Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Обондун" сын сандыгы

Төрайымдын мүнөзү

Кадырман окурман!
"Обон" гезити сиздерге азыркы бийлик бутактарында иштеп турушкан министрлерден баштап, чиновниктерге, депутаттарга чейин мүнөзүнүн жекече өзгөчөлүктөрүн талдаган атайын рубрикабызды ачтык эле.
Өлкөбүзгө белгилүү ишмерлердин бейнелерин Пифагордун эсеби, астронумерологиянын универсалдуу ыкмалары менен ар бирине индивидуалдуу түрдө мамиле жасап, дыкаттап изилдеп көрбөйлүбү дегенбиз. Алар эмне дешет? Пифагор жалаң гана жалпак логика, эсеп менен чектелип калбай, чексиз дүйнөлөргө аралашкан мистикалуу мүнөздөрүн айта кетсек. Дүйнөдө жөндөн-жөн эч нерсе болбойт. Биз кокустук болуп кетти деген бардык нерселерде өзүбүз анча аңдай бербеген негиздер бар. Бүгүнкү биздин каарман Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова

20. 08. 1963
2+8= 10
1+9+6+3=19
10+19=29
2+9=11
29-4=25
2+5=7


Туулган датаңызды жазыңыз 20. 08. 1963 Күн менен айдын цифраларын кошобуз: 2+8= 10. Туулган жылдын цифраларын кошобуз: 1+9+6+3=19.
Алынган суммаларды бири-бирине кошобуз: 10+19=29. 29-биринчи жумушчу саны. Биринчи жумуш санынын цифраларын кошобуз: 2+9=11. 11-экинчи жумуш саны. Биринчи жумуш санынан туулган күндүн биринчи цифрасынын эки эселенгенин кемитебиз: 29-4=25. 25-үчүнчү жумуш санынын цифраларын бири-бирине кошобуз. 2+5=7 . 7-төртүнчү жумушчу саны. Андан кийин цифралардын биринчи ирети деп туулган датаңызды жазыңыз 20. 08. 1963
Экинчи иретке жумуш сандарын жазыңыз. 29.11.25. 7.
Андан кийин таблица сызып 1 ден 9 га чейинки цифраларды топтоп туруп клеткаларга жазабыз.
Төмөндөгү Пифагордун эсебинин жардамы менен жандырмагын карайбыз. Бул үчүн атайын таблица бар. Анын жообу боюнча Клара Кабилова:
111-туруктуу жакшы мүнөзгө ээ; 222-биоэнергетикасы күчтүү, экстрасенстик жөндөмдүүлүктөрү бар, башкаларды дарыласа болот; 3- жакшы чарбакер адамдар, бирок дайым эле идеалдуу болом дей бергени кээде жарашпай калат. Майда-барат иштерди эрикпей бүткөрөт; 4-0-ден соолугу начар;5-интуиция каналы ачык, өзү логикадан ката кетирет; 6-жер менен киндиктеш адам, акыл эмгеги менен да иштейт. Турмуш тепкичинен көтөрүлүү үчүн ага өзү сүйбөгөн кара жумуш жасоо өтө зарыл. Ойлоп табуу, көркөм табит анын өнүгүшүнүн негизги кыймылдаткычы; 7-талант деген эмне экендигин түшүнүү үчүн төрөлгөн киши. Анын турмуштук тажрыйбасы жана кыймыл-аракети таланттуу болууга негиз түзөт. Эң негизгиси жогорку күчтөр тарабынан жөнөтүлгөн талантты кармап калууcу керек. 8-жоопкерчиликтүү, сезимтал. 99-тубаса акылдуу бирок окууга көңүлү жок.
Мүнөзү татаал, тынчсыз. Шектенүүгө, күмөнсүнүүгө дайыма толуп турат. Ал көңүлдүн кишиси. Көңүлү ачык болсо, андан жакшы киши жок, тескерисинче болсо андан тажаан киши жок. Өзүнө анча ишене бербей болсо-болду, болбосо жок деп кете берет. Майда баратка анча көңүл бөлбөй, талаш-тартыш, жаңжалдан алыс болгону жакшы. Тилекке каршы анын кызматы талаш-тартыш, карама-каршылыктуу жумуш. Жалгыз дарак токой болбойт дегендей, жамаатын ичинде болгону оң.
Клара Саматовнанын табиятында тоону томкоруп, ойду омкоруп жиберчүдөй болгон энергиясы бар. Бул энергиясы өзгөчө кырдаалдарда ташкындап кетет. Кээде керек эмес жерлерде толкундап алат. Сезимге алдырбай ар бир кадамын ойлонуп, зыяндуу чечим кабыл алып албагыдай деңгээлде өзүн-өзү башкарганы жакшы.
Ал эми жеке турмушунда сөзсүз руханий байланышты алдыга коюп, ошол дүйнөдө жашашат. Жыныстык жактан алганда өтө күчтүү эмес, анткени алар үчүн рухийликтен башкасы экинчи орунда. Никеде өзүнө окшош рух сапаты барларды издейт. Эгерде жолдошу физикалык жактан күчтүүрөөк, жан дүйнө жагынан чабал болсо, турмуш отунун күйүшү кыйын.
