Сенин гезитиң!
№35, 30.09.08-ж. Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Обон"-почта

Анжеликадан табышмак
Бул табышмакты таап,
Анжеликанын колунан кофе ичиңиз
Урматтуу окурман!
Анжелика сиздерге 4 номерге катары менен табышмак катат. Аларды биринчи болуп 4 жолу тең туура таап, жообун бизге жиберсеңиз Анжеликанын өз колунан кофе ичип, "Айым-style" сулуулук салонунан имиджиңизди өзгөртүп, чачыңызды ханышалардай жасалгалоо укугуна ээ болосуз .
Эскертүү: Жоопторду
SMS аркылуу


OBON
сөзүн жазгандан кийин сөзсүз боштук калтырып текстиңизди жазып,
4436

номерине жөнөтүңүз.
(SMS баасы НДС менен кошо 0,5$.)

1-табышмак:
"Жок, жалгыз каз, биз жүз эмеспиз, биздей дагы бир болсо (36), анан биздин жарымыбыздай болсо (18), дагы жарымыбыздын жарымындай (9) болсо ошондон кийин сени кошкондо гана араң жүз болобуз"
Жообу:
36 каз болгон.36+36+18+9+1=100.
1-табышмакты туура тапкан 0773508375 абоненти болду.

2-табышмак:
Кырк табак, кырк табактын ар кайсынысында кырк куйруктан, ар куйрукта кырк бычактан, канча бычак болот?

ОП-35-01. Арабыз алыстыкта болуп турат, жүрөгүм сени самап согуп турат. Түндөсү Айды карайм, жылдыз санайм. Себеби алар сени көрүп турат. L.S.C

ОП-35-02. Икага салам, дос кайда бекинип алдың? Салонго качан барабыз? HAN-SHAI

ОП-35-03. Анекдот: Сабак учурунда мугалим окуучуларга:-Манас ким менен сайышкан. Ташмат тура калып:-Каныкей менен сайышкан,- дептир камырабай.

ОП-35-04. Новосибирск шаарына көп ырчылар келип концерт беришти. И.Абдыразаков келеби, жокпу? Келсе качан экенин билгим келет.+79231539725

ОП-35-05. Туугандарымдын баарына жана эң жакын курбум Нуризага, "Обондун" СМСчилерине, "Стар-Денс" шоу балетине, Султан Садыралиевге чоң салам. Ар дайым алга. Султан мен сизди аябай жакшы көрөм. Сизге баары бир эч ким жетпейт. Фирдаус

ОП-35-06. Атам Абдувахабга, апам Толгонайга, эжем Ирсалат жана жездем Манаска чоң салам жолдойм. Ден соолук каалайм. Фирдаус

ОП-35-07. Менин саламым токмоктуктарга жолдонот. Дайым бар болгула. СТС

ОП-35-08. Мага болгон сүйүүңдү, мээримиңди көрсөм, жүрөгүңдө мен гана түбөлүккө жашаарымды билсем дейм. Алмаштырбайм башка менен сени жаным, билсең эгер жүрөгүмдүн ээси сенсиң. Курманов Эльдияр мен сени сүйөм. Дархандан Ж…з

ОП-35-09. Султан, май айында Москвага келгенде, "өзүм жеке концертимди коюп кетем" деп убада кылдың эле го. Качан келесиң? Күтөбүз. Москвадан күйөрмандарың

ОП-35-10. Урмат мага капа болбой сүйлөшө бербейсиңби, жолуга бербейсиңби. Экинчи кайталанбайт. 07730618хх

ОП-35-11. Токтогулдагы апам Бердалиева Калбүгө салам. Базарда соодаңыз боло берсин. 07736256хх

ОП-35-12. Жарыгыбыз Бакдөөлөттүн өмүрү узун болсун, ден соолугу чың, акылдуу жигит болушун жараткандан тилейбиз. Апасы Турсунай, атасы Бакен

ОП-35-13. Не кылайын сен деп соксо жүрөгүм, не кылайын сен деп жашап жүрөмүн. Сезимдерди ээледиң го баарысын, жашай албай алдан тайып жүрөгүм.

