Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ала-Тоо койнунда
Бакиев Акаев эмесмин дейт
Курманбек Бакиев мөөнөтү бүткөн соң президенттикке барбайт.
Бул тууралуу өлкө башчысы Жалал-Абад облусун кыдырган учурда билдирди. Курманбек Бакиев президенттик шайлоо тууралуу да сөз кылып, оппозицияны конструктивдүү сын айтууга чакырды. Президенттикте түбөлүккө калайын деген ою жок экенин, Аскар Акаевге окшоп мөөнөтү бүткөндөн кийин деле "Мен мындай иштерди баштадым эле, аягына чыгайын" деп суранбай турганын билдирди.

Ун арзандаса да, нан арзандабады
Ун менен алектенген "Акун" фирмасынын президентинин айтымында буудайдын баасы дүйнөлүк базарда ылдыйлоо менен биздин базарда да төмөндөдү.
Казакстанда жаңы түшүмдүн жыйналышы менен баа эң төмөнкү чегине жетти окшойт. Казак өкмөтү өздөрүнүн базары үчүн 1 тонна буудайдын сатылуу баасын 250 доллар деп чек койду. Ал эми Кыргызстанга келүү баасы тоннасына 300 доллардан айланат экен. Ушул тапта ошондой эле ундун баасы да арзандады. Азыр 1-сорттогу ундун 1 кг 19-20 сомдон базарларга чыгарылууда, бул бир ай мурдагы баага караганда 5-6 сомго арзан. Бирок ошол эле учурда нан жана нан азыктарынын баасы өзгөрүүсүз бойдон калууда. 250 граммдык бөлкө нандын баасы 13-14 сом турат. Акыркы үч жумада дүйнөлүк базарда буудайдын тоннасы 40-50 долларга арзандаганы маалымдалууда.

Өзгөндө мектеп бүтө элек
Өзгөн районундагы эки мектептин окуучулары чатырларда билим алууда.
Өзгөн районундагы Эгемжаров жана Чомо баатыр атындагы орто мектептеринин окуучулары дале чатырларда билим алышууда. Эртели-кеч суук болгондуктан балдар массалык түрдө ооруп калышы ыктымал. Ал эми жаңы мектептердин курулуш иштери качан бүткөрүлүп, пайдаланууга тапшырылаары белгисиз. Өзгөн районунун акиминин орунбасары Эгемжаров мектеби 20-октябрда, Чомо баатыр мектеби 1-ноябрда ачылаарын ырастады.

Шайлоого канча акча кетет?
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү максатында 60,7 миллион сом керектелет.
Учурда жергиликтүү бийликтер тарабынан шайлоо участкалары имарат менен камсыздалып, аларды эмерек, техникалык каражат, унаа жана байланыш менен камсыздоо чаралары көрүлгөн. Ошондой эле шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо иштери аяктады. Такталган акыркы маалыматтарга караганда, учурда өлкөдө 2 003 643 шайлоочу бар. Жогорудагы аталган сумма мамлекеттин эсебинен кете турганы. Ал эми талапкерлердин чөнтөгүнөн канча акча кетери турулуу иш.
Шайлоого бардыгы болуп 15139 талапкер катталды. Алар өлкөдөгү шаардык, райондук жана айылдык кеңештердеги 7643 депутаттык орун үчүн ат салышат. Катталган жалпы талапкерлердин 2633ү аялдар. Жалпысынан бул шайлоо үчүн 16 миңге жакын талапкер көрсөтүлгөн.

"Акыйкат үчүн" кыймылы жыйын курат
"Акыйкат үчүн" кыймылынын жыйыны бүгүн болот.
Кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловдун билдиргенине караганда жыйын шейшембиде (бүгүн) болуп, анда экинчи курултайга даярдык көрүү, өлкөдөгү кырдаал, өлкөнү өнүктүрүүнүн концепциясына өзгөртүү киргизүү маселелери каралат.

"Агым" доого жыгылды
А.Жекшенкуловдун ар-намысы 25 миң сом тураары аныкталды.
"Агым" гезитине 2-майда жарыяланган "Джек потрошитель" аттуу макалада Аликбек Жекшенкуловдун 1990-жылдары Ош шаарында кыздын өлүмүнө тиешеси бар экендиги жазылган. Макалада айтылган маалыматтар чындыкка дал келбесин белгилеген Жекшенкулов жана кыздын жакындары сотко кайрылып, Жекшенкулов тарткан моралдык зыяны үчүн 2 миллион сом, кыздын жакындары 2 миллион сом гезиттен өндүрүп берүү талабын койгон. Биринчи май райондук соту арызды карап, макалада айтылгандар чындыкка дал келбесин белгилеп, Жекшенкуловдун пайдасына 25 миң сом төлөп берүүнү гезитке милдеттендирген. Аппеляциялык арыз менен кайрылган Жекшенкулов макаланын авторуна кылмыш ишин козгоону талап кылган. Бирок Бишкек шаардык соту 19-сентябрда арызды карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Эми салыштырып көрүңүз, Жекшенкуловдун ар-намысы "Алиби" менен "Де-факто" гезитин сотко берген Салиевдин ар-намысынан канча эсе аз экенин.

