Сенин гезитиң!
№33, 16.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Архивге саякат

Кайраттын байлык чакырган бакасы…
Бул чыгарылышта коңур үнү менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таап, канчалаган кыздарды өзүнө жипсиз байлаган сакадай бою сары алтын, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш талант Кайрат Примбердиев тарапка жол алдык. Архивди казуу үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн он экинчи кабатына жөө көтөрүлүп, керектүү маалыматтарды таап чыктым. Анда эмесе аз да болсо Кайраттын архивине биз менен бирге саякатка чыгыңыз…

Сен үчүн дүкөн аралап…
Кызыл түстөгү бул китеп мындан бир нече ай мурун Кайраттын колуна тийген. Курманжан датканын эрдигин, Токтогулдун талантын даңазалап, тарыхта из калтырган кокон хандыгы жөнүндө кеңири жазылган чыгаан жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" аттуу китебин дүкөн аралап жүрүп издеп таап, атайын УТРКга келип таштап кеткен экен. Тарыхты унутпай сен дагы андагы каармандардан кем калышпай, кыргыздын атын дүңгүрөткөн чыгаан инсандардан болуп кетишиңди Кудайдан миң мертебе суранам. Ылайым талантың ташкындап, атың алыска, даңкың далайга жетсин деген аруу тилектерин билдирген кат менен бирге тартууланган бул китепти берээр замат окуп чыктым-дейт Кайрат мырза.

Курбу кыздардан эстелик
А бул гүл төшөлгөн кадимки эле картинканы алгачкы тушоо кесүү концертинде Сафура, Лариса аттуу оригиналдуу ысымга ээ курбу кыздар тартуулашкан. Булардын мага белек тартуулаган учурун эч качан эстен чыгарбайм. Азыр ойлоп көрсөм берген белек ээлеринин ичинен ушул оригиналдуу аты бар Сафуранын аты эстен чыга элек-деген сөзүн кошумчалай кетти.

Экинчи апасынын белеги
Чимирилип чуркап бара жаткан жети ат түшүрүлгөн бул кооз белекти апасындай болуп калган продюсери Динара Эсенгулова "ат адамдын канаты" андыктан ар дайым канат каккылап, алга умтулуп бийиктиктерди багындырып жүр" -деп туулган күнүндө белек кылган. Калган башка белектерден айырмаланып өзгөчө жүрөктөн түнөк тапканы дал ошол экенин жашырган жок, ырчы жигит.

Байлык чакырган бака
Бака байлыктын символу, эгерде андай сувенирлер үйдө турса сенин үстүңдөн береке кетпей ар дайым капчыгыңыз толо болот-деп Кайраттын күйөрманы байлык чакырган баканы Талас облусундагы Орловка айылында болуп өткөн жеке концертинде белекке берген.
Мурда ырым-жырымга ишенбеген Кайрат, эмнегедир бул баканын өзгөчө касиеттүүлүгүн белгилеп, жакын адамыңызга ушундай баканы белек кылууну сунуштап кетет. Себеби, кайда барбасын, жаңы батирге көчпөсүн ар дайым жанында жүргөн бул бака чындыгында Кайратка дем-күч берип, капчыгын жукартпай калың сактап жүрөт экен.

Жумшак оюнчуктар коллекциясы
Мындай жумшак оюнчуктарды көбүнчөсү концертте беришет. Бул оюнчуктардын коллекциясынын бир чети эле экен. Кайра-кайра батир алмаштырып отуруп көптөгөн оюнчуктарын жоготконун жашырбаган Кайрат, талантын баалаган күйөрмандарынан келген белек-бечкектердин дээрлигин айылына жиберип салганын билдирди. Бул жерде турса кор болот-деп бапестеп айылдагы архивде сактап жаткан тура. Эмнеси болсо да жүрөктөн чыккан нерсени жүрөктө бапестеп- барктап сактаса эле болду.
Кадырлуу окурман, сиз Кайраттын кайталангыс коллекциясына күбө болдуңуздар. Мындан ары да сиз урматтап сыйлаган ырчыңыздын архивине саякаттай бермекчибиз.




  Фанклуб

Султан дегенде жанымды берүүгө даярмын
Акыркы убакта сахнада жүргөн жаш таланттардын артынан сая кууп, арзуусун арнап, сезимин даңазалап жүргөн фанаттарды көрүп, сүйүү жок дегендерге далил катары же болбосо бул кыздардын ачылбаган сыр сандыгында эмнелер калып жатканына кызыгып "Фанклуб" рубрикасын ачкан элек.
Бул саныбыздын коногу жылдыздуу жүзү, мукамдуу үнү менен башкалардан айырмаланып турган Султан Садыралиевдин баа жеткис күйөрманы, фанаты Асел болмокчу.

