Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Адабият айдыңы

Кубат Жакыпов, акын:
"Азыркы шоу-бизнес "бум" болуп кетти"

Табигат тартуулаган көп кырдуу таланттын ээси Кубатбек Куланчы уулу 1966-жылы Токтогул районунун Сары-Камыш айылында туулган. Кубат агай кайрыгына касиет камтыган комузчулукту, калемгерлик өнөрү менен куштун кош канатындай шайкеш таптап, руханий дүйнөбүзгө өз салымын кошуп келет.

- Кубат агай, сиздин калемиңизге таандык ырларга обондор жаралып калганын билебиз. Азыркы күндө ырчылар менен иштешип жатасызбы?
- Мен 1990-жылдан бери И.Арабаев атындагы КМУда эмгектенип келатам. Ошол жылдардан кийин америкалык ырлардан сырткары, достук-азил тамашалуу ырларды университеттин мугалимдерине, жетекчилигине арнап жазып жүрдүм. Ал эми ырчылар тууралуу айтсам А.Карымов менин чыгармачылыгым менен жакындан таанышып, "Дил кайрык", "Боз торгоюм", "Студенткага" ж.б. ырларымды ырдап жүрөт. Азыркы күндө да Айбек менен тыгыз байланышта болуп, жаңы дастан, ырлардын үстүндө иштеп жатабыз. Андан сырткары композиторлор Сталбек Бактыгулов, Эсенбек Мааданбеков агайлар менен бир нече жылдан бери чыгармачылыктын үстүндө бирге иштеп келем. Ошондой эле ырчы Азиза, "Өмүр" тобу менен да иштешип калдым.
- Обону Айбек Карымовго, сөзү сизге таандык болгон "Дил кайрык" жөнүндө айтып берсеңиз?
- Бул ырдын адегенде обону чыккан. Бир күнү Айбек мага келип обонду угузуп, кыз менен жигиттин айтышы сыяктуу сөз жазып бербейсизби деп калды. Анан мен Раймалы менен Бегимайды элестетип жазган элем. Албетте, обонду угуп дароо чыгарып бердим дегенден алысмын. Чынын айтыш керек бир топ убакытта жазылды. Ырдын "Сага арнап жакшы ыр жазгым келип жүрөт" деген биринчи сабы Айбекке таандык. Ушул сапка улап бериңиз деп сунуштаган. Кудайга шүгүр элибиз жакшы эле кабыл алды го.
- Мындай суроо туулуп жатат. Акындын жазган ырына обон жаралса акын тарапта жеңиш. Ал эми обонго ылайыктап ыр жазса обончуга жеңиш дегендей, бул даяр обонго сөз жазуудан кыйналган жоксузбу?
- Туура. Андайлар көп эле кездешет. Бирок, мен өзүм музыка мугалими катары бул кырдаалдан көп кыйналган жокмун. Музыканы өзүм түшүнүп тургандыктан ага ылайык сөздөр элестейт. Тескерисинче обонду укканда обончулардын өзүнө "Сага мындай текст керек экен" деп кеңеш берип калам. Текст менен обон шайкеш келмейин жакшы ыр жаралбайт да. Эгер сөзү, обону бирин-бири толуктабай жатса экөө тартышып калат.
- Обон тууралуу сөз козгоп калдык. Азыркы жаш ырчылардын көбү, мен аткаруучу, мен обончу, мен акын болуп жатпайбы, буга эмне айтаар элеңиз?
- Бул көрүнүш менин да жүрөгүмдү өйүгөн нерсе. Адам бир тараптан мыкты адис болушу мүмкүн. Мисалы жакшы мугалим, жазуучу, акын ж.б. дегендей төрт тарабы шай келген адамдар чанда жаралат да өзү. Анан жанагы сен айткан өзүмчүл "мен,мен" деген жаш ырчылардын эмнени ырдап жаткандарына түшүнбөй көп учурда кыйналып кетем. Азыркы күндө шоу-бизнес өзүнчө "бум" болуп кетпедиби. Ар бир нерсенин сапаттуусу калгандай эле, булардын да мыктылары иргелет деп ойлойм.
- Акыркы чыккан китебиңиз "Аян ырлары" деген аталышта жарык көрдү эле. Элге берилбеген касиет сизге буйруп кайыптан түшкөн аяндарды жазып жүрөсүз. Алгач сизге аяндар бериле баштаганда коркуу сезимдери болгон жокпу?
- Бул дагы Кудайдын берген касиети. Менин акылыман, жан-дүйнөмдөн сырткары башка күчтөр аркылуу жазылат. Элди таза жолго чакырган,кыргыздардын улуу эл экенин унутпагыла, деги эле ыйман жолу тууралуу жана азыркы цивилизацияны, оош-кыйыштар, макал-лакап, ата-бабалардын накыл кептери, баталары жөнүндө аян келип 2006-жылы "Аян ырлары" китебимди чыгардым. Кийинки учурда заман, ичкилик, тамеки, акмакчылык тууралуу берилген аяндарды чогултуп жазып жатам.

