Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Данияр Көбөнов 1982-жылы күркүрөгөн күздүн 8-сентябрында кереметтүү Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө беш бир туугандын экинчиси.
Бойдок.
Грек-рим күрөшү
боюнча Кыргызстандын, Азиянын чемпиону
Данияр Көбөнов
менен маек
"Таланттын артынан тагдырлаш таптым"
- Данияр мырза маегибизди спортко болгон алгачкы кадамдарыңыздан баштасак?
- Аябай жакшы болот. Ал убак кино сыяктуу эле көз алдымда турат. Биздин айыл аябай чакан жана кичине болгондуктан кимдин эмне менен алек болуп жүргөнү, кандай иш кылып кимди уруп, ким кайсы кыз же бала менен сүйлөшкөнү жалпыга маалым болчу. Ошолордун катарында эле биздин айылга дагы машыктыруучулардын келгени чоң жаңылык болду. Алгачкы келгендери туруксуз болуп, кичине башын үйрөтүп коюп кайра эле кетип жатканы бир гана мени эмес айылдагы спортко кызыккандардын көпчүлүгүнүн көңүлүн ирээнжитти. Биз ошого карабай спорттун кайсы түрү болбосун аракеттенип жүрүп машыга бердик. Ошол күндөрдүн биринде Аскат Сартов деген агай күрөш боюнча келип калды. Көптөн күткөн туруктуулук ушул агайдан табылып биздин машыгуубузду үзгүлтүккө учураткан жок. 8-класска чейин Аскат агайдан тарбия алып, андан соң борбор калаабыздагы спорт мектебине тапшырып чоң спорт аренасына сапар алдым. Кудайга шүгүр көптөгөн ийгиликтерге жетиштим десем жаңылышпайм. Учурдан пайдаланып ошол агайга терең ыраазычылык билдирем.
- Буга чейинки ийгиликтериңизди аябай жакшы билебиз. Бирок 29-олимпиада оюндарына катышпай калганыңыз көпчүлүккө табышмак болуп калды. Эмне себептен бул оюндан сизди көрө алган жокпуз?
- Көпчүлүгү ушул суроону узатып жатышат. Бул деген спорт экен да. Айдын деле жарымы караңгы, жарымы жарык, медалдын деле эки тарабы болгондой эле жашоо да, алардын катарында спорт да кара сызыктардан куралат тура.
Бул олимпиадага Руслан, Канаттар менен чогуу даярданып жүрдүк. Азамат, алар ийгиликтер менен кайтып келишти. Менин барбай калганымдын себеби бир гана өзүмдөн. Кээ бир жерде туура эмес кылып калгандырмын, балким жетишпей калдым окшойт. Спортто деген машыгууну кээде адаттагыдан кичине көбөйтүп койсок, кээде азайтып коюш керек экен. Ар бир спортсмен өзүнүн организмин билүү зарыл. Билбейм. Балким мен өзүмдү ошондо билбей калдымбы. Айтор бул менин катам болуп калды. Анан дагы акыркы Италияда жана Югославияда болгон эки турнирде экөөнөн тең утулуп калдым. Ошол себептүү организмим чарчап, жолдомо ала албай калдым.
- Өкүнүчтөр да болбой койбосо керек?
- Өкүнүчтөр да болду, бирок аябай эле өзүмдү жек көрүп, өкүнгөн жокмун. Олимпиадага барып алып утулгандан көрө, барбай койгон жакшы да. Менимче олимпиадага даяр болуп, барганга жараша жеңиш менен келген татыктуу деп ойлойм.
- Олимпиададан соң көпчүлүгү эс алып жүргөнү анык, а сиз эмне менен алексиз?
- Быйыл, жакын арада Индияда Азия чемпионаты болот деп жатышат. Ошого бүгүндөн баштап даярданып жатабыз. Чынын айтсам бул анчалык деле бийик деңгээлде эмес. А 2009-жылы Данияда дүйнөлүк чемпионат болот, ошого аябай кызуу даярданып жатам.
- Артта калган күндөргө бир кайрылып, аябай чоң ийгилигим деп эсептеген учурду эстеп көрсөңүз?
- Оо анда каныбыз кайнап, бир орунда турбаган өткөөл курак болгон 16 жашта болчумун. Мындан 11 жыл мурда 1998-жылы Москвада болуп өткөн бүткүл дүйнөлүк чемпионатта 3-орунду алып коло медалды тагынганым эсимден чыкпайт. Бул мелдешке кокустан эле чыгып калдым. Мындан мурун Кыргызстанда өткөн көптөгөн мелдештерде ийгиликке жетишсем дагы Казакстанга, Иранга барасың деп сөз берип койгону гана болбосо, алып барган эмес. Кыргызстандагы жеңиштен кийин Москвага алып барбай коюшса керек деп көңүлүм чөгүп турганда фонтандан суу атып чыккандай кокустан кетип калдым. Эч жакка чыкпай туруп, ушундай ийгиликке жетишкен соң башкача көз караш пайда болуп, андан ары да спортко өзгөчө көңүл бура баштадык. Мурда жеңилип жүргөн балдарды жеңип калганыма өзүм дагы таң калып, чет жака чыгуу биздей болгон балдарга аябай чоң стимул боло турганына көзүм жетти.
