Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Классташ

Бир партада олтуруп,
Сырынды билип алганмын
"Мык" деген интермедиясы менен күлкү сүйүүчүлөрүнүн купулуна толгон белгилүү "Орок- балка" куудулдар тобунун куудулу Айылчы Орозалиевди тааныбаган жан жоктур. Куудулдун күйөрмандары үчүн анын бал тамган балалык чагы, окуучулук мезгили кызык болсо керек. Мына ушул багытта сөз кылуу үчүн Айылчынын өзү айткандай бир тууган классташы Мукаш Токтобаевди кепке тарттык.

"Айылчы мектептин "универсалы" болчу"
Айылда Тажибай дешет
Быссымылда дегенде эле Айылчынын төрөлүшүнөн баштайынчы. Апасы кош бойлуу кезинде таякесинин үйүнө тойго барганда (улуу сөздө уят жок) "Бороонду күндө бок кычайт" болуп ошол жерден көз жарган экен. Ошондон улам атасы Айылчы деген ысым бериптир. Атына заты жарашып бүгүнкү күнгө чейин Айылчы досумдун айылдан, тойдон колу бошобойт. Бирок, айылда Айылчыны Тажибай дешет. Айылчы десең эч ким тааныбайт. Айылчы экөөбүз жаңыдан там-туң басып кадам шилтеген кезден чогуу өсүп, Алай районунун Кең-Жылга айылынын "Кең-Жылга" орто мектебинде бир класста 10 жыл окудук. Бул мектепте окуп жүргөндө эле шайыр, куудул чалыш болчу. Биз мектепке 12де келсек, ал 11 де келип классыбызды жаңыртып ырдап турчу. Болоор бала жашынан демекчи ошондо эле "чымыны" бар эле. Класстар аралык КВН болуп калганда элдер бир ыр ырдаса Айылчы эки ыр ырдап, башкалар бир декламация айтса, ал үчтү айтып жиберчү. Анан да интермедиянын баарын өзүнө менчиктештирип алган. Ичине жаздык тыга салып семиз киши боло койсо деле жараша берчү. Боёп койсо кыз, чачын тике көтөрүп койсо маймыл, таяк таянса чал болуп калат эле. Кыскача айтканда Айылчы мектептин универсалы болчу.

Сайдан жөрмөлөп чыкканда...
Айылчы досум доктурлар келатканда жан алгыч келаткандай чаңырып каччу. Ийне саят деген сөздү укканда партанын түбүнөн сойлоп отуруп качып чыгып, мектептин алдындагы бактын арыгына жатып жан сактачу. Ошол жерде бир саат болсо, бир саат, эки саат болсо эки саат жатып сабак бүткөндөн кийин сумкасын көтөрүп чыгып кетчү. Анан дагы мушташкандан аябай коркот эле. Бир жолу кыштын күнү отурушка кетип атсак өзүбүздөн улуу балдар алдыбыздан тосуп алып чоңдугун көрсөтүп башташты. Каякка, кимдикине отурушка барасыңар десе эч кимибиз унчукпайбыз, бир маалда Айылчынын жанында турган баланы бир урса эле Айылчы жок. Бир карасак сайдан жан талашып жөрмөлөп чыгып баратыптыр. Анын кебетесин көрүп алып тиги балдар да күлүп жиберишти. Негизи Айылчы "разборка" болуп жаткан жерге такыр барчу эмес. Ошентип жүрүп мектепти бүткөнчө эч ким менен мушташкан жок.

Кычыраган кышта кыз күтөт эле
Андай болгону менен кыздарга өлгүдөй тийишчү. Көчөдө болобу, мектепте болобу байкуш кыздарды бакыртып кубалап жүрөт эле. Кыз жандуулугунанбы элге караганда буга сүйүү да эрте келди. 6-класста окуп жатканда өзүнөн бир жаш кичүү кызды жакшы көрүп калып түнүнүн көпчүлүгү ошол кыздын үйүнүн айланасында сүйгөнүн аңдып өттү. Атасынан жашынып чыгып, кычыраган кыштын ызгаардуу суугуна карабай кызына барат эле же ал кызы чыгып койсо гана. Жолукмак түгүл караанын да көрсөтчү эмес. Бир убакка чейин тура берип сууктан өтүгүнүн башы кайкалап, артка кайрылып калчу, бутунун учунда болсо жан жок, качан эле үшүп тоңуп калган. Ошол түнкү сууктан эртеси ооруп, жөтөл басып сабакка барбай калчу. Чынын айтсам бу тоок сүйүү мектепти бүткөнчө айылдагы кыздардын жарымынан көбүн сүйдү окшойт.

Талмасы бар Айылчы
Сабактан качканды Айылчы экөөбүз 2-класста эле баштаганбыз. Бир ирет адатыбызча качып баратсак эжекебиз көрүп калып колубуздан жетелеп келген. Анан доскага чыгарып туруп мага отургучту, Айылчыга швабраны көтөртүп койду эле суу болгон тряпка Айылчынын башына түшүп окуучулардын баарына күлкү болгонбуз. Үйрөнгөн адат калабы дегендей ушундай жаза менен эле оңолуп кетсек гана тескерисинче күчөйт элек. Эсимде, анда 9-класс болчубуз. Орус тилге катышпай качып кеттик. Орус тилинен Тынчы деген агайыбыз берет эле. Ал дайыма желкеге урчу. Эртеси күнү качып кеткен 8 баланы тизип алып чекеден уруп баштады. Айылчы төртүнчү турган болчу. Бир кезде Айылчыга келип желкесине чапканда эле шарт жыгылып эси ооп калды. Көтөрсөк шалактап атат, агай коркуп кеткенинен, "Айланайын эми урсам өлөйүн" деп жалынып өңү бозоруп кетти. Анан бир убакта бетине чапкылап, суу чачып атып араң эсине келтиргенбиз. Ошондон кийин мугалимдер Айылчынын талмасы бар дешип кол көтөрүшкөн жок. Бирок, Айылчы анда жөн гана агайды коркуткан экен. Көрдүңүзбү фантазиясы кандай күчтүү болгонун.

Түзөлбөгөн ийри жыгачтар
Өзү аябай эле жанын жегендей шок класс болчубуз. Алгебрадан берген Эсен деген агайыбыз "Силер жогорку окуу жайынан үмүт кылбай эле койгула, андан көрө убактыңарды коротпой азыртадан айры-кетмениңерди көтөрүп алып, айыл-чарбасына кезекке тура бергиле"-дейт эле. Тажаганда доскага эсепти чыгарып туруп ушуну көчүрүп алгылачы дечү. Ошол даяр нерсени да Айылчы көчүргөндөн зерикчү. Анан сабак сураганда башын кашылап же болбосо тырмагын чукулап туруп берчү. Мугалимдерибиз силер адам болбойсуңар, түзөлбөгөн ийри жыгачсыңар деп урушчу.

Айылчынын арманы...
Орус тилдин кадырын институтта окуп жүргөндө билдим. Орус тилдин "О" тамгасын эми үйрөнгөн кезде Светлана деген эжейибиз Орозолиев бери кел деп мени тургузуп алып лекцияны колума кармата салып "оку" деди. Кызарып-татарып аксент менен онтолоп окуп киргенимде орустар унчукпай отурса, ары жок кыргыздар аудиторияны башына кийип каткырып жатып калышты. Ошондо чындап намысыма келип түн-күн дебей изденип окуганым эсимде. Мурда агай оку дегенде эмнеге окуган жокмун деп көпкө чейин арман кылып жүрдүм дейт Айылчы куудул.

Ж. Калдарова










??.??