Каухардан күмбөз салсаң да,
Кабырдан сага күн болбойт.
Караңгы көрдүн түбүндө,
Каяша айткан жан болбойт-
же болбосо
Шыбактуу дөңгө бараарсың,
Шыбактуу дөңгө барганча,
Шылтоонун көбүн табаарсың.
Караңгы көргө кирээрсиң,
Караңгы көргө киргенче,
Капарсыз ойноп күлөөрсүң.

Казылган көрдүн түбүндө,
Кагырап кайнап баш калаар,
Калыбын бузбай турмуштун,
Калышат сенден башкалар-деген сыяктуу ырлар аян берилип, бул дүйнөнүн убактылуу экенин, бир келген кыска өмүрдө сый-урмат менен жакшылыкта жашоо сүргүлө деген тарбияга чакырган ырлар келип жатат. Ал эми коркуу сезими тууралуу айтсам, албетте болбой койгон жок. Анан кудай жолуна түшүп, беш маал намаз окууга өттүм. Мени колдоп бул буйрукту туура кабыл алып ата-энем, жакын туугандарым жана келинчегим Майрам менен уулум намазга жыгылышат. Ал эми үч кызым азыр жаш убагы келгенде буйруганын көрөбүз. Бул аяндардын берилиши илхамга деле окшобойт. Илхам келгенде өзүң даярданып жазасың да, а аян келгенде башы, аягы жок даяр ырлар акырында жыйынтыкталып күтүлбөгөн бүтүн чыгармага айланып калат. Менин акылыма келбеген нерселерди жазып алып өзүм таң калам.
- Ар тараптуу талантыңыз менен бирге студенттерге да билим берип келесиз. Алардын окууга болгон кызыгуулары кандай?
- Эми бир гана студенттерди күнөөлөш болбойт. Биздин учурдагыдай мектептен баштап мугалимдер жакшы үйрөтсө, билимге кызыктырса анан биз ошондо дагы студенттер окубайт деп айтат элек. Баягы "Ун кандай болсо жууруган камыр ошондой" деген кеп болуп жатат да.
Ошентсе дагы студенттер жан дүйнөсү менен берилип окуюн дебегендери өкүндүрөт. Биздин убакта сабак окуп барбасак экзаменден кулатып, кайра даярданып кел десе, ий билбей калдым, окуп келейин деп күнөөнү өзүбүздөн издечүбүз. Ал эми азыркылар билбейсиң, окуп кел десең, бул агай соо эмес, бир нерсе үмүт кылып жатат дешет. Азыркы студенттер менен мурунку стеденттердин экзамен учурундагы сүйлөгөн сөздөрүн тамаша катары айта кетсем мурункулар: "Канча баа алдың десе, кийинкилер канча акча бердиң"-дешет. Мен ойлойм бул да болсо айлана-чөйрөнүн, замандын өзгөрүшү. Студенттерге айтаарым, ар ким өзүн билимдүү кылгысы келсе, келечегин ойлосо өз убагында окуп алыш керек. Анткени, бара-бара билимдүүлөр иргелип чыгат демекчимин.

Жазгы көктөм, учуп-конуп көпөлөк,
Жан эргитет көңүл кушу көкөлөп.
Жаштыктын бир кайрыктары келгенсийт,
Жаңырыктап, жан дүйнөдөн өчө элек.

Бак аралап басып келем жай гана,
Бачайыдай бажыраят айлана.
Бах, чиркин ай, табигаттын келбети,
Бар көркөмүң айланткандай саймага.

Булбул сайрап туш тараптан тил безеп,
Бул учур да өтөт көздү ирмесек.
Бүгүн бөлөк кыз-жигиттер кыналат,
Бак түбүндө биз олтурчу бир кезек.

Мезгил, неге мынча күлүк арышың?
Моокум канбай өчүп барат жарыгың.
Мен өзүмдү гүлгүн курак сезсем да,
Маңдайдагы бырыш сенин салымың.

Көктөм жыты көңүлүмдү наз кылды,
Көөдөндөгү өнөр оту азгырды.
Көчө бойлоп бара жатып тапсам дейм,
Көптөн бери издеп жүргөн жакшы ырды