ОП-35-14. Туулган жерим Лейлекти абдан сагындым. Туулган жердин топурагы алтын экен. Лейлектик Сармата, Шаку, Зули

ОП-35-15. Саламым супер ырчы Султан Садыралиевге, сизди чексиз сүйөм, бирок сиз аны билбейсиз. Эмне гана кылбайын, канчалык аракет жасабайын баары бир жетпеймин. Сизди сүйөм. Фанатыңыз @@@@@

ОП-35-16. Даниел мен сенин "Садагам" аттуу ырыңды жана үнүңдү жактырам. Сени менен дос болсом дейм. Зама

ОП-35-17. Сабырдын түбү сары алтын демекчи, мен сени сүйөм Ороз

ОП-35-18. Саламым Токтогул районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну 92-жылкы Жанараны 28- сентябрь туулган күнү менен куттуктайм жана мени тааныгандарга салам жолдойм. Торкенден Нургүл

ОП-35-19. Сыймык, Айтунук, Аскар жакшы окугула, силерге ден соолук, узун өмүр, дайыма ата-энеңер менен бирге болушуңарды каалайм. Эжеңер Айпери

ОП-35-20. Султан, сага сакал койгон жарашпайт экен. Сакал койбой эле койчу. Күйөрманың Динара

ОП-35-21. Таш-Көмүр шаарында жашаган 81-жылкы сулуу жигит Урмат, мен сени чексиз сүйөм. Сырдуу кыз

ОП-35-22. Менин саламым жаным Эрланга, мен сени сүйөм. Нурзат

ОП-35-23. Сапар, сен аябай жакшы баласың, сен мага жагасың. Назика

ОП-35-24. Айылдагы досторумдун баарын сагындым. Буюрса жакында барып калам. Мен баарыңарды жакшы көрөм. Окуулар жакшыбы, качан аяштуу кыласыңар? Кулпунай

ОП-35-25. Адамдын артынан сүйлөбөй эле, сөз болсо бетке айткан жакшы деп, өзүңүз адамдык сапаттан алыстапсыз Маке. Сизсиз да күн көрө алабыз. Жашыңызга жарашпайт экен. Жыйындан окуучуңуз Кара кыргыз

ОП-35-26. Менин саламым М.Иманбековго, чыгармачылык ийгилик каалайм. Караколдон Гүлзада.

ОП-35-27. Салам кыргыз калкым, салам достор жана дагы саламым кыргыздын жаш таланттуу жигиттери Ильяз Абдыразаков жана Алтынбек Алимов агаларыма жолдонот. Силерге чың ден соолук, кең келечек, чыгармачылыкта ийгилик. Алдыда боло турган концертиңиздердин аншлаг менен өтүшүн каалайм. Бар болуңуздар, аман болуңуздар. Бизди сагындарбай дагы да көп-көп келип туруңуздар. Аллах буюрса сиздерди өзүм күтүп алам. Сөз берем. 09.09.08 Ильяз менен таанышкан күндү өмүр бою унутпай эстеп жүрөм. Кыргыз элимдин орозосу кабыл болсун. Аман бололу. Сиздерди сыйлап, урматтап алыскы Тараздан Кулпунай

ОП-35-28. Арпа, жүгөрү - аман эсен жүрөлү. Арпа, буудай - бизге берсин Кудай. Назика

ОП-35-29. Сүйүктүү ырчым Султан Садыралиевге узун өмүр, ден соолук, өчпөс сүйүү каалайм. Жаратканым колдосун, ар дайым аман болуңуз. Күйөрманыңыз Тунук . 05503363хх

ОП-35-30. Султан байке кандайсыз, ден соолугуңуз жакшыбы? Дайыма жүзүңүздөн күлкү кетпесин. Сиздин талантыңызга таазим. Ширин үнүңүз башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Сизди жакындан көрүп, таанышсам дейм. Адеми 07739405хх

ОП-35-31. Билбей турам сүйгөндүгүң аныкпы, берсең боло жүрөгүмө жарыкты. Түбөлүктүү мендик болуп сен качан, тартуулайсың түгөнбөгөн бакытты. Назика

