Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Саламат плюс

КРнын Президентинин иш башкармасынын дарылоо - ден
соолукту чыңдоо бирикмесинин акушер-гинеколог- эндокринолог врачы Жакшыбаева Айжан Шамгуновна

Оорукчан Балдардын төрөлүшү
- Келечекте ден соолугу чың, таза, балалуу болуу үчүн жубайларга кандай кеп-кеңештерди айтаар элеңиз?
- Мени азыр кубандырган нерсе: жаңы үйлөнүп, балалуу болууну каалаган жубайлар ээрчишип келишип: "Биз балалуу болгубуз келет. Алдын-ала ден соолугубузду текшертели дегенбиз, эмне кылуубуз керек?"-деп кайрылып жаткандары. Демек болочок атанын келечек баласы үчүн, анын ден соолугу үчүн алдын ала кам көрүп, жоопкерчилигин сезип атканы эле чоң нерсе да. Ошондо биз алардын организмин толугу менен текшерүүдөн өткөрүп, ар кандай инфекциялар бар жогун билиш үчүн анализ тапшыртып, бар болсо дарылоо жүргүзүп, ден соолугу чың балалуу болууга толук даярдайбыз. Ошондо да аялзаты боюнда бар кезинде толук врач айткан эрежелерди сактоосу керек.
- Мисалы кандай эрежелер?
- Өздүк гигиенаны сактоо, туура тамактануу көп терс жактардын алдын алат. Бойго бүткөндө организмде, өзгөчө кан айланууда чоң өзгөрүү болот. Тамак-аш менен толукталып турчу темир заты организмде жетишсиз болуусу башталат. Анткени, бала үчүн өзүнчө кан айлануу жүрөт. Ошондуктан курамында темир бар алма, кызылча сыяктуу тамак-аштарды колдонуу керек. Туура тамактанса аялзаты аз кандуулук менен оорубайт.
- Аз кандуулуктун балага кандай терс жактары бар?
- Башы айланып, өзүн алсыз сезген эненин начар абалы сөзсүз балага таасир этет. Жаш, жаңы өсүп келаткан организмде гармоналдык бузулуу жүрөт, булчуңдар, өзгөчө жүрөк булчуңдары начар иштөөдөн балдар төрөлгөндө эле жүрөк оорулуу болуп атышат. Кичинекей, алсыз балдар төрөлөт. Бир мисал айтсам, азыр айыз цикли туура эмес, өз убагында келбей, бузулуп, оорукчан болуп жүрүшкөн жаш кыздар көп. Бул болсо энеси өз убагында аз кандуулук менен ооруп, учурунда дарыланбай төрөгөнүнөн улам болушу да мүмкүн. Ойлонбой мамиле жасагандан көп энелер кыздарынын кийинки өмүрүнө, ден соолугуна терс таасирин тийгизип коюп атышат. Ошондуктан бойго болгонго чейин, болгондон кийин да туура тамактануу зарыл. Ал үчүн бат-баттан бирок аз-аздан , витаминге бай , эт, сүт азыктарын, капуста, сабиз, жер-жемиштер менен тамактануу зарыл. Бирок "врач же деген, витамин" деп эле таттуу жемиштерди жей берген да туура эмес. Анткени коон, жүзүмдөрдөн баланын салмагы ашыкча чоңоюп, кийин төрөгөндө оор болуп калат.