- Күрөшүп жаткан учурда, жаракат алган учурларыңыз болгонбу?
- Албетте, андай учурда кулагыбыздын, кабыргабыздын сынышы эч кеп эмес. Мындай нерсе ар бир балбанда боло турган көрүнүш.
- Кулагыңардан бери сындырып жүрүп мелдешке катышсаңар, кээде адилеттик менен чечилбей калган учурда баарына кол шилтеп коюп спорттон кетип калсамбы деген ойлорго кептелсеңер керек?
- Калыс баалоо, адилет чечүү чоң спортто ар кандай болот. Мисалы, Канаттын беттешүүсү дагы анчалык деңгээлде адилет өтпөдү окшойт. Чоң мамлекеттер менен мелдешке чыкканда андай нерсеге аргасыздан гана баш ийкеп калабыз. Баарынан да салмак кууган, аябай кыйын. Кээде 8-9 кг га чейинки салмактан арылышка туура келет. Айла жок, ошондо кыйналып отурганда ушунун мага эмне кереги бар деп ойлоп кетесиң. Бирок кайра эле жеңишке жетишип, өлкөңдүн намысын коргоп желегин желбиреткенде алардын баары унутта калып келечекте дагы да мындан бийик ашууларды ашып, белестерге чыксам деген ойлорго тушаласың. Бул бир гана өзүңө эмес тууган-туушкандарыңа, сенден кийинки балбандарга аябай зор стимул болот. Мамлекет тараптан каржыланасың, стипендия аласың анан дагы атың таанылат. Чынын айтсам өлкөм үчүн анча-мынча нерсени курмандыкка чалып коюу мен үчүн эч нерсе эмес. Элим-жерим үчүн баарына даярмын.
- Спорт деп жүрүп эмне таптыңыз?
- 2006-жылы Дохада болуп өткөн чемпионаттан соң президентибиз Курманбек Бакиев үй берген. Ай сайын стипендия алып турабыз. Кудайга шүгүр жетет. Анан дагы таланттын артынан тагдырлаш таптым. Өмүр бою чогуу боло турган өмүрлүк жар таппасам да чоң-чоң адамдар, белгилүү инсандар менен жакындан таанышып, алар менен сүйлөшүү да чоң бакыт. Эл көрдүм, жер кыдырдым. Ушунун баарына спорттун артынан жетиштим десем жаңылышпайм.
- Президенттин стипендиясына эгедер балбан кичинекейинде кандай болду экен?
- Кичинекейимде аябай тентек болчумун. Ар ким менен мушташып эле жүрчүмүн. Азыр ойлоп көрсөм ошол тентектигимдин айынан кыздардан белек алчу эмесмин. Баарына берип келатып мага келгенде белеги жетпей калат да, анан ашып калса, "ме бул сага" деп бергендери болбосо, белек алган эмесмин. Өткөндө бир классташым менен кокустан жолугуп калсам "мен сени мындай болот деп ойлогон эмесмин, өтө тентек болчу элең" деп эскерип күлүп калдык.
- Кыздардын белегин ала албасаңыз дагы аларды сүйдүңүз беле?
- Кичинекей кезде, жакшы окуган, бардык нерсеге активдүү катышып тыкылдап жүргөн татынакай кыздарга бардык эле балдар сыяктуу мен дагы кат жазчумун. Бирок жооп алган эмесмин.
- Азыркы учурда жүрөгүңүздүн ээси барбы?
- Жок, спорттук карьерамды ойлоп азыркы учурда жүрөгүмдү уга элекмин. Ишенсең бош убакыт жок. Кыз жандап жүргөн соң ага да атайын убакыт бөлүп, киного алып барып же болбосо жөн гана ага татыктуу жигит болуш керек. А менин болсо ага азырынча убактым жетпейт. Кудай буюрса албетте болот.
- Сиздин жүрөгүңүздү багындыруу үчүн кыздар кандай сапатта болуусу керек?
- Акылдуу, жөнөкөй кыз болсо дейм. Биз болсо күндөп-айлап мелдештерде жүрөбүз. Ошонун баарына сабыр кылып күтүп, туруктуу болуусун каалар элем. Бирок спортсмендердин аялына кыйын эле болот болуш керек. Биз кеткенде өздөрү калат. Билбейм баарын убакыт көрсөтөт.
- Карьераңыз менен качан кош айтышайын деп турасыз?
- 2012-жылы Лондондогу боло турган Олимпиада оюндарынан кийин коштошсомбу деп турам.

