Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


 Таанышуу жарыясы


  Өрдөк учту

Тонолгон кызды азгырган эркектер
Рамазан айында замандаштардын ошондой эле айрым белгилүү өнөр адамдарынын канчалык деңгээлде кайрымдуу, боорукер экендигин билүү максатында гезитибиздин кабарчылары "тонолгон кыздын" образын жаратып, борбор калаабыздын көчөлөрүн араладык
d
Мейманканага сүйрөшүп...
Алгачкы сапарыбыз Жаш Гвардия бульварынан башталып, күүгүм кирген мезгилде үйүн көздөй шашып бараткан адамдарды кайырмакка илдик. Киев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде турган тонолгон кыз ары-бери өтүп жаткан элден жардам сурап кайрылып жатты. Эркектердин гана таң калып көңүл бурганы болбосо, айымдар кол сунуп жакындаган кабарчы кызыбызды түртө салып басып кеткенге чейин барышты. Кыздын көк ала, канжалаган кебетесинен коркуштубу айтор, алыстан көргөндө эле айланып качып кеткен аялзаты да болбой койгон жок.
Намыскөй, эр жүрөк жигиттерибизге кара чачтуу татынакай кыргыз кызынын мындай абалда кайыр сурап жатканы намыстантып жиберди окшойт, алдынан өткөн ар бир жигит кайрылып кыздын абалын сурап баш чайкап басып баратышты. Ушул эле жүрүштө Чүй көчөсүнө түшкөн маалда жогору көздөй шашкалактап келаткан 40-45 жаштардагы кишини алдынан тосуп чыгып колун кармай бакырып ыйлап жиберди.

- Ай, чоң кыз эмне болду сага?
(Ыйлаган түрдө) Ба-ай-кее, жардам бериңизчи, мени тоноп акчамды, соткамды, алтын сөйкөлөрүмдү тартып кетишти. Бара турган жерим жо-оок.
- Кайдан келген кызсың, качан тоноп кетти?
- Эки, үч саат эле болду. Эми эмне кылаарымды билбейм, Оштон бүгүн эле качып келгем. Ата-энем да билбейт.
- Жүр анда, мен сени милицияга алып барайын- деп жетелей баштаганда, сейилдеп жүргөн жаштардай билмексен болуп биздин жамаат алардын жанына барып,
- Байке, бул эмне болгон кыз экен дегенде эле ооздон сөздү жулуп, эч нерсе болгон жок деп биздин жолоочубуздун ою бузула баштады.
Дагы эмне болуп кетээр экен деп күтүп турсак, кызды күчкө салып жетелеп жөнөдү. Бул учурда байкени алаксытыш үчүн жолдон өтүп бараткан жигиттерди жардамга чакырдык. Мырзалар чуру-чуу түшүп биринен сала бири кыздын чоо жайын билүүгө аптыгып суроолорду жаадырышты. Аларга биз да кошулуп кыздын жата турган жайы тууралуу сөз кылдык. Ушул эле сөздү күтүп турганбы, мен алып кетем деп жанталашкан байке мейманканага жаткыралы деген сунушун айтты. Ал учурда топтолгон жигиттердин арасынан менин мейманканам бар деп кызды бизден оолактатып, өздөрү алып кетүүгө далалат жасап киришти. Эки ортодо талаш болуп баштаганда оюндан от чыгып кетпесин деп гезиттин тамашасы экенин билдирдик.
Арам ойлору ишке ашпаган эркектер бул кабарды укканда кол жаңсап, "чырт" жерге түкүрүнүп басып кетишти. Андан соң отургучта отурган студент жигиттерге кайрылганыбызда алар чөнтөктөрүндөгү болгон акчаларын жыйнап берип, жылуу сөздөрү менен кызды узатышты.

