Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Кыргыз көчү

Өткөн тарыхка кылчайып карасак, ар бир учурдун өзүнүн мыйзамы, салты болуп келгенин тана албайбыз.
"Баарын убакыт дарылайт" деп айтылгандай, убакыттын өтүшү менен эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп өтпөдү. Бул дүйнөдөгү жашоо сапары карыган адамдардын ордун кийинки муун толуктап, күн өз нугунда айланып өтө берет тура.
Бизге чейин тоолуу аймагыбызда, сууга бай өлкөбүздө кимдер жашап өтпөгөн. Кыргыз тарыхында ысмы калган инсандарыбыздын басып өткөн жолунан кийинки муундарга сабак болсун үчүн үстүртөн баян кылып кетели деген изги ойдо, ушул рубриканы ачтык.

Алдаш Молдо Акыйкат акын эле
Чакан элибиздин тарыхында ысымы калган поэзия өкүлү Алдаш Молдо эл агартуу ишине туңгуч салым кошкон инсандарыбыздын бири экенин басым менен белгилей кетели. Убагында элге кадыры терең сиңген Алдаш Молдо демократ акын болуп, ыр менен чындыкты бетке айтып, көбүнчө калыстыгы жок, көр дүнүйөгө берилген бай-манаптарды сындап ырдап, көп эле жолу куугунга туш болуп, ошол кездеги чиновниктердин, тактап айтканда кедей-кембагалдардын канын каңдап соргон, ач көз байлардын кордугун жакшы эле көргөн. Бирок, өзүнүн актыгынан жазбай, бир беткей көргөнүн гана ырдаган калыс адам болгону айтылып жүрөт. Ал турсун ошол мезгилдеги падыша өкмөтүнүн колониялык саясаты, Россиянын коомдук өнүгүүсүнө тийгизген таасирин да сапаттап ырдаган.

Малайлыктын артынан жүрүп...
Алдаш Молдонун азан чакырылып коюлган ысымы Алдаяр Жээнике уулу болгон. Бара-бара баланын ысымы көмүскөдө калып, элге Алдаш Молдо болуп таанылып калган. Ал 1874-жылы Жээнике деген кедей кишинин үйүндө Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда төрөлгөн. Атасы Жээнике уулду болгондо чекеси жарыла сүйүнүп, өзүнүн каражатынын деңгээлинде балага той берип, элден бата алат. Өзгөчө ата үчүн уулду болуш өзүнчө бир бакыт эмеспи. Анын сыңары Жээнике да уулунун келечегин ойлоп, таттуу кыялга батып, Алдаштын билимдүү болушун тилек кылат. Бирок, кайран киши өзүнүн алдыга койгон көптөгөн тилектерине жеткен жок. Ооруп төшөк тартып жатып калат. Эгер ошол кезде азыркыдай медицина күчүндө болгондо, анда Жээнике, уулунун камын көрөт беле ким билет. Ичээр суусу түгөнгөн Жээнике жашоодогу сапары карып, каза болгондо Алдаш Молдо өспүрүм бала болчу. Атадан жаш, акылдан бош калган Алдаш, он үч жашка чыкканда, күнүмдүк жашоосунун айынан Өзүп деген молдонун отунун алып, малын багып, башка чапса кыңк этпеген малайлыктын жүгүн артынган.
Анткен менен Өзүп Молдодон беш жыл ичинде кат таанып, куран окуганга жарайт. Кийин Каракол шаарына барып, Көл өрөөнүнө белгилүү болгон Шакир дамбылданын медресесинен окуп, окуусун улантат. Ал жерден Алдаштын көңүлү өсүп, алган билими жогорулап, айылына келип балдарды окута баштайт.

Устаттык милдет
Убакыт учкан куш дегендей, учуру келгенде Алдаш эл оозуна тез алынат. Сен кедей, сен байдын баласысың деп бөлүп жарбай, окуйм дегендин баарын кабыл алып, текши билим берип, колунан келген аракетин жасаган. 1919-жылы Талды-Булак деген айылдын коктусуна мектеп салат. Ошол эле учурда өзүнүн билимин жогорулатыш үчүн Алматы шаарын көздөй бет алып, ал жактан Кызыл мугалимдерди даярдоо курсун бүтүрүп келет. Билим алган сайын Алдаштын аң-сезими кеңейип, көптөгөн адамдар менен пикир алышат. Бир жолу Алматы калаасынан өзүн окуткан татар мугалими менен кенен олтуруп сүйлөшүп калганда, ал устаты:
- "Алдаш, сен бүгүнкү жашоо менен эмес, келечек менен жаша. Сенден көптөгөн балдар билим алат. Аларга сен гана көптү үйрөтө аласың. Билим алган адам менен кат сабаты жоюлбаган адамдын айырмасы асман менен жердей. Азыр бийлик орустарда. Орус калкы улуу калк. Кийин казак, кыргыз бүт орус тилинде билим алып, тил өзгөрүлөт"-деп көп маанилүү сөздөрдү айтканда Алдаш Молдо муюп уккан. Алматыдан келгенде Алдаш өзүнүн жоопкерчилиги жогору экенин билип, өмүрүн мугалимдикке арнап, бүт дити менен берилген устаттык милдетин артынат. Бара-бара Алдаш деген атына "молдо" деген сөз кошулуп Алдаш Молдо аталып калган. Анткени илгери мугалим дегенди Молдо деп аташчу эмес беле. Андан дагы Алдаш Молдо колуна комуз алып, ырдаганда эл кунт коюп укчу экен. Алдаш Молдо төкмө акын дагы болгонун эсибизден чыгарбасак. Азыр дагы Алдаш Молдонун калыстык менен ырдаган ырлары поэзия казынасында сакталуу.




