Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Спорт

Спорт жаңылыктары
Кыргызстанда
футбол
Бишкекте футбол боюнча АФК президентинин кубогунун жарым финалдык беттешүүлөрү жана финалы болуп өттү. Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы азиялык таймашта Тажикстандын чемпиону "Регар" командасы менен Түркмөнстандын чемпиону "Ашхабат" командасы жана Нарындын "Дордой Динамо" командасы Неаполдун чемпиону "Неаполис клаб" командасы менен ойношту. Биринчи жарым финалдан "Регар" "Ашхабатты" 3-2 эсебинде утуп финалга чыкса, экинчи жарым финалдан "Дордой Динамо" "Неаполис клабды" 3-1 эсебинде утуп, финалга чыкты. Ал эми финал "Дордой Динамо" менен "Регардын" ортосунда өтүп, натыйжада 5-4 эсебинде Регар жеңишке жетип, 50 миң доллар, кубок менен сыйланса, Дордой Динамо 25 миң долларга ээ болду.

Бокс
Көп жылдан бери профессионалдык бокста жүргөн жердешибиз Алмаз Раимкулов 19-сентябрда Невада штатынын Примм шаарында Хавьера Хауреги менен болгон беттешүүсүндө жеңишке жетти. Мушташ 10 раундга созулуп, калыстардын баасында Алмаз жеңишке ээ болду. Бул Алмаздын 2005-жылдан бери 7 жолку катары менен жеңиши болуп саналат. А.Раимкулов WBA боюнча 7-орунда, IBFтен 13-орунда ал эми WBС версиясы боюнча 11-орунда турат.

Веложарыш
Кыргызстандык Евгений Ваккер Францияда өткөн веложарышта 26 спортсмендин арасынан 9-келди. 34 км. аралыкты 42,47 секкундда басып өтүп, сегиз оюнчудан кийин марага келди. Евро турга кирген бул жарышта 14 мамлекеттен 26 спортсмен катышкан. Баш байгени италиялык Адриано Малори утуп кетти.

Таэквон-до
Италиянын Рива Дель Гардо шаарында 15-19-октябрда Таэквон-до боюнча дүйнө кубогу болот. Ошого карата азыркы учурда катуу даярдык жүрүп жатканын Таэквон-до федерациясынын президенти Эдуард Хегай менен курама команданын башкы тренери Нуриса Мамбеталиевалар билдиришти. Аталган чемпионатка Кыргызстандан 20 спортсмен бара турганын, алардын барып келиши ар бир спортсменге 1200 евродон сарпталаарын, 6 гана спортсмендин чыгымын спонсорлор (анын ичинен 3өөнү комитет тарабынан, 3өө "Биек-Карго" тарабынан) көтөрсө калган 14 спортсмен өз чөнтөгүнөн барып келүүгө туура келүүдө.




Бокс
Матвей эми чоң боксчу
75 кг салмак боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, 25 жаштагы россиялык боксер Матвей Коробов өзүнүн карьерасын эми профессионалдык бокстан уланта турган болду. Ал Америкалык Top Rank промоутерлик компания менен контракт түздү. Анын менеджери болуп Кэмерон Данкин дайындалды.

К2 кимдин компаниясы?
Бир тууган Кличколорго таандык промоутерлик компаниясы 13-декабрда Германияда өтө турган Владимир Кличко менен Александр Поветкиндин ортосундагы IBF версиясы боюнча дүйнө чемпионаттыгына болгон мушташты уюштуруу жана өткөрүү иштерин мойнуна алып олтурат. Бул үчүн К2 компаниясы 13,5 миллион доллар сунуш кылган, ал эми Поветкиндин промоутери Вильфрид Зауэрланд болсо 8,5 миллион доллар сунуштаган.

Футбол:
"Днепрдин" чабуулчусу жаракат алды
"Днепрдин" чабуулчусу, россиялык Сергей Самодин жыл аягына чейин ойнобой турган болду. Ал машыгуу учурунда тизесинен катуу жаракат алып, азыркы учурда Германияга текшерүүдөн өтүп, операция жасатканы кетти. Анын оюнга кайра качан кайтып келиши азырынча белгисиз. Алган жараатын көргөн адистер ал жазындагы сезондон баштап оюн талаасына чыгат деп болжошууда.

Зырянов наристелүү болду
"Зениттин" жарым коргоочусу Константин Зыряновдун кубанычы койнуна батпай турган учуру. Жубайы жакында көз жарып, уулдуу болду. Атын Лев деп аташты. Бул жакынкы арада боло турган оюндун алдында аябай дем-күч берип олтурат.