Кыргызстанда көчө балдары канча?
ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча Кыргызстанда көчө жана жумуш кылган жаш балдардын саны 6 миңге жакын.
Ал эми башка маалымат булактары боюнча, алардын саны жалпы республика боюнча 15-20 миңге жакын, анын ичинде Бишкек шаарында 2 миң бала бар. Балдарды коргоо борборунун (ЦЗД) эсеби боюнча, 15-20 пайыз кароосуз балдар үй-жайсыз жана үй-бүлөсүз балдар, калган 80-85 пайызы үй-бүлөсү бар, бирок "жумуш кылган балдар" категориясына кирет. Көчө балдарынын көпчүлүгү эркек балдар, ал эми жумуш кылгандардын арасында кыздар дагы кездешет. Кароосуз калган балдардын жашы 12ден 18ге чейин, кээде 2-3 жаштагы балдар да кездешет.



 

Пентагондун башчысы эмне деди?
НАТОнун коргоо министрлери Орусия менен мамилелерин талкуулап жатышат.
Пентагондун башчысы Роберт Гейтс Лондондогу жыйындын алдында белгилегендей, Москванын Грузиядагы аракеттерине кантип жооп бериш керек деген маселе альянстын мүчөлөрү арасында пикир келишпестикти пайда кылган.

Индияда моджахеддер пайда болду
Делиде полиция менен исламчыл согушкерлер деп шектелген адамдардын ортосунда ок атышуу болду.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине ылайык, Индиянын ордо калаасынын мусулмандар жашаган чөлкөмүндө болгон кармашта 1 согушкер өлтүрүлдү. Бир жумадай мурун болсо баш калаада бир нече жардыруу болуп, 22 киши ажал тапкан. Кол салуулар үчүн жоопкерчиликти өзүн "индиялык моджахеддер" деп атаган топ өзүнө алган.

Моцарттын чыгармасы табылды
Франциянын китепканаларынын биринде Моцарттын мурда жарыяланбаган чыгармасы табылды.
Зальцбургдагы Эл аралык Моцарт фондунун жетекчиси Улрих Лайзингердин айтымында, музыкалык ноталар жазылган барактар чындыгында эле улуу композиторго тиешелүү болгону тастыкталды. Акыркы 50 жылдан бери Моцарттын мурасы өтө аз табылып келет.

Буш менен Зардари жолугат
Кийинки аптада АКШ президенти Ж. Буш Пакистандын жаңы шайланган президенти Зардари менен жолугушат.
Жорж Буш менен Асиф Али Зардари 23-сентябрда Нью-Йоркто өтө турган Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйыны учурунда сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Жакында эле Ооганстанда жайгаштырылган америкалык күчтөр согушчандардын изин кууп, Пакистандын аймагына кирип баргандан кийин Вашингтон менен Исламабаддын дипломатиялык мамилелери солгундай түшкөн.

Ооганстандагы ок атышуу
Ооганстандын президенти шаршембинин кечинде болгон окуяга өкүнүчүн билдирди.
Австралиянын аскерлери катышкан ок атышууда Урузган провинциясынын мурдагы полиция башчысы, Хора чөлкөмүнүн губернатору жана бир катар башка адамдар каза болушкан.
Ошондой эле Ооган аскерлери жана АКШ баштаган коалициялык күчтөр өлкөнүн чыгышындагы Кабулга жакын шаарда эки согушкерди өлтүрүп, талип башчыларынын бирин кошуп алты адамды камакка алды.
АКШнын аскер күчтөрү билдиргендей, алар өкмөттүк аскерлер менен бирге Суроби районунда талиптердин башчысы жана анын өнөктөштөрү жашаган үйдү акмалоого алып колго түшүрүшкөн.

Украина президентине канча акча коротот?
2009-жылга Юлия Тимошенконун өкмөтү жактырган Украинанын бюджетинде өлкөнүн президентин жана аны тейлеген структураларды күтүү каржысын 31 пайызга, 1,6 млрд гривенге чейин (8,2 млрд рубль) көбөйтүүнү сунуштады.
Бул сумма Россия 2008-жылы өзүнүн президенти Дмитрий Медведевге короткондон көп. Мурда Россиянын элге маалымдоо каражаттары 2007-жылы бюджет президент Владимир Путинге 6,4 млрдга жакын рубль короткондугун билдиришкен. 2010-жылы мамлекет башчысын каржылоону 9 млрд рублге чейин көбөйтүү сунушталууда.

Периштеге ишенгендер
Америкалыктардын жарымынан көбү сактоочу периштелерге ишенишет.
Бейлор университетинин динди иликтөө боюнча институту тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр эрезеге жеткен америкалыктардын жарымынан ашыгы сактоочу периштелерге ишенгендигин көрсөттү. Институттун кызматкерлери ар кандай динге ишенген, анын ичинде католиктер менен еврейлер болгон 1700 адамга суроо беришкен жана алардын 55 пайызы сактоочу периштелер бүткүл өмүрүнүн ичинде өздөрүн коргоп жүргөндүгүнө ишенишкендигин айтышкан. Ошондой эле изилдөө сактоочу периштелерге АКШнын өзүн динге ишенбейм деп эсептеген ар бир бешинчи тургуну ишенишкендигин көрсөттү.

Журналисттин өлүмү
Бакуда экономикалык гезиттин башкы редакторунун сөөгү табылды.
Бакудагы темир жол вокзалына жакын "Мерседес" автомобили табылган, анда "Ени Капитал" гезитинин башкы редактору Малик Рафиевдин сөөгү табылган. Насимин районунун прокуратурасынын билдиргенине караганда сөөктүн жанында журналисттин күнөөлүүлөрдү издебешин өтүнгөн каты табылган.











??.??