Сенин гезитиң!
№33, 16.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Обондун" сын сандыгы

Министрдин мүнөзү

Кадырман окурман!
"Обон" гезити сиздерге азыркы бийлик бутактарында иштеп турушкан министрлерден баштап, чиновниктерге, депутаттарга чейин мүнөзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн талдаган атайын рубрикабызды ачтык эле.
Өлкөбүзгө белгилүү ишмерлердин бейнелерин Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен ар бирине индивидуалдуу түрдө мамиле жасап, дыкаттап изилдеп көрбөйлүбү дегенбиз. Алар эмне дешет? Пифагор жалаң гана жалпак логика, эсеп менен чектелип калбай, чексиз дүйнөлөргө аралашкан мистикалуу мүнөздөрүн айта кетсек. Дүйнөдө жөндөн-жөн эч нерсе болбойт. Биз кокустук болуп кетти деген бардык нерселерде өзүбүз анча аңдай бербеген негиздер бар. Бүгүнкү биздин каарман Айыл, суу-чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев.

10.06.1951
1+6= 7
1+9+5+1=16
7+16=23
2+3=5
23-2=21
2+1=3

Туулган датаңызды жазыңыз 10.06.1951 Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 1+6= 7. Туулган жылдын цифраларын кошобуз: 1+9+5+1=16.
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 7+16=23. 23-биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 2+3=5. 5-экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 23-2=21. 21-үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 2+1=3 . 3-төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 10.06.1951.
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 23.5.21.3.
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз.
Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча Арстанбек Ногоев:
1111- аябай эрктүү, күчтүү; 22-биоэнергиясы жетиштүү; 33-ачык мүнөз адамдар, үнөмдөгөндү жактырбайт, так илимдерге жөндөмдүү; 4-0-ден-соолугу начар; 55- интуициясы өнүккөн, боло турган окуяларды алдын-ала сезет; 6-жер менен киндиктеш адам, акыл эмгеги менен да иштейт. Турмуш тепкичинен көтөрүлүү жана өнүгүү үчүн ага өзү сүйбөгөн кара жумушту жасоо талап кылынат. Ойлоп табуу, фантазия анын өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткычы; 7-0-жөндөмдүүлүгү аз. Талантсыз болгондуктан жашоодо көп кыйынчылыктарга дуушар болот; 8-0-жоопкерчиликсиз; 9- акылын (интеллект) өстүрүүсү керек.
Онунчу числодо төрөлгөндөр өтө жолдуу жана бул оң число. Алар зилинде лидер болгондуктан, "ондуктар" өзүнүн чечимин жана буйругун кыңк этпей аткаруучу жан шерик издешет. Сексуалдык жактан өзү да күчтүү жана ошондой эле күчтүү жолдошко муктаж, анткени алар үчүн физикалык жактан ырахат алуу өтө маанилүү. "Ондуктар" менен жашоо жеңил. Эркин жүргөндү баалашат. Дайыма жаны жай албай жаңы нерсени көргөндө тытынып жетип, бир иштен эки ийгилик жаратат.
Илимде, техникада, аскердик жана башка олуттуу сфераларда ийгиликке жетишет. Стабилдүүлүккө умтулушуп жоро-жолдошту оңой күтүп, ак ниеттиги менен көктүгү жанаша жүрөт. Кыйын кырдаалдардан качпайт. Чоң энергиясы жана чыгармачылык амбициясы бар.
Тубаса типтүү мүнөзүн талдоого алсак туулган күн, ай, жылындагы сандардын ирээттүүлүгү менен жуп сандарын кошуу (+), так сандарын алуу (-) деп алабыз.
1. - - - же + + + (бул топко киргендер алсыз мүнөздөгүлөр)
2. + + - же - - + (орто мүнөздөгүлөр)
3. + - + же + - + (күчтүү мүнөз) автордук укук
Анда Арстанбек Иманкулович 10.06.1951 + + - демек ал орто мүнөздөгү инсан.
Эми министр мырзанын нумерология илиминдеги эзотерикалык (жашыруун ыйык сырлар) коддорун чечмелеп келечек күндөрүнө көз жүгүртүп көрөлү. Алар эмне дешет? Ал аты жөнүндөгү тамгаларды санга айландырган атайын таблицада бар. Ал сандарды суммалаганыбызда (кошконубузда) төмөндөгүдөй жоопторду алдык: жогорку билим, зээндүүлүк, астрологияга кызыккандык; бошотуу, эркиндик; жакшылыкка умтулуу; философия, ойдун тереңдиги; менменсинүү, ач көздүк, оройлук.
Эскиче ойлонуучу (консервативдүү) адамдарга чыдамсыз. Анткен менен жалпысынан алганда тил табышып достошууга ылайыктуу адамдар. Сырткы чөйрөнү бат кабыл алып, ийкемдүү келишип, ар кандай кыйын абалдан кутулуп кете алышат. Ой жүгүртүүнүн тездиги менен терең ой жооруй албагандарды таңгалтырат. Бир убакта бир нече иштерди иштей алганга жөндөмдүү. Кызыксыз, эски нерселер аларды зериктирет. Көп кечигишет, себеби жолукчу учурду унутуп калгандыктан эмес, башка нерселер алагды кылгандыктан. Бул белгинин алдында төрөлгөн адам интелигент болсо, ага айлана чөйрөсүнө, коомго ыңгайлашуусу кыйынга турат. Себеби учурдан озуп, алдын-ала болчу окуяларга кызыгып, тегерегиндегилерден өзүнчөлүүлүгү (индивидуалист) менен