Хоккей
Масальскис үч ай ойнобойт
Риганын "Динамо" командасынын дарбазачысы Эдгарс Масальскис жакында көчөдөн бейбаштардын колуна түшүп бир топ тепки жеген. Анын натыйжасында алаканы сынып, операция жасатууга туура келип олтурат. "Динамо" Нижегороддун "Торпедо" командасын 4-1 эсебинде утуп алып, ийгилигин жууп ресторанга барган. Андан чыгып үйүнө келе жатканда 5-6 адам келип төпөштөп кеткен.

Теннис
Сафина Токиодогу турнирде утту
Токиодо өткөн теннис боюнча турнирде Динара Сафина өзүнүн мекендеши Светлана Кузнецованы жеңип алды.
22 жаштагы спортсменканын бул сезондо төртүнчү жолку, ал эми карьерасында тогузунчу жеңиши болуп саналат.
Бул оюнда байге фонду - 1 340 000 АКШ долларын түзгөн.




Маха шермат ким болгон?
Маха Шермат 1966-жылы Кыргызстанда туулган. Бала кезинен Москвага барып ошол жерде жашап калат. Ал кыргызстанда жүргөндө эле бокс менен машыга баштап, кийин Москвада улантат. Спорттогу ийгиликтерине ишенип армияга барбай койбой, армияда кызмат кылат. Болгондо да Афганистанда. Армиядан келгенден кийин спорттогу карьерасын улантат. Кайра куруу мезгилине туш келген тагдырында спортко көңүл бурулбаганда көңүлү калып, Алла Пугачеванын театрында жансакчы (телохранитель) андан тышкары Игорь Тальков, Николай Расторгуевдер менен да иштешет.
Андан соң киного каскадер болуп тартылат. Андан тапкандары үй-бүлөсүн бакканга жетишпегендиктен бардыгын таштап, өзүнүн спорттогу жетишкендиктерине ишенип Америкага барып акча табууну көздөйт. Кикбоксинг боюнча Американын эки жолку чемпиону болот. Россияга кайтып келип, Маха жаш балдарга тренер болуп иштөө менен бирге профессионал спортсмендер менен иштешип калат. Азыркы учурда Москванын бир мектебинде тренер жана окутуучу болуп эмгектенип, өз алдынча ыкма менен кээ бирлерин машыктырып жүрөт. Азыр ал эл аралык класстагы спорт чебери, тренерлик стажы 14 жылга чукулдап калды. Ал кикбоксинг боюнча АКШнын, Австралиянын жана Финляндиянын курама командалары менен тыгыз иштешкен. Константин Цзюну аренага алып чыкканга бир топ салым кошкон жана ага каршы мушташкан бир топ балдарды тарбиялаган. Ошонун натыйжасында Константин Цзю профессионалдар арасында дүйнөнүн абсолюттук чемпиондугуна чейин көтөрүлгөн.
Ошондой эле Маха Россиядагы бирден-бир профессионалдык промоутер болуп саналат. Анын демилгеси менен 13 турнир өткөрүлгөн. Россия эстрада жылдыздары катышкан бокс боюнча шоуну да Маха уюштурган. Россияда биринчи профессионалдык спорттун түрүнө кирген кикбоксингди жайылтууга эмгегин арнаган. Алгачкы жолу кикбоксерлердун лигасы түзүлүп, ага мурдагы каратисттер, боксерлер, балбандар менен кошо эле эмгеги сиңген спортсмендердин катары менен толукталат. Анын арасында Маха Шермат да бар эле. Аталган лиганын демилгеси менен бир топ чемпионаттар өткөрүлүп, ага конок катары белгилүү актерлор, спортсмендер чакырылган. Алар Чак Норрис, Бенни Уркидес, Дон "Дракон" Уилсон, Жан-Клод Ван Дамм. Ошол жылы чемпионаттарда профессионалдык кикбокстан дүйнөнүн жана Европанын чемпиондору Вадим Украинцев, Евгений Киселевдердин катарында Маханын шакирти Александр Иванов да болгон.
Өзүнүн машыктыруучулук кезинде бир топ дүйнөгө, Россияга белгилүү спортсмендерди тарбиялаган. Алар бокс боюнча Россиянын жаштар арасында чемпиону А. Локтев, кикбокс боюнча дүйнөнүн, европанын жана скандинавиянын чемпиону Пасси Ранталаны атасак болот. Ошондой эле Махадан таалим алган белгилүү боксерлор Завен Агасарян, Артем Римскийлерди да кошсок болот.