Эгер анын лидерлик сапаттарына токтолсок, натурасы бай, мүнөзү бийликтүү, бирок боорукерлиги бар. Жүрүш-турушу шаңдуу жана бардык нерсеге жетекчилик кылчу стилде. Жоро-жолдошторунун арасында ал өзүнө дайыма көңүл бурдурат. Же айтылып жаткан кеп-сөздүн борбору болот, же бурч жакта отургандардын көңүл буруусу жетишпегендиктен капалыктан азап тартып отурат. Жашы өткөн сайын жумшарат, бирок сыймыктуу башын эч качан ийбейт, эч качан! Коогалуу учурда андан абайлагыла, айрыкча бул аялзатына өтө мүнөздүү. Алар бирөөлөр менен сүйлөшүп жатканда бардыгы андан кыйналгансып турат. Мээримдүү тондо сүйлөгөнү менен кеңеш берүү укугуна ээ болгудай көп нерселерди жакшы билишет. Бирок өзүнүн турмушу жөнүндө муну айта албайсың, аны ал ойдогудай жөнгө сала албайт. Каалоосун жашырбаган чынчыл сүйүүсү бар, бирок таңгалаарлык таарынчаактык менен аралашкан. Оркойгон чабал жери-бой көтөрөт. Мактоого алдырат, сыйлоонун жетишпегендиги ачуусун сокур сезимге чейин жеткирет. Ушу эки нерсе ага акыл-эстүү чечим кабыл алышына тоскоол болот. Анткен менен жакшы уюштуруучу жана жетекчи. Камкор үй ээси, жашаган жайы адам суктанаарлык кооз. Жеке мамилесиндеги жетишпестиги ашыкча текебердиги. Ошондон улам көп тоскоолдуктарга учурайт. Канткен учурда да ийгиликсиз учурларын чоң татыктуулук менен көтөрүшөт. Кечире билүү - натурасынын бир бөлүгү. Көп учурда өзүнө тапшырылган иштин жана милдеттеринин көптүгүнө, өзүнө оор жүк алып жүргөнүнө арызданышат, анткен менен ага көңүл бөлбөй эле койгула. Аларга жоопкерчилик жагат. Аларды бул жүктөн бошотуп же жардамыңарды сунуш этип көргүлөчү, андан баш тартышат, айрыкча эсеп-кысап жагынан берген жардамга чыдашпайт. Акчага абайлабай мамиле жасашат. Жалпыга тиешелүү чекке сыя бербеген жасалганы сүйүшөт. Кызыгуусуна, көңүл ачууга акчаны көп чыгымдашат.
Көп учурларда дилгир оюнчулар, кызуу күрөшүүчүлөр. Тагдыр жолунда күтүлбөгөн көп нерселерге кабылышат. Мындай инсандын кылык жоруктарын сыртынан байкоо абдан кызыктуу. Бир карасаң таңгалаарлык жыйынтыктуу, экинчи жагын карасаң эч нерсеге ыклас койбогон илээндилик, эч кимде жок эркиндиктин чексиздигин көрүүгө болот. Ушакты сүйөт, себеби тегерегинде ал жөнүндө эмне сөз болуп жаткандыгын сөзсүз билиш керек.
Өздөрүнүн табияты боюнча максатка умтулган немелер, тандаган жолунан тайдыруу мүмкүн эмес. Абдан кубаттуу, бирок айрым учурларда жалкоолукка берилип, диванда көпкө жатышы мүмкүн.
Алардын бешенесиндеги буйрук-коргоосуздарды коргоо. Жашоодо ишенимдүү достору менен кошо күчтүү душмандары да бар. Жан дүйнөсү чыгармачыл, өзүнчөлүү (индивидуалист) турмушту сүйө билген эл. Жетишээрлик ачык түстө кийинишет. Күндүн жарыгында алардын оптимизми дагы көбөйөт, түн ичинде аларды миңдеген жылдыздардын нуру колдойт.
Аялдардын достугун баалайт, эркектердин коомун жактырат. Табият ага жандуу акылды, сулуу келбетти берип ага абдан кайрымдуу мамиле жасаган. Назик, кээде ашыкча сезимтал, жагымдуу, бирок анын кадырын басмырласаңыз келишпестик түзүлүшү мүмкүн. Сүйгөн адамына көп талап коёт. Эки жүздүүлүккө аз барат, ошондой эле текеберлигин жашырышпайт. Анда нарк өзгөчөлүгү өтө курчалган. Мындай аялга жасалган биринчи кадам- жакшы табиттеги белек, орундуу мактоо.
Сыртынан жеңил көрүнүп тургандай болгону менен чынында намыскөй. Коомдо өзүнүн жүрүш-турушу жөнүндөгү түшүнүгү жакшы өнүккөн. Искусстводо классиканы сүйөт. Театрга барганды жактырат. Клара Саматовна үчүн бардыгы -спектакль, салтанат. Коллекциялык кооз буюмдарды жыйнап, башкаларга көрсөтөт. Шарты келишип турганда шаан-шөкөт менен конок кабыл алат. Өзү жакшы кийинет. Дайыма жаңы моданын баштоочусу.
Жетилүү доору: 15-21 жаш. Бардыгы алдыда болгон жаркын курак. 28-40 чыгармачылыктын доору, көп нерселер ишке ашкан учур. 40-60 жаш жетиштүүлүк, ыңгайлуулук, тынчтык.
Жалпылап жыйынтыктап айтканда жашоодо ал жолдуу адам. Жагымдуу шериктеш, ак ниет. Жакшы сапаттарынын ичинде бир кемчилдиги бар, бул нерсеси чоң болбогон менен бир топ мааниге ээ. Ал үстүрт адам.
Өз жашоосун козгоп, татаалданта турган ар кандай нерселерди жаман көрөт. Жасалга менен коогасыздыкка көбүрөөк умтулат. "Макул" же "макул эмес" дегенди таразалап алмайын эч кандай чара колдонбойт. Бул сактыгы үчүн эл ага суктана ишенишет.
Эсеп-кысап ишинде дайыма бактылуу, бирок ал иштиктүү адам катары коркунучтуу. Өзүн коргогонго даяр. Саясатты мыкты түшүнөт. Ишмердүүлүктүн табити талап кылган бардык түрдө жакшы өкүлдүктү аткара алат. Бир убакта ак сөөк жана жөнөкөй.
Эгер өзгөчө окуяларга, ийгиликке жетүүгө кыйын болгон чоң кыйынчылыктарга кездешпесе өмүрү тынч өтөт. Тирешүү- бул анын иши эмес, ага каршылашуу жакпайт.




