Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Атактуулар Ааламында

Мурат Насыров
Жер төлөдө гитара ойноп...
Алматыда карапайым үй-бүлөдө чоңойгон Мурат Насыров беш бир туугандын кичүүсү болчу. Апасы кадимки эле фабрикалардын биринде эл катары эмгектенсе, атасы машинеси менен киши ташып үй-бүлөсүн багып келген. Сегиз жашынан бери музыка менен алпурушуп баштаган. Ага мындай жөндөм, талант атасынан өткөн. Атасы ырдаганда үй-бүлөсү кунт коюп, дым чыгарбай угушчу экен. Музыкадан тышкары Мурат сүрөт тартып, спорт менен алектенчү. Мектепти бүткөндө агасынын жолун жолдоп физика-математика факультетине же музыкалык окуу жайга тапшыруу керек болот. Бирок, ага чейин аскер кызматын өтөө милдети келип башкача жашоого аттанат.
Аскерден келген баласын жанынан жарым карыш жылдыргылары келбесе да, өзүнчө максатты көздөп, кыял менен жашаган жигит Россияга аттанат. Үй-бүлөөсү мусулман болгондуктан алар үчүн ырчылык кесип-жеңил ойлуу сезиле турган. Атасы ачууланганына, апасы ыйлаганына карабай Мурат өз арабасын тартуунун аракетин кылган.
Тилекке каршы Москвадан аны эч ким кучак жайып тосуп алып, маңдайынан сылаган эмес. Тескерисинче "чурка" деп мазакташып, шылдың кылышканга чейин барышат. Табиятынан өжөр, беттегенин бербеген жигит башкалардан кем калбай жергиликтүү калктан айырмалангандын аракетин кылып келет. Гнесин орто окуу жайында билим алып жүргөндө, сабактан кийин жер төлөлөрдүн алдында гитара ойноп, акча тапчу. Ата-энесинен каражат алгандан намыстанып, алар берген акчаны кайра өзүлөрүнө кайтарып бергенден тажачу эмес.
Өмүр бою жер төлөнүн астында гитара чертип өтүүгө болбосуна акылы жеткен Мурат конкурстарга катышып, өзүнүн талантын таптай баштайт. Ялтадагы өткөн сынакта Мурат Насыров "А-Студия" тобунун жигиттеринин көзүнө илинип, сынына толгон. Чоң сахнага чыгып, атагын алыска таанытууга дал ушул жигиттер жардам берип, колдоо көрсөтүшкөн.

Дини башка кызга үйлөнөм
Ата-энесинен бул убакта бир топ алыстап калган Мурат Москвадан үй-жай күтүп, жашоосун бир топ жакшыртканга жетишет. Бир убакта моюн бербей кеткен уулунун жетишкен ийгиликтери ата-энесин кубандырып, урмат-сыйга бөлөгөн. Аларды таң калтыруунун аракетиби же тагдырдын буйругубу ким билсин Эстонияга конкурска катышканы барып ал жерден көзү көк, чачы сары орус кызы Натальяга ашык болгон.
Экөө алгач жолугушуп башташканда Наташанын чөйрөсүндөгү жакын достору "Чурканы" кабыл алуудан баш тартышканы эки жашка катуу тийгенин ырчы жашырбайт. Какаганга муштаган болуп ырчынын ата-энеси да аларга батасын беришкен эмес. Биринчиден баласы өзүн-өзү билип, экинчиден башка диндеги кызга баш кошом деген уулунун ою алардын төбө чачын тик тургузган. Себеби мусулман дининдеги, өз чөйрөсүндөгү кызга үйлөнсө деген ата-эненин тилеги таш капкан. Жашоодогу мындай чукул бурулуш Мурат менен Наташага кандай таасир бергенин түшүнүп болбойт. Жыйынтыгында Мурат Насыровдун "Я это- ты, ты это - я" деген ыры жаралып, экөө анын үйүндө баш калкалап, жарандык никеде жашай баштаган.
Качан гана Лия аттуу кыздуу болушканда, анын сүрөтүн Алматыга ата-энесине салып жиберишет. Мындай "белек" алардын жүрөгүн жибитип, келинин шарт менен гана кабыл алууга макулдугун беришкен. Мусулман динин кабыл алып, диний жол менен баш кошушкан. Бирок экөөнүн паспортунда бүгүнкү күнгө чейин басылган мөөр жок, себеби Наташа Эстониялык паспортун, жарандыгын өзгөртүүнү каалаган эмес. Көп убакыт өтпөй Наташа Аким аттуу уул төрөп бактылуу үй-бүлө эл катары бейкут жашоо кечирип келишкен.