айырмаланып, күтүлбөгөн ой-пикирлерди айтып, көпчүлүккө мүнөзү түшүнүксүз. Бирок, ал адамдык мамилелердин билерманы, жакшы саясатчылар. Акыл жөндөмдүүлүгүнүн жардамы менен алар сизди эмнеге болсо да ишендиришет. Башкалардын таарынычын тез түшүнүшүп, айланасындагы өзүнө карата мамилени тез өзгөртө алышат. Дагы бир өзгөчөлөнгөн сапаты, алардын калеми учтуу. Анча көңүлдөнбөй жүрүп эле, бир күнү өз тарыхын жазып коюшат. Негизги нерсеси булар чоң идеалисттер, кандай гана фантастикалык ишти колго алса да, аларга периште жылмаят. Булар дүйнөнү зор жакшыртуучулар. Дайыма иштеп турган мээни жакшыртуу үчүн башкалардан көбүрөөк уктоолору керек. Ооруканадан аларды күн жана таза аба гана сактай алат.
Ар кандай иште күчүнүн болушунча идеалга умтулушат, чеги жок кыялкечтиктерине карабай, турмушта реалисттер. Акча, даңк, сүйүү - алардын бардыгына ар дайым жетишсиздей, канааттанбаган абалда. Көздөрү курч, жөндөмдүүлүктөрү ар тараптуу, бирок буларга туруктуулук, чыдамкайлык бир аз жетишпейт. Өз дүйнөсүндө бир нерсесин жоготуп таппай жүргөндөй изденгич, тынчы жок. Ошондуктан алар жерде чоочун адамдар. Илим менен адабият искусстводо генийлердин көпчүлүктөрү ушулар.
Алар көпчүлүктүн сүймөнчүктөрү, жакшы маекчи. Сүйүүнү, көңүл бурууну, кам көрүп, эркелетип турууну керектеген талаптары бар. Анын мактоосу - чынчылдыктын, байкагычтыктын үлгүсү. Кылдат талданган табити, жакшы манерасы аркылуу ар кандай компаниянын кадырлуусу. Жеке жашоосундагы мазмунунда эч кимдин алдына ачпай турган сырдуулугу бар.
Дилгир айымдар анын жакшы түгөйү. Бирок ар күнү жумушка кетээрде мойнуна асылып көз жаш төгүп, ага өтө жакындашууга аракеттенбегиле, андагы сүйүү - жагымдуу, жеңил, көңүлдүү. Ага баарынан мурда маалымдуулук боюнча тең келген дуэль, а демек акыл жагынан жеңилбей турган өнөктөш керек.
Эсеп-кысап жагын алсак, бул жерде эки жактуулугу айтылат. Жаш кезде абдан жоомарт, карыганда сараңыраак келишет. Анткен менен материалдык байлыкты топтоо аны анча кызыктырбайт. Негизги жер үстүндөгү аткара турган кызматы жаңы идеяларды таап, ошону менен өзүнүн жаркыраган акыл жөндөмүн көрсөтүү.
Ал башкаларга ишенимдүү боло алабы? Ооба, өз оюнда көпчүлүккө жагымдуу болууну каалайт. Анын тегерегинде дайыма көп ушак. Эгер ага чындап ишенсеңиз, ал андай ишенимдерди кадырлайт. Ошондой эле сизге эмне жетишпей кейигениңизди алдыртан байкай алат.
Жан дүйнөсү балага жакын. Бала менен бала болуп ойноп кетиши мүмкүн. Боорукер, алар менен жакшы дос, кээде ашкере эркин. Сүйүүсүндө түгөйүнүн физикалык жагын биринчи орунга койбойт. Кызганыч ага жат, менчиктөө анын мүнөзү эмес. Көңүлү көтөрүңкү. Ал кумарлануудан мурда акыл менен дем жагынан шайкеш келүүнү сезип турушу зарыл. Бул ыкма анын жүрөгүнө кетчү жалгыз жол. Көбүнчө көңүл жагын тереңирээк караңыз, көп кырдуу кыялдары, өзгөрүлүп туруучу сезимдери абдан кызыктуу. Элестетүүсү жакшы өнүккөн. Анын сүйүүсүн жеңип алуу үчүн жетишээрлик кызыктуу боло алуучу шарт негизги таяныч.
Жаш чагындагы күчкө толуп турганда анын мүнөзүндөгү кубаттуулук көпчүлүктүн башын имерет. Мүнөзүндөгү лидерликти бербеген бийликтүүлүгү, айлананы биртоп чыңалууда кармап, абалды колдон чыгарбаган көк жалдыгы бар. Жакшы сөзмөр, соодагер, же көркөм өнөрдү баалап, өзү кошо аралашып кеткиси келген кызык адам. Эгер иштен кечигип калсаңыз, кайда жүрдүң дебейт, бирок ага да андай суроо бербеңиз.
Токтолгон убактарда жогорку жетишкендиктерди жаратат. Өз алдынча шаа жеткис бир нерселерди түзүп, өзүнчө өлбөстүктүн жолуна жүргөндөй пикирлерди калтырат. Күнүмдүктүн чегинен чыга түбөлүктүүлүктү дал ушул акыл эске толуп турганда ойлонот. Рухий байлык топтоонун натыйжасында 56-63 жашында даңкталуунун жогорку тепкичине жетет.
Ал демейде тең салмактуулуктан чыкпаган тынч адам. Анткени менен анда санаа, убайым тартуу көбүрөөк. Ийкемдүү болгондуктан дипломатиялык кызматтарга ыктуу. Оор басырыктуу, кылдат жана ак ниет. Бир кемчилдиги ал үстүрт адам. Конок күткөндү жактырат. Үйүндөгү чарбасы кылдат жасалган.
Аны олуттуу бирдеме менен иштөөгө мажбурлоо кыйын. Эпке көнгөнү менен ал баш ийбеген инсан. Адамдардагы мыкты сапаттары менен кошо кемчилдиктерин да даана көрө билет. Ички дүйнөсүндөгү карама-каршылыктуу татаал дүйнөсүн өзүндө кармайт. Кыйын учурларда ага толук ишене аласыз. Сыртынан жеңил ойлуу адамдай көрүнгөнү менен жан дүйнөсүндө терең ойчул. Ар кандай ак сөөксүнгөн таанышыңызды жолуктурсаңыз ага ыраазы болуп кетет. Жакшы табиттин, жагымдуу манеранын ээси болгондуктан сөзүндө жана ишинде эптүүлүк, өзүн кандай алып жүрүүнүн үлгүсү бар.




