Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Айнура Салахидинова, ырчы:

"Ырчы болбогондо торт жасап иштемекмин"
- Айнура Салахидинова деген ысым менен өзгөчө фамилияны эки жылдан бери угуп келатабыз. Күйөрмандарыңа өзүң тууралуу айтып берсең?
- Менин фамилиямды уккан адам татаал экен, улутуң ким деп сурашат. Ата-энем экөө тең кыргыздар. Бишкек шаарында төрөлүп ушул жерде балалыгым, окуучулук күндөрүм өттү. Кошумчалап кетсем шоу-бизнесте жаш ырчылардын көпчүлүгү псевдоним менен чыгышып, эл жеңил кабыл алгандай кылып аттарын өзгөртүп жатышпайбы. Атымды өзгөртүү боюнча Тынчтыкбек Кожобеков дагы бир нече вариантарын айткан. Бирок, мага мындай сунуштар жаккан эмес. Себеби, өзүм намаз окугангабы азан чакырылып койгон атымды өзгөрткүм келген жок. Бул шариятта да туура эместигин барыбыз биле бербейбиз.
- Алгачкы жолу чоң сахнага чыккан күнүң эсиңдеби?
- Албетте, эсимде. Үчүнчү класста окуп жүргөнүмдө "Маш ботой" күүсүн чертип чыккам. Ал эми ырчылк өнөрүм менен Борончу Кудайбергеновдун отчеттук жеке концертинде ырдап чыктым.
- Бул ырчылык кесипти тандап алганыңызга өкүнбөйсүзбү?
- Бала кезимден баштап комуз чертип ага жакын болуп чоңойдум. Бирок, минтип ырчы болом деп ойлогон да эмесмин. Табиятымдан таттууга жакын болгондуктан торт жасап кондитердик тамак-аш тармагында иштейм деп кыялданчумун. Ал эми Искусство институтуна тапшырып калганыма комузду жакшы черткеним түрткү болду. Негизи чоң энем темир комузда жакшы ойносо, тай жагымдын бардыгы комузда эң мыкты кол ойнотушкан. Комуз чертип ырдап калганымдан кийин бул чөйрө мага өзгөчө жакын болуп калды. Демек, мен ойлойм беш жылдык алган билимим өкүнбөгөнгө эң негизги себеп. Ошондуктан кесибимди сүйүп иштөөгө даярмын.
- Атаандаштык ийгиликти жаратат денеге кошуласыңбы?
- Бир жагынан кошулам. Себеби, бири-бириңди көрүп алдыга жыласың, изденүү көбүрөөк болот. Экинчиден атаандашуунун аркасынан көралбастык кыянатчылык келиши мүмкүн. Албетте, көралбастыктын арты жаман менен бүтөөрүн билсек керек.
- Кыздын бараар жери күйөө дейт эмеспи, качан сенин тоюңа күбө болобуз?
- (Күлүп) Ушул суроону бергендердин барына туулган күнүмдөн кийин күйөөгө чыгам деп жооп берчүмүн. Кудай буюрса быйылкы 2-октябрь туулган күнүмө карата уюштурган концерттен кийин кетем го. (тамаша эй) эми чынымды айтсам жүрөгүмдүн ээси бар. Ал жигит менен кыялымдагы адамым эң негизгиси түгөйүңдү тапкандан кийин үйлөнүү тойду пландаштырсаак болот. Ошондуктан тоюм болоор күнү сиздерге биринчи кабарлайм.
- Кыялымдагы адамга жолуктум дебедиңби. Демек, чыгармачылыгыңды түшүнгөн адам экен да?
- Ооба, кайсыл жактан болбосун мени ар тараптан колдоп, чыгармачылыгымды баалайт. Буга чейин "мага гана ырчы болуп,кечинде ырдап уктатып, эртең менен ырдап ойготосуң" деген жигиттер да кездешкен. Албетте, мындай көрүнүш кимге жаксын. Адамга кыйноо жарашпайт дегендей, бассам-турсам кыялымдагы адамга жетсем экен деп тиленчүмүн. Буюрса, жакшылыктан үмүт үзбөй туралы.
- Акыркы убакта эстрададагы жаш ырчылар кино тармагынан да өздөрүн сынап жүрүшөт. Киного тартылайын деген оюң барбы?
- Оо жакшы суроо экен. Кино тарткан досторума "чуркап өтүп кеткен эпизод болсо мага бергилечи" деп тамашалап калам. Институттагы "Театр жана кино" бөлүмүнө тапшырсам болмок деп да бир кездерде кыялданып жүрдүм. Адам болгондон кийин бардык жагынан өзүңдү сынаганга аракет кыласың. Эгерде кино боюнча сунуштар мага буюруп калса, ойлонбостон тартылууга даярмын.
- Айнура эми маегибизди 2-октябрда өтө турган жеке концертиңе бурсак. Алгачкы концерт болгондуктан жүрөксүнүү, толкундануу болуп жатса керек? Концерттин өзгөчөлүгү эмнеде?
- Менде да сиз айткандай сезимдер болбой койгон жок. "Аппак сүйүү тартуулайм" деген аталыштагы жеке концертимдин эң негизги өзгөчөлүгү сахнанын жасалгасына көңүл буруп жатам. Төкмө акындар Аалы менен Азамат концертти ачып беришсе, куудул байкелерибиз өз өнөрлөрүн тартуулашат. Менин репертуарымдагы комуздун жана эстраданын коштоосундагы бардык ырларымды аткарам. Мен ойлойм. Ар бир ырчынын жеке концерти өзгөчө болот болуш керек.
- Эл келбей калат го деп корккон жоксуңбу?
- Бул суроого эч коркпостон жооп бергим келип жатат. Себеби күйөрмандарыма чын ниетимден ыр сунуп жаткандыктан беш адам келсе да сценарий боюнча толук концерт таруулайм. Калганын убакыт өзү көрсөтөт. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сиздердин жамаатка чоң ыраазычылык билдирип калемдеринин курчуй беришин каалайм.

Маектешкен Айнура Султанова










??.??