Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Обон-күлкү

Телефондогу сүйлөшүү
"Спорттоварлары" дүкөнүнө өлүкканадан (морг) телефон чалышат:
- Айтып коюңузчу, бүгүн канча мотоцикл саттыңар?
- Элүүнү.
- Түшүнүктүү. Анда дагы үчөөнү шаарда айдап жүргөн экен да.

"Казан-аяк чочутмакмын"
Саратан жайдын "жаркий" күндөрүнүн биринде Манас Бердибеков Дөөлөт Мадымаевдин үйүнө барып калат. Чакырылбаган конокту аялы Сөөлөт көзүнөн чаар чымын учурбай, чачылып-төгүлүп кабыл алат. Дейди сөздүн демин суудуруп, көптөгөн тааныштарынын кулактары кызарганча "талкалап" бүтүшөт. Чайга чала тоют болгон Манас кыңгырана бата кылып, шашып жатканын айтып, чыга жөнөйт.
- Аяш, кичине убакыт болгондо, казан-аяк чочутмакпыз,-дейт Сөөлөт тар убакытты такымдап бурай чымчып. Анда Манас тооккана жакты томсоро карап улутунуп:
- Кой, акырын аяш, тоокторуңардын жүрөгү түшүп калат...-дептир.

Карт бойдоктун кеңеши
Жаштары бир топко барып калган эки карт бойдок жолугушуп калып:
-Менде үйлөнсөмбү деген эки аял бар, кайсынысын тандасам деп акыл сурап кайрылып калат. Биринчиси абдан сулуу, жаш, жан дүйнөсү да таптаза. Экинчиси жаңы кыргыздын элүү жаштагы жесири, керилген чоң үйү, мерседестен темир тулпары, ошондой эле чет өлкөдөгү банкта эсеби бар десе,- досу токтолбостон туруп:
- Эй досум, эң негизгиси сүйүү, сулуулук, жаштык. Жаңы кыргыздын жесири болбойт. Ал эми анын акчасы жок болгондугу кайгы эмес да. "Акчаны мына биз табабыз"-деп көкүрөгүн койгулаптыр.
- Сен абдан туура айттың. Кеңешиңе рахмат. Мен сен айткандай кылайын-деп ыраазы болуп коштошуп кетип баратса,
- Жанагы жаңы кыргыз жесириңдин телефонун таштачы - деп өтүнүп коёт имиш.

Боксёр
Оор салмактагы боксёр түрмөдө жеңесинин денесине жаракат келтиргендиги үчүн бир нече жыл отуруп чыгыптыр.
- Сен жеңеңди урганың эмнең?-дептир досу азаттыкка чыккан боксёрдон.
- Түшүнсөң досум, үйгө мас болуп келип ал мени ура баштады. Мен коргонуп турдум... Бир оокумда карасам, анын коргонуусу жок ачыла түштү... Согуп калдым, жыйынтыгы ушу, -дептир.

Тамаша айтсам күлөсүңбү?
Орусал Маматкулов
Алик Шакмаралиев
Бакылда Иманкулов
Жайла-бек Дүйшеев
Кудайбезер Кутуев
Турчу-нары Нурматов
Капут Букаев
Жаш жүрөк Иманалиева
Арак-ал Аракеев

"Оорулуу экендиги да жакшы нерсе"
Кайнене күйөө баласын укмуштай мактап жатат дейт.
- Койчу, апа- дейт кызы, сен эмне, анын картаң, өңү суук, жагымсыз экендигин көрбөй турасыңбы? Бир гана жакшы жери, акчасынын көптүгү.
Анда апасы:
- Жок, кызым бир гана акчасынын көптүгү эле эмес, анын жүрөк (порок сердца) оорулуу экендиги да жакшы нерсе...

Таттуу сүйүү
Эки жаш ресторанга киришет. Заказ бергенди унутушуп, бири-биринин көздөрүн карап олтура беришет.
- Жигити кызга кайрылып: Сен, кандай гана таттуусуң! Жеп эле алсам...
- Мен да сени жегим келип турат...
Анда официант: -Макул, а-а, ичкениңиздергечи?

Кайсы командада...
Өнөктөшкөн өндүрүштүк ишкананын башчысы кызматкерин чакырып:
- Эртең сизди Канадага командировкага жөнөтөбүз, канадалыктар жөнүндө кандай көз карашыңыз бар?-десе:
- Мен Канадада хоккеисттер жана сойкулар гана жашайт деп эсептеймин.
- Эй-эй, этиятта! Менин аялым канадалык,-дептир башчы.
- Ошондойбу?! Ал кайсы командада ойнойт,-дептир шаштысы кеткен кызматкер сөз таба албай.

Улуу адамдардын жоруктарынан
Жалгыз үтүрлөрдү эмкиде жибериңиз...
Бир жаш акын күндөрдүн биринде немец жазуучусу жана редактору Теодор Фонтанеге (1819-1898) өзүнүн ырларын жиберди. Ал катында минтип жазды: "Мен атайын үтүрлөрүн койгон жокмун. Менин оюмча алар пайдасыз. Кайсы жерге туура келсе өзүңүз коюп алыңыз"
Фонтане ырларды кайра авторго жиберди. Ал катка мындай деп жазды. "Жалгыз үтүрлөрүн эмкиде редакцияга жиберүүңүздү өтүнөм, ырларды болсо мен өзүм жазып аламын".