  Аккан арыктан суу агат

Эл эгеси Хан Ормон
Тээ илгертен бери айтылган кеп бар "Ныязбектен сегиз бек, телегейи тегиз бек"-деп. Бул айтылган сөздүн артында эмне деген сөздүн учу жатат. Эгер терең анализдеп карасак учу кыйыры жетпеген бийиктик, көөнөрбөс талант, түгөнгүс кенч, сөз жетпеген асылдыкты байкасак болот. Дегеним бир эле убакта сегиз уулу эл башы болуп, кадыр-баркка кандай ата ээ болот? Хан Ормон биз кеп кылган Ныязбек атанын биринчи аялынан төрөлгөн. Айтмакчы Ныязбек ата төрт аял алган экен.
Бир күнү Хан Ормон аталаш бир тууганы, тактап айтканда атасынын экинчи аялынан төрөлгөн Стам деген иниси менен тогуз жаш курагында жылкы кайтармакка айылдан четтеп чыгат. Стам, Ормондон болгону эки жашка кичүү болот. Андыктан экөө дайыма бирге ойноп, бирге жүрүп көнүп калгандыктан жылкыга дагы чогуу жөнөшөт. Күүгүм кирип, көз байланып калган учурда эки өспүрүм минген аттарынын белин бошотуп, отко коюп коюшат да, маңдайкы бөксө тоону көздөй басышат. Анткени ал жакта ыктоо чоң таштын коңулу бар болчу. Экөө бир сыйра курсактарын тойгузуп узун сөзгө киришет. Бирок жылкыдан көздөрүн алышпай, аяр болушат. Түнкү соккон сыдырым желдин илеби денени ичиркенткени болбосо, айлана тынч. Убакыт түн ортосу болуп калган кезде жылкы үркүп калат. Жоо келгенин билген экөө дароо аттарына минишип, жоонун артынан түшүшөт. Бир учурда жылкыга тийген казактын баатыры менен беттешип, аны аттан түшүрүп, колу бутун таңып, үрккөн жылкыны кайрып келишет да, таң сөгүлүп келатканда, колго түшкөн туткунду атасынын эшигинин алдына алып келип таштап салышып, эс алганы үйгө киришет. Эртең менен эрте турган Ныязбек ата эшигинин алдындагы колу буту таңылып жаткан казактын баатырын таанып, аны менен учурашат. Ошондо казактын баатыры:
- Ныязбек, мени өлтүрсөң өлтүр, бирок, бир өтүнүчүмдү аткар, арманда кетпейин!-дейт, маанилүү сөз айтчудай. Ныязбек ата:
- Айт, айтчу сөзүңдү- деп суроолуу караганда, туткун жигит:
- Мүмкүн болсо колумдун таңуусун бошотуп койсоңуз деп өтүнөт. Колу бошогон туткун жигит кан жүгүрө баштаган колун жазып: Эми мага кечинде мени аттан түшүргөн эки баатырды көргөзүңүз, ушул жашка келгени аттан түшүп көргөн эмес элем. Эки баатырды көрмөйүн менин көңүлүм жайына келбейт го, -дейт. Ныязбек ата кыт-кыт күлүп, жигитине кайрылат:
- Ормон менен Стамды чакырчы-деп. Жаңы эле таттуу уйкунун жетегине кирип, уйкуга баш койгон экөө көздөрүн ушалап боз үйдөн чыгып келгенде, алиги казактын баатыры:
- Коюңузчу, мени ушу эки кичине бала аттан түшүрдүбү деп таң калып калат. Ныязбек ата:
- Ооба, кечинде жылкы кайтармай экөөнүн кезеги эле-дейт.
- Мен ишенбейм, ушул кантип болсун. Кечинде мага эки арстан кол салгандай эле болду. Жакындаганда эки арстандын ооздорунан кызыл жалын чыгып, эмне кылышты билбей калдым. Кантип колго түшкөнүмдү элестете албай жатам-дейт. Ныязбек ата эки уулуна карап:
- Кимиң биринчи кол салдың эле?-дегенде Стам:
- Мен ата-деп жооп берет. Ныязбек ата көңүлү жайдарылана:
- Эмне деп ураан чакырдың эле?-деп кайра суроо узатат. Стам:
- Оозума "Ормон" деген сөз келип "Ормон" деп ураан чакырдым-дегенде Ныязбек ата:
- Кап балам, жакындап келген сыймыкты өзүңдөн оолактатып алган турбайсыңбы. Эми Ормондун аты алыска жеткен эл эгеси болот. Эгер өзүңдүн атыңды айтып ураан чакырганыңда, сенин даражаң Ормондун даражасынан да жогору болмок. Эми Ормон хан болчудай болуп калды-деп Ормонго батасын берген экен. Анткени Ныязбек ата алдыны көрө билген олуя да адам болгону да айтыла калып жүрөт. Ал эми казактын баатыры "Болду эми менден сыймык качты, экинчи жылкыга аттанбайм"-деп ал жерден сый көрүп, үйүнө кайткан экен. Хан Ормондун ошол окуядан кийин ооматы өсүп, элге тез алына баштаптыр. Көрсө хан болуучу уулга дагы бир нерсе түрткү болот турбайбы.
Гезитибиздин кийинки санында Төрөгелди баатыр жөнүндө сөз улайбыз.

Даярдаган Бердикожо Бийназаров










??.??