Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Тасма тарыхынан

Монтекристо
"Цирктин ханбийкеси" телесериалы аягына чыгаары менен сюжети, тартылганы жагынан андан ашса ашып, бирок кем калбаган "Монтекристо" сериалы көпчүлүгүбүздүн көңүл борборубузду ээлөөдө. Сүйүү, достук темасы эң жогорку деңгээлде чагылдырылган тасманын кызыктуу таржымалы менен тааныштырабыз.

Кыскача мазмуну
Бир топ жыл мурун Илья Орловдун бала сатып кылмыш дүйнөсүнө аралашып, бир топ адамдын убалына калып жүргөнү адвокат Владимир Крыловго маалым. Шибегени капка катууга аракет кылган Ильянын айыбын ачуунун аракетин көрөт. Бирок анын жалгыз уулу Андрей Крылов кылмышкердин баласы Максим Орловдун жан кыйбас досу. Эки достун ортосу алгач ажырагыстай туюлса… кийинчерээк убакыттын өтүшү менен экөөнүн жашоосу 190 градуска бурулат.
Мароккого мелдешке барган досу менен Максим атасы Ильянын үндөөсү менен Андрейди өлүмгө түртүп, андан кутулууну максат кылат. Анткени Андрей сүйгөн Ольга аттуу кызды Максим да чын жүрөгүнөн жактырып, анын жүрөгүнөн түнөк табуунун айласын көздөйт.
Бирок, таш боорлук менен досунун түбүнө жеттим деп ойлогон Максимдин тилегинин ишке ашышы оңойго турбайт, себеби анын өлгөн досу 10 жылдан кийин кайтып келип, Максим жана Илья Орловдордон өч алуунун камын жейт.

Фильмди тартуунун идеясы
Александр Дюманын эмгегинен жаралган чыгарманы заманбап стилде тартуу алгач Аргентинадагы көзгө басар режиссёрлордун оюна келген. 2006-жылы биринчи жолу теледен "Монтекристо"; "Сүйүү жана кек" деген аталыштагы кино жарык көргөндө бул тасманы Аргентинанын теңинен көбү сүйүп көрө башташат. Башкы ролдо Наталья Орейронун сүйүктүүсү Пабло Эчарри тартылган. Ошондон улам бул тасма көз ачып жумганча популярдуу болгонун түшүнсө болот. Кино тартылып жаткан учурда Аргентинада киши уурдаган аябай күч болгондуктан чыныгы жашоодогу оор абал сериалда өтө курч чагылдырылып берилген. Кино тартып жаткан топ жакын туугандары жоголгон адамдардын урматына бир нече кайрымдуулук акциясын жана айрым жерлерди кыдырып бекер концерттерди өткөрүшкөн. Мындай жагдай аларга албетте чоң колдоо болуп, көтөрмөлөгөн.
Андан соң бул кино Мексика, Чили, Партугалияга шамалдай тарайт. Бул аймактарда да жашоодон алынган окуялар обьективдүү көрсөтүлгөндүктөн уламбы айтор, калк кинону эң жакшы кабыл алышат. Бул жылы гана белгилүү "Монтекристо" орус элине жетип отурат. Бирок, башкалардан айырмаланып киши уурдоо маселесинин ордуна наристелерди койгон. Буга да негиз бар, анткени Россияда дал ушул маселе глобалдуу болуп саналат.

Катуу өткөн кастинг
Тасма жогорку деңгээлде тартылыш үчүн актёрлор өз ролдорун өтө жакшы аткарышы керек экендигинде талаш жок. Эң жакшы актерлорду тартуучу топ үч ай бою издешкен. Аягында кастинг аркылуу башкы каармандын ролун жаратышка көпчүлүк сүйүп кадырлаган актер Илья Шакуновду тандашат. 57 актёрдун ичинен тандалган Илья тасмага тартылууну мурда эле кыялданып жүргөнүн билдирген. Таланты, актёрдук жөндөмү жактан кем калбаган Дмитрий Миллерди режиссёр ири суммадагы гонорарды убада кылып алып келген. Анткени бул учурда Дмитрий Миллер тарыхый киного тартылып жаткан кези болчу. Ал эми Ольганын ролуна сүйкүмдүү актриса Светлана Андреева кастингге катышкан 32 актрисанын ичинен алдыга озуп чыгып, таланты менен көпчүлүктү таң калтыра алган. Аны менен бирге кастингге кыргыз элине аттын кашкасындай таанылган актрисалар Мария Голубкаина, Наталья Антоновна, Юлия Зимина, Нана Кикнадзелер ат салышкан.




