Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Шумдугуң кур

Бала Тагдырын тобокелге салган айымдар
Жашоонун маңызын түзүп, көркүн ачкан наристелердин күлкүсү ар бир үйдө эле тилекке каршы жаңыра бербейт экен. "Балалуу үй базар, баласыз үй мазар" демекчи жарыкчылыкта кубат берген балдарды ар ким акылы, алы жеткен жол менен табышат тура.

Пайда болуу тарыхы
Тукумсуздук деген көйгөй илгертеден бери эле адамдардын бактысын бууган көрүнүш болуп келет. Бирөөнүн бактысы үчүн башкалардын кызыкчылыгын курмандыкка чалуу деген түшүнүк байыркы адамдарда эле пайда болуптур. Бул сүйлөмдүн түз маанисин тактап өтсөк, мындан жүздөгөн жылдар мурун байлыгы бар, бирок бактысы жок адамдар кол алдында иштеген малай, күң кыздарды да пайдаланышкан. Албетте, тогуз ай көтөрүп омурткасы сыздап төрөгөн наристесин энеси талашкан мындай учурда аларды тымызын наристесинен да, жашоосунан да ажыратып койгон учурлар жүздөп, миңдеп саналат.
Замандын өзгөрүшү, адамдардын аң сезиминин өсүшү менен заманбап айымдар жогоркудай кадамдарга өз эрки, каалоосу менен бара башташты.

Чөнтөгүңө жараша чүрпөлүү болосуң
Учурда мындай жол менен балалуу болгусу келген үй-бүлөлөр ири суммадагы акча камдоого тийиш. Эгерде кээ бир мамлекеттердин абалына көз чаптырсак Россияда бул кызмат 25 миң доллар турса, Индия менен Бразилияда 15-30 миң долларды чапчыйт. Америка Кошмо Штаттарында болсо 120 миң доллардан ашык акча алмайынча айымдар тагдырын тобокелге салышпайт.
Ал эми Австралия, Норвегия, Швеция, Францияда биологиялык жол менен жаралган баланы соода жолуна салууга катуу тыюу салынган, тагыраак айтканда төрөп берген аял акча албастан жөн гана балалуу боло албай жүргөн үй- бүлөгө кайрымдуулук катары "белек" кылат.

Келишимдин негизинде төрөгөн аялдар:
l Тогуз ай бою сатып алган, бүлө тапкан гинекологдун көзөмөлүндө болуу;
l Эч кимге үй-бүлөнүн аты-жөнүн, таржымалын ачыкка чыгарып жар салбоо. Себеби мындай жагдайда ал келишимди бузган болуп эсептелет да, бала төрөп берүүчү аялды сотко берүүгө толук акысы бар;
l Бала жарык дүйнөгө келгенден кийин аны ошол замат "өз ата-энесине" өткөзүп бериш керек да, балага экинчи кайрылбоосу керек. Анткени көп учурда наристе жарык дүйнөгө келгенде энеси бир-эки күн эмизип багат да, жыйынтыгында энелик сезимдери ойгонуп баланы талашкан да кездер болот. Мындай "ыңгайсыз" жагдайга сот эч кандай чара колдоно албайт.
Ошон үчүн көпчүлүгү балага биологиялык энени жакын досторунун, туугандарынын, тааныштарынын арасынан издешсе, кийинчерээк эзели таанып көрбөгөн аялдарга качыра башташкан. Анткени алар менен мындай кооптуу кадамга барыш бир топ жеңил өңдөнөт.

Талаптар:
Албетте көп каражат алганга жараша эне болуучу аялдын ден соолугу бардык жагынан төп келиши абзел. Биринчи жашы 18 жаштан 25 жашка чейин болуш керек. Экинчиден психологиялык-моралдык жактан таза болуусу зарыл. Үчүнчүдөн эгер аял үй-бүлөлүү болсо күйөөсүнөн расмий түрдө уруксат алуусу керек.

Өз баласын өзгөгө өткөрүп…
- Кээ бир боорукер, түшүнүктүү үй-бүлөлөр жакшылык кылган, үйүнө кут алып келген аялга баланы өз колуна алгандан кийин деле үйүнө чакырышып, баласынын туулган күнүн чогуу белгилешет.
- Ал эми Грецияда болсо төрөгөн аял болсо багып алган үй-бүлө менен бирдей укукта эле баласын кошо тарбиялашып аны менен жашоого толук акысы бар. Ошол эле учурда ал көрсөткөн кызматы үчүн түшкө кирбеген өтө чоң өлчөмдөгү акча алат.
- Францияда болсо турмушка чыга элек жаш кыз жогоркудай жардам көрсөтсө анын турмушка чыгып үй-бүлө күтүүгө акысы жок. Мыйзам буга жол бербейт. Ошондон уламбы, мындай кызматты алар 10-15 жолу көрсөтө беришет. Алар өздөрүн кыйнабастан баланы операция жолу менен жарык дүйнөгө алып келишет.

Бала төрөп капчыгын толтургандар
Россиянын тургуну 33 жаштагы Татьяна Германиядан келген жаш үй-бүлөгө бала төрөп берүүгө келишим түзгөн. Мындан башка анын төрт баласы бар. Ал эми Германиялыктардан алган 30 миң долларын үй сатып алууга жумшайт. Анткени азыр алардын баш калкалаганга жери жок. Көрүнгөн ижарада жүрүшөт. Күйөөсү аялынын бул чечимине көңүл кош караган. Анткени үй сатып алууга анын алы келбесин жашырган эмес.
Австралияда күн кечирген Луиза жанын ушундай жол менен багып келет. Луизанын өзүнүн бир кызы бар. Апасынын ичиндеги бала каякка жоголгонун кызына түшүндүрүүгө акылы жетпегендиктен ичи билине баштаганда эле аны апасына жөнөтөт. Ал эми жакын досторунан бул жумушун кылдаттык менен жашырып келет. Учурда Луиза кызы экөө дүйнө жүзүндөгү эң кымбат деген үйдө баш калкалашып, кой үстүндө торгой жумурткалаган жыргалдуу заманда жашашат.
Швецияда жашаган Лугана эки жолу бала төрөгөн. Лугана ооруканада иштейт. Биринчисин 10 миң долларга төрөсө, экинчисин 18 миң долларга жарык дүйнөгө алып келген. Эки жолку төрөтү тең операция жолу менен өткөндүктөн Лугана бир топ эле ден соолугунан ажырап андан көп акчага чыгым болот. Эми анын мындай жол менен акча тапкандан көңүлү үч көчкөн журттай калган. Мындан тышкары баланы тартуу кылмак болгон айымдардын көпчүлүгү үй-бүлөнүн ыркын кетирип, күйөөсүн жетелеп кеткендер да жок эмес.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева