Сенин гезитиң!
№33, 16.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сыр маек

ЖКнын депутаты Эрнист Акрамов:
"Мезгилден озуп өтөм деп , мойнуңду кайрып аласың"
- Кайсы жерде төрөлүп, чоңойгонсуз?
- Мен Фрунзеде төрөлүп, чоңоюп,бүгүнкү күндө да ушул жерде жашап келем.
- Кайсы улуттан болосуз?
- Менин тамырымда көп улуттун каны бар, атамдын улуту жарымы тажик , жарымы өзбек болсо, апам өзбек менен кыргыздын кызы болгон. Ата-энем өтө жөнөкөй, карапайым адамдар болчу. Мен болгону үч бир тууганмын, кичүү иним бар, менден улуу эжем тилекке каршы каза болуп калган.
- Мурда эле хирург болууну кыялдансаңыз керек? Жумушуңуз оорбу?
- Жок, мен ойдо жок эле жерден ушул кесипти аркалап калгам, ал эми жумуштун оордугу тууралуу айта турган болсок, эгерде кесибиңди чындап сүйүп берилип иштесең анын оордугун, түйшүгүн даана сезесиң. Операцияга бара жатып оорулуунун жашоосу менен ден-соолугуна болгон жоопкерчилик канчалык чоң экени билинет. Бирок кээде оорулуулар өтө оор абалда келишкенде, алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой калат. Ушундан улам элдердин арасында хирург туура эмес операция жасап союп салыптыр деген пикирлер өкүм сүрүп келет. Жумушуңдун ар бир майда-чүйдөсүн оорулуунун туугандары менен жакындарына түшүндүрүү да оңойго турбайт, анткени алардын медициналык билими жок. Мисалы артист элдин алдында туура эмес сүйлөп, же ырдап жатып сөзүн унутуп калса элдер бир сыйра каткырып күлүп тим болушат. Же болбосо мугалим өтө турган сабагын жакшы өздөштүрбөй калса тил угуп кутулат. Бирок экөөнөн тең адам өлбөйт. Ал эми биздин кесипте иш бир топ татаал жана оор. Хирургдун жасаган кадамына оорулуунун өмүрү көз каранды.
- Медицинада кандай жол менен каражат тапса болот?
- Өзүнүн жөндөмү, таланты жана кесибин мыкты өздөштүрүү менен. Доктур дайыма пара алуудан алыс болуш керек, бул көрүнүш ак халатчандардын эң терс сапаты болуп саналат. Буга чейин доктурлар пара алганына мамлекет себепкер экенин дайыма эле айтып келем. Себеби, медиктердин айлык акысынын аздыгы аларды ушундай жолго түртүп жатат. Жөнөкөй доктур 1000 сом айлык алат, анын да элдикиндей үй-бүлөсү, балдары бар да. Ошентсе да буга карабай пара алууга мен караманча каршымын. Анткени оорулуулардын арасында ар түрдүүсү болот; пенсиянын көзүн карап жашаган чал-кемпирлер, биздикине окшогон жарыбаган айлык алган мугалимдер. Анан ошол чөнтөгү жука адамдардан кантип акча аласың?
- Бир күндө канча операция жасайсыз? Дем-алыш күндөрүчү?
- Бир күндө үч-төрт операция жасаган учурларым болот, дем-алыш күнү сөзсүз иштейм. Оору деген жумуш күн, дем-алышка карабайт эмеспи.
- Сизге жумушка орношкусу келген адам кандай сапаттарга ээ болушу керек?
- Эгерде убактысынын баарын жумушка арнап, жумушун сүйүп, өмүр бою үйрөнүүнү кааласа иштегенге болот.
- Кол алдыңызда иштегендерге кыйкырып салган учурларыңыз болобу?
- Кыйкырмак тургай оорулууларга туура эмес мамиле жасашса,өз милдеттерин так аткарбаса ашата сөгүп салам. Менде иштеген медиктердин жеке жашоосуна кийлигишпейм, акым да жок. Бирок анын жаман маанайы жумушка кедергисин тийгизбеши керек. Мени жумуш гана кызыктырат, ал эми анын маанайы эмне болуп бузулганы менин ишим эмес.