Болочок наристелердин
кыз же эркек болушун
кааласаңыз…
- Бойго бүткөнгө чейинки тамактануудан баланы кыз же эркек деп пландап алууга мүмкүнбү?
- (Күлүп) Жеке өзүмдүн иш-тажрыйбамдан айтсам, мага кайрылган жубайларга кыздуу болгулары келсе калий, кальцийге бай мисалы, сүт азыктары менен көбүрөөк энеси да, атасы да тамактанышып, ал эми эркек балалуу болгусу келгендер белокко бай, мисалы эт азыктарын көп колдонгула деп айтам. Бирок бул сөзсүз кепилдик берет дегендик эмес. Балким… мүмкүн… дегендей, толук ушундай деп айтуу кыйын.
- Жыныстык жол менен жугуучу оорулар менен ооруган аялзаты боюнда бар учурда балага зыянын тийгизбей дарыланса болобу? Деги эле ушул оорулардын бала үчүн кандай тескери жактары бар? Хламидиозго токтоло кетсеңиз?
- Жыныстык жол менен жугуучу оорулардын ичинен хламидиоз мурунку учурда анча байкалчу эмеспи же ошол кездеги лабораториялык текшерүүдөн толук көрө алышчу эмес беле, азыр медицина өнүккөн учурда көп байкала баштады. Азыр дарыларды (антибиотиктер) көп ичүүдөн да хламидиозго агрессивдүү түргө өтүп кетет. Бул инфекция организмде бар же жок экенин текшерүүсүз билүү мүмкүн эмес. Анткени анын клиникалык белгилери жок, жашыруун жүрө бериши мүмкүн.
Бойго бала бүткөндө гана терс таасирин аялдын жалпы органдарына, балага тийгизип баштайт. Баланын ички органдарын - жүрөктү, муундарды, көздү жабыркатат. Бала өсүүсүн токтотуп же боюнан түшөт. Эгер бойдо бар кезде баланын тону аркылуу инфекция кирбей бала таза сакталып өскөнү менен төрөлүп жатканда энесинин жыныстык органдары аркылуу жугуп калуусу мүмкүн. Анан кандай бала болот? Оорукчан, алсыз, иммунитети начар балдар төрөлөт.
Жыныстык жол менен жугуучу оорулар менен ооруру билинсе анда сөзсүз врачка кайрылып, алдын-алуусу керек. Бала боюнда бар кезинде 18 жумага чейин эч кандай дарыларды колдонбогон эле жакшы. А бирок врач көзөмөлдөп ар бир аялдын организминин абалына жараша, иммунитетин көтөрүп, дарыласа болот. Балага зыяны аз болсун үчүн мүмкүн болушунча эртерээк дарыланган жакшы.
- Рахмат, маегиңизге. Ишиңизге ийгилик.
Кененирээк маалымат алуу үчүн байланыш телефону:
0312 66-49-11

М. Молдобекова




"Кызык" суроо, керектүү кеңеш
- Өткөндө бир врач аял айтат, эркек-аял мамилеси да көп ооруга дары деп. Ушул чынбы?
Зарипа, Ош шаары
- Мында кандайдыр бир деңгээлде чындык бар. Мисалы, аял-эркекке тиешелүү мамиле экөөнүн бирдей каалоосу, ошондой эле бирдей жыргалга бөлөнүү менен ишке ашса, анда: моюн, бел оорулары, табарсык, ал түгүл ашказан, ашказандын залалдуу шишик (рак) оорусу, кан басымынын көтөрүлүшү, жүрөктүн бат-бат согушу, колдордун калтырашы, жаман түш көрүү, уйкусуздук, бөрү жатыш, көздөрдүн киртийиши сыяктуу дарттардан арылууга эбегейсиз пайда берет.

- "Эротикага" караганда "секс" уяттуубу? А, "парночу"?
Алина, Алай району.
- Эротика - адамдын сезими. Мисалы, эркек аялдын дене-боюна, келбетине, көкүрөк мүчөсүнө ашык болуп, аны менен бийлегиси, эркелеткиси келет. Бири-бирине көз аркылуу, жүрөк аркылуу сүйүү, эңсөө сезими, жагымдуу, назик эркелетүүлөр жана жеңил төшөк каалоосу.
Ал эми секс - ошол эле сезим менен аял-эркектин төшөк мамилесин бир сөз менен орой айтуу, көрсөтүү.
А, парнография - сулуулук, жагымдуу мамиледен четтөө, өтө одоно түрдө көрсөтүү. Анда адаттан сырт нерселер, адепсиздик, уятсыздык, ал түгүл аял-эркектин мамилесинин жагымсыз кылыктарынын көрсөтүлүшү.

Биринчи нике түн жеңил болуш үчүн эмне кылуу керек?
Бермет, студент
- Кыздын гимени бат айрылып, оорубас үчүн төмөнкү ыкмаларды колдонсо болот. Кыз чалкасынан жатып, май куйругунун астына ныкталган жаздыкты төшөп алат. Эки бутун тизесинен бүгүп, эки колу менен ийри такымынан кармап өзүнүн көкүрөгүн карай тартып жатыш керек. Жигит пенисин вазелин же башка жылмакайлуу майлар менен майлап туруп, кыздын үстүнө чыгат. Салмагын салбаш үчүн эки чыканагына таянат. Бир колу менен кыздын гименинин кынынын чоң эриндерин эки жакка ачып туруп, пенисин оозуна такайт. Эгер кыздын жыныс кыны же гимени чоюлуп ооруп кетсе, жигит пенисин ары карай киргизгенди токтотуш керек. Биринчи нике түнү узакка созулган жыныстык катнашты жасаш керек эмес. Анткени кыздык айрылган гимени ооруп, канаганы күчөп, сезгенип калышы мүмкүн. Кыздын гимени айрылгандан кийин 3-5 күнгө чейин жыныстык катнашты токтотуп туруу ден соолукка пайдалуу.

Даярдаган А. Ажиев