Камчы кайырчы кыздын жашын жалаганда…
Кийинки сапарыбызды Улуттук биринчи каналдын айланасынан уладык. Дал ушул мезгилде жамгыр жаап кирди. Теле жактан кайсы белгилүү адам чыга калат экен деп акмалап олтурган кызыбызды телерадионун эшик тоскон милициялары чыгып, үңүрөйүп олтурган кызды бул жерден кет деп кубалаганда "тамаша" жасап жатканыбызды түшүндүрдүк. Аңгычакты көктөн тилегенибиз жерден табылып түнкү саат 22 00 дө КТРдин алдына кара машина токтоп, андан Дем театрынын актеру Камчы Сарыбаев менен режиссер Мырза Айдаралиев түшүп, телерадиого карай басышты. Көзүнүн жашын көлдөтүп шолоктоп ыйлап алардын алдынан тосуп чыккан кызыбыз адегенде эле "Камчы аке сизсизби" деп бакырып ыйлаган бойдон жерге олтура калды. Мындайды күтпөгөн мырзаларыбыз эч нерсеге түшүнбөй таң калып кызга төмөндөгүдөй суроолор менен кайрылды.
Камчы: -Ай, карындашым сага эмне болду, эмнеге ыйлап жатасың? Ким урду сени?
(Ыйлап)-Мени тоноп, сабап кетишти. Бараарга жерим жок. Оштон бүгүн эле келгем. Кантем эми…?
- Оштун кай жеринен болосуң? Сени тосуп ала турган бирөөлөр бар беле, үйүңдүн дарегин билесиңби?
- Жо-оок, бул жакка биринчи жолу келип жаткам да. Апам менен урушуп качып келдим эле. Орозодо мага жардам бергилечи суранам.
Камчы: - Бу өзү кандай кызсың, апаңа айтпай качканың эмне? Эч кимди тааныбасаң, бараар жериң жок болсо, өзүң кыз бала болсоң кимге ишенип келдиң? -деп чын ниетинен сарсанаа болуп жинденип кетти.
Мырза: - Шаардык эле кыз окшойт. Оштун кай жеринен болосуң?
- Ноокаттын Кашкалдагынан…
- Кашкалдактанбы? Анда Эркин,Садык дегендерди тааныйсыңбы?
- Ооба, паспорт столдо иштегенби?-дегенде эле экөө жердеш болуп чыкты.
Камчы: - Сени тоногондорду таанып калдыңбы, канча адам болчу?
- Бир кыз, үч эркек болчу, көрсөм тааныйм.
- Бас анда, бүгүн үйгө алып кетели. Жуунуп- тазаланып эртең издейбиз.Көчөдө калсаң жем болосуң. Бул жерди шаар дейт. Беш кошкон эл жашайт- деп машинаны көздөй жөнөштү. Шудуңдаган Камчы машинаны ачып, кызды олтургузаарда биз жетип барып эмне болуптур десек, эч нерседен бейкапар "бул кызды тоноп кетиптир"-дешти. Бул көрүнүшкө чын ниетинен ишенип, жумуштарын да унутуп, кайрылып үйлөрүнө кетип бараткандарына күлкүбүз келип, каткырып жибердик. Байкелер бул "Обон" гезитинин тамашасы десек, Мырза байке таш жарып күлгөнү менен Камчы Сарыбаев бир силкинип көзүн тостойтуп алды да, чын эле ыйладыңбы деп Нурзаттын көзүнүн жашын текшермекке даамдап көрүп анык жаш экенине ишенди.

"Кеңеш" дуэтинин камкордугу
Алар менен коштошуп жылганыбызда эле жолубуздан "Кеңеш" тобунун солистери жубайлар Мүзүр менен Гүлмирага кабылдык. Ушул эле сценарий менен аларга кайрылганыбызда ойлорунда эч нерсе жок жубайлар кызга жардам берүүгө ашыгышты. Эмне кылабыз деген Мүзүрдүн суроосуна келинчеги дароо эле үйгө алып кетебиз деп энелик мээримдүүлүгүн көрсөттү. Жаанда суу болуп сүйлөгөнгө дарманы келбей калган тонолгон кызга алгачкы жардам катары Гүлмира кийип жүргөн курткасын чечип берип, кийгизип жатканда кабарчыбыз күлкүсүн тыялбай тамаша экенин айтып ырчылардын оозун ачырды.
Мүзүр: - Туй,ата…чындап эле ишенип алыпбыз.Сен актриса эле болушуң керек экен.
Кичине чыдасаң Гүлмиранын курткасы сеники болуп, үйгө барып жатып келмексиң да.
Гүлмира: - Ха-ха-ха.. Ай-иий, аябай кыйын турбайсыңбы…

P.S. Мына окурман! Өзүңүздөр күбө болгондой кандай гана кырдаал болбосун кыргыз эли айкөлдүгүнөн, жоомарттыгынан танбасына ынандык. Белгилей кетсек, тонолгон кыздын образын гезитибиздин кабарчысы Нурзат Жусупова аткарды.
Уюштургандар
Ж.Калдарова, Айнура Султанова.











??.??