Арстанбек Ногоевдин ишмердүүлүгүн жана инсандыгын кандай баалайсыз?
Шамшыбек Өтөбаев, "Эркиндик" саясий
партиясынын төрагасы:
- Арстанбек Ногоевди абдан билимдүү, ишмер адам катары билем. Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп кеткен учурларына күбө болуп калдык. Колунан келишинче аракеттенип жакшы иштеди. Айыл чарбасы деген абдан оор тармак. Кыргызстандагы экономикалык башка тармактарда кризис болду, олтуруп калды дей турган болсок, айыл чарбасы жатып калган. Ошондуктан бул тармактын түйшүгү көп, кайгысы оор. Ушундай түмөн түйшүктүү министрликке келгени Арстанбек Иманкулович көптөгөн иштерди аткарып чара колдонуп жатат. Аз эле убакытта айыл чарбасын өстүрүп кетиш мүмкүн эмес. Быйыл бизде буудай жетпейт. Азык-түлүккө болгон кризистер жүрөт деген ар кандай сөздөрдү чыгарышты. Мына ушунун баарын төгүнгө чыгарып, буудай базарда керек болсо арзандап турат. Биздин Кыргызстандын болгон аз мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, айыл чарба техникаларын алып келип жатышат. Дыйкандарга үрөн, жер семирткич, күйүүчү майлоочу заттарды учурунда жеткирүүгө болгон аракеттери бар. Агрардык реформаларды ишке ашыруу максатындагы атайын долбоорун иштеп чыгышып, Өкмөттүн, парламенттин колдоолоруна ээ болуп, айыл чарбасын чындап түбүнөн кайрадан карап, аны турмуш жүзүнө ашыруу милдеттери моюндарында турат. Андыктан жигердүүлүк менен эмгектенип жаткан инсандарга жакшы ой тилек, каалоолордон башка пикир айталбайбыз.

