Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Купуя сыр

Бырчаланып, жүрөк турду тилинип!..
Армиядан келип колоктоп бош жүргөн кезим эле. Армияга кетээрде кучагымда туруп, көз жашын кылгырта:

- Жаным, өмүр бою бирге болобуз. Мен сени күтөм, ардагым!..-деген сөздөрүң кулагыма жаңырып турса да өзүң жок, бир капшытым сыйрылып калгансып, өпкөм көөп, сага болгон кусалыгым көөдөнүмдү жарып кетчүдөй бук болуп жүргөм. Сени ала качып кеткен зөөкүр күйөөңдү терек түбүнө барып канча жолу каргабадым. Экөөбүз жолугушчу чынар терек түбүнө барып канча жолу солуктап ыйлабадым. Суйкайган сулуу жүзүң, карагаттай көздөрүң, кымча бел келбетиң көз алдыман кетпей, элесиңди кучагымда кысып жүргөм.
Бирок, "Убакыт дарылайт" дегендей күндөр өтүп, көксөөм сууп бараткандай эле. Капыстан:
- Субандын кызы Асыл ажырашып, эки жашар кызы менен келе бериптир...-деген сөздү угуп ордума тура албай калдым. Учуп жеткендей эле болдум. Бир жума бою айланчыктап жолуга албай жүрдүм. Акыры бет маңдай барып:
- Жылдыз толгон маалда өзүбүздүн теректен күтөм. Асыл, алтыным, жок дегенде бир жолу жолугалычы!.. дедим демиге. Ал аста башын ийкеди.

* * *
Бой алыша, солуктап ыйлап алдык. Биздин кусалыкты, ыйыбызды көрүп чынар терек да шуудурай түйшөлүп турду. Терек түбүнө из түшпөй көк шибер басып кетиптир. Кучагыбыз ысып, демибиз өрөпкүп баратты. Кусалыгыбыз арылбай, кумар көксөөбүз ашынып кеткенсиди. Асылдын ысык эрдинен өбө тирелген көкүрөгүнө колум тийгенде денем ысып күйүп кеткенсиди.
- Ардагым ай!-деген Асылдын жагымдуу шыбыры биротоло көзүмдү тумандатып кетти. Керемет кумардын күчү экөөбүздү жетелей, бири-бирибизди чечинте, заматта жылаңач жуурулушуп калдык. Кайсалап "таппай" атып:
- Мен биринчи жолу... -деп алдым.
- Жаным, бүгүн сендикмин!..-деген Асыл онтолой берди. Ах! ыйык махабаттын чеги ушул белем! Кандай керемет! Жалындуу шыбыр, кумар ышкысы экөөбүздү бейишке жетелеп баратты.

* * *
Жылдыз тарап бараткан маал.
- Мени турмуш көргөн, балалуу келин деп коёт. Жок дегенде бир жолку милдетимден кутулганым, ыйык махабаттын бир үзүмүн сунганым. Өзүң айткандай алгачкы кумар "даамын" татытканым аркылуу болсун. Экинчи жолукпайлы...-деп шыбырап ыйлап аткан Асылды чачынан сылай, жүрөгүм бырчаланып тилинип атса да аргасыз айтканына баш ийип турдум..

Сырын жазып жиберген
Асылбек, Нарын району




Сүйүү дабасы - секс жана даосизм
Бу китепте байыркы Кытай даос-табыптарынын эркек менен ургаачы төшөктө бири-бирин кантип сүйүшүү керектигин түшүндүргөн кеп-кеңештери жазылган.

