Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Классташ

Мугалимдин ээсин оодарган Нурдөөлөт
"Классташ" аттуу рубрикабыздын төрүнө бул ирет көп кырдуу таланттын ээси, "Учур" театрынын актёру, алып баруучу Нурдөөлөт Копоевдин классташы Ыраатбек Исаков менен маек курдук. Ыраатбек мырза учурда Кыргыз темир жолунда жол мастери болуп эмгектенет.

- Ыраатбек байке, эң оболу балалык издериңер калган Нурдөөлөт Копоев экөөңүздөрдүн окуучулук күндөрүңүздөр тууралуу айтып берсеңиз?
- Нурдөөлөт экөөбүз Ат-Башы районундагы Кара-Булуң айылында "Кара-Булуң" орто мектебинде даярдоо классынан тартып, 10 жыл бою чогуу окудук. Балалыгыбыз да бирге өттү. Экөөбүздүн үйүбүздү бир гана тосмо (дубал) бөлүп турчу. Бир күнү анын үйүндө, бир күнү менин үйүмдө уктап, бир туугандай эле болуп калганбыз. Нурдөөлөт бала чагында кара тору, көзү алайган тоголок бала болчу. Аны кошуналар "негр бала" деп коюшчу. Өзү республикага таанымал Азиз деген чоң устанын баласы. "Алма сабагынан алыс түшпөйт" дегендей Нурдөөлөт да кичинекей кезинен уста сөрөй болуп чоңойду. Сабактан кийин аяш атабыздын устаканасынан чыкчу эмеспиз. Нурдөөлөткө шакек, билериктерди жасатып алып кыздарга белек кылып берет элек.
- Айтууңузга караганда болочок актёр мектептеги кезинде эле эмгекчил экен. А, сабактан кандай окуйт эле?
- Мактап жатат деп ойлобогула, чынын айтсам ал жагынан эч кимди алдыга салдырчу эмес. Окуу бүткөнчө сабактан качып, мугалимден токмок жеп, шоктук кылганын көргөн жокмун. Абдан сылык, кичи пейил, тартиптүү бала болчу. Ага убагында "мектептин үлгүлүү окуучусу" деген наам берилген. Апам "Нурдөөлөт кудай берген бала" деп айтып калат эле.
Мектептеги кароо-сынак, олимпиадалар Нурдөөлөтсүз көркүнө чыкчу эмес. Бир концерттик программада 15 номер болсо, он бешине тең катышчу. Бир жолу класстар аралык конкурс болуп андагы "келиндер козголоңу" деген интермедияда Нурдөөлөт шүмшүк келиндин ролун аткарып, көрүүчүлөрдүн боорун эзген. Ошондо бир мугалимибиз күлүп атып карышып, эси ооп калып, араң өзүнө келтиришкени эсимде.

Копоевдин линейкасы
- Нурдөөлөт 5-класстан 10-класска чейин тартип сектору болуп, 11-класста мектептин президенти аталды. Президентке өзүнчө бир кабинет берилип, үйүндө болгон буюмдун баарын көтөрүп келип бөлмөсүн аябай кооздоп жасаган. Анын алдында директордун кабинетине кириштен уялат элең. Уюштурганды анан башкарганды аябай жакшы көрчү. Жума сайын линейка өткөрүп, линейкада кагазды колуна кармап алып бул класстан "баланча 10 мүнөт кечикти, класс жетекчиси Айгүл эже бери чыгыңыз, окуучуларыңызды эмне карабайсыз?"-деп мугалимдерди уяткарчу. Өзү жарым саат эрте келип кайсы класстан канча окуучу кечигип келет экен деп мектептин босогосунда текшерип турчу. Анан да бир жумада бир жолу өзүнүн командасы менен окуучулардын тазалыгын карап чыгат эле. Керек болсо бут кийимибизди чечтирип, бутубуздун тырмагына чейин текшерчү. Анча-мынча мугалимдерди тоотпогон окуучулар Нурдөөлөттү көргөндө кирээрге ийин таппай калышчу.

Досунан өч алганда.. .
- Кыш мезгили болчу. Танапис убагында балдар эшиктен кар урушуп ойноп келишип эле Нурдөөлөттү төө басты кылып жиберишти. Мен ага аралашпай эле карап отургам. Андан эки күн мурун Нурдөөлөт менен уруша кеткен болчумун. Балдар Нурдөөлөттү бакыртып атканда класс жетекчибиз кирип келип "Копоев сага эмне болду?" десе "балдар мени төө басты кылышты" деп ыйлап жиберди. "Муну ким биринчи баштады?" дегенде Нурдөөлөт эки жагын карап туруп Ыраатбек мени жыгып берди эле калганы тебелеп таштады десе болобу. Ошентип мага жок жерден жалаа жабылып, класс жетекчим тарабынан сөгүш берилип, журналга балчайган эки коюлган. Көрдүңүзбү, Нуке досум менден кантип өч алганын. Мындан коркуш керек. (тамаша)

Тоокканага от жагып...
- Анда 8-класстын окуучусу элек. Нурдөөлөт бир күнү "менин тоокторум үшүп атат, тоокканамды жылуулашып койчу" деп келиптир. Азыр тооккананы бузуп, ичине печка курабыз, эгер апамдар келип калса уй жөөлөп кетти деп айтабыз"-деп макулдашып алып анын оюу боюнча бүтүн дубалды бузуп, ичине печка коюп, бузулган жерден мор чыгардык. Тилегибиз орундалып ушул аралыкта апасы келген жок. Анан дубалды кайра тургузуп, тоокторун камап, отту жагып коюп кетип калдык. Бир убакта апасы коноктон келсе эле тоокканадан түтүн чыгып атканынан эмне болду экен деп барып караса тоокканасынын ичи баня болуп, тооктору өлөйүн эле деп калыптыр. Ошондо биринчи жолу Нурдөөлөттүн апасынан таяк жегенин көрдүм.

Уурулугунун айынан
атасынан
токмок жеди
- Тоокко байланыштуу дагы бир окуя эсиме келип жатат. Бир жолу күз майрамына карата мектепке тамак жасап бармай болуп калдык. Нурдөөлөт досум "мен эртең өзгөчө тамак жасап келем" деп бизге мактанып кетип түн ичинде өзүнүн тоокторуна кол салат. Уурдалган тоогун ата-энеси уктаганда башын колу менен жулуп таштап бышырып, баштыкка салып көтөрүп барган. Байкуш тоок мугалимдердин курсагына кирип кеткенден кийин апасы тоогун таппай калат. Издеп-издеп табылбагандан кийин ууру кирген турбайбы деп үмүтүн үзүп олтурса эжеси үйүн жыйыштырып атып газдын жанынан тоогунун башын таап алат. Баланын иши чала демекчи бу жолу Нурдөөлөттүн уурулугу кармалып, атасынан токмок жеген.

Йод ичип өлөм
Өзү бир сырдуу бала болгондуктан оңой менен кыз жактырчу эмес. 9-класста окуп жатканда Жазгүл деген классташ кызыбызга үч баракты толтуруп кат жазган экен. Аны бир классташ балабыз таап алып мугалимибизге окуп берген. Каттын баш жагы эсимде жок, аягына "мен сен үчүн йод ичип өлөм" деп жазыптыр. Ошондон кийин биздин класста "йод ичип өлөм" деген сөз мода болуп кеткен.

Даярдаган Ж. Калдарова










??.??





??.??