Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Обон-күлкү

"Өкмөттүк самолёт го..."
Экөө асмандагы самолётту карап турушат. Бирөөсү:
- Өкмөттүк самолёт болсо керек.
- Жок, өкмөттүк эмес.
- Эмнеге?
- Өкмөттүкү болсо, алдында, артында, эки жагында "Мерседес" кетмек...

"Эт жесем кайф алам"
Бажыканачы жүргүнчүдөн сурайт экен:
- Наркотик барбы?
- Бар.
- Кана көрсөтчү?
- Мына.
- Бул эт го?
- Мен эт жесем, кайф кармайм.

Жегич болуп иштегендердин планы
Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттарынын ортосунда аябагандай талашып-тартышуулар жана салгылашуулар болду.
Салгылашуу бүткөндөн кийин, топтолуп алышып, салгылашуунун жакшы болгондугун аябай жуушту.
Жогорку Кеңеш жана жогорку жактагылар күзүндө элди кантип жештин планын түзүп жатышат.
Ал эми эл байкуш кантип жедирбей коюунун планын түзүүдө.

Боорду эзген борончу
Борончу менен Кубаныч капысынан жолугуп калып, Борончу учурашайын десе Кубаныч:
- Эй, эй, эй дос таарынба, бизге учурашууга болбойт. Бирөө менен кол берип учурашууга болбойт.
- Оо болуптур, учурашпаса учурашпадым. Деги тынччылыкпы өзү? Сага эмне болду?
- Ээ досум, мойнума алдым.
- Эмнени?
- Көзүмдү ачтырдым.
- Эмне, мурда жабык беле?
- Ээ досум, сен түшүнбөйсүң. Ушинтип жүрүп кыргыз эли артта калып кеттик го, атаң гөрү.
- Жакшы, билишимче сен бир топ алдыга кетип калыптырсың... Так, так-таак. Бери карачы. Вроде мурдагыдай эле көзүң. Же бир аз чоңоюп калганбы? Мейли, кимге ачтырдың?
- А сен билбейсиң.

Көңүлчөөк көңүлдөш
Эшиктен келип звонок басат. Үйдүн ичинен аялдын үнү:
- Ким бул?
- Мен күйөөңмүн, командировкадан келдим.
- Калп айтпа, менин күйөөмдүн үнү тонкий, сенин үнүң грубый экен. Мейли, кире бер, азыр ачам.

Ит адамга окшошпу?..
- Тобоо, ит да адамга окшош болот экен ээ. Тээтиги итти карасаң. Биздин көпөс жетекчинин өзү.
- Эмнеге?
- Эч нерсе кылбай эле үрө берет экен.

Түш жоруу...
Психологго жаңы кыргыз келип:
- Короче, братан жаман түш көрүп жатам в натуре.
- Кандай түш?
- Чоң картошка ментовский формада күндө түшүмө кирет. Муну кандай түшүнсө болот?
- А-а, жөнөкөй эле түшүнсө болот. Же жазында отургузат сизди, же күзүндө убрать этишет экен.

"Балаңыз кара төрөлүп калыптыр"
Бир жаш келинге картаң чал үйлөнөт. Тогуз айдан кийин аялын роддомго алып келет. Врач:
- Охоо, молодец абышка!
- Моторду дайым жүрө турган абалда кармаш керек.
Кийинки жылы дагы төрөткөнү алып келет, врач:
- Эххе абышка, мотордун майын алмаштырбаса болбойт. Балаңыз кара төрөлүп калыптыр.

Дубалдын пайдасы
Куудул Жамбыл Камчиев студент маалында курсташ кызынын комнатасында ичип олтуруп, мас болуп калат. Сүйүүсүн арнап кызга жаман көрүнөт. Курсташы жини келип Жамбылды чыгып кет десе, шарт эле туруп жөнөйт. Ошентип эшик деп балкон менен жөнөйт. Кудай жалгап үчүнчү этаждан түшүп келатып, суунун трубаларына бутунан илинип, башы менен дубалга катуу чабылып өлбөй аман калат. Кийин эсине келип, Жамбыл чыгарма жаза баштайт. Азыр мына 2008-жыл. Жамбылдын чыгармаларын окусаң, ошол башынын дубалга урулганы көзгө элестеп турат.

Кимибиз өлүп жатабыз деги
Өлөөр алдында күйөөсү аялына керээз айтат:
- Эми мен өлсөм машинаны уулубузга бер.
- Кызыбызга эле берейинчи?
- Уулубузга бер.
- Кызыбызга эле.
- Уулубузга.
- Кызыбызга.
- Эй, кандай башың иштебейт. Акыры кимибиз өлүп жатабыз. Сенби, менби?

"Алтыным Пияз"
Кортогой досум Паиз деген кыз менен сүйлөшүп калды. Үйлөнмөк болуп жүрдү. Бир күнү мас болуп алып чакырыптыр. Паиз деген атын унутуп, "Пияз алтыным, Пияз" дей берген экен, кыз аябай капа болуп, кетип калыптыр.

Оңтойсуз учур
- Бетиңизге эмне крест коюп алгансыз?
- Летающий тарелка тийди.
- Кайдагы летающий тарелка?
- Аялым кайсы бир базардан алган.

Тонолгон ууру
- Мен кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Менин туугандарым да кедей, көпчүлүгү. Бир жолу биздин үйгө ууру кирди эле, анын өзүн тоноп койдук.

"Машина сени бир саат сүздүбү?"
Анвар бары-жогу бинт менен тагылып кирип келет.
Нач: - Эмне себептен жумушка бир саат кечигип келдиң?
Ан: - Жолдо машина сүзүп кетти.
Нач: - Машина сени бир саат сүздүбү?

"Бир тыйынчалык жоксуң"
- Салам алейкум. ЦУМ га чейин канча аласыз?
- ЦУМ га чейин 100 сом.
- Экөөбүз болсокчу?
- Баары бир.
- Айттым го Маке, бир тыйынчалык жоксуң деп.

Эшек
Бир эшек эшектердин чогулушуна барса, чогулушка киргизбей коюшуптур.
Эшек түзүк эле айтыптыр:
- Мен эшекмин, мына куйругум, бул кулагым. Ишенбесеңер, айкырып да берейин деп айкырып бериптир. Мээнети текке кеткенин билип, акыры айтыптыр:
- Тээтигилер эмнеге олтурушат?
Көрсө чогулушта Арстан, жолборс, түлкү, аю, карышкырлар бар экен.
- Алардын эшек деген документи бар, ошол үчүн олтурат. Сенин эшек деген документиң жок!-деп баары бир киргизбептир эшек байкушту.

Көңүл бургула!
Конкурс, конкурс…
"Боло берет турмушта, особенно кыргызда" аттуу эң кызыктуу күлкүлүү окуяларга конкурс жарыялайбыз. Эң мыкты деп табылган авторлордун чөнтөк телефонуна 100 бирдиктен жөнөтүп турмакчыбыз. Sms аркылуу 0772624855 номерине жөнөтсөңүздөр. Эгер почта аркылуу кат жазсаңар биздин абоненттик ящик: Бишкек - 48 А/Я 1551 же болбосо 44-98-21 телефонуна чалыңыздар.

Даярдаган А.Адишов










??.??