Клара Кабилованын ишмердүүлүгүн жана инсандыгын кандай баалайсыз?
Токтогул Какчекеев, саясат таануучу:
- Клара Саматовна мурун комсомолдо иштеген. Совет мамлекети урагандан кийин мен ал кишини Москвадан көргөм. Ал эми анын ишмердүүлүгү жөнүндө айтсак шаардык жана жергиликтүү шайлоолордогу уюштуруу деңгээлин көрсөк, эки айдан бери бул маселеге тыгыз көңүл бурушуп, ошол эле эл аралык, ошол эле өзүбүздүн көрүнүктүү адамдарыбыз, өкмөттүк эмес уюмдардын жетекчилерин жана шайлоого көзөмөл кылчу адамдар менен тренингдерди өткөрүшүп, иреттүү иш жүрүп жатканына күбө болуп жатабыз. Ал эми анын жыйынтыгы кандай болоорун убакыт көргөзөт. Бирок мунун баарын эле Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисине гана доомат коюуга болбойт. Анткени алар уюштуруу маселелерин туура жасап жатышат. Калгандары жергиликтүү шайлоо комиссияларынын жөндөмдүүлүктөрүнө жараша иш алдыга жылат. Мындай иштер боюнча Клара Саматовнанын чоң тажрыйбасы бар. Бүгүнкү күндөгү массалык маалымат каражаттары аркылуу чыгып сүйлөп жаткан сөздөрү туура. Одоно, орой кандайдыр бир туура эмес айткан сөздөрүн уга элекпиз. Эгер Жогорку Кеңешке болгон шайлоолор жөнүндө айтсак, партиялык жол менен шайлоону мурун 50% менен өткөргөнбүз, кийин 100% менен партиялык тизме менен шайлоолордон өткөн парламентибиз иштеп жатат. Бул саясий иш, кандай болбосун чоң күрөш. Кимдин каражаты, кимдин колдогон электораты көп болсо, ошол өтүп кетет. Анткенибиз менен кайсы бир партия үстөмдүк кылып көп өтүп кетсе да, кичине партиялардын өкүлдөрүн сыйлап, тыгыз кызматташышы керек. Алардын да максаты Кыргыз мамлекетин өсүш жолуна алып баруу. Партиялык шайлоо болгондон кийин, ошонун негизинде Жогорку Кеңеш мыйзам кабыл алыш керек эле. Парламент талаш-тартыш маселеге келип такалганда, кичинекей партиялардын өкүлдөрү вето койгонго жолу ачылышы зарыл. Мындай жол демократиялык мамлекеттердин негизи. Андай болбогон учурда эл бири-бирине каршы туруп, араздашуучу окуяларга орун берилип калып жатат. Бул маселе бүгүнкү күндө көйгөйлүү. Мына ушул нерсени Клара Саматовна көңүлүнө алып өлкөбүздөгү демократиянын тереңдешине салым кошот деген ишенимдебиз.

