Сенин гезитиң!
№34, 23.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Билгениң оң

Телефон менен сүйлөшүүнүн этикасы
Бүгүнкү күндө ар бирибиз эле алысты жакын кылган телефонсуз жашообузду элестете албай калдык го. Ошентсе да көпчүлүгүбүз телефон менен сүйлөшүүнүн этикасын сактай билбейбиз. Төмөнкү кээ бир жөнөкөй эрежелерге көз жүгүртүп, телефон аркылуу жакын адамыңыз болобу же кесиптешиңиз, балким досуңуз менен баарлашаарда эске алыңыз.


1 Телефон менен сүйлөшүп жаткан учурда анын келбети көрүнбөгөндүктөн бул жерде үн бир топ маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан баарлашып жаткан адамыңызга үнүңүздү болушунча жумшак, жылуу чыгарганга аракеттениңиз. Мындай кадам ортодогу пикир алышууну бир топ жеңилдетип, жеңил жагдай жаратат.


2 Алгач эле телефон чалганда албетте учурашуудан баштайбыз. "Кутмандуу таңыңыз, кечиңиз менен" деген сөздөрдү жөн гана "Саламатсызбы?" деген жөнөкөй, сылык сөз менен алмаштырганыңыз бир топ оңтойлуу болот.
Телефон менен маанилүү маалымат айтып жатканда (өзгөчө дата, дарек, белгилүү бир цифраларды) колдон келишинче жайыраактан айтканыңыз туура. Анткени байланыштын ары жагындагы адам сиздин айткандарыңызга түшүнбөй кайра-кайра суроо салуусу, ортодогу ыңгайсыз паузаны жаратат.


3 Аябай зарыл иштериңиз менен чалып, бирок керектүү адамыңызды таппай калсаңыз өзүңүздүн ким экениңизди, каяктан, эмне маселе боюнча тынчын алып жатканыңызды так, кыска жана нуска түшүндүрүп койгонуңуз оң. Албетте өзүңүздүн телефонуңузду, дарегиңизди калтырууну унутпаңыз.


4 Эгерде сиз жыйналышта отурсаңыз же болбосо маанилүү жумуштарыңызды талкуулап жаткан болсоңуз уюлдук телефонуңузду өчүрүп койгондон өтөөрү жок. Жумуштагы телефонуңузга байланышса кечирим сурап, сүйлөшүүнү бош убактыңызга тууралап жылдырсаңыз маданияттуулукка жатат. Ал эми маңдайыңызда отурган адамдар менен болгон маегиңизди шарт токтотуп, телефон менен кызуу сүйлөшүү таптакыр туура эмес.


5 Телефон чырылдаганда дароо алып жооп берүү керек
Эгер өзүңүз телефондун жанында отурчу адамга чалсаңыз, ал 3-4 чырылдаганга чейин көтөрбөсө, демек ал чыгып кеткен же зарыл иш менен колу бошобой жаткан, бул убакта коё туруу зарыл. Ал эми бирөөнүн үйүнө чалсаңыз 6-7 жолу чырылдаганча күтө туруңуз, себеби ал бир жумуш менен алек болуп же ашканада жүрүп жетише албай калышы мүмкүн.


6 Эгер кандайдыр бир номерди так биле албасаңыз…
Жаңылыш башка номерди терип алсаңыз "Сиздин номериңиз кандай?", "Мен кайда түшүп калдым?" деген өңдүү аңкоо суроолоруңуз орунсуз экенин түшүнсөңүз керек. Ал суроолор өтө жагымсыз угулуу менен өзүңүздүн маданиятсыздыгыңызды көрсөтөсүз.


7 Эгер бирөөгө телефон чалсаңыз же сизге ал чалса, трубканы алаарыңыз менен "ким бул?" деген суроону эч качан, эч убакта бербеңиз. Анткени трубканын ары жагынан да, бери жагынан да бул суроо аябай орой угулат. Мунун ордуна "Сизге кандай жардам бере алам" деген кичипейилдик менен узаткан сурооңуз бир топ кулакка жагымдуу угулат.


