Сенин гезитиң!
№33, 16.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Кумир менен баарлашуу

Жаным Айзат:
"Болочоктогу жолдошум салмактуу болсо..."
Көпчүлүк окурмандардын суроолору боюнча бул ирет "Кумир менен баарлашууга" жаш ырчы кызыбыз Жаным Айзатты чакырдык эле. Чынында ырчыны кумир тутуп, баалаган күйөрмандары арбын экен. "Гезит бетине чыкпасак да Айзат менен жолуктуруп эле коюңузчу" деген жигиттерибиз көбөйгөндөн көбөйүп эле баратты. Топтошкон жигиттерди көрүп ала качып кетпесе деген ой да туулбай койгон жок. Айзат үчүн жумушунан уруксат алып атайын Казакстандан келген күйөрманы Равшанды да белгилей кетпесек болбос.

Фарида Итикулова
- Айзат, сен азыр жаңыдан өнүп келаткан чынарсың. Менин 5 жаштагы кызым сени аябай жакшы көрөт. Күн сайын күзгүнүн алдына туруп алып "Мен Жаным Айзатмын" деп кыялданып ырдап калат. Сенин келечегиң алдыда. Кудай буйруп убагы келгенде атагы чыккан ырчы болсоң кызымды окуучу катары тарбиялап бересиңби?
- Албетте. Азыр мен өзүм окуучумун. Качандыр бир мезгилде жаңы чыгып келаткан жаңы муунду тарбиялай турган деңгээлге жетсем мындай нерседен качпайм
- Рахмат. Улуттук кийим кийип, колуңа комуз кармап, кыргыз жыттанган чыгармаларды аткарайын деген оюң барбы?
- Мен сахна босогосун аттагандан баштап эле заманбап стилдеги ырларды аткарып келем. Ошол ырлардын стилине жараша костюмдарды кием. Бирок, сиз айткандай улуттук форма менен комуздун коштоосундагы чыгармаларды аткарып, сахнада чыныгы кыргыз кызынын жүзүн көрсөтүүнү максат кылам. Кыргыздын атын дүйнөгө тааныткан үч кыл комуз мен үчүн ыйык. Кудай буюрса, биз кыялданган күндөр да акырындык менен ишке ашат деп ишенем.
- Өзүңдүн музыкалык билимиң барбы?
- Жок. Бирок, музыкалык билим сөзсүз керек. Азырынча белгилүү ырчы Жамила Муратовадан вокал боюнча сабак алып жатам.
- Кыргыздын дөө-шаалары ырдаган эски ырларды жаңыртып ырдайын дейсиңби?
- Эже көзүңүз ачык эмеспи. Улам эле менин кыялымдагы суроолорду бересиз да. Чынында ушул багытта да көптөн бери ойлонуп жүргөм. Илгерки ырлар абдан маанилүү, уккан адамды кайдыгер калтырбайт. Азырчы, бүгүнкү күндө мурдагыдай деңгээлдеги ырлар жарала элек. Аны моюнга алышыбыз керек. Мен мисалы Мыскал Өмүрканованы бала чагымдан кумир тутам. Азыр андай ырчы жок. 1939-жылы Москвада өткөн декададагы Кремлде коюлган концертте Мыскал эжекебиз "Алымкан" деген ырдын акыркы кайрыгын 1 мүнөт созгондо Сталин ордунан тура калып кол чаап жиберген экен. Мына ушундан эле жыйынтык чыгарып алсак болот. Мен муну менен бүттү, кайра мындай талант жаралбайт деп айталбайм. Муундан-муунга, тукумдан-тукумга берилчү өнөр, талант арабыздан суурулуп чыгат деген ойдомун.

Равшан Эшимбеков
- Айзат, сен кыргыздын татынакай, сулуу, назик кыздарынын бирисиң. Сага чыгармачылык ийгилик каалайм. Чыныңды айтчы, күзгүгө бир күндө канча жолу каранасың?
- (Күлүп) Менин оюмча күзгүгө каранбаган аялзаты жок болуш керек. Чынымды айтсам, бир күндө канча жолу каранганымды эсептебептирмин. Бирок, сабакка, көчөгө чыгып баратканда сөзсүз бир каранып алам.
- Болочок күйөөңдүн кандай болушун каалайсың?
- Түшүнүктүү, чечкиндүү, кең пейил,оор басырыктуу кыргызымдын кулуну болушун каалайм.
- Өзүңдүн кесиптештериңдин арасында сени жактырып, арзуусун арнагандар болдубу?
- Жок. Биз дос катары эле сүйлөшөбүз. Жолуккан жерде чыгармачылык боюнча эле пикирлешүү болбосо, сүйүү жөнүндө сөз козголбойт.
- Ата-энең сен тааныбаган адамга кудалап койсо эмне кыласың?
- Мм… Менин мүнөзүмдү ата-энемден жакшы билген жан жоктур. Мага кандай адам жагаарын алар беш колундай билет. Ошондуктан ата-энем кудалаган, мага жар болчу жигит менин көңүлүмдөгү мырза болот деп ойлойм.

