Сенин гезитиң!
№33, 16.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Шумдугуң кур

Тарыхта калган тартуулар
Жаныңдай көргөн жакын адамыңа көңүл бөлүп, аны кубандырып белек берүүнүн өзү да сый-урмат болуп эсептелинет. Канчанчы жылы, кайсы кылымда экени так белгилүү болбосо да бүгүнкү күнгө чейин элдин оозунда айтылып келген, тарыхта орчундуу из калтырган адамдардын белектери бар экен. Эгерде алардын берген белектерин окуп отурсак өзүнчө эле башка дүйнөгө түшүп калгандай сезим жаралат.

Тадж Махалды белекке берген Джехан
Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат белек катары жана аны берген адам Джехан Индия элинин гана эмес бүт өлкөнүн эсинде калган инсан. Тадж Махал мовзелейин Джехан эң сүйүктүү аялынын урматына курган. Мовзелейдин кооздугу, көрктүүлүгү менен ал аялынын кандай адам экенин эң мыкты деңгээлде сүрөттөп бере алган. Тилекке каршы Джехандын аялы төрөттөн 14-баласына жашоо берем деп өзү жарыкчылык менен кош айтышкан.
Индиянын борбору Делиге кол салган душмандар катуудан казанын, жумшактан күлүн чаап кетсе да, эмнегедир Тадж Махалды талкалоого даашкан эмес. Индия элинин ичинде айтылып жүргөн уламыштарга кулак каксак, бул мовзелейдин сыйкыры менен күчү - сүйүүдө. Анткени дал ушул сүйүүнүн күчү Тадж Махалды ар кандай күтүлбөгөн кокустуктардан сактап турат.

Уурунун берген белеги
Көзгө урунган орчундуу банктарды тоноп, бирок дайым суудан таза, сүттөн ак чыккан белгилүү ууру Клайд сүйгөн айымына кактус өстүрүлгөн чоң аянтты тартуулаган. Бул аянтта жөн эле кактус өспөстөн, теккила жасала турган жогорку сорттогу кактустар өсө турган аянт экен. Чындыгында аялы Боннинин наамына катталган мыйзамдаштырган документин эч ким ушул убакка чейин көрө элек. Ал эми ал аянтта иштеген жумушчулар да кактус өстүрүлгөн аянт кимге таандык экенинен кабарсыз. Клайд мындай баалуу белекти банкты тоноп чогулткан акчасына сатып алганын аялы Бонниден жашырган эмес.
Ал тургай аянты менен кошо иштеген жумушчуларды сатып алып белек кылам деп ниеттенген. Бирок, мындай наадандыкка жол бербеген Бонни аянттын өзүнө эле каниет кылган.

Мүрзөгө ташылган роза гүлдөр
Сүйүүнүн символу болгон кыпкызыл роза гүлдөрүнүн чоң тутамын 60-жылдардагы белгилүү спортчу Джо Ди Маджио сүйгөнү Мэрилин Манрого белек кылчу. Күнүгө мындай белек канча каражат талап кылаары айтпаса да белгилүү. Экөөнүн ортосунда кийинчерээк пикир келишпестиктер жаралып, мамилелери ириген сүттөй болгондон кийин да Манрого гүл ташыганын токтоткон эмес. Ал эми Мэрили жашоосу менен кош айтышып, оо дүйнөгө узагандан кийин да Джо Ди Маджио анын мүрзөсүнө күнүгө дал ушул роза гүлдөрүн алып барып турчу.
Бүгүнкү күнгө чейин белегин элдер оозунан түшүрбөй айтып келишет. Францияда болсо айымдар мырзаларга Джо Ди Маджиону мисал кылып келишет.

