Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кайдасың

Малик Аликеев ырчы:
"Алтыга толо элек кезимде атамдан айрылдым"
Мындан жыйырма жыл мурда ыйык сахнанын босогосун аттап, "Арзыкан", "Таласым", "Сардал кыз" ырлары азыркы күнгө чейин жашап келген, "Мөлмөлүм" десе "Маликти" "Малик" десе "Мөлмөлүмдү" көз алдыбызга элестетебиз. Таланттуу адам эч убакта өз күйөрмандарын жоготпойт эмеспи. Андыктан колуна комуз кармаган, жүрөгүн бүткүл чыгармачылыкка арнаган Малик Аликеев кайсыл жерде эмгектенип, чыгармачылыгын кандай улап жатканын билүү үчүн аны кепке тарттык.

- Малик байке, ушул күнгө чейин ырларыңыз элдин эсинен кетпей өзгөчө мукам ыргактардын катарын толуктап келет. Ошентсе да акыркы убакта сахнадан оолак болуп кеткендейсиз. Кайда иштеп, эмне менен алектенип жатасыз?
- Жакшы айтасың. Кайда жүрмөк элем. Колубузга комуз кармап элдин ырчысы болгондон кийин элге жакын болуш керек да. Азыркы күндө өзүмдүн устатым Эстебес Турсуналиевдин экинчи өмүрү жашап, анын тобунда иштеп жатам. Сахнага улам-улам чыкпасак да эл аралап бир нече концерттерге катышып, улуттук филармонияда иштеп жүрөм.
- Баш сөздө айтылгандай "Малик" десе "Мөлмөлүм" же "Мөлмөлүм" десе "Малик" деп билебиз. Бул да болсо аткаруучулук чеберчиликтин күчтүүлүгүнөн уламдыр. "Мөлмөлүмдү" кантип ырдап калдыңыз?
- Менин алгачкы сахнага чыгышым мектептен эле башталып, райондук, облусттук кароо-сынактарга катышуу менен уланган. Ал кезде мен комуз кармап дастандарды айтчумун. Анан тогузунчу класста "Мөлмөлүмдү" радиодон угуп калдым. Ошондо кулакка сиңип калса да мен анын маанисин деле билбептирмин. Эмнегедир жүрөгүмө жагып калды. Алгачкы жолу 1986-жылы "Мөлмөлүмдү" бир концертте ырдап чыктым. Бул ыр Барпынын сүйүүнү даңктаган лирикалык ыры да. Ырдын маанисин түшүнбөй ырдай берип "Болор-болбос баш баккан бөдөнө тумшук мамагың" деген жери бар го ошол сабы үчүн "Өзү кенедей болуп алып ырдаган ыры бул"-деп кемпирлерден тил уккам. Урушкандарын карабайсыңбы, кийин анан түшүнүп жатпаймынбы. Анан ошол концертте режиссёр мени карап "Малик бүгүн ошол сабын айтпасаң экинчи сахнага чыкпайсың"-деп урушат. Макул дейм да эртеңки күнү эле ошол жерге келгенде баягы сөздөрдү эстеп алып уялам да, кайра андан аттап кетем. Ушундай тил угуулар менен Барпы атабыздын "Мөлмөлүмүн" элге жеткирип, "Мөлмөлүм" менен элге таанылдым.
- Жаш ырчылар эски ырларды жаңылануу жолдору менен ырдап жатпайбы. Сиз тил угуп жатып элге таанылткан "Мөлмөлүмдү" Мирбек Иманбеков эстрада жанрында ырдап чыкты. Буга болгон оюңуз кандай, сизге жактыбы?
- Мирбек өзүмдүн инилерим болот. Анын үнү, таланты бар. Мен буга каршы эмесмин. Бирок "Мөлмөлүмдү" эстрадага салыштын өзү деле болбойт. Анткени, ырдын саптары анын салмагы эстрадага ылайык келбегендей да. Мен Мирбектин талантын сыйлайм, бирок "Мөлмөлүмдүн" өзү улуу ыр болгондуктан ошол улуу ыр бойдон коюп койгондо болмок. Эми буга эл тараза, эл сынчы.
- Ар бир ырыңыз өзүңүзгө куп жарашкандай туюлат. Ырга болгон табитиңиздин сыры эмнеде?
- Рахмат. Анын сыры деле жок. Болгону мен ырдын сөзүнө маани берем. Негизгиси бул сөз да. Адам менен сүйлөшсөң деле сөз менен иш кыласың. "Буттан жыгылган турат, сөздөн жыгылган турбайт" дегендей сөзүңдөн кармалып, сөзүң менен бааланасың. Залкар инсан Шекербек Шеркуловдун "Арзыкан", "Таласымдын" мааниси тарыхта кала турган өчпөс ырлар.
- Роза Аманова "Баардыгын адамдык дил билет, аттиң ай ата-эне кадырын ким билет?" деп ырдагандай ата-энеңиз жөнүндө сурабасам маегибиз көркүнө чыкпай калат го?
- Менин атам Аликеев Жунуш өз убагында филармонияда иштеп кеткен экен. Алтыга толо элек кезимде атамдан айрылгам. Атамдын архивиндеги күүлөрүн, чыгармаларын изилдөөчү Асан Кайбылдаев агам аркылуу таап сактап жүрдүм. Ал агама ар убак ыраазычылык билдирүү менин милдетим. Атамдын Токтогулга жолугуп, өз оозунан Сибирге качканын угуп, бул инсан менен баарлашканына сыймыктанып келем.
Ал эми ата ордуна ата болгон апам болуп калды да. Апам атамдын кандай адам болгонун анын чыгармачылыгын айтып жүрүп мени да атамдын жолун уласын деп тарбиялаган. Катышпайм деген концеттерге өзү жетелеп барып жүрдү. Чынында ата-энеңдин берген тарбиясы алардын жөлөгү болбосо биз кайдан чыкмак элек. "Аккан арыктан суу агат" дегендей ата-энемдин кадырына жете албасам да, алардын жолу менен барганга аракет кылып келатам. Азыр эми апам 77ге келип балпайган байбиче болуп олтурат. Айта кетсем атамдын архивинде бир ыры бар экен
Өмүрдүн гүлү ачылды,
Ойлонсом жүрөк шашылды.
Кайра бир кантип төлөймүн,
Өткөн бир өмүр жашымды-деген саптары бар экен. Буюрса бул ырды сахнага алып чыгам.
- Чыгармачылыктан тапкан байлыгыңыз эмне?
- Чыгармачыл чөйрөгө аралашып анын казанында кайнап калганыма сүйүнөм. Мен бул дүйнөдөн канчалаган дос күттүм, элимдин ишеничине кирдим, Эстебес агалар айтып калышчу "Биз барбаган үй, биз жатпаган төшөк калган жок" деп анын сыңарындай кудайга шүгүр эл сыйлайт, өчпөс өнөрүбүз биздин байлыгыбыз деп ойлойм. Өнөр адамы болгондон кийин эл үчүн эмгек жасап, элдин ишеничин актагым келет. Андыктан ар дайым жүрөгүбүз ырдай берет демекчимин.

