алып баруучусу Асел мамбетова:
"Бактым үчүн жеке жашоомду өзгөрткөнгө даярмын"
- Асел эже, дикторлук кесип эмнени көп талап кылат, билим менен эле ушул багытты алып кетсе болобу же кудайдан берилген талант керекпи?
- Диктор болуш үчүн билим да талант да бирдей керек. Телеге чыгып сүйлөп жатканда стилистикалык жактан болобу же грамматикалык жактан болобу ката кетирбөө үчүн билимдүү болуу зарыл. Өзгөчө түз эфирге чыкканда камерадан сүрдөп, айтайын деген сөзүнөн жаңылып калышың мүмкүн, ошондо талантың болсо жөндөп кете аласың. Кыскача айтканда билим менен таланттын эриш-аркак жүрүүсү шарт.
- УТРКга кандайча келип калдыңыз?
- Окууну бүтүп, университетте мугалим болуп иштеп жүргөнүмдө 2003-жылдын кыш айында жарыядан окуп калып, резюмемди толтуруп жөнөтүп койгом. Кудай буйруп өтүп кеттим. Башында эки жумушумду тең бирдей алып кетем деп ойлогом, бирок убакыттын тардыгына байланыштуу университеттеги жумушумду таштоого аргасыз болдум. Алгач журналист болуп келдим, анан 2005-жылдан баштап апталык маалымат программасын алып барууга өттүм.
- Кесиптештер арасында келишпестиктер, дегеле сиздин көңүлүңүздү ирээнжиткен көрүнүштөр болду беле?
- Эми биздин кесип ары татаал, ары машакаттуу болгондуктан өзгөчө "тез, ыкчам" деген талапты койгондугуна байланыштуу түз эфир башталган учурда бир жериң даяр болбой же туура эмес болуп калса андай учурлар кездешпей койбойт. Бирок, мындай жагдайды кайра бат эле унутуп, ишибизди улантып кете беребиз. Башкача айтканда кек сактоодон алыс болуп, кечиримдүүлүк менен иштеп келатабыз.
- Сиз жашап жаткан чөйрөдөн тажап, болду кетем деп кол шилтеген учурларыңыз болдубу?
- Эч качан менде андай болгон эмес. Башка жумушка чакыруулар болгондо да, башкы директор жол берген эмес. Мен жумушумду өз баламдай көрөм. Өзгөчө жекшемби күнү кечки саат 21-30 дагы берүүнү ушундай рахат алуу менен алып барам.
- Сизди эфирден көрүп арзуусун арнаган жигиттер жок эместир, катуу тийсе кечирип коюңуз, сиз сыяктуу келбеттүү айымдарды капчыгы калың мырзалар ээлеп алат дешет…
- Менин жумушум жеке жашоомо эч кандай таасирин тийгизбейт. Мен өзүм да эч качан андайга жол бербейм. Мындай көрүнүш адамдын жумушуна же таанымалдыгына эмес, өзүнө гана байланыштуу болот.
- "Кыз баланын бир бактысы күйөө" дейт бактылуу жашоо үчүн карьераңызды таштаганга даярсызбы?
- Албетте жаркылдаган жар, мээримдүү эне болуш үчүн мен жеке жашоомду өзгөрткөнгө даярмын.
- Чет өлкөгө болгон сапарларыңызда сизди эмне таасирлентти?
- Мен Европа, Пакистан, Кытай, Япония, Түркия ж.б. мегаполис өлкөлөрдө болгом. Ар бир өлкөнүн өзүнчө өзгөчөлүгү мага жакшы таасир калтырат. Кайтаар күнүм мен үчүн унутулгус көз ирмемдерден болот. Бирок мен патриоттуу үй-бүлөдө төрөлгөм, мен үчүн Кыргызстан биринчи орунда. Мен Пакистандан келип аэропортко конгондо Кыргызстандын абасы керемет экенин сездим.
- Белгилүү адамдардын жеке жашоосу биздин окурмандар үчүн кызык, үй-бүлөңүз тууралуу да кеп козгосоңуз?
- Өзүм Ысык-Көлдөн болом, ата-энем айылда жашайт. Кичинемден апам мектепте мугалим болгондуктан уят кылбаш үчүн тартип бузбай жакшы окугам. Орус мектепте билим алгандыктан мүнөзүм орусча калыптанган. Дос күтсөм чыныгы дос күтөм. Кийин университетке келгенде группалаштарым жалаң айылдыктар экен, ошол жактан кыргызча адабий китептерди окуп, нукура кыргызчаны жакшы үйрөнгөм. Азыр үч дипломдун ээсимин, улуттук университетти, юридикалык академиянын жана президенттин алдындагы академиядан магистратураны аяктагам.
- Бүгүнкү күндө коомубуздагы кыргыз кыздарынын башка улуттун өкүлдөрүнө турмушка чыгуусуна кандай карайсыз?
- Мен бул суроого беш жыл мурун терс көз карашта элем. Бүгүнкү күндөгү ааламдашуу процессинде бул маселеден чоң трагедия жасабашыбыз керек. Эки адамдын ортосундагы мамиле жакшы болуп, жылдызы түшүп турса ал эң жакшы көрүнүш. Эки башка кан алмашуудагы үй-бүлөнүн балдары дагы акылдуу болуп жакшы өсөт. Жери, улутуна карабай бактысын тапса болду да.
- Сиз көбүнчө мамлекет башчысы менен маектешип жүрөсүз, өлкө башчысынын алдына барганда толкундоолор болобу?
- Мен, өлкө башчысын өзү эле кудайдын кереметинен жаралган, кудайдын нурун чачыратып турган адам катары баалайм. Биринчи жолу алдына барганда албетте толкунданып сүрдөгөм, анан мен ал кишиге чынымды айткам, бирок ал ушунчалык жөнөкөй түшүнүктүү адам экен, мага түшүнүү менен мамиле жасап суроолорума кылдат жооп кайтарган.

Маектешкен Алика АСАНАЛИЕВА
"Обон" гезитинин практиканты










??.??