Кесилген кулак
Париждеги атыр саткан дүкөнгө кайдан-жайдан күтүүсүз пайда болгон киши, татынакай сатуучу кызга кичинекей кагазга оролгон сыртында "өмүр бою сакта" деген жазуусу бар белек таштап кеткен. Мындай күтүүсүз көңүл бурууга бир чети сүйүнүп, бир чети таң калган сатуучу кыз жумуш күнүн аяктагыча чыдамы жетпеген ал, ишин таштап үйүнө жөнөйт. Бирок, кыздын үмүтү акталган эмес, оролгон кагазды ачаары менен ал чалкасынан кеткен. Ошондон бери жүрөк ооруга чалдыгып, валерианка ичип күн кечирип келет. Кийинчерээк бул иш такталып, оролгон кагаздын ичинен адамдын кесилген кулагы табылыптыр.

Таң калыштуу сөөк коюу салттары
Адам баласынын эртедир-кечтир бара турган жери бир, бирок ар ким салтына карап кайтыш болгон адамды ар башка жол менен өз жайына узатат тура. Башкалардан айырмаланып кээ бир улуттар түшкө кирбеген ыкманы колдонушат экен.

Жыныс мүчөсүн мойнуна тагып…
Африка элиндеги бусто уруусунда өлгөн адамдын (эркектин) жыныс мүчөсүн ошол кишинин жакын туугандарынын бирөө кесип алып мойнуна илип жүрөт. Бул салт канчалык жат, жапайы угулбасын бир топко чейин жогорудай жол-жобо өз популярдуулугун жоготпой келет.
Мындай жоругу менен алар каза болгон адамды канчалык деңгээлде сыйлап, ызатташаарын билдиришет экен. Жыныс мүчөнү тагынган жакын тууганы өлгөн адамды жерге бергенден кийин 13 күн өткөн соң аны ал адамдын эң улуу баласына өткөзүп берет. "Мурасты" колго алган уулу кааласа инилерине, каалабаса өзүнө калтырат да, бир үйдүн башчысы, кол баштоочу болуп кала берет.

Кесилген баштардын "көрсөтмөлөрү"
Индонезия элинин даката уруусунун ичинде тиги дүйнөгө узаган адамды башкалар сыяктуу жерге берээрден мурда башын кесип алып атайын өлгөндөргө бөлүнгөн үңкүргө жеткизишет да, сөөгүн жерге беришет. Ал эми үңкүргө алып барылган башка болсо адамдын аты-жөнү, буга чейин ким болгону кыскача жазылып, так маңдайына илип коюшкан. Акыркы күндөрү башы оорубаган, Кудай менен иши жок саякаттап келген туристтер ал үңкүрдү таап алышып, кагыраган, куураган баштарды сувенир катары көтөрүп кетүүнү адат кыла башташкан. Мындай кордукка чыдабаган даката уруусу катуу каршылык көрсөтүп, колунан келишинче акарат көрсөтүшөт. Ушундан улам туристтердин түшкө кирбеген жоруктары аздыр-көптүр жоюлуптур.

Мумуя жасаганга маш
болушат
Перуда болсо байыркы заманда кайтыш болгон кишинин сөөгүн жерге да бербестен, башын да кеспестен анын денесинен мумия жасашчу экен. Ал эми мумия сакталуучу жайга айландыра куурчактын формасындагы фигураларды жыш тизип коюшкан. Анткени алар мумияларды жаман нерселерден, шайтандардан сактайт деген түшүнүктө болушкан. Мумия жасаган кишиге кырк күнгө чейин урууга кошулуп алар менен тамактанууга жол берилген эмес. Аталган мөөнөттөн кийин гана ыйык деп аталган сууга бир нече сыйра башынан ылдый жуунгандан кийин гана элге аралашкан.
Өлгөн адамдын жакын туугандары же аялы анын артынан жанын кыюуга барса, көпкө чейин даңкталып, чоң эрдик катары эсептешкен. Сыягы "Өлгөндүн артынан өлмөй жок" деген сөз бардык жерде эле таасир бербейт окшойт.

АНАРА ДүЙШөНАЛИЕВА