Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Махабат майданы

Сүйүп калгам, сойкулугуң билбепмин!
Ичимди күйгүзгөн бул купуя сырды сиздерге төгүп отурам, урматтуу "Обон". Күйгөнүмдүн себеби төмөндөгүчө...
Биринчи курска окууга өтүп, айылга сүйүнчүлөп, кудуңдап сүйүнүп жүргөн жаным кечки автобус менен Бишкекке кайра жөнөмөкчү болдум. Атам акыл-насаатын айтып автобуска салды. Мен билеттеги номер боюнча отуруп атып сени байкадым. Терезенин түбүндө, сырттагы бирөөлөр менен баш ийкешип, бир нерселерди сүйлөшкөнсүп атыпсың. Сыягы атаң менен апаң окшойт. Мен жаныңан орун алдым. Ичимден: Буюрса эрикпей барат экенбиз..." деп сүйүнүп да койдум.
Аңгыча автобус козголуп сен алар менен кол булгалап коштоштуң.
Автобус бир топ жылгандан кийин эркектик кылып, үнүмдү жасап, тамагымды кырына үн салдым:
- Бишкекте окуйсузбу, чоң кыз?
Мени жалт карадың. Аябай жакшынакай экенсиң. Жүзүңдүн сулуулугунан улам жүрөгүм "болк" этип, денемди кара тер баса түшкөнсүдү. Сен бир саамга мени сынай тиктеп алдың да:
- Жок, иштейм-дедиң.
- Кайда?
- Сизге эмне кереги бар?!
- Болуптур чоң кыз, экинчи сурабайм. Бирок, таанышып алалы, жол кыскартып сүйлөшүп барганга...
- Жаркын...
- Атыңыз жакшы экен. Меники Азамат.
***
Адегенде мага аябай назик, токтоо, оңой менен сүйлөбөгөн кыздай көрүнгөнсүң. Бирок, шартылдаган, ачык-айрым кыз турбайсыңбы. Мага андайың ого бетер жакты.
Экөөбүз бат эле эзелки тааныштардай... Жок... Эчактан бери коюн-колтук алышкан түгөйлөрдөй болуп чыктык. Ишиңди, жашыңды, кай жерлик экениңди айтпасаң да, калганына сөзмө-сөз жооп берип аттың.
Автобус улам жол арыткан сайын бара-бара караңгы кирип, салондун ичиндеги майда лампочкалардын гана күңүрт жарыгы шоола берип калгандай болду. Экөөбүз шаракташып сүйлөшүп, мен ого бетер кучагыма ыктай бердим эле, чочуркамак түгүл боюңду сала бергенсидиң. Сенин баш айланткан жыпар жытың, күлгөнүңдөгү жагымдуу үнүң биротоло арбап алды. Кантип колумду артылта көкүрөгүңөн кыса кучактап алганымды билбей калдым. Сен ансайын кынала, мага жооп кылгандай кошо кучактайсың...
Салондогу караңгылык экөөбүзгө эркиндик бергендей болду. Бул жерде экөөбүз гана бардай эч тартынышпай, сылап-сыйпалашканды кой, тил соруша эзилишип калдык. Кыз башың менен сен тартынбаган, мен балээниби...
Эртең менен Бишкекке жетип, автобустан түшүп, коштошуп атып, экинчи көрүшпөй калчудай ичим ачыша минттим:
- Жок дегенде дарегиңди, телефонуңду айтпадың?
- О-ой, сен коркпо, мен өзүм таап алам сени.
- Мен сени ушунчалык сүйүп калдым, Жаркын...
- Хи-хи-хи... Бир көрүп элеби? Болуптур, өзүм табам дебедимби...
Ысык эриндер жабышса, бир топто барып ажыраштык. Заматта көөдөнүм бош калгандай аңгырай түштү. Сен маршруткага түшүп кеткениңде гана айласыз жөнөдүм.
***
Толстой-Ибраимов көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн үстүндө келаткам. Эки-үч кыз бир машинага үймөлөктөп атат. Анын бирөө мага тааныштай болду. Атайын жакын бардым. Ал кыз, машинанын ичиндегиге:
- Анда ошондой арзанын таап ал!... -деп бери бурулганда, сенсиң!... Төбөдөн ылдый муздак суу куюп жибергендей болду.
- Ой, Азаматсыңбы?-дедиң, бетиң чымырабай туруп. Ал түгүл эрдиңди чормойто өпкөнү жүрөсүң. Жүзүмдү ала кача, тиктей берип:
- Ушундай белең, Жаркын?!-дегенге араң жарадым. Мени күлө караган бойдон таңдайыңды "шык" эттирдиң да, алакан жайып ийниңди бир куушуруп алып, түкүрүнө басып кеттиң. Сен эмес, менин өлбөгөн төрт шыйрагым калгандай, өңүм бозоро өгүнкү сорушкан тилде жара калгандай жипкире, араң кадам таштадым...
Азамат, Бишкек шаары