Султан Орозбеков
- Айзат, жеке жашооң жөнүндө кененирээк айтып берчи?
- Өмүр баянымдыбы?
- Ооба, мага кызык болуп жатат.
- (Күлүп) 1991-жылы 2-мартта Бишкек шаарында туулгам. Атам Өзгөн районунун Көлдүк айылынан болот. Апам болсо Жалал-Абаддын кызы. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун. Ата-энем өз алдынча бизнес кылышат. Учурда студентмин.
- Эмне үчүн сахнага "Жаным Айзат" деп чыгып жүрөсүң. "Жаным" дегенди кандай түшүнсөк болот?
- Негизи өзүмдүн фамилиям Батырбекова. Сахнага гана Жаным Айзат болуп чыгып жатам. Бул продюсерим Тынчтыкбек Кожобековдун идеясы. Ал менен жаңы иштеше баштаганда ар бир угарманың сени суктанып угуп турсун, күйөрмандарыңдын жаны бол деген ниетте "Жаным" деген ысымды коюп берген. Бул ат менин өзүмө да жагат.
- Кийин бирөөнүн жаны болсоң, эмнеге башкалардын да жаны болушуң керек деп кызгансачы?
- Ошон үчүн болочок жарымдын түшүнүктүү болушун каалайм да.
- Тилекке каршы баарысы эле адам ойлогондой боло бербейт да.
- Аябай жарга такадың го мени. Ошол күн келе берсинчи. Учурунда көрө жатаарбыз.
- Бирөөнү катуу, эстен танып сүйүп калсаң, сүйүүңдү кантип билдирет элең?
- Андай жагдайга туш болбой эле коёюн. Элестетип атам. Кыз бала үчүн кыйын эле болот. "Сүйөм" десең эле жигиттер туура кабыл алса гана. Биздин менталитетибиз, жигиттерибиздин психологиясы такыр башкача. Кыздар жигиттерге канчалык жабышкан сайын, алар ошончолук качып, аларда күмөн саноо, коркуу сезими пайда болот. "Сүйбөгөнгө сүйкөнбө" дегендей сүйдүрүп эле турмушка чыгайын. Анткени аялзаты сүйбөсө да балдары үчүн, намыс үчүн жашоо уланта берет, а эркектер кайсы бир убакта сүйүүсүн тапса эч нерсеге карабай басып кетиши мүмкүн. Мындайларды турмушта көрүп эле жүрбөйбүзбү.

Гүлзат Абдыева
- Сиз сабакка коомдук транспорт менен эле барып келесизби?
- Ооба. Менин элден эмнем артык же кем дейсиз. Кадимки эле эл каттаган маршрутка, автобустар менен каттайм.
- Кантсе да таанымал болуп калдыңыз. Маршруткага түшкөндө элдер таңыркап карашса керек?
- Таң калып карабаса да өздөрүнчө шыбырашып калышат. Мен ага маани деле бербейм.
- Байкашымча кыргызча жакшы сүйлөй албайт экенсиз. Өз эне тилибизди тереңдетип үйрөнөйүн дейсизби?
- Туура. Орус бала-бакчага барып, орус мектепте билим алганым үчүн кыргыз тилин жакшы өздөштүралбай калгам. Бул мен үчүн минус, кыргызча так,тереңдетип сүйлөгүм келет. Азыр ушул кемчилигимди жоёюн деп адабий китептерди окуп, сөз байлыгымды байытып жатам. Чынында улутуң кыргыз болгондон кийин нукура кыргызча сүйлөгөнгө не жетсин. Кыргызча макалдаштырып сүйлөп, тилинен чаң чыккан замандаштарынды көрүп суктанам.

Даярдаган Ж. Калдарова