Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Бал татым

Жылдыздар ыңаалаганда
Жашоонун башталышы... Баа деп жарык дүйнөгө келген алгачкы күнүбүз баарыбызды кызыктырат болуш керек. Биз бүгүн ошол күндү эске салуу иретинде өнөр майданындагы белгилүү мырзалардын төрөлүшү жөнүндө кеп кылууну туура көрдүк.

Салюттун жардамы менен боз үйдө төрөлгөн Борончу
Көп кырдуу таланттын ээси, сакадай бою сары алтын Борончу Кудайбергенов Жумгал районунда 1966-жылы 24-майда "Жаздын күнү жаш бала, жамынчыңды таштаба" дегендей куудул агабыз май айында төрөлсө да ошол күнү кар аралаш мөндүр жаап, бороон чапкында жайлоодогу боз үйдө түн бир оокумда жарык дүйнөгө келиптир. Ошол себептен таякеси Борончу деп ат койгон экен. Кызыгы, апасы толготуп аткан кезде илгеркилердин ырым-жырымын жасап, атасы сырттан мылтык атып, мылтыктын үнүнөн чочуган эне доктурлардын жардамысыз көз жарган. Ошондон улам Борончу агабыз салют менен төрөлгөм деп айтып жүргөн тура. Тоодо туулганына байланыштуу Борончунун салмагы белгисиз бойдон калган. "Болоор бала башынан" демекчи болочок куудул курсакта жаткан кезинде эле өзгөчөлөнүп апасына аюунун этин жедириптир.

Төрт жашында сүйлөгөн Жакут
Колунан кызыл гүлү түшпөгөн жалгыз кемпирдин жалгыз уулу куудул Жакут Сыдыков 4 кг 800 гр салмак менен төрөлгөндө Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылында чоң той болгон. Чоң энеси көптү билген жомокчу болгондуктан небересине Жакут деген асыл таштын атын ыйгарган. Белгилей кетсек, Жакуттун тили төрт жашында чыккан экен.

Толгоону жандырган XXVI съезд
Алгач ыр дүйнөсүнө ырчы катары таанылып, бүгүнкү күндө кино жылдызына айланып бараткан Съездбек Искеналиев болсо аты айтып тургандай 26-съезд болуп жатканда , тактап айтканда 1980-жылдын 2-августунда таңкы саат 4тө 4 кг 500 гр салмакта туулган. Апасынын толгоосу узакка созулуп, Съезд төрөлгөнчө атасы колбаса ташып тажаган тура.

Космонавт болгусу келген Космос
Өзгөчө ысым, фамилиянын ээси, УТРКнын Ала-Тоо маалымат программасынын алып баруучусу, сүйкүм жүздүү, канчалаган перилердин жүрөгүнө чок салган Космос Чыдынов 1980-жылы 12-апрелде Өзгөндө туулган. Бүгүнкү рубриканын каармандарына салыштырмалуу эң кичине 2 кг 800 гр салмактагы Космостун аты космонавттар күнүндө туулганына байланыштуу Космосбек деп коюлган. Ал эми азыркы салмагы 68 кг, бою болсо 1, 79 см.

Апасынын махабатын күчөтүп...
Тамаша дегенде ичкен ашын жерге таштаган Талант Анарбаев асманды булут каптап, күн күркүрөп, чагылган чартылдап жаткан учурда багымдат намазы маалында 3 кг 500 гр менен төрөт үйүнүн босогосунда жарык дүйнөгө келип, орус кемпир киндигин кескен. Ал эми куудулдун атын өзү айткандай апасы менен атасы келишим түзүп койгон. Таланттын апасы башкалардан айырмаланып кош бойлуу кезинде жолдошун жанынан жарым каршы жылдырбай анын сүйүүсүнө талгак болгон экен.

Автобуста төрөлгөн наристе
Куудулдардын арасында "Календарь" деген атка конгон ырчы Кален Раевдин өз аты Календербек экен. Бул ырчы мырзабыз кычыраган кыш айында күүгүм кире баштаганда 3 кг 500 гр болуп автобустун ичинде төрөлгөн.
Коомдук транспортто туулган Кален Раевдин атын чоң атасы куран китептен алып коюптур. Белгилей кетсек мусулманчылыкта "Календер" деген сөз ыйман жолунда аалам кезген дегенди түшүндүрөт.

Самара Токтакуновадай болсун деп...
- Ал эми "Сема" тобунун жетекчиси Самарбектин аты белгилүү комузчу Самара Токтакунованын атынан коюлуптур. Негизи кыргызда жөн жерден ысым берилбейт. Наристеге өмүр берилгенде Самара эжедей өнөр адамы болсун деген ата-эненин аруу тилеги да аткарылып олтурат. Чынында Семанын комузда кол ойнотуп, түркүн күүлөрдү черте билген ачылбаган талантын көпчүлүгүбүз биле бербейбиз. 4 кг 400 грамм салмактагы Сема учурунда апасын курмага талгак кылыптыр.

Даярдагандар Ж.Калдарова, А.Султанова










??.??