Кызык суроо, керектүү кеңеш
Түгөй менен "кошулууда" жан жердин "шал" абалга келип калган учуру болот эмеспи. "Активдүүлүк" менен "шалдыкка" эмне таасир берет.
Таалай, Ала-Тоо конушу

Түгөйлөрдүн "кошулуусунда" көбүрөөк ичилген спирттик ичимдик эркекти тез "шалдыкка" алып келип, бат эле "баспай" калат. Ошондуктан мас болгуча ичүүнүн, өтө шыкалып тамакка тоюунун да кереги жок.
Чарчабай, узакка "кошулууга" эркектин көңүлүнүн ачыктыгы, оору-сыркоосуз, ичкиликсиз болуусу пайдалуу.
Кызыл винонун өтө зыяны жок. Сельдерей сыяктуу жашыл-көктөр, кызыл фасоль салаты ичтейди ачып, "активдүүлүккө" жардам берет.
Түгөйлөрдүн (айрыкча аялзатынын) "кошулуу" учурундагы бири-биринен тартынбоосу, дене сулуулугу менен жагымдуу жагынычтар да активдүүлүктүн дабасы болот.
**
Жыныстык кошулуудан кийин ысык грелканы табарсыкка басса бойго бүтпөйт деген чынбы?
Жамал, Ак-Талаа району
- Ичке, табарсыкка ысык суу куюлган грелканы басууга болбойт. Себеби, андайда аялзаты гинекологиялык (миома сыяктуу) ооруга кабылышы мүмкүн.
**
- Жалаң эле презерватив менен "болуу" тажатып да жиберет экен. Ошондуктан табигый кошулгубуз келет. Укканыбызга караганда "табигый кошулууда" лимон пайдалуу дейт. Ушул туурабы?
Бурул, Бишкек
- Жыныстык катнаштын алдында аялзаты лимондун бир тилимин жан жерге салып коёт. Ал жатындагы кислоталык кычкылдуулукту алмаштырат. Демек, мындай учурда урук клеткасы жатынга өтө албай, өлүп жок болот. Бирок, жүз пайыз кепилдик берүү да кыйын. Себеби, бир миллион уруктук клеткадан бирөө эле кирип кетсе бойго бүтүп калышы мүмкүн.
**

- Үйлөнгөнүбүзгө аз эле болду. Келинчегим: "Бат бүтүрөсүң, мен кана электе эле..." дейт. Деги, жыныстык катнаш канча мүнөт болсо нормалдуу.
Улан, Бишкек шаары
- Жыныстык катнашты убакыт менен ченөө болбойт. Кээ бирөө үч-төрт мүнөттө бүтүрсө, кээси жарым саатка чейин созулушу мүмкүн. Кеп узакка созулган катнашта эмес, эркек аялзатын үч мүнөттө деле кандырууну билиш керек. Демек, эркек "кошулууга" өтөөрдөн мурун түгөйүн сылап-сыйпап, дене-боюн дүүлүктүрүп "даярдап" алып гана "кошулууга" өтсө, керек болсо аялзаты эркек "бүтө электе" -үч-төрт мүнөттө эле канып калат.
Даярдаган А. Ажиев





Сүйүү дабасы - секс жана даосизм
Бу китепте байыркы Кытай даос-табыптарынын эркек менен ургаачы төшөктө бири-бирин кантип сүйүшүү керектигин түшүндүргөн кеп-кеңештери жазылган.