Жаш акындын ыры
Улуу француз акыны Молер (1622-1673) адегенде өзүнүн комедиясын өзүнүн улгайган үй кызматкер аялдарына үн чыгарып окуп берүүчү. Эгер сценаны аларга окуганда күлүшсө, ал жерин жаратчу. Ал эми алар күлбөй турганда, ал жерди чийип коюучу. Улгайган үй кызматкер аялдарынын үнү ал үчүн элдин үнү болчу.
Күндөрдүн биринде ага жаш акын өзүнүн биринчи чыгармасын алып келип Молерден сынап берүүнү өтүндү. Адегенде улгайгандарга чыгарманы окуп берди, бул өзүмдүн чыгармам деди. Алар адегенде көңүл коюп угушат, андан кийин кыйкырып жиберишти: - Токтотуңуз! Бул сиздики эмес! Бул мүмкүн эмес! Өмүрүңүздө мындай жаман ырды эч качан жазган эмессиз!!!

"Кылымдын эң чоң эШеги"
Басмаканачы Карлтон Марк Твендин биринчи кол жазмасын кайта өзүнө жиберди. 20 жылдан кийин Марк Твен атагы дүйнөгө тарады. Ал Маркка кезиккенде минтип айтты:
- Сүйүктүү мырза Твен! Сизден да атактуу киши бар экен, ал менмин. Мен анчалык деле белгилүү адам эмесмин , ошондой болсо да менин бир ишим мени бүткүл дүйнөгө таанытты.
- Мен сиздин чыгармаңызды кайта жибердим, ошондуктан мен азыр ушул кылымдын эң чоң эшегимин.

Сулуу маймыл
Чарлз Дарвин досунукуна конокто болду. Кенен дасторкон алдында ал бир сулуу аялдын жанында олтурду.
- Сүйүктүү мистер Дарвин, сиз адам маймылдан келип чыккан деп айттыңыз. Бул мага тиешелүүбү? Мен да маймылдан жаралганмынбы?-деп Дарвиндин сулуу коңшусу сурап калат.
- Албетте,-деп жооп берди Дарвин олуттуу, -Сиз кадимки маймылдан жаралбай, сулуу маймылдан келип чыккансыз...

Дайыма докладды туруп угам
Марк Твен доклад жасоо үчүн саякатка чыгып, Франциянын бир кичине шаарына келет. Күндүзү ал бир чач тарачка барды.
- Сиз бул жерде чоочунсуз го?-деп чач тарач сурады.
- Ооба,-деди Марк, - мен бул шаарда биринчи болуп отурам.
- Анда сиз бактылуу экенсиз. Бул жерге Марк Твен келди. Сиз бүгүн кечинде анын докладын укканы барасызбы? Кирүүгө билетиңиз барбы?
- Жок, билет ала элекмин.
- Бирок, бул өтө өкүнүчтүү,-деди чач тарач киши, -эми бош орун калбай калса керек.
- Ооба, -деди юморист, - ушул Марк Твен менен менин жолум болбойт. Анын докладдарын дайым туруп угам.

Азилдер
Төлөгөн Касымбек уулуна
Такалуу өтүк кием деп,
Ташкенден кайыш издеген.
Куруттай санап тарыхты,
Курманжан баскан из менен.
Амалкөйлөнүп алганда,
Абил бий ага түтпөгөн.
"Сынган кылыч", "Келкелдин"
сыясы калып бүтпөгөн.
Төгүлүп турган күндөрдүн-
төрт амалын табалбай,
Төкөң да өтөөр биз менен!

Эрнист Турсун уулуна
Аттанып жөн-жай жүрбөгөн,
Алеки саатта кирдеген.
Чубактай эргул баштанып,
чуулдаңсыз жүрбөгөн.
Билинип изим калат деп,
Бир жерге турпак үйбөгөн.
Санжыраны баш кылып,
Сайратып айтып түрдөгөн.
Көпсө жазып роман,
Көгөрүп алса ыр жазып,
Көңүлү чакта которуп,
Көчүгү жерге тийбеген.
Куранды жазып ыр менен
өзү
"Кул-ху-аллау-аходды" билбеген.
Аятты жазып ыр менен
өзү
"Алхамдини" билбеген.
Ээленип алса бир күнү,
Эрнис да өтөөр дүйнөдөн!

Орозбай Көчкөнов


Көңүл бургула! Конкурс, конкурс…
"Боло берет турмушта, особенно кыргызда" аттуу эң кызыктуу күлкүлүү окуяларга конкурс жарыялайбыз. Эң мыкты деп табылган авторлордун чөнтөк телефонуна 100 бирдиктен жөнөтүп турмакчыбыз. Sms аркылуу 0772624855 номерине жөнөтсөңүздөр. Эгер почта аркылуу кат жазсаңар биздин абоненттик ящик: Бишкек - 48 А/Я 1551 же болбосо 44-98-21 телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган Алмазбек Эркебай










??.??