Карьерадагы кризис
Жеке жашоосу өз нугунда уланып жатканы менен бул маалда чыгармачылыгында бир топ тыныгуу болуп шоу-бизнестеги ордунан оолактай баштайт. Достордон душманы көп ырчынын айланасында ушак-айың сөздөр жамгырдай жааган. Анын бирин белгилүү ырчы айым Алена Апина менен байланыштырып келишсе, экинчиси баңги зат колдонуп жүрөт деген да маалымат ырчыга тиешелүү. Айтор ырчы бир жылдан кийин шоу-бизнеске кайтып келсе да мурунку ордун таба албай бир топ бушайман болот. Аялы экөөнүн мамилесине жогорудагы айтылган ушак сөздөр таасирин тийгизгенби ортолорун кара мышык аралап, чыгармачылыгынан да, үй-бүлөсүнөн да четтеген.
Биринин үстүнө бири жааган тагдырдын түгөнбөгөн түйшүгүнөн биротоло чүнчүп жүдөгөн Мурат жарыкчылык менен коштошууну туура көрүптүр. Ошентсе да анын жараткан эмгектери менен элеси элдин эсинде түбөлүккө сакталаары талашсыз.




Дакота өзүнө кандай белек кылды?
Ырчы кыз Дакота 18 жашка чыкканы турат. Өзүнүн туулган күнүндө ал мультфильмдеги Бетти Бобдун сүрөтүнүн формасын денесине түшүрөт. Кичинекей денелүү чоң баш кыздын сүрөтүн татуировка кылууну Дакота көптөн бери кыялданып жүргөн. Өзүнө гана татуировка тарттырып тим болбостон апасын да мындай кадамга барууга көндүргөн. Эми экөө тең коёндой окшош татуну денелерине кондурушат. Бул тату бири-бирине болгон достук менен сүйүүнүн символу болот. Ал эми Дакотанын туулган күнү фабриканттар менен гастролдорго туура келгендиктен 18 жашын туугандары менен эмес, сахналаш досторунун кучагында тосот.

Стас Костюшкин кабыргасын сындырды
"Чай вдвоем" тобунун солисти Стас Костюшкин Таллинге 16-сентябрь күнү барып, өзүнүн кафесине ролик тарттырууну пландаган. Сюжет боюнча жаан себелеп жаап, ал үчүн атайын машине жалдашат. Тилекке каршы техникага байланыштуу кран ачылып кетип суу өтө көп көлөмдө атылып чыккан. Мындайды күтпөгөн Костюшкин атырылган суу менен эки метр аралыкка ыргып түшүп кабыргасы менен катуу темирге урунган. Натыйжада денесине оор жаракат алып, кабыргасы сыныптыр.
Жумуш дегенде ичкен ашын жерге койгон ырчы Москвада концерти белгиленгендиктен ооруганына карабай борборго учуп келген. Кафе жөнүндө сөз улай турган болсок "Пышка da Pudra" деген аталыштагы тамактануучу жайды Стас израилдик досу Борис Калылов менен биргеликте ачышкан. Мындан тышкары Стас Костюшкин экөөнүн Санк-Петербургда төрт кафеси бар. Муну менен эле чектелбестен алар Москвадан бир нече кафе ачууну пландашууда.

Наоми Кэмпбелл - кайсы компаниянын жүзү болот?
Италиялык дизайнерлердин дуэти супермодель Наомини тандап алышты. Доменико менен Стефанонун мындан ары чыгарышкан ар бир продукциясын жарнама кылат. Эки тараптан түзүлгөн келишимдин суммасы миллион еврого бааланган. Жумушунан сырткары италиялык дуэт менен моделдин ортолорун 10 жылдык достук байланыштырат.

Глюкозанын жолдошу бейтапканада
Ырчы Наташа Ионованын жолдошу грыжасын алдырып, бейтапканага жатууга аргасыз болду. 34 жаштагы ишкер көптөн бери бели ооруп, кыймылдай албай жүрүптүр. Жакында эле операциясы ийгиликтүү өтүп үйүнө чыгууга саналуу күндөр калды.
"Бактыга жараша баары ийгиликтүү өтүп, коркунучтуу нерсенин баары артта калды. Атабызды балдарыбыз менен үйгө чыгып келээрин күтүп жатабыз. Ушул кыска аралыкта Александрдын баркын билип, анын мага канчалык деңгээлде кымбат экенин түшүндүм"-дейт Наташа Ионова.

Кейт Мосс менен Хайнс эки башка жолго түшүштүбү?
Көпчүлүктүн көңүл борборун ээлеген Кейт Мосс менен жигити Джимми Хайнс бүгүнкү күндө муздаган мамилелерин жөнгө салалбай кайрадан эки башка багытка жол тартышты. Буга чейин сүйүүлөрүн далилдеш үчүн бири-биринин денелерине сүрөттөрүн тартышканга чейин барышкан. Эми минтип экөө үч жолу жарашып, үч жолу ажырашып жаткан кездери. Буга Кейт Мосстун активдүү түнкү жашоосу болгон. Джиммиге сүйүктүүсүнүн бул жоруктары такыр жаккан эмес.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева










??.??





??.??