I БАП
СҮЙҮҮ ДАОСУ
Жеке жумушуңда токтоолуктан өткөн кеңешчи жок. Токтоолук дегениң алдын алууну билдирет. Алдын алуу - демек, дайыма даяр жана күчтүү болуу дегендик. Дайыма даяр жана күчтүү болуу дегениң - ийгиликтин белгиси. Дайыма ийгиликке жетишүү чексиз мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.
Лао Децин, 59-бап.

Бери дегенде эки миң жыл илгери байыркы табыптар-даочулар сүйүү жана секс тууралуу апачык жана таамай китептерди жазышкан. Алар кумарпоз же тартынчаак болушкан эмес, тек сүйүшүү иштерине эркек менен ургаачынын дене жана акыл соолугу менен бакубатчылыгына зарылдык катары карашкан. Ушу философияны бек тутушуп, алар секс чеберчилигине зор көңүл бурушкан. Бар күчтөрүн адамзаттын келечек сүйүшүү эрдигине жумшашкан. Адабият менен көркөм өнөр секстин техникасын көрсөтүүгө ажайып сүрөттөрдү жараткан. Тез-тез жана узакка созулган жыныстык катнаштарынан ырахат алган күйөө берки жөн эле жаш жана сулуу жигиттерден алда канча жогору бааланган. Даочу-табыптар сүйүшүү иштерин табигый зарылдыктын бир бөлүгү деп гана санашкан. Секстен ырахат алып, аны маззалап аңгеме куруп гана тим болушпастан, ага пайдалуу жана өмүр улагыч катары да баа беришкен. Адамдардын сүйүшүү иштериндеги чебердигин сактап калыш үчүн көптөгөн ыкмалар иштелип чыгып, эротикалык сүрөттөрдү эркектер менен ургаачыларды үйрөтүп турууга жана дүүлүктүрүүгө пайдаланышкан. Филлис менен Эберхард Кронхаузен "Эротикалык өнөр" деген китебинде б.з. 100-жылдарында жазылган Чан Жендин поэмасынан үзүндү келтиришет. Поэмада жаш колукту алгачкы нике түнүн эсте калаарлык өткөрүш үчүн эротикалык китепти кантип пайдалангандыгы сүрөттөлүп жазылат:
Алтын кулпу кош эшикти бекитип,
Жандыралы бөлмөдөгү чыракты -
Жарык кылсын бермет нуру чачырап.
Кийимдерди чечип таштап,
тазалайын упа-бетмай, боёкту.
Жаздык менен кооздолгон сүрөттү
мен карайын.
"Таза Пери" болсун менин устатым.
Күйөө билген, бирок али көрбөгөн,
Көп сандаган ыкмаларга чөгөлү!
Андайларга Тхион Лао асылкеч,
Сары чийкил Падышаны үйрөткөн.
Биринчи түн ырахатын бергидей,
Барбы жыргал бу жалганда, берекем?!
Карысак да кылым санап калжайып,
Ушул түнүм эстен кетпейт, көлөкөм!
Кронхаузендер андан ары байыркы Кытайда эротикалык өнөрдү кантип пайдаланышкандыгы жөнүндө баяндап беришет: "Сүрөт альбомдорун кандай пайдаланышканын билиш үчүн биз Кытайдын эротикалык өнөрүнө сереп салышыбыз керек. Мин династиясынын эң сонун эротикалык эмгектеринин бири "Йоу Пу Туань" топтомунда, мисалы, жаш жана таланттуу окуучу Вэй Янгшендин ашыглык жортуулдарын табабыз. Ал таланттуу жана ай чырайлуу Ю-Сян (Нефрит Бурак - "нефрит" дегениң акак таш сыяктуу минерал, "бурак" деген жыпар жыт) кызга үйлөнөт. Ал кыздын бир гана кемчилиги - ченде жок уялчаактыгы бар эле: ал жыныстык катнашууга капкараңгы жерде гана макул болчу жана демейки жупташуудан башка секстин баардык түрүнөн караманча баш тартчу. Анан калса үй кызматчы аял жубайлык сүйүшүү мезгилинде Нефрит Бурак бир да жолу жыргалдын туу чокусуна - оргазмга жетпегенин (түшүрбөгөнүн) байкап калыптыр.