АЛГЫ СӨЗ
Саналуу гана батыш окумуштуулары Кытайдын салттуу төшөк маданиятын изилдөөгө бел байлашкан. Ошентсе да азыркы күндө никеде турган ар бир адамды төшөк маданияты, айрыкча кытай маданияты сөзсүз азгырат, себеби анын пайдалуу нерселер менен көкөлөгөн кыялкечтикти жуурулуштуруп берүү мүмкүнчүлүгү төшөк жаатындагы кызыктуу жагдайларды ачып берет.
Кудай жалгагыр Хенри Масперодон бөлөк, бу маселени изилдеген залкар окумуштуулардын катарына Роберт ван Гулик да кошулат - китепте анын эмгектерине көп жолу шилтеме беришиптир. А киши менен мен 1942-жылы согуш мезгилинде жолуктум эле. Ал Чуньцинге Голландиянын элчиси болуп келген, мен Британия элчилигинин илим боюнча кеңешчиси болуп дайындалгам. Кийин мен анын Чхун Суфань менен үйлөнүү тоюнда чыгып сүйлөгөм. Кыз биздин элчиликте илимий кызматташтык боюнча иштечү. Согуш бүтүп, мен даосизмге, анын өмүрдү узартуу жана түбөлүк жашоо жолдоруна кадимкидей кызыга баштаганымда Роберт ван Гулик менен көп жолу аңгемелештим жана ошол маектерден улам даосизм жолундагылар даңазалап келген төшөк жаатында эч кандай адепсиздик же патология жок экенине көзүм жетти. Анын айтымында Кытайдын төшөк турмушу кылымдар бою таптаза, садизм жана мазохизмдерден (мыкаачылыктардан) эркин жана ырахат алуунун түркүн жолдору менен катар, ырахат берүү мүмкүнчүлүктөрүнүн ченемсиздиги менен айырмаланып келген. Колуңуздагы китеп ошолор жөнүндө баяндайт.
Кытай төшөк маданияты боюнча "Чжун Мэй Цзин Ань Цюнг Шу" деген залкар эмгектин мен жасаган көчүрмөсү Чо Лечу басмасынан жарык көрүп, 1952 жылы толук сатылып кеткенин Пекиндеги китеп соодагеринен угуп, бир жыргадым эле. Андан соң мен бул ишти изилдөөгө кайрадан кириштим, себеби кытай даанышмандыгынын эң маанилүү "ички же руханий" бөлүгү төшөк жаатына тыгыз байланышкан - аны изилдеп чыгуу сөзсүз өмүрдү узартууга жана материалдык өлбөстүккө жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Стокгольмдо жашаган досум Чжан Чжунландын 1972-жылы жарык көргөн китеби ушу маселеге жаңы дем берди - кытай жана жалпы сексология боюнча анын ушул эмгегин окурманга астейдил сунуш кылаар элем. Ар бир кубулушка кылдат караган автор азыркы замандын эркеги менен ургаачысына кытай маданиятынын ашыглык жана төшөк жаатындагы даанышман сөздөрүн жатык тил менен түшүндүрүп жазып берген. Китебинин басымдуу бөлүгүн иштин техникалык (практикалык) багытына көбүрөөк буруп кетсе да, автор кытайлыктардын батыш элдерди чочуткан "ыйык сүйүү менен пенде сүйүүнүн ортосунда эч кандай айырмачылык жок" деген ашкере "акылман" ишенимине бираз бөгөт койгонсуйт. Пенде сүйүүгө ар бирибиз жана баарыбыз муктажбыз, албетте.
Джозеф Нидхэм