Маектешкен Нурзат Жусупова




  Спорт жаңылыктары

Кыргызстанда
Теннис
25-сентябрда Панфилов паркында башталган теннис боюнча чоңдор арасында республиканын чемпионаты 28-сентябрга чейин өткөрүлдү. Ага 16 мыкты теннисчи айым, жана 16 теннисчи мырзалар катышып мөөрөй талашышты.
Футбол
Футбол боюнча республиканын чемпионаттыгына оюндар жүрүп жатат. "Спартак" стадионунда Бишкек шаарынын "Шер" командасы "Дордой-Плаза" клубун 6-1 эсебинде утуп алды. Ал эми Кара-Суу шаарында "Жаштык-Ак-Алтын" (Кара-Суу) менен "Нефтчи" (Кочкор-Ата) беттешип, жыйынтыгында "Нефтчи" 1-0 эсебинде жеңишке жетишти. "Ата" (Бишкек) менен "Наше пиво" (Кант) беттешип, 1:1 эсебинде аяктады.
олимпиада комитетинде
Улуттук олимпиада комитетинин катчысы Канат Аманкуловдун билдиргенине караганда жакын арада допингге каршы агентство ачыла турган болду. Бул агентствонун ачылышына кеткен чыгымдардын баарын Борбор Азия регионундагы допингге каршы агенттик мойнуна алмакчы. Аны Аманкулов менен аталган агенттиктин генералдык директору Моххамад Резо Шариф бышыктады.
шахмат
Бишкекте шахмат боюнча эки турнир болуп өтөт. Биринчи турнир Кыргызстандын чемпиондугуна тандоо туру болуп, ага 5 мыкты шахматчылар тандалып алынат. Ал эми экинчиси улгайган адамдардын күнүнө карата турнир 30-сентябрда болуп өтөт. Ага шахматтын ардагерлери катышмакчы. Бирок, бир жылы аялдар арасында, экинчи жылы эркектер арасында оюн өткөрүп жүрүшөт. Ошого байланыштуу быйылкы турнир эркектер арасында өтмөкчү.
велоспорт
Италияда өткөн велоспорт боюнча дүйнө чемпионатына бизден Евгений Ваккер барып, 58 спортсмендин ичинен 23-орунду ээледи. Ал эми дүйнөнүн чемпиону германиялык Берт Грапш болуп калды.
кикбоксинг
Москванын "Арбат" мушкерлер клубунда 71 килограммга чейинки салмакта "Барс" бүткүл дүйнөлүк кикбоксинг федерациясынын багытында дүйнө чемпионунун наамына ат салышты. Турнирге Кыргызстандан кикбоксинг боюнча Азиянын 2004-жылдагы чемпиону Кыргызстандык нечен жолку чемпион "Калкан" деп аталган Кумар Жалиев катышты.


Дүйнөдө
Футбол
Россиянын футбол боюнча башкы машыктыруучусу Гус Хиддинктин айтымында алдыдагы дүйнө чемпионатына катышууда бир топ жаңы спортсмендер тартылаары дайын болду.
Анын айтымында оюнчулардын тизмеси келерки жумада дайын болот.
ххх
2011-жылы чемпиондор лигасынын финалы Лондондун "Уэмбли" стадионунда өтөөрү болжолдонууда. Ал эми Лондон менен талашкандар Валенсия, Берлин, Мюнхен шаарлары болчу. Эсиңиздерге сала кетсек 2009-жылы чемпиондор лигасынын баш байгесин талашуу Римде "Стадио Олимпико" стадионунда болсо, 2010-жылы Мадридде "Сантьяго Бернабеу" стадионунда өтөт.
ххх
УЕФА кубогу эми башкача атала турган болду. 2009-жылдан тартып Uefa Europa League которгондо Европа лигасы деп атала турган болду. Жаңы форматка карата 48 клуб катышып, алар 12 группада оюн жүргүзүшөт жана 1/16 финалга ар бир группадан 1-2-орунду алгандар жана дагы 3-орунду ээлешкен 8 клуб катышмакчы.
ххх
Голландиянын "Де Графсхап" клубунун жаңы стадиону Россиянын курама командасынын тренери Гус Хиддинктин атын ала турган болду. Бул клубдан өзүнүн карьерасын баштап, андан кийин тренерлик кызматка өткөн.

Хоккей
КХЛде ушул жуманын эң чебер оюнчусу болуп Ярославдын "Локомотив" командасынын коргоочусу Александр Гуськов аталды. Ал эми экинчи орунда "Атлантадан" Сергей Мозякин 3-орунду "Авангарддан" Алексей Черепановдор ээлешти.
Даярдаган Калыбай Султангазы










??.??