Сенин гезитиң!
№33, 16.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Билгениң оң

Жолдошуңузду жумуштан кантип тосууну билесизби?
Аялзаты сүйүктүүсүнүн көңүлүн таап, ынтымактуу өмүр сүрүүнү каалайт эмеспи. Ар бир эле айым жолдошунун сый-урматына арзып, анын каалаганын көз карашынан түшүнүп, аткарганга умтулуп келет. Эгер мырзалардын жүрөгүнөн тереңирээк орун алам десеңиз төмөнкү ыкмаларды пайдаланып көрүңүз.

1. Жолдошуңуз жумуштан кайтканда анын ачка экенин эске алып дароо тамактанууга чакырыңыз. Карды ач адамдын тамактан башка эч нерсе оюна келбесин унутпастан, бир күн кечке чогулган маселеңизди биринин артынан бирин жаадырып баяндоонун ордуна аны менен бирге тамактаныңыз. Себеби бул дагы эркек-аял ортосундагы түзүлүүчү жакшы мамиленин бир учугу.

2. Тамактануудан кийин күйөөңүздүн иш күнү кандай өткөнүн, жумушундагы жетишкендиктери, оңунан чыкпай калган иштери жөнүндө сурап, ой бөлүшүү керек. Себеби бул дагы күн бою нервде жыйналган чыңалууну түшүрүүгө көмөк болот. Анын иши, кесиби жөнүндө көбүрөөк сурап, сүйүктүүңүздүн жумушун ар дайым жогору коёруңузду сездирип, өзүңүздүкүн экинчи катарга жылдырганыңыз дурус болот. Жолдошуңузга андан акылдуу экениңизди эч убакта көргөзбөңүз. Ал сиздин өз алдынчалыгыңызды көрсүн. Колуңуздан келишинче анын көзүнчө өзүңүздү жайдары кармаганга аракеттениңиз, анткени сиздин үтүрөйүп отурганыңыз аны ого бетер чарчатат.

3. Балалуу үй албетте базар болуп чуру-чууга, күлкүгө толуп турат. Ошентсе да бети-башы ботала болуп чуркап чыккан наристени атасы дароо колуна көтөрүп, бооруна кысууга умтулбашы мүмкүн. Балаңызды жуунтуп, келбетин оңдоп-түзөп койсоңуз, сүйүктүүңүз мындай кадамыңызды сөзсүз баалап көңүлү көтөрүлөт.
Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай үй-бүлөңүз менен чогуу тамактанып жатканда, кокус балаңыз туура эмес иш кылса балким тамакты төгүп алабы, же эркелеги кармап тамагындагы кашыгын ыргытып колу менен жеп киреби айтор кандай жагдай болбосун чыдамыңыз кетип турса да балаңызды урушпастан туура эмес кылган ишин жай түшүндүрүңүз. Баланы атасынын (жолдошуңуздун) көзүнчө чаап жиберип же катуу урушуп салуу сиздин бирден-бир кетирген одоно катаңыз. Анткени мындай аба-ырайы жолдошуңуздун ичинен нааразычылык жаратып алыстатат.

4. Жакшы көргөн адамыңызды арбап турган дагы бир көрүнүш -сиздин мыкты кожейке болгонуңузда. Үй-жайыңыз дайыма таза, тыкан ар бир нерсе өз ордунда турган ирээттүүлүк анын ичин жылытат. Үйүңүздүн ичинде жагымдуу жагдай жаратууну эч качан унутпаңыз. Жолдошуңуз жумуштан чарчап келгенде өз үйүндө эс алып, өзүн жеңил сезүүгө шарт түзүү сиздин гана колуңузда. Анын үстүнө сүйүктүүңүз үчүн кам көрүү - аялзатына ырахаттан башка ашыкча түйшүк жаратпоосу айдан ачык көрүнүш.




  Пайдалуу кеңештер

Шакек-сөйкөнү кантип туура тандоо керек?
Айымдарга өзгөчө көрк берген сөйкө менен шакекти кантип тандоо керек?-деген суроо ар бир эле асылзатты ойлондурушу мүмкүн.
Бети тегерек кыз-келиндерге салаңдап турган узун сөйкөлөр жарашат. Көзү көк, ак-саргыл айымдар сөйкөнүн ташынын түсү ачыгын тандаганы ылайык болсо, кара, кой көздүүлөргө таштын түсү чаңкайбаган күңүртүрөөгү туура келет. Ал эми шакек тандоодо колунун манжалары ичке, назик болсо, орточо жазылыктагы шакектер ылайык. Жоон, кыска, толук манжаларга ичке формадагы сүйрү шакектер керек. Жазы чоң шакектер манжалары узун, орто жоондуктагы манжаларга жарашат.

Атырды абайлап колдонуңуз
Атырдын жыты жагымдуу сезим келтирсе дагы аны бардык эле жерде колдонууга болбой тургандыгын эстен чыгарбоо керек. Мисалы, мейманга же концертке барганда ал адамга майрамдык маанай киргизип турат. Ал эми иш боюнча маанилүү кездешүүлөр учурунда ал ашыктык кылаарын да эске алуу керек.
Ошондой эле кышында жагымдуу сезилген жыты өтө күчтүү атыр, жайдын күнү адамга абдан жагымсыз сезим алып келиши мүмкүн. Атыр-жылуулуктан, жарыктан, абадан жыты өзгөрүлүп кетет жана да аны кир же тердеп турган денеге сүйкөгөндө өтө жагымсыз жыт берип турат.
Көпчүлүк айымдар атырды, нерв тамырларынын кошулган жерлерине (колтукка, кулактын артына, желкеге) сүйкөшөт. Булар албетте кийимди булгабай турган ыңгайлуу жерлер бирок, мындан так түшүп карарып калуусун унутпоо керек. Кийимдин ички тигиштерине дайыма кичирээк чүпөрөк тигип коюп атырды ошого себүүдөн өтөөрү жок.

Үйдө өстүрүлгөн гүлдүн пайдасы менен зыяны
Кээ бирөө гүлдүн жалбырагы көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаргандыктан организмге зыяны бар деп эсептешет. Чындыгында эле бүт өсүмдүк аттуу түнкү дем алуу учурунда бул газды бөлүп чыгарат. Бирок, ал ушунчалык аз санда болгондуктан, организмге кенедей да зыяны жок.
Ал эми кээ бир үй өсүмдүктөрү менен өтө сак мамиле жасоого туура келет. Мисалы алсандр деген гүлдүн маңызы өтө уулуу келет. Эгер үйдө ушул гүл болсо жалбырагы менен гүлүн кармагандан соң колду сөзсүз самындап жууганыңыз оң. Үйдө майда балдар болсо алар уктоочу бөлмөгө ачык түстөгү мөмө байлаган гүлдү койбогонуңуз туура, анткени булар күзүндө ачык-саргылт мөмө байлап балдардын көңүлүн өзүнө бурат. Алар гүлдүн мөмөсүн үзүп, жеп көргүлөрү келээрине талаш жок. Баланын ден-соолугунун коопсуздугу ата-эненин колунда.

Жүгөрү майынын дарылык касиети
Адистердин айтуусунда боордун холецистит оорусуна каршы ашказан-ичеги жолунун оорусуна жүгөрүнүн чачысы колдонулат экен. Ал эми жүгөрүнүн майы анын данынан алынуу менен бирге өт айдоочу таасирге ээ болуп жана атеросклероз оорусун алдын алуу менен дарылоосуна колдонушат. Ошондой эле ашказан, ичеги жолунун оорусунда мүнөздөп тамакка кошот.

Анара Дүйшөналиева










??.??