Абалды жакшыртыш үчүн жаш күйөө эротикалык сүрөттөр тартылган кымбат баалуу альбом сатып келет да, анын жардамы менен колуктусун жупташууга үйрөтүп, анын секске болгон мамилесин жакшыртмак болот. Нефрит Бурак болсо жанагы сүрөттөргө муюмак тургай, адегенде аларды көрүүдөн да караманча баш тартат. Бирок акыры күйөөсүнүн жардамы менен сүрөттөрдү жакшылап үйрөнүп чыгууга макул болгондо, ошо сүрөттөрдүн таасиринен анын кумар оту кескин алоолоп, ал акырындап жүрүп отуруп жароокер, сезимтал жана өзүнүн атына төп келген жыпар жыттуу аялга айланат".
Батыштын эротикалык, же "порнография" делинип жүргөн сүрөттөргө болгон бүгүнкүдөй мамилеси байыркы Кытайда болгон эмес. Байыркы кытайлыктардын сүйүүгө жана секске болгон мүнөздүү мамилесин залкар окумуштуу жана дипломат Р.В.Гулик өзүнүн "Байыркы Кытайдын жыныстык турмушу" деген китебинде минтип белгилейт: "Балким, так ушундай руханий мамилеси (жупташууну табийгаттын бир бөлүгү деп эсептөө… ал эч убакта күнөө сезими менен же адептүүлүктү бузуу делинип эсептелген эмес) жана жаза колдонуунун жоктугу байыркы Кытайдагы жыныстык турмуштун негизинен таптаза болушуна жана көптөгөн байыркы маданияттардагы ашкере кеткен адепсиздиктер менен бузукулуктардан караманча эркин болушуна алып келгендир".
Бирок Ван Гуликти байыркы Кытайдын секске болгон мамилеси гана кызыктырбаптыр - ал байыркы даосизмдеги сүйүшүү жөнүндөгү түшүнүктөргө да кызыккан экен. Биз "Сүйүү даосу" деген ал түшүнүк батыш окурмандарга (ошондой эле кыргыздарга да) алигиче чечмеленген эмес. Анын сыңары, Батышта кабыл алынган секске жана сүйүшүүгө болгон бүгүнкү көз караштар Сүйүү даосунда таптакыр башкача колдонулат. Батыш буга чейин акупунктураны - Кытайдын ийне сайуу ыкмасын деле танып келбеди беле, азыр ал маанилүү каражат катары таанылды. Мынакей жүз жылдар өткөн соң Батыш дарыгерлери анын жеткилеңдигине таң калып, купуясын издейт. Сүйүү даосу да Батышка өзүнүн купуяларын ачып бериши керек. Ван Гуликтин айтымында Сүйүү даосу жана теориялары "кытайлыктардын төшөк дүйнөсүн кылымдар бою калыптандырып келген, ошондуктан белгилей кетүүчү бир нерсе - Сүйүү даосу Кытайда эки миң жылдан ашуун мезгилден бери тукум куучулукка же бул элдин жалпы ден соолугуна эч кандай залакасын тийгизбестен кеңири колдонулуп келет".