Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Жаргылчак

Жаргылчакка бул жолу жаш ырчы Неля "Жалган" деген ыры менен салынды.
Азыркы ырчылар батарейка менен иштеген фонариктей
Неля, ырчы:
- Бул ырдын обону мага абдан жаккан. Ушул ырдын стилиндей ыр таппай жүргөндө Акжол Нишанов ырдап чыкпайсыңбы деп сунуштаган. Анан аранжировкасын Жолдош аттуу балага, ал эми сөзүн Элиза Исмаиловага жаздыргам. Мен ойлойм бул жаштардын табитиндеги ырларга кирет. Кантсе да бул ыр мага популярдуулукту алып келди. Мен үчүн ар бир ырымдын өзүнүн орду бар.

Жанара Атабекова, ди-джей, алып баруучу:
- Неля мурда Райхан эженин тобунда көрүнүп, көрүнбөй эле жүргөн да. А ушул эле которулган ыр Неляны Неля кылды десек жаңылышпайбыз. Мейли сапаты жагынан төмөн, мейли жогору болсун бул ыр Нелянын ийгилик карточкасы деп айтсак болот.

"Жалган"
Сөзү: Элиза Исмаилова
Обону: Түрк элиники

Сенсиз өмүр жок дедиң,
Келбейт жалгыз жашагым менин
Жалындаган сезимиң
Жалган, жалган.
Дедиң көрбөйм башкасын,
Сен менин түбөлүктүү бактымсың.
Бир өмүр бою барабар
Жалган, жалган

Кайырма:
Эми көрдүм анык жүзүңдү...
Арнаймын баарын дегенсиң,
Жалган, жалган
Өчпөс такыр сүйүүбүз
Жалга-а-ан
Айрыбас бизди эч кимиси
Жалган, жалган
Өмүр бирге сүрөбүз
Жалган, жалган.

Сенсиз өмүр жок дедиң,
Берген сөздүн кадырына жетпедиң.
Сүйүүң алсыз билемин.
Жалган, жалган
Дедиң көрбөй башкасын
Асылым бир бүтүн жарымымсың
Бир өмүр бою барабар
Жалган жалган

Кайырма:
Эми көрдүм анык жүзүңдү...
Арнаймын баарын дегенсиң,
Жалган, жалган
Өчпөс такыр сүйүүбүз
Жалга-а-ан
Айрыбас бизди эч кимиси
Жалган, жалган
Өмүр бирге сүрөбүз
Жалган, жалган.

Өсөр Козуев, ырчы:
- "Жалган, жалган" деп 30 дан ашык кайталайт эмеспи. Бул ырды абдан жакшы билем. Ошол учурда продюсери Тынчтыкбек Кожобековго ушул дагы ырбы, мындай ырды радиодон кетиргениң эмнеси, деп өзүмдүн сын-пикиримди айтсам Тынчтык чычалап, мени менен урушканга чейин барганын жашырбай эле коёюн. Бийлегенге жакшы болгону менен текстинде бир да мааниси жок. Жаш бала отуруп эле жазып койгондой. Негизи Неляны ыймандуу кыз деп сыйлайбыз, ошондуктан ушуга окшогон ырларды ырдабай эле койсо болмок.

Кубаныч Сатаев, ырчы:
- Менимче бул ыр чыгыш элдеринен которулган ээ. Сөзү аябай профессионал жазылбаганы менен аранжировкасы аябай жакшы жасалган. Мага негизинен Нелянын ырдаганы башынан эле жагат. Бул ыр бүгүнкү күндүн талабына ылайык, жаштардын жүрөгүнөн түнөк таап калбадыбы. Жалпы жонунан жакшы эле ыр го.

Темир Назаров, ырчы:
- Пайгамбар айткан экен, бирөөгө сын-пикир айткандан мурда өзүңдү билип ал-деп. Макул эми силердин жаргылчагыңарга Нелянын "Жалганы" түшүп калыптыр. Айта турган болсом "Жалган" жаштардын табитиндеги ырлардын катарына кирет. Кээ бирөөлөр "Ой бул мындай, тигиндей" деп ар кандай сөздөрдү, сын-пикирлерди айтышууда. Аларга мен каршымын. Себеби өнүккөн Россияда деле "Вова, чумо" деп маанисиз эле ырларды ырдашып жүрүшпөйбү. Ар бир нерсе замандын талабына жараша болот да.

Элмара Турсуналиева, ди-джей:
- Бул ыр чет элден которулган. Неля классикага кайрылса аябай жакшы болмок. Өткөндө бир ырды ырдады сонун жарашат экен. Потенциалы жогору болгон ырчы мындай мааниси арзан ырларды ырдабай эле койсо дээр элем.

Мирлан Самыйкожо, "Калемгер" адабий клубунун жетекчиси:
- Азыркы чыгып келе жаткан жаш ырчылардын ырларын уксам деп көзүм учуп турган жок. Бири-бирине окшош. Башка-башка ырчылар чыгып жатканы менен алардын баары бирдей. Ырдап жаткан ырларынын тексти канааттандыраарлык эмес. Жөн гана көңдөй көкүрөктү ургулоодон эч кандай майнап чыкпасын жаштар билсе аябай жакшы болмок. Башка элдин ырларын уурдап жасалма болуп чыккандын не кереги бар. Чыкканга жараша жалын болуп, өрт болуп элди куйкалап кетиши керек да. Азыркы ырчылар батарейка менен иштеген фонариктей эле болуп жатат. Алардын батарейкасы түгөнүп калса эмне болоору айтпаса да түшүнүктүү. Ушул биздин айтып жаткан сын-пикирлерибиз, кийинки жаштарга кичине болсо да таасир этип, алга умтулууга көмөк көрсөтсө гана. Бирок келечектен үмүт үзбөш керек. Келечектин Рыспайы, Мыскалы жаралаарына ишеним чоң.

Назира Айтбекова:
- Бийлегенге сонун эле чыгарма. Башка тилден которулгандыктан аябай шумдук деп деле айтууга болбойт. А музыкасы жаштардын табитиндеги. Сөзүн болсо аябай жакшы которулган деп айта албайм. Жалпы жонунан алганда орточо.

Даярдаган Нурзат Жусупова











??.??