8 Сөзүңүздү жыйынтыктап, негизи этика боюнча маекти биринчи чалган адам бүтүрүшү туура, коштошоордо алган маалыматтарыңызды бир сыйра тактап алып, "убактыңызды бөлгөнүңүзгө ырахмат" деген фразаны колдонгонуңуз абзел.




Пайдалуу кеңештер
Музыка жана нерв системасы
Музыка адамга оң таасирин тийгизип, ички сезимге кубаныч алып келет. Өтө жагымдуу обон артериялык кан басымын калыбына келтирип, дем алуунун жыштыгы менен пульсун оңдоп, эмгекке жөндөмдүүлүктү күчөтөт.
Бирок, өтө узакка же катуу чыккан музыка адамга терс таасирин тийгизиши да мүмкүн. Өтө катуу коюлган ачуу музыканын чуру-чуудан эмне айырмасы бар. Катуу чуу адамдын нерв системасына, кулак кабыл алуусу аркылуу эрте жетет. Мындай жагдайга айрыкча нерви начар жана жүрөк оорулуулар чыдай алышпайт. Оңой менен уктай албай уктап кеткенде дагы улам ойгонуп, жаман түш көрүп, кыйналып таң атырат.

Чачты фен менен кургатуу зыян
Көпчүлүгүбүз көп учурда бир жакка шашып же чач жасалгалоодо фендин жардамын колдонобуз. Бирок, ошол эле учурда анын пайдасынан зыяны бар экенин этибарга ала бербейбиз. Анткени, фенден чыккан ысык аба биринчиден баштын терисин кургатып күйгүзсө, экинчиден чачты тердетип майланыштырат. Ушул нерселерди эске алып жуулган суу чачты жайдын күнү да, кыштын күнү жөнөкөй эле жол менен кургаткандан өтөөрү жок. Дагы бир белгилей кетчү көрүнүш чачты суу боюнча кайра-кайра тарай берүү туура эмес, себеби суу кезинде тараганда чач үзүлүп түшө берет.

Күлкү ден соолуктун мүлкү
Бул сөздө ашыкча апыртуу жок. Америкалык психолог Ульем Фрей адамдын организми тамакты кандай талап кылса, күлкүнү да андан кем эмес талап кылаары анык. 20 секунддук күлкү 3 минуталык гимнастикага тете келип, ал жүрөктүн иштешин, кан айланууну жакшыртаарын аныктаган. Адамдын курсагынын, ийининин, моюнунун жана жүзүнүн булчуңдары жакшы иштейт. Демек, сиз да күнүңүздүн көпчүлүк бөлүгүн күлкү менен өткөзгөнгө аракеттениңиз.

Жаш баланын тили тез чыксын десеңиз…
Эненин мээримдүү үнү балага биринчи күндөн баштап эле жакшы таасир көрсөтөт. Ошон үчүн энесинин үнүн угаар замат бала үн салып баштайт. Балага төрт-беш айынан баштап, ар кандай оюнчуктарды көрсөтүп кызыктыруу керек. Бир аз чоңоюп калганда кооз сүрөттүү китептерди ачып көрсөтүп, андагы куштардын, айбанаттардын үнүн туурап окуп көндүрүш керек. Кийинчерээк өзүнө да тиги сүрөттөгүлөрдү тууратуу жакшы натыйжа берет.
Врачтардын айтуусу боюнча бала канчалык жандуу болуп, гимнастика ойноп, кыймылды көп жасаса, ошончолук тили тез чыгат. Себеби ойноо, көнүгүү жасоо менен колунан, башынан мээге импульстары өтүп, анын сүйлөөнү башкаруучу зонасынын ишин активдештирет.











??.??