- Оорулуулардын өлүмүн кандай көтөрөсүз?
- Оорулуулар ар кандай шартта көз жумушат. Кээде хирург күнөөсүз, кээде күнөөлүү болуп калышы да мүмкүн. Кудай андайдын жүзүн нары кылсын.
- Сизде ушундай учурлар кездешеби?
- Бактыга жараша андай көрүнүштөр мени менен болгон эмес. Колдоочум бар көрүнөт. Ошондуктан мен эч качан мезгилден ашып өтүүгө аракет кылбайм.
- Кандайча?
- Хирургдун жашоосунда кандайдыр бир белгилүү чек болот, аны ашканга аракет кылуунун да кереги жок. Айланадагыларыма: "Ар нерсенин өз убагы бар" деп айтып келем. Мезгилден озуп өтөм деп, мойнуңду кайрып аласың. Буга мисал катары мен Эркин Маматовду келтире алам.
- Ал жакшы хирургбу?
- Орточо, андайлар жүздөп, миңдеп саналат, анын жалгыз кемчилдиги- акчаны жакшы көргөндүгү. Баарына туш келди операция жасоонун кереги жок.
- Сиздин адамдарыңыз күнү-түнү жарыбаган акчага иштешет, же оорулуулардан акча алууга болбосо...
- Жок, мен эч качан мындай көрүнүшкө жол бербейм. Көрсөткөн жардамы үчүн оорулуулар ыраазычылык иретинде белек беришсе болот, мисалы мага көп учурда коньяк менен конфет беришет.
- Коньякты жакшы көрөсүзбү?
- Мен ичкилик ичпеген адаммын. Белекке берилген коньякты кылган кызматы үчүн сантехниктерге же багбанга берем.
- Бейтапканада жашаганыңызга канча убакыт болду?
- Он беш жылдан бери күндү да түндү да ушул жерден өткөзүп келем. Өз үйүмдө болсо иним жашайт. Ашканадан кадимкидей тамактанам.
- Үйлөндүңүз беле?
- Жок
- Эмнеге?
- Жарды жашоого бирөөнүн жакшынакай кызын жетелеп эмне кылам. Ар бир ата-эне өзүнүн кызына татыктуу жашоо тилейт. Мен өзүмө-өзүм суроо бердим: Мен ойду-тоону убада кылып бирөөнү алдаганга акым барбы? Мамлекет мага берген айлыгы менен басынтып шылдың кылды. Маселен, үйлөнсөң аялың менен батирге чыгышың керек,шарты бар батирлер жок дегенде эле 100 доллар турат. Ал эми менин маянам болсо подъездде жашаганга араң жетет. Сиз подъездде жашаганга макул болот белеңиз?
- Жок
- Айтор көп акча табууда менин башка кесибим жок , өз кесибим менен үй-бүлө багалбайм.
- Көпчүлүгү үй-бүлө курганга шарты жок болуп туруп деле, баш кошуп жатышпайбы?
- Эми ал кадамдарга баргандардын өз иши дечи, жеке мен өзүм үй-бүлө бага албайм деген чечимге келгем.
- Сүйүүгө туш болгонсузбу?
- Албетте, мен азыр дагы сүйөм. Сүйүү деген кары- жашты ылгабайт. Мен көптөгөн сулуу айымдарга ашык болдум, бирок менин чыныгы жүрөгүмдөн орун алган махабатым тиги дүйнөгө узаган.
- Казакстанга иштөөгө сунуш түшсө макул болоор белеңиз?
- Бүгүнкү 71 жаш курагымда жулунбай, тынч бир эле орунда отурганым жакшы болоор. Эч качан акчага жутунуп умтулган эмесмин. Байлык мен үчүн акыркы орунда турат.Мен үчүн эң негизги нерсе-сүйүп, барктаган жумушум.
- Спорт менен машыгасызбы?
- Мурда машыкчумун.
- Канча жашыңызда таштадыңыз эле?
- Гимнастика боюнча спорттун чеберимин жана республиканын бир нече жолку чемпионумун. Спорттон 34 жашымдан баштап алыстадым.
- Буга чейинки жашаган жылдарыңызды бактылуу өттү деп эсептейсизби?
- Бакытты ар ким ар кандай түшүнөт. Жөнөкөй жашоодогу бакыт менин түшүнүгүмдө күнүгө таңдын атканы менен батканын көрүү жана жакшы көргөн жумушуңа аттануу.

"Акипресс" маалымат булагынан
алынып которулду










??.??