Сенин гезитиң!
№33, 16.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Клип таржымалы

Мирбек Иманбеков
"Сүйүүнүн керемети"
Сөзү, обону: Замир
Казакбаевдики

Менин да жаным, өз бактым үчүн,
Күрөшкөнгө толук акым бар,
түшүнчү, түшүн.
Оймоктой болгон эрдиңден сенин,
Өңүмдө эмес түндөсү түшүмдө
өптүм.

Кайырма:
Экөөбүз адеп таанышканда
сүрдөп,
Жада калса жаным,
Сурабаптырмын атың ким деп,
Сүйүүнүн керемети.

Корулган жерде өскөн гүлзардай,
Колумду сунуп кызыгып
турдум үзалбай.
Өзүң деп жүрүп өзгөрүп деги,
Кетпесем болду сүйөм
дешиңди угалбай.


"Сүйүүнүн керемети"
Клип тартылаар күнү кыз таппай...
Мирбек Иманбеков аткарып жүргөн "Сүйүүнүн керемети" жаштардын жүрөк мүдөөсүн канааттандырып, сүйүктүү ырына айланып келет. Ырдын сөзү, обону ди-джей Замир Казакбаевге таандык. Жаштык-мастык мезгилди өзүнө камтыган студенттик күндөрдө аталган ырды Замир өзү жактырган бейтааныш кызга арнап жазган экен. 2001-жылы чыккан бул ыр студенттер арасында уюшулган концерт жана отуруштарда сүйүп ырдалган ырга айланган.
Бул ырды Мирбектин продюсери Асыл Апасова жактырып, ага аранжировка жаздырышат. Сөзү менен обону төп келишкен ырга клип тартуу идеясы келип, оператор Нурслан Сыдыгалиев менен Асыл эже клипке сценарий түзүшөт. Андан соң "Флорида" эс алуу борборуна сүйлөшүп, сценарий боюнча каармандар "боулинг" оюнун ойношот. Клиптин башкы ролунда Мирбек Иманбеков өзү жана модель кыз Айгүл тартылса, Мирбектин достору болуп Улуттук каналдын операторлору Куштар, Семетей жана кыздын сүйгөнү Таалай тартылган. Ал эми Айгүлдүн атасынын ролун Асыл эженин байкеси аткарганын айта кетели. Негизинен клип тартуу учурунда көп деле кыйынчылыктар болгон эмес. Башкы ролдогу кызды табуу гана убара кылган. Клип тартылаар күнү кыз табылбай айласы кеткен продюсер ар кайсы жерлерге чалып, тынчы кете баштаганда телевидениеге кокусунан келип калган Айгүлгө жолугушат. Көктөн издегендери жерден табылганына сүйүнүшүп клип тартууну башташат.

Мирбекти
кубалаган такси
Бул клиптин башка клиптерден айырмасы Мирбек өз сүйгөнүнө жетпей калганы экенин белгилей кетсек болот. Ошондой эле тартуу убагында кызыктуу учурлар болбой койгон жок. Боулинг ойногон жеринде тактага кадимки зыгыр майы сүйкөлгөндүктөн операторлор тайгаланып бир аз кыйналышкан. Кыз менен жигиттин бири-бирин тиктешип калган учурун бир канча жолу дубль жасашкандыктан Мирбектин буту-колу титиреп кыйналганын жашырган жок. Ошол учурда Айгүлдүн чаптаган тырмактары учуп, кээсинин сынып калганын көрүп күлбөй коё албадык. Ал эми кыз такси кармап кеткенинде Мирбек артынан кубалаган жери клиптин көркү экенин билебиз. Ошол учурду кантип тартканын айтсак, Флоридадан чыккандан кийин Мирбек "машинага бензин куюп алайын" деп Асыл эжеге айтып зуулдаган бойдон кетет. Ал ойду эжеден башка эч ким билбегендиктен, клип тартылып жаткан экен деп кыз отурган такси Мирбектин артынан кубалайт. Ошентип биринчи такси кетпей эле Мирбек кетип калып боорлору эзилгиче күлүшкөн.
Асыл эже: "токтоткула, Мирбек май куйганга кетти деп айтайын десем эч кимиси телефонун албайт. Баарынын антенасы тартпай "не доступен" болуп жатпайбы. Кыскасы бул клипти тартууда күтүлбөгөн окуяларга туш болдук. Алдыңкы пландарымда "Сүйүүнүн кереметинин" уландысын тартайын деген оюм бар. Клиптин башталышында Мирбектин аккапелла ырдаганы башынан өткөн окуяны айтып жатканын чагылдырат. Сценарийде жазылган боюнча жолугушууга Мирбек гүл көтөрүп бармак, ал мага гүл ала келиңиз деп чалып калды. Мен болсо биринчи жолугушууга гүл албай эле кой эч нерсе болбойт десем, ал тултуюп экөөбүз бир аз чукчуңдаша кеттик. Бирок гүлгө жини келип жатканы, Айгүлдүн жигити менен кучакташып кеткен учуруна туш келип, башын шылкыйтып туруп калганы өтө сонун жарашып калган. Күтүлбөгөн мындай көрүнүштөр менен клип өз маанисин бере алды деп ойлойм".

Даярдаган
Айнура Султанова

Р.S. Мына ардактуу окурмандар бир клипти тартуу үчүн кандай гана эмгек, чыдамкайлык керек экенин билдик. Мындай кызыктуу клиптердин таржымалдары менен дагы да болсо тааныштыра беребиз.




