Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Дарамет

Ырчы Ильяз Абдыразаков:
"Кыргыз кыздарынан өтөөрү жок"
Алты жашынан ырдап, алтынчы классынан аранжировка жасап "Арман, арман" деген кайрыктары менен канчалаган кыздардын сезимине бүлүк салып, жүрөгүнүн тынчын алган Ильяз Абдыразаков бүгүн бизде мейманда.

- Ильяз жакында концерт тартуулаганы жатыптырсың. Сөз башында концертиңдеги өзгөчөлүктөр жөнүндө айтып өтсөң?
-Жаз жарыш, күз күрөш демекчи, эмгекчил элимди эс алдырайын деген ниетте октябрь айын тандап алдым. Мында жалаң гана жаңы ырлар ырдалат. Дагы бир өзгөчөлүк, казак ырчысы Кайрат Нуртас да конок болуп келет.
- Көз ачып жумганча жөжөнү күздө саначу учур да келип жетти. Сурайын дегеним быйылкы чыгармачылыгыңдын жемиши кандай?
Жаз айынан тартып ушул концертке даярдануунун аракетин көрүп келдим. Канчалык деңгээлде эмгектенгениме алдыдагы концертимде күбө болосуздар. Бу жылы обон жазып, аранжировка жасагандан колум бошогон жок.Болгону 15 күнчө Баткен жергесинде гастролдо болдум.
- Айтмакчы, Баткенди кыдырып жүргөн кезиңде кайсы бир айылда Ильязга таш атышыптыр деген имиштерди угуп калдык.Ушул ыраспы?
-(Күлүп) муну кайдан угуп алдыңыздар. Бул Баткендин Самаркандек деген айылында болгон окуя.
- Өлкөбүздүн алыскы айылдарындагы калкыбыздын көңүлүн ачып, жарпын жазайын деген жакшы ниет менен эле чын-жүрөгүмдөн берилип ырдап жатсам эл тараптан сахнага карай таш ыргыта башташты. Бир кезде соткага тартып жаткан кыздардын бирөөсүнүн соткасына тийип, телефону сынып калды. Андан көп өтпөй алдыңкы катарда бир киши баласын көтөрүп турган. Таш дал ошол кичинекей балага тийди. Анын баарын көрүп эми мага тийбестир деген ой менен ырдап атсам концерт бүтөөрүнө жарым саат калганда бир чоң таш келип бутума тийди эле, аппараттарды өчүрүп таштап жыйнаштырып кетип калдым. Ошондо сахнага он бештей таш ыргытылса, ошонун эң чоңу мага тийген. Муну менен бүт айылдын атын булгай албайм, "бир карын майды бир кумалак чиритет" болуп, бул жинди сууга тоюп алган 2-3 адамдын кылган иш болду. Ким экенин билбегенден кийин эч кандай чара деле колдоно алган жокмун. Мас адамга теңелет белем.
- Ошондон кийин гастролду токтоттуңбу анан...
- Эмнеге антмек элем. "Беш кол тең эмес да" Андан кийин башка айылдарды кыдырдык. Элдин суроосу боюнча бир күндө 2 жолу концерт койгон учурлар болду.
- Биздин окурмандардын ичинде сени кумир туткан күйөрмандарың арбын экенинин байкадык. Ал тургай бир бөлмөсүн архив кылып алган кыздар да бар экен.Ушундай күйөрмандарың менен сыймыктанасыңбы?
Албетте, чыгармачыл адамдар үчүн мындай колдоп-коштоолор дем күч берип, шыгыңа-шык кошуп, алга сүрөйт,
Учурдан пайдаланып, мени сүйүп калган эмес, чыгармачылыгымды, талантымды баалаган селкилерге ыраазычылык билдирип мен сиздер менен биргемин дегим келет.
-Эмнеге "сүйүп калган эмес" деп, айтып жатасың? Балким сенин болочок жарың күйөрмандарыңдын арасындадыр...
-Туура, Алла Таала маңдайыбызга эмнени жазса ошону көрөбүз.
Мени сүйүп калган эмес дегенимдин себеби, мен бир Ильязмын, менин бир гана жүрөгүм бар. Ошондуктан алардын баарын жүрөгүмө батыра албайм, болсом бир гана адамдыкы болом. Калганынын жүрөгүн оорутуп, ыйлаткым келбейт, алардын назик жүрөгүн аяйм. Мен кыздардын сезимин абдан жакшы түшүнөм. Алар ишенчээк, кыялкеч келип, бир сүйсө катуу сүйүп алышат.
- Кино жаатында да өзүңдү сынап көрдүң окшойт. Ушул жолду улантайын деген оюң барбы?
- "Чымчыкты сойсо да, касапчы сойсун"- деген сөз тегин жерден чыкпаптыр. Чынын айтсам ырчыларга киного тартылган жарашпайт экен. Маселен: Мага "Кайып булактагы" өзүмдүн образым жаккан жок. Өзүмө ушундай сын көз караш менен карап , кийинки сунуштарды четке кактым. Негизи ырчынын ырчы бойдон эле калганы жакшы экен.
-Чет өлкөгө чакыруулар болдубу?
- Казакстанга келишимдин негизинде иштөөгө сунуштар болгон, бирок мени алардын койгон талабы канааттандырган жок. Анткени ал жакта кыргызча эмес 90пайыз казак тилинде ырдаш керек экен. Кичинекей акча үчүн бөтөн тилде ырдап, бөтөн элге кызмат кылгым келген жок.
-Бул жагынан патриоттук кылыпсың. Эгер башка улуттун кызын сүйүп калсаң, баш кошот белең?
-Мм... сүйүп калсамбы... Кыйын суроо болуп жатат. Эгер ошол кыз татыктуу аял болооруна көзүм жетсе, үйлөнмөкмүн. Бирок баары бир кыргыз кыздарынан өтөөрү жок. Акылдуу десең акылдуу, ыймандуу десең ыймандуу, сулуу десең сулуу өзүбүздүн кыздарыбыз турганда башкалардан бакыт издеп эмне кылам.
-Адамдагы эң улуу сапат кайсыл деп ойлойсуң?
-Менин түшүнүгүмдө -адамгерчилик.
- Сүйүнгөндө же кайгырганда кантип бугуңду чыгарасың?
- Сүйүнгөндө ыйлап жиберем, кайгырганда үнүмдү бийик чыгарып бакырып алам.

Блиц -анкета
Туулган жери - Баткен облусунун Кызыл- Кыя шаары
Ыйык туткан инсаны -ата-энеси
Баалаган саясатчысы- Адахан Мадумаров
Ишенгени- Кудай
Эңсегени- эл үчүн кызмат кылып, эмгегин сиңирүү
Кубанганы- заманыбыздын тынчтыгы
Жашоодогу урааны- Барга көппө, жокко чөкпө

Ж.Калдарова










??.??