Маектешкен
Айнура Султанова




Кызыктар дүйнөсүндө
Дүйнө жүзүндөгү эң чоң зоопарк
Жаратылыштын кереметин түзүп, көркүн ачкан жаныбарлардын башын бириктирген дүйнө жүзүндөгү эң чоң зоопарк Францияда орун алган. Колдон келишинче жаныбарларга ыңгайлуу шарт түзүп бергенге зоопарктын жумушчулары болгон аракетин жумшашат. Кышкысын жылуу жай табуу да өзгөчө оор машакатты жаратат. Мындай жагдайда Венсендеги атайын кышкы темир таштан жасалган үңкүргө камашат. Бул жайга, алар үч айга албетте ири суммадагы акча төлөшөт. Пилдин бир күндө жеген тамагы 100 килограмм салмакты түзөт. Бир жылда канча азык жээрин элестетип көрүңүз.

Узун чачтардын модага айланышы
Адамзаты пайда болгондон тартып эле аялдар менен бирге эркектер да чачтарын жасалгалаганды үйрөнө башташат. Таңкалыштуусу байыркы жапайы уруулар чачынын жасалгасына өтө көп маани беришчү экен.
Байыртадан түз жаткан чачтарга караганда тармал чачтар көбүрөөк жагымдуу көрүнгөн. Ал эми аялдардан айырмаланып эркектер сакалын кошо тармалдатканды өнөр көрүшчү. Цивилизациянын өнүгүшү менен чачты жасалгалоо үчүн ар кандай "аспаптарды" жарата баштап, бирок ал Европага гана кеңири таралган.
Англиянын ажосу Генрих VIII эркектердин саксайган узун тармал чачын кестирип, жалаң кыска чач менен жүрүү тууралуу мыйзам чыгарат. Жогоркудай мыйзам көпчүлүктүн куйкасын куруштургандыктан чачтын ордуна сакал-мурут өстүргөнгө жол берет. 1603-жылы бийликке Джеймс I келгенде кайрадан узун чач модага айланган. Эркектердин арасында кыска чач XIX кылымда гана бир калыпка түшкөн.

Бразилиянын чытырман токоюнан байыркы шаарды табышты
Флорида университетинин изилдөөчүлөрү атайын топ түзүп алып Бразилиянын токоюна аттанышкан. Изилдөөчү топтун саякаты тереңдегенден-тереңдеп отуруп байыркы шаар бар экенин аныктап чыгышат. Изилдөөчүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй бул табылган шаарда 50 миңден ашык адам жашачу, ал эми архитектурасынын түзүлүшү Бразилиянын башка шаарларынан айырмаланып өтө татаал.
Майкл Хекенберг башында турган экспедициялык топ байыркы шаар 28 бөлүктөн тураарын, куикру уруусунун өкүлдөрү дал ушул шаардын тургундары болгонун изилдөө учурунда аныкташты. Эми бул табылган мурасты бразилиялыктар архитектурасын өзгөртүп аны ордунда башка шаар куруу чечимин чыгарышты.

Кытайдын улуттук китепканасы дүйнө жүзү боюнча үчүнчү орунду ээлейт
Кытай - дүйнө жүзүндөгү китепканалардын катарында үчүнчү орунду ээледи. Белгилей кетсек биринчи орунда Франциянын улуттук китепканасы менен Американыкы турат.
Пекиндеги китепкананын аянты 250 миң кв ды түзөт. Муну кытайлыктар 2004-жылдан баштап кура башташкан жана аны курууга 220 миң юань (80 миллион доллар) бөлүнүп берилген. Бир күндө китепканага 8миң адам баш багып, болжол менен 600 миң китеп берилет. Андан тышкары китепканада китептен башка интернетке туташылган 460 компьютер бар. Андан тышкары каалоочулар Кытай элинин байыркы тарыхый китептери, кол жазмалары менен таанышса болот.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева










??.??