КИРИШ СӨЗ
"Алар бири-бирин сүйөлү дейт, бирок кантип сүйүштү билбейт".
Шандор Ференци
Кеңири белгилүү "Учуу коркунучу" деген китебинде феминистка Эрика Йонг: "...бирок феминизм кыймылын эркек денесин эңсөө итчилигибиз менен кантип шайкеш келтирүү көйгөйү чексиз түйшүк. Ал эми канчалык жашыбыз өткөн сайын, эркек дегениң аялзатынан кээде көмүскө, кээде ачык эле корко турганын кадимкидей сезе баштайбыз. Эркин аялдын былбыраган кокуйдун жанында турушунан артык азапты кайдан табасыз?! Тарыхый залкар делген окуялардын баары келип, ушул эки маңыздуу нерсенин - түбөлүк аял жана түбөлүк былбыраган кокуйдун жанында түккө турбайт", - деп ой бөлүшөт.
Ал оюн минтип улантат: "Түбөлүк чечилбеген негизги теңсиздик мына мында - эркек денесинде аялды азгырган пенис деген кошумча артыкчылык болгону менен, ургаачыда каалаган аба ырайына ылайыкташкан ажайып чуңкурча бар. Ага бороон-чапкын, кар аралашкан жамгыр, караңгы түн да кеп эмес. Ал дайыма мында, дайыма даяр. Ойлонуп көрсөң үрөй учат. Анан эркектер ургаачыны жек көрбөгөндө кантет?! Анан алар ургаачылардын теңсиздиги тууралуу кайдагы бир жомокторун ойлоп табышат".
Биерде мен: "Тарыхый залкар делген окуялар... түккө турбайт" деген ойго макул болалбадым, бирок автордун "Түбөлүк чечилбеген негизги теңсиздик..." деген бүтүмү ашкере кеткенин жана үмүт өчүрүп жатканын сездим. Байыркы даостор миңдеген жылдар мурун жол таап кетишкен. Эми ошо жолду бүт дүйнөдөгү көптөгөн даостор жана айрым даос эместер ийгиликтүү пайдаланууда. Тилекке каршы, бул илим буга чейин эч качан кеңири жайылган эмес. Бу китеп ошо жетишпегендикти толтурат деген ойдобуз. Кириш сөзүмдө маанилүү эки маселеге токтолуп кетким келет. Былтыр кышында таң эртелеп Франциянын түштүгүндөгү ажайып вилласында белгилүү жазуучу Лоуренс Даррел менин кантип даос болуп кеткениме кызыгып, ушул китепти жазууга түрткү берди. Төмөнкү саптарды мага окшогон романисттин кыялынан кайнап чыккан бүркүмдөр деп билээрсиз, окурманым.
Эне балага өмүр бергенден артыгыраак иштерди жасайт. Баланы калыптандырууга таасири күчтүү, баланын келечегин жакшылыкка же жамандыкка, кубанычка же чексиз кайгылуу бүлгүнгө түртүп салат.
Бу жагынан мага кудай өзү берди: апам түшүнүгү, кубаты жана медили (адамга боор тартышы) кенен жан эле. Узак жылдар бою түшүнбөй келсем да, а киши мен качандыр бир жолуктурган даостордун ичинен нукура даос жан экен.
Мен биерде "нукура" деп жатканым - апам даосизм менен атайын шугулданбай эле жана өзүн аларга кошпой эле, өзүнүн айланасына дао илими басымдуулук кылган багытты жаратыптыр. Ошондой чөйрөгө жайгаштырылган мен өзүм да нукура даос болуп калганымды мен кийин 12ге чыкканда гана түшүндүм.
Даос демейде бүт ааламды жана анда жашаган бүткүл затты чексиз сүйөт. Булгоонун жана бүлүндүрүүнүн баардык түрү даоско жат жана андайларга жол берилбеши керек. Ушундан улам эмне үчүн мен азыр кеңири жайылып кеткен зомбулукту жана бүлүндүрүүнү, ийгилик коштогон залкар инсандар - Эрнест Хемингуейди, Жорж Сандерсти, Марк Роткону... жана көптөгөн асыл адамдарды өз өмүрүн кыюуга түркү болгон себептерди кыскартуу жолдорун издей баштаганым түшүнүктүүдүр. Эмне үчүн миңдеген дени-карды соо эркектер менен ургаачылар, атүгүл балдар чылымга, баңгизатка, аракка берилип, ал аз келсе туура эмес тамактанып жана жагымсыз адаттар менен өздөрүн талкалап жатышат? Эмне үчүн андан көп миңдеген адамдар көз алдындагылардын бүт баарын жек көрүп, аларды кырып-жойгусу келет? Эмне үчүн адамзат тарыхы - түгөнбөгөн согуш тарыхы?! Жаангердин даңкы үчүнбү же напси бузуктугунанбы? Же бийлик үчүнбү?
Тестиер кезимде ушу суроолорго таң калып, жооп издечүмүн. Көп жылдык саякаттардан, түркүн улуттагы адамдар менен жолугушуп, дүйнөнүн бардык маанилүү окууларын жана диндерин изилдеп чыккандан кийин, бу жамандыктын тамыры адамдар инь менен яндын түпкү шайкештигине жете албагандыгында, даосизмде опоңой жана жагымдуу жооп камтылган деген тыянакка келдим.
Эмне үчүн бу жол жеңил? Себеби ал шарттуулук же чындык эмес, чиркөө же мечит жана алардын талаптары эмес - бу болгону денени бошотуп, табигый болуу. Эмне үчүн ал мынчалык жагымдуу? Себеби ал эч кимден жердеги же асмандагы жыргалдан - музыкадан же сулуулуктан баш тартууну талап кылбайт. Себеби ал буддизм мектептери талап кылгандай көңүл каалоосунан, келбеттин, үндүн, жыттын, даамдын, сезимдин жана дене кумарынын сулуулугуна умтулуудан баш тартууну талап кылбайт. Тескерисинче, даосизм бизге жакшы табитти өнүктүрүүгө, сергек жашоо салтын карманууга жана жер менен асмандагы баардык жыргалдарга толугураак сүңгүп кирүүгө кеңеш берет. Даос үчүн жердеги жана асмандагы жыргалдардын ортосуна чек коюлбайт: экстазга батканда алардын даражасы бирдей, себеби табигый же жасалма заттардын жардамы менен ырахатка батууда даос бүткүл аалам менен жуурулушуп кетет (бул анын кудайды белгилеген термини).
Жеке тажрыйбамдан алсам, сүйүү жана секске туура мамиле жасалбаса, дүйнөлүк көйгөйлөрдүн чечилиши да кыйын. Дээрлик баардык бүлгүн же өзүн өзү талкалоо, дээрлик баардык жек көрүү же кайгы, дээрлик баардык ач көздүк же менчикке тытынуу сүйүү менен сексти бурмалоодон келип чыгат. А десек, сүйүү жана секстин башаттары жана түшүмү аалам сыяктуу чексиз. Бу менин жеке пикирим эмес, бу болгону байыркы даостордун бир нече миң жылдап билип келген тажрыйбасын жандандыруу аракети - инь менен яндын, сүйүү менен ырахаттын туу чокусунун өз ара шайкештиги болбосо, биздей көрпендеге өлүм менен бүлүнүүдөн башка айла жок.
Йолан Чжан.










??.??





??.??