Турсунбек Акун, Акыйкатчы:
- Өзүңөр билесиңер "Алиби" гезитинин башчысы Бабурбек Жээнбековду камап салышкан. Ошол жигитти бошотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясын жетектеген Клара Саматовна мыйзамдын негизинде жакшы аракеттерди жасады. Коомчулук, оппозиция талап кылып жатып БШКнын жардамы менен ал жигит эркиндикке чыкты. Азыр жакшы иштеп жатышат. Бирок мурунку шайлоолордо бир топ кемчилдиктерди кетирди. Анча-мынча ак үй, көк үйдөн чыккан телефондор көбүрөөк болуп кетип, ал кишини да кыйнап коюшту окшойт. Бирок ал айымдын азыркы кылып жаткан аракеттерин колдонушубуз керек, көч бара-бара түзөлөт. Ал эми Ишенбай Дүйшөнбиевич Кадырбеков боюнча дагы оппозициянын өкүлдөрү келип жатышат. Анын маселеси да оң жагына чечилет деп ойлоп турабыз. Мыйзам баарына бирдей. Эми алардын депутаттыкка талапкерликтери шаардык Кеңешке өтөбү же өтпөйбү ал башка маселе. Мисалы ошол эле Бабурбек Жээнбековдун камалышын мен да туура эмес деп эсептегем. "Аки-пресске" менин позициямды жиберсек, чыгарбай коюшту. Алардын оюу боюнча мындай нерсе популизм экен. Бирок, мен бийлик креслосуна келсем эле бийликти колдойт деп жүрүшөт. Тилекке каршы бийликтин агын ак, карасын кара деп эле айтып келатам. Ошол эле Президенттик администрация жетекчиси Медет Садыркулов жөнүндө "Аалам" гезитине өз көз карашымды айттым. Турсунбек Акун мурда кандай болсо, азыр деле ошондой. Мен адам укугу үчүн күрөшүп, ачыктыкты жактырган кишимин.

Даярдаган Алмазбек ЭРКЕБАЙ










??.??