Жылдыз Мамытова, Айыл, суу-чарба
жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин басма сөз катчысы:
- Арстанбек Иманкуловичти көпчүлүк эл Бишкек шаарынын мэри катары таанышчу. Бирок, анын айыл чарба илимдеринин кандидаты экендигин көбү билишпейт. Илимий ишин улантып-докторлук эмгегин жазып жатат. Өзү политехникалык институтту аяктап, кесиби боюнча консерва заводунда иштеп жана эт комбинатын жетектеген. Кийин Ташкенттеги компартиянын жогорку мектебин аяктап, бир топ райондордо акимчилик кызматтарды аркалап, өндүрүштүк чарба иштеринен жогорку жетекчилик кызматтарга көтөрүлгөн.
Ал эми айыл чарбасындагы абал жөнүндө сөз кылсак, союз таркагандан кийин агрардык жер реформалары ойлонулбай шашылыш башталгандыктан айылдык дыйкандар, фермерлер өздөрүнүн чечилбеген оор абалдары менен өздөрү калган, натыйжада айыл чарбасындагы жумуштардын сапаты төмөн түшүп кеткен. Эми элибиздин айыл чарбасындагы турмушу жанданып келатканда дүйнөлүк баалардын көтөрүлүп жаткандыгы дыйкандарды өтө түйшүккө салды.
Биздин министрликке берген президентибиз Курманбек Салиевичтин тапшырмасын аткаруу максатында Арстанбек Иманкулович "Кыргызстандын Агро азык-түлүк корпорациясы" долбоорун иштеп чыгып, аны ишке ашыруунун механизм, рычагдары такталды. Өзүңүздөр билесиздер айыл чарбасында комплекстүү системалык түрдө маселелер чындап каралбай келген. Бул жаңы долбоор мурдагы "Потребсоюз" сыяктуу, аны менен бирге мамлекеттик заказ кылуучу жана даярдоочу, кайра иштетүүчү ишканалар ишке кирип, кайрадан уюштурулмакчы. Кыргызстандыктар Арстанбек Иманкулович Ногоевди "Кыргызстандын Агро азык-түлүк корпорациясы" долбоорунун автору катары элдин эсинде калып, өлкөбүздүн айыл чарбасын көтөрүүдө зор салымын кошо берет деген ишенимдебиз.

Даярдаган Алмазбек Эркебай