Светлана Антоновна (Ольга Орлова)
1979-жылы 10-декабрда Москвада төрөлүп, чоңойгон.
"Менин аткарган ролум адамдын аң-сезимине аябай оор таасир тийгизет. Ольга өзү травматолог болуп оорулууларга жардам берип жаткандыгына карабай ошол эле учурда өзү да психологдун жардамына муктаж. Мен бул ролду алгач ойноого макулдугумду бергенде анын мынчалык деңгээлде оор болоорун ойлобоптурмун. Жашоо турмушу талкаланган адамдын образын жаратыш мага оңойго турган жок" дейт актриса.

Илья Шакунов (Андрей Крылов)
1970-жылы 13-августта Ленинградда төрөлгөн. Буга чейин "Умнажающий печаль" аттуу тасмага тартылып элдин көңүлүн өзүнө бурган.
"Мен аткарган Андрей Крыловдун ролу бир топ оор болсо да башкы каарман болгон үчүн колумдан келишинче берилип аткарып жаттым. Өч алуу менен сүйүүгө курчалып эки анжы ойдо болгон каарман аягында аябай жаман абалда калат. Менин оюмча башка өлкөлөрдүкүнөн айырмаланып биздин сериалда адамдын психологиясына таасир тийгизүүчү жагдайлар өтө көп".

Дмитрий Миллер (Максим Орлов)
1972-жылы Москвада жарык дүйнөгө келген. 2001-2005-жылга чейин "На басманной" аттуу музыкалык театрда эмгектенген. Кино дүйнөсүнө аралашканына 2 жылдын жүзү болду.
"Жалпы жонунан алганда тасмага тартылуу мага анча деле кыйынчылык жараткан жок. Ал эми Максим негизинен анчалык деле жаман адам эмес, болгону ал кичине алсыз. Мен ага боор оору менен карайм. Бирок белгилей кетчү нерсе мен өзүмдүн каарманыма чыныгы жашоодо такыр окшобойм. Дмитрий Миллер башкача адам" дейт тамаша-чыны аралаш Дмитрий.




Тасмада кеткен кемчиликтер
Андрей Мароккодо суунун жээгинде жатканда кеч күз болуп элдер жылуу тончон жүрүшсө, эмнегедир Виктория жалаң кат жемпирчен чуркап жүргөн болот.
Бейтапканада жаткан оорулуу Андрейдин акыркы жолу качан тамактанганы белгисиз. Көрүүчүлөр аны акыркы жолу сууга секирип түшүп, жээкке сүзүп чыкканда бир көрүшөт. Тамактанбай коридорго алы жок араң басып чыкса, кийинчерээк шайдоот шаардын ичин аралап жүрөт.
Кайдан-жайдан телефондук картаны алып Москвадагы өз үйүнө чалат. 10 жыл бою телефондун картасын түрмөдө сактап жүргөнбү?
Викториянын бөлмөсүнө киргенде сууну агызып колун жууп баштайт, көп жылдан бери кычы баскан колу самынсыз эле суу менен таптаза болуп калганы түшүнүксүз.
Ал эми бетиндеги күйүк адегенде сол жагында болсо, кийинчерээк оң жагында болуп, кийин кайра сол жагында көрсөтүлүп, айтор көрүүчүлөрдүн башын бир топ эле айландырышкан. Бул чоң одоно катаны ар бир экинчи көрүүчү байкай алат.
Викториянын колунан уюлдук телефонду алып, атасынын номерин терет, трубканын ары жагынан "абонент жооп бере албайт" деген жоопту укканда Викага муну кантип өчүрөт, колдонушту билбейм деп кайра ага телефонун сунат. Карточканы мыкты колдонгонду билген адамга уюлдук телефон да кеппи?
Мерседестин артында отурган Андрей башына капюшонун кийип турган болот. Ал эми машиненин айнеги түшөөрү менен ал да капюшонун чечет. Мында капюшончон отуруунун канчалык зарылчылыгы бар эле.
Чиркөөчү Петр Марияга "Ольгага телефон чал" деп суранат. Мария Ольга менен телефондон сүйлөшүп жатып уруша кетет да, өзү биринчи телефон чалган Мария Ольгага- "Мага экинчи телефон чалба" деп кыйкырат. Мына ушул көрүнүштөрдүн баарын кинодогу кемчиликтер деп айтууга болот.

Анара Дүйшөналиева











??.??





??.??