Сенин гезитиң!
№33, 16.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Жаргылчак

Мындай ырларды уккандан көрө эки бет китеп окуганым артык

Бул жолку "Жаргылчакка" эстрада ырчысы Урмат Усеновдун "Болбой эле" деген чыгармасы салынды. "Калк айтса калп айтпайт" дегендей аталган чыгармага болгон айрым замандаштарыбыздын ой-пикирин чогуу байкап көрөлү.

Болбой эле

Сөзү, обону: Урмат Усеновдуку

Билем сөз жок чүрөксүң,
Тынчын алба жүрөктүн.
Таштап кетчи, тандап кетчи ,
Махабат мүрөгүн.

Билем сөз жок сулуусуң,
Сулуулугуң курусун.
Байкап көрчү, тандап көрчү,
Менден бир дурусун.

Болбой эле кадаламын,
Баш айланып ыр жазамын.
Магдыраткан махабаттан,
Өзүң болдуң жан азабым.
Болбой эле жазыламын,
Тоголонуп ачыламын.
Тоо карагат көздөрүңө
Чабак уруп чачыламын.

Качпай эле жабышамын,
Карек издеп табышамын.
Каш, көз, чач, кирпигиңе,
Чаң жугузбайм ханышамдын.

Соолбой эле чачырадым,
Соо койбогон жан чырагым.
Жанчып, тепсеп, тебелеген,
Балким өзүң менин бактым.

Таштап кетчи...
Тандап жетчи...
Байкап көрчү...
Балдан төкчү...





Урмат Усенов, ырчы:
Бул ырдын сөзү, обону өзүмдүкү. Муну керт башымдан өткөн окуя деп айтпайм. Бүгүнкү күндө мындай көрүнүштөр болуп эле жүрбөйбү. Ошондуктан ооздон-оозго өтүп ырдалып жүрсүн деген максатта башка эч кимдикине окшобогон оригиналдуулукту издеп жазгам. Сулуулук сүйүү үчүн кепилдик болбойт. Сулуу болсо эле сүйүш керек деген ой болбош керек деп айтаар элем. Сулуулук тескерисинче адамды туруктуулуктан, сабырдуулукка жана кээ бирин жакшы сапаттардан арылтып салышы мүмкүн. Сулуулугуң курусун дегеним ошол. Сынды башкалар айтсынчы.




Роза Аманова, КРнын эмгек сиңирген артисти:
- Бул ырчыларды, бир тараптуу албаш керек. Бүгүнкү күндө сөзүнө обону төп келбеген ырларды эле ырдап чыгып ыйык сахнаны, ырчы, артист деген сөздүн кадырына жетпей тебелеп-тепсеп жатышат. Карап көрсөң, ырдай албай эле кыргыздын жан эргиткен элдик ырларын ар кайсы жакка бурмалап ырдап кишинин зээнин кейитет. А бул айтылып жаткан ырчыңарды тааныбайм дагы, ырларды уккум келбейт. Мындай ырларды уккандан көрө эки бет китеп окуганым артык. Эмне буларды көзөмөлдөгөн эч ким жокпу. Чардатып өз билгенин кылып жүрүшөт. Кыргыз искусствосунун изилдөөчүсү катары айтаар элем кыргыз, улут катары, биз өзүбүз улутубузду сактап калбасак ким сактайт. Кийинки жаштар аны сактамак тургай булгап жатышат. Кыргыз тилин, дилин баркташыбыз керек. Дилибиз эмнеде, үч кыл комузда. А бул жаштар элге тарбиялык ырларды ырдагандан көрө, ар кайсы элдин ырын которуп, кайрадан тарбиясын бузуп жатышат.




Айбек Карымов, обончу, аткаруучу:
- Урмат негизинен жакшы ырдайт. Азыр короодогу койдой болгон ырчыларга салыштырмалуу бир топ эле бийигирээк. Адам эң алгач өзүнүн мүнөзү менен да кадыр-барк күтө алат. Ал ар дайым улуу-кичүү дебей саламдашып, учурашып, улууну сыйлап, кичүүнү ызаттап жүргөнүн көп көрөм. Ошон үчүн анча-мынча нерсеге көз жумуп койгонубуз оң.




Медер Осмоналиев, "Кыргызстан обондору" радиосунун маалымат-программалык редактору:
- Бул ырдын сөзүнө көп деле көңүл бурбаптырмын. Бирок, обону, аранжировкасы жакшы жасалган. Ар кимдин табити ар кандай эмеспи, ошондуктан жаштарга жакса керек. Бирок, "Болбой эле" деген ырды мага жагат деп айта албайм.




Гүлшайыр Садыбакасова, "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси:
- Жалпы жонунан азыркы жаштардын чыгармачылыгына саресеп сала турган болсок, начар, орточо анан аябай жаман ырдагандары ирээнжитет. Сөздүн мааниси обонго төп келбеген ырлардын арабызда жүрүшү аябай кейитет. Кыргыз эли сынчыл келебиз, башка элдерге караганда анча-мынча нерсени көз жаздымда калтырбайбыз. Эптеп-септеп жасалма жол менен популярдуу болуп алышып "жылдыз" боло түшөт. Буга продюсерлердин да таасири чоң. Аларды жаш таланттардын келечеги ойлонтпой эле көптөгөн акча табуу түйшөлтүп жатат. Урмат Усенов жөнүндө айтсам бул ырды уга элек экенмин. Кудай буюрса жакында ушуга окшогон жат эстрада ырлары үчүн атайын министрликтен чаралар колдонула баштайт.




Замир Арыкбаев, ырчы:
- Бул ырдын аранжировкасы аябай жакшы жасалган. Негизинен аткаруудан да көп нерсе көз каранды болот. Айта турган болсом Урмат бул ырды аябай жакшы аткарган, жаштар үчүн арналган ыр. Радиодон эле угуп калбасам сөзүнө маани деле бербептирмин.




Дана, продюсер:
- Урматтын сөз байлыгы аябай жакшы. Азыркы жаш, жаңыдан чыгып жаткан ырчыларга караганда Урматтын деңгээли бир топ эле жогору. Кайсыл гана ырын албайлы, өзүнүн стилине жараша артыкчылыктарын байкай алабыз. Мен бул баладан көптү үмүттөнөм. Кандай гана сөз болбосун өзгөлөрдүкүнө окшотпой оригиналдуу кылып жазат. Мисалга алсак "Тумар кыз", "Тажадым" деген ыры которулуп алынса да, жүрөктү эргитип жиберет. "Болбой эле" деген ырына токтолсок жаштардын жүрөгүнөн орун ала турган, өзүнчө стилге ээ. Аябай "супер" деп айтпайм, жакшы эле ырлардын катарына кирет.

Даярдаган Нурзат Жусупова










??.??