  Кызыктар дүйнөсүндө

АЙЫМДАРДЫН АЛДЫНДА
БАШ КИЙИМ ЧЕЧҮҮ САЛТЫ
Бүгүнкү күндө унутулуп, илгерки заманда баркталган кээ бир каада-салттарга назар салып көрсөк, согуш учурунда карама-каршы эки тараптын жоокерлери бет келип сүйлөшө турган болсо-алгач жолукканда бири-биринин кекиртегине мылтыкты такашкан. Муну менен алар кекиртекке такалган мылтык менен душманынын мээсин чачырата атышка мүмкүнчүлүгү бар экенин далилдешкен. Ал эми бири-бирин кепке тартаардан мурун баш кийиминен белине чейинки кийимдерин чечүү салт болгон. Ушундан улам заманбап мезгилде айымдардын алдында баш кийим чечүү салты калыптыр. Эми мезгилдин өтүшү менен адамдардын да аң сезими өзгөрүп, шляпаны ар бир мырза кие бербейт. Өз учурунда шляпаны чечип таазим этип, аялды канчалык деңгээлде сыйлап урматтаарын үн-сөзү жок эле билдиришсе азыр болоор-болбос баш ийкемиш болгон эркектердин бул кыймыл-аракетин ар бир эле айым түшүнө бербесине шек жок.


Бильярд тууралуу кыЗыктуу
фактылар
Көпчүлүк сүйүп ойногон бильярд аябай кимдир-бирөөгө капаланып, көңүлү чөккөндө Моцарт үчүн дары катары саналчу экен. Бильярддын боорун англичанин Джек Карр 1820-жылдардын башында ойлоп тапкан. Укмуштуудай боор кымбат тургандыктан аны алыш үчүн өзүнчө эле көп "мүлк" коротууга аргасыз болушкан. Ал эми бильярддын шарын алгач пилдин сөөгүнөн жасашчу, 1868-жылы гана биринчи жолу Целулид шаарын жаратышыптыр. Кээ бир шаарларда, мисалы Германия, Швейцария, Канадада бильярд залы бар адамдар мамлекеттин казынасына ири өлчөмдөгү салык төлөшчү.


Таксинин тарыхы
Дээрлик баарыбыз таксинин кызматынан пайдаланганыбыз менен такси деген түшүнүк качан, кайда пайда болгону көпчүлүгүбүзгө белгисиз.
18-кылымдан баштап, атка чегилген арабалар элди бир орундан экинчи орунга ташып өз кызматын кыла башташат. "Фиакра" деген аталыштагы атка чегилген арабаны 19-кылымда француздар ат көп учурда тоскоол болоорун эске алышып аты жок эле арабанын өзүнө мотор орнотушуп, көпчүлү элдин жүрөгүн түшүрүп, үрөйүн учурса убакыттын өтүшү менен ага деле көнүшкөн экен.


Макаронду сүйгөн Томас
Джефферсон
Орто кылымда тооктун сорпосу адамды дүүлүктүрүүчү эң мыкты тамак болуп саналган. Макарондун пайда болуш тарыхы тууралуу ушул күнгө чейин көптөгөн талаш-тартыштар өкүм сүрүп келет. Макарон деген түшүнүктү Италияга Кытайда көп мезгил саякаттап жүргөн Марко Поло 1292-жылы ала келген. Бирок 1154-жылы эле Арабиядан чыккан географ Сицилиядан ундан жасалган кесменин аябай даамдуулугун айтып жар салган. Ошондон улам кесменин качан пайда болгону чечилбеген маселе.
Ал эми эң биринчи макарон жасай турган машинаны 1789-жылы Америкага Томас Джефферсон курдурган. Анткени ал Франциянын элчиси болуп жүргөндө макаронго "ашык" болгонго үлгүрөт. Россияда макарон чыгара турган фабрика 19-кылымдын аягында Одессада курулган. Эгерде тамак жөнүндө сөз улай турган болсок, адам өмүр бою 40 тоннадан ашык ар түрдүү тамак жейт.


Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат
тиш кимдики?
Белгилүү тиш пастасын чыгарган "Колгейт" компаниясы Испанияда өткөрүшкөн акция убагында пикир келишпестиктер менен бирге ыңгайсыз абалга туш болушкан. Анткени "Колгейт" деген сөз испанча "баргын да муунуп өл" дегенди түшүндүрөт. Жыл сайын 20-сентябрда 20 миллиондон ашык калкы бар Кытай жергесинде "Тишин сүйүүчүлөрдүн" майрамы өткөзүлөт. Бул салтанатта тиш жууган щетканын формасында тизилген окуучулар 3 мүнөт, 3 секунд тынбай тиштерин жуушат да, андан соң ордун башкаларга бошотуп берет.
Ал эми өзүнүн бир да тиши жок Джордж Вашингтон алты жылкысынын тишине кылдаттык менен көз салып, аяр мамиле жасачу экен. Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат тиш Исаак Ньютондуку деп табылган. 1816-жылы анын тиши аукционго коюлуп 730 фунтка сатылган. Бүгүнкү күндөгү акча менен эсептесе 3241 доллар турган. Анын тишин сатып алган аристократ өзүнө шакек жасатууга жумшаган.
Илгери япониянын тиш доктурлары оорулуунун тишин колу менен эле жулуп салышчу. Ал эми АКШда күйөөсү уруксат бермейин аялы жасалма тиш салынууга акысы жок болгон. Американын Род Айленд штатында мыйзамдуу түрдө ишемби күнү тиш паста сатууга тыюу салынган.










??.??