Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Шумдугуң кур

Эргежээл адамдардын жашоосу
Укугубузду чогуу коргойбуз
Жай мезгилинде Индиянын аймагында хитке айланган "Ажайып арал" (Чудесный остров) тасмасынан кийин кичинекей бойлуу адамдарга жол ачылды. Анткени ал тасмада башкы ролду ойногон Радхакришнандын өзүнүн бою 130 см ге жетпейт. Винаян тасмасынын автору жана режиссёру 300 дөн ашык кичинекей адамдарды кино тартыш үчүн чогулткан. Ушундан кийин алар өзүнчө топ чогултуп алышып, бою 135 см ден ашпаган кодо адамдар биригип өз укуктарын коргоо максатында тийиштүү жерлерге кайрылышат. Себеби, жашоолорунун теңинен көбүн алар тоскоолдуктарды жеңүү, шылдың кемсинтүүлөргө чыдоо менен бойлуу адамдарга тескери жооп кайтарышат. Ал эми 30 жаштагы Балакришнан Карассеринин бою 90 см ден ашкан эмес. Ыза болгон Карассери: "Бизге элдер кичинекей балдарга жасагандай мамиле кылышат, чынында биздин боюбуз гана кичинекей болгону менен аң-сезимибиз, дүйнө таанымыбыз кадимки адамдардыкынан кем калбайт. Буга чейин биз көп эле тоскоолдуктарга туш болуп келдик, эми мындан аркысына чыдабайбыз, мен өз укугум үчүн күрөшөм, анткени мен деле адамча жашагым келет" дейт ал өпкөсү көөп. Ал эми 35 жаштагы Мубаш жашоосун төмөндөгүдөй сүрөттөп берет: - Көпчүлүк учурда мен коомдук жайларда, унаага түшкөндө кыйынчылыктарга туш болом. Элдердин аңырайып караганы башында өөн учураса кийинчерээк кадимки көрүнүштөрдүн бири болуп калды. Калкты күлдүрүп алардын көңүлүн көтөргөнүбүз менен биздин абалыбызды баары эле түшүнө беришпейт. Басынуу, кемсинүүдөн жаман сезим жок.

Боюнун жапыстыгы сүйүүгө тоскоол болбойт
28 жаштагы Кэролайн Миллер ушул жашка чыкканча жигит аттуу менен сүйлөшүп, сүйүп көрбөптүр. Буга себеп анын боюнун кодолугу. Бактыга жараша көптөн бери интернет булактары аркылуу таанышкан жигити менен жолугууга чыгынып жаткан кези.
Тең-теңи, тезек кабы менен дегендей ал мырзанын бою да 90 сантиметрден ашпайт экен. Боюнун кичинекейлигине наалат айтып жүрүп, 28 жыл убактысын текке өткөргөнүнө өкүнөт. Башка чөйрөдө өзүн аштан чыккан томуктай сезген Кэролайн өзүнө окшогон адамдардын тобун издөө менен көп убакыт алек болгон. Көчөгө чыккандан уялган бийкечти жарнамага тартылууга чакырышкан. Ошол таптан баштап аны көчөдөн көргөндөр да тааный башташкан. Бирок мындай жагдай аны кубандырмак тургай кайра тажаткан.
Ал эми интернет аркылуу таанышкан мырзасынын жардамы менен ал жаңы жашоого багыт алып, айлана-чөйрөдө эмне болуп жатканы аны кызыктыра баштаганын жашырбайт.



Эргежээлдерди ыргытып ойношот
Торонтодо жайгашкан Виндзор шаарчасында белгилүү "Leopards Lounge and Broil" деген аталыштагы стрип-клубга кудайдын куттуу күнү эл жык жыйма толот экен. 18 жаштан улууларды гана кабыл алган клубда стриптиз көргөндөн тышкары, (эгерде күчүңүз жана капчыгыңыздын алы жетсе) укмуштуудай шоуга катышууга болот. Тагыраак айтканда ал оюндун шарты төмөндөгүлөрдү камтыйт: Жерге төшөлгөн матрастарга, жумшак жаздыкка таңылган бою кичинекей адамдарды ыргытышат. Кимисиники алыска ыргыса албетте утуш ошонуку.
Ойго келбеген жорук бийликтегилерге да жетиптир. Табиятынан кем жаралып калган адамдарды мыскыл кылган үчүн ал стрип-бар жабылган. Ал эми адамдарды оюнга айлантып шылдың кылган адам 5 миң доллар айып төлөп, жарым жылга эркинен ажыратылат-деген мыйзамды жогорку кеңештин депутаты Онтарио Сандру Партателло сунуш кылган. Бирок азырынча бул мыйзам күчүнө кире элек. Ал эми Виндзордо жогоркудай оюндар дале уланууда. Кодо адам Тройлод журналисттерге мындай оюн өзүнө абдан жагаарын, ал үчүн чечим кабыл алып, укугун коргоонун кереги жоктугун билдирген.




Адамдан амал качып кутулбайбы же обун таппай кээ бир адамдар акыркы күндөрү ашынып баратабы ким билсин. Төмөндөгү кишилердин максаты-кандай жол менен болбосун атагын чыгарып, дүйнө жүзүнө таанылуу.
Көпчүлүктүн көңүл борборунда болгусу келгендер...
168 килограммга арыктаган адам
2003-жылы июль айында бул жигиттин салмагы 268 килограммды түзгөн. Бүгүнкү күндө ал 100 килограмм салмактан арылды. Мурда бирөөнүн жардамы менен 200 метр да жөө баса албаса, эми керээлден кечке убактысын нары-бери басуу менен өткөрөт. 2006-жылы ал хирургдардын жардамы менен ашыкча эт-майлардан арылуунун аракетин кылат. 2006-жылы эки ирет операция жасап 10 килограммдан ашык майын кестирген. Эми анын азыркы кебетеси да адам суктанаарлык эмес экен.

Адамды таң калтыргысы келген Джекки
Сүрөттө адамдын көрүнүшү көпчүлүктүн үрөйүн учурса да, Джекки аттуу адам ушундай жол менен адамдарды таң калтырганды аябай жакшы көрөт. Бош убактысында атайын эл көп жерге чыгып алып көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурат. Джекинин мындай обу жоктугун көпчүлүк дос-туугандары колдой беришпейт. Ал тургай анын кызы атасын акыл-эси жайында эмес экенин психологдорго жар салып, алардын жардамына кайрылган. Убакыттын өтүшү менен кызынын аракеттеринен эч кандай жыйынтык чыкпагандыктан атасын жайына койгон.

Алкымын тыя албаган журналист
Мексикада бир топ абройго ээ журналист Лоранс Шлёссер өзүн-өзү сынап көрүүнү чечкен. Кандай жол менен дейсизби? Алты жыл бою жалаң гана гамбургер менен тамактанып, "токчулуктун" символуна айланган. Ал биринчи күндөрү маал-маалы менен гана гамбургер жегени менен бара-бара алкымын тыя албай оозун бир мүнөткө да бошотчу эмес. Дүйнө жүзүнө таанылган Лоранс 6 жылдын ичинде 12 миллиондон ашык акчасын жалаң гана гамбургер сатып алууга коротуптур.

Даярдаган Анара Дүйшөналиева










??.??