Маектешкен
Айнура Султанова




  Сандан-санга

Асанбек Кулманбетов
Селсаяктын ыйы
(трагедиялуу окуялардан турган баян)
(Башталышы
өткөн санда)
Токуш улам жылып, атасынын жанына жетти. Эмнегедир ыйлап басып жыгылгандын ордуна эрдин бекем тиштене, жек көрө карап калды.
- Карачы байкуш баланы, жедеп көңүлү калган тура. Жаман көрүп карап турбайбы.
- Жүрөгүн муздатып бүтүргөн да. Болбосо атасын кучактап жыгылбайбы.
- Шордуу ай, шордуу. Эми булардын көргөн күнү эмне болот?!
Тургандар ар кайсыны айтып шыпшынып атышат. Аңгыча Токуш жакшы көргөн аял Айымбүбү Токуштун колунан жетеледи.
- Жүрө гой... Бөбөгүң ыйлап атпайбы. Барып сооротчу, жүрү...
Ошондо гана Токуштун көзүнө жаш келди. Айымбүбүнү бир карап алып:
- Атам дагы өлдүбү?-деди. Айымбүбү эч нерсе айталбай мукактана, жетелеп жөнөдү. Басып баратып көзүнүн жашын аарчый:
- Атам апамды дагы өлтүрбөй өзү өлүп калса болмок! Бегимай экөөбүздү эми ким багат? Апабыз жок эми биз кантебиз?-деп сурай, улутунуп алды. Анын суроосуна жооп бере албаган Айымбүбү да токтоно албай ыйлап алып, Токушту соороткон болду:
- Балам, силердин дагы көрөөр күнүңөр бар, алдыңа кетейин!
Бөбөгү менен бөлүнүштү
Намыс деген кыйын эмеспи, Капар менен Калыйдын бир туугандары чогулуп, өлүк шартын кылышып жерге беришет.
Келип кеткендердин аягы тыйылып, үйдө Капардын туугандары менен Калыйдын туугандары калышты. Ар кимдин оюнда наристе кыз, тестиер бала... Капардын төрт бөлмөлүү үйү, огороду... Дасторкон четинде отурушуп, үнсүз чай уурташат. Акыры айтылыш керек эле. Айтылды. Болгондо да Калыйдын орто жашап калган агасы Бердибек үн катты:
- Эми кудалар, кудайдын маңдайга жазганы ушул экен. Кандай болсо да экөө баарыбыз үчүн бир тууган эле. Жаман деп Капарды айтканда, ага кор болуп жүрө берген Калыйды кеп кылганда да эми баары кеч. Болоору болду. Биз Калыйга да канча боор тартып көрдүк эле, Капар менен ажырашса эле күнү бүтүп калчудай болуп туруп албадыбы. Тырмалаңдап жүрүп минтип үй салып алышты эле. Бир чети оорусунун айынан жүрүп кеч турмушка чыккан неме Капардын оң жолго түшүшүн кудайдан тилеп жүрбөдү беле. Баарыбыздын деле тилегибиз ушул эле. Баарынан эки балага эле кыйын болот го, энеге куса болуп, атаны сагынып дегендей... Эми эмне дейбиз... Балдардын күнү кандай болот?... Эгер, туура көрсөңөр.. Анча-мынча оокаттар Калыйдыкы эмес беле, анысын алып кетсек... Балдарды дагы алып кетели. Кийин чоңойгондо ата-журтун, бир туугандарын таап алышаар... Үй-жайына, огородуна өзүңүздөр көз болсоңуздар. Биз дагы келип-кетип турабыз да. Уулу чоңоюп эрезеге жетсе, үйлөнүп-жайланып үйүнө келип кирээр... Биз, Калыйдын бир туугандары ушундай чечтик...
Ортодо дагы жымжырттык боло түштү. Анда-санда гана чайдын уурталганы, чыны-кашыктын кылдырт үнү угулат. Бир маалда элүү жашты таяп калган киши тамагын кыра, үнүн жасай сөзгө кирди:
- Туура, биздин деле кабыргабыз кайышып турат. Бечара Калый эстүү келин эле. Бар-жокту, кайгы-муңду билгизбей, жүрөгү сыздап турса да жаркылдап жүрөөр эле. Капардын жатындаш эжеси да алыста жашап, экөө таптакыр катышчу эмес. Эмне болсо да атамдын инисинин баласы, тууганыбыз эмеспи деп мен, биздин туугандар жакшы эле боор тарталы дечү элек. Бирок, курган Капар токтолбой койбодубу. Адатын калтыра албай койдук. Ичкенин токтотподу. Жиндилигин калтырбады. Акыры минтип... Сиз айткандай балдарга эле кыйын болду да. Бирок, биз барбыз, бир туугандары бар эмеспи. Булар да аман болсо чоңоёт. Эл катарына кошулат. Келечеги алдыда. Там-тарагы, оокат-жайы ошол бойдон сакталат. Ага мына мен өзүм кепил болом. Анан биз деле ойлоп атканбыз... Өз эл-жеринде эле, бир туугандарынын арасында чоңойгону жакшы го, балдардын. Бизде эле болушсун. Экөө жетелешип чоңойгону жакшы эмеспи... Айымбүбү экөөбүз "тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай" дегендей өстүрүп, чоңойтобуз. Ал эми Калыйдын оокаттарын өзүңөр билесиңер да...
Кайрадан ар кимиси өз ойлоруна бата түшкөнсүдү. Жымжырттыкты дагы Калыйдын агасы бузду:
- Эмчектеги эки айлык кызга кыйын болот го. Биз алып кетели. Колубуздагы кичүү келиндин төрөгөнүнө да үч ай болбодубу. Ыйласа эмизип дегендей...
Ушул маалда:
- Жок, Бегимайды эч кимге бербейм!-деген үн чыкты.