- Асел, эң оболу салт болуп калгандай аруу сезимдериңизден бөлүшө кетсеңиз? Султанга канчадан бери ашыксыз?
- Султан алгач чыкканда эле жагымдуу үнү менен өзүнө жипсиз тушап алды. Ошол учурда Динара Эсенгулова уюштурган "Кардио - Хит" деген концертке барганымда Султанды жакындан көрүп "Ал махабатым" деп обон созуп жатса бул жакта туруп жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй согуп, мен өзүмдүн махабатымды тапкандай болгом. Ошондон бери кандай гезитке сүрөттөрү жарык көрбөсүн алардын бирин калтырбай алып, өздүк дептерчемдин төрүнөн орун берем. Дагы кошумчалай кетүүчү нерсе мен бир гана Султандын эмес, Динара Эсенгулованын бардык балдарынын фанатымын. Бирок, өзгөчө Султан дегенде жанымды берүүгө даярмын.
- Сиз жактырган адамдын кандай сапаттарын билесиз? Балким жаман сапаттары да жок эместир?
- Билбейм, ал жөнүндө бирөөдөн жаман сөз уксам жаным курушуп ошол адам менен урушууга чейин барам. Анын бардык сапаты жагат. Башкалардагы менменсинүү, башканы өзүнө теңебөө деген нерселерден ал алда канча алыс деп ойлойм. Кандай жерде болбосун сүрөткө түшүүсүн сурансаң кичи пейилдик менен дердеңдебей эле түшүп коёт. Өткөндө "Мадина" базарынын жанынан көрүп калып жүрөгүмдү араң басып турсам, "Асел кандайсың?" деп учурашып, амандашканы мен үчүн кереметтей сезилип, асманда учуп жүргөндөй өзүмдү эркин сездим. Жайында Нарынга барып10 күн эс алганым Султансыз азап эле болду. Эч кимдин айткан сөзүнө кирбей кайра эле Султандын жанына баса бердим. Анын жанында болбосом да, бирге отуруп тамак ичпесем да, бир шаарда жашап, бир жердин абасын жутуп жүргөн мен үчүн чоң бакыт. Өткөндө Россияга барышканда ал келгенче азап тартып канча ыйладым.
Ага көптөгөн нерселерди тартуу кылдым, ошолор бар болду бекен? Мына азыр дагы Султаным үчүн кыргыздын улуттук ак калпагын тигип, "Кумир менен баарлашууга" келсе өз колум менен башына кийгизем деген аруу тилегим бар. Султан бар мен үчүн бул жашоо кермет.

Кең сүйүүнүн
асманында учалык
Жетемби мен ойлогон тилегиме,
Атыңды жазганым жок белегиме.
Атыңды өчпөс кылып жазып койдум,
Бир гана сени сүйгөн жүрөгүмө.

Көргүм келип көздөрүңдү тезирээк,
Сени эстесем тулку боюм эзилет.
Өмүрүмдө сени мага ыроолоп,
Сени мага жараткандай сезилет.

Ээлеп алып жүрөгүмдү кусалык,
Шамалдаймын ак сүйүүгө тушалып.
Келчи жаным макул десең экөөлөп,
Кең сүйүүнүн асманында учалык.

Сүйүү үчүн далай жолдор сыздаган
Сүйүү үчүн далай жүрөк муздаган.
Өзүң сымал кайталангыс сулууну,
Өзгө түгүл өзүмдөн да кызганам.

Сүйөм сени жаратканга жалына,
Султан сени сүйүү отуна малына.
Эгер балким жолукканда бир жерден,
Сүйөм сени, сүйөм десем таарынба.

Кадырман окурман, Аселдин үйүндө конок болуп биз анын музейдей болгон өзүнүн бөлмөсүндөгү Султандын элеси менен жашаарына көзүбүз жетти. Агасынын айтуусуна караганда ал бөлмөгө эч кимди киргизбейт экен. "Шылтоо менен мен да кирип көрүп алдым, ушуну кантип эринбей жасайсың?" -деп таңданып, ары күлкүсү келип карындашынын кылыгына баа берди. Эмне дейбиз асмандагы жылдыздарга кол сунуп жүргөн фанаттардын таттуу кыялдары орундалып, бул бир келген өмүрдө өз жан шеригиңизди таап бактылуу болуңуз Асел, дегенден башка арга жок. Тайманбас сүйүү эч качан жерде калбайт.

Даярдаган Нурзат Жусупова









??.??





??.??