ОП-35-32. Кыргыздын кара каштуу, узун бойлуу жигиттерине салам. Турмушка чыгам, тез арада таанышам. 87017095752 Жанара Астанадан

ОП-35-33. Урматтуу Нурзат, мени шайыр бийкеч кылдыңбы, рахмат , сен да шайырлардын катарына кошул анда. Айдеми Айка

ОП-35-34. "Кечир мени" деп сыздаган, сүйөөрүмдү бил деп арзуусун асманга айтып даңазалаган, сүйгөнү жөнүндө ойлонуп бүтпөй акырында ыр жазган "Миң кыял FM" радиосунун бал тилдүү ди-джейи Канат Кадыржан деги сен сыздабачы? Моймолжуган көздөрүңөн секет кетебиз го, каражан. Айзада, Акбары

ОП-35-35. Алматы шаарында иштеп жатышкан Алай районунун Сопулук кыздар-балдарына ошондой эле түбөлүк жарым Ритага чоң салам. Жаның Темирлан

ОП-35-36. Салам Султан, сени сүйөм, сени күтөм, сен деп жүрөм, мени чакырчы? 07776632хх

ОП-35-37. Сиздерге рахмат, бизге кубаныч тартуулап, суктанып экрандан көрүп, бир жолу болсо да жакындан көрүп сүйлөшсөм экен деп ойго баткан күйөрмандарга ушундай шарт түзүп бергениңиздерге. Мен дагы сүйүктүү ырчым Султан байке менен көрүшүп, таанышсам деп эңсеп келем. Султан байке бар болуңуз, орозоңуз кабыл болсун. Терең урматтап Микэля 07735656хх

ОП-35-38. Менин саламым С.Садыралиевге. Султан, сизди ырчы катары баалайм жана жөнөкөй жигит экениңизге ишенем. Дамира 07730521хх

ОП-35-39. Саламым сүйүктүү атам Каныбекке, апам Айчүрөккө, иним Кутманга, эже-сиңдилериме жолдонот. Силерди сагындым. Бишкектен Нуркыял

ОП-35-40. Эх, кыздар, жардам бергилечи. Чолпон аттуу бир кызды жакшы көрүп калдым. Эми эмне болот? Чолпон "Обонду" алып окуп койчу? Асыл

ОП-35-41. Саламатсызбы Султан. Сизге кааларым ден соолук жана ата-энеңди урматтаган кыргыздын жигити бол. Мени кездешүүгө чакырчы, сен үчүн Кыргызстанга барам. Сага деген белегим бар эле ошону берип алайын. Алматыдан Азиза +770260776хх

ОП-35-42. Комузун колго алып, домбурасын кошо кагып, ырлардын көркүн ачып, аурасын элге чачып ырдайт го Султан ашыгып, Коштоп каккан канатын, элге арнайт талантын. Колдоп жүрсүн жаратканым. Динара Султановна 05438135хх

ОП-35-43. Куба менен Гүлбара куш бооңор бек болсун, үйлөнүү-үлпөт ак тоюңар кут болсун. Шаку

ОП-35-44. Жылт эткендин баары эле жылдыз эмес, кылт эткендин баары эле кыргыз эмес, билебиз деп төштөрүн каккан менен, билбегендер өз тилин кыргыз эмес, кыргызды сүйбөгөн адам, адам эмес. Эма Гузел

ОП-35-44. Таш-Көмүр шаарындагы К.Кузембаев атындагы мектептин 11-а классынын супер кыздары Мираида, Айпери, Асел, Гүлназ, Канышайларга салам. Бар болгула курбулар. Эма Гүзел, Сумая, Айдем Мэри

ОП-35-45. "Керемет жашоо" командасына салам. Аделина, Хан-Шай, Мемо, Кербен Куба, Лазат, дайыма алга достор. Айдеми Айка

ОП-35-46. Менин саламым ата-энеме о.э бир туугандарыма. Кааларым ден соолугуңар чың болсун, жүзүңөр жарык болсун. Чырак айылынын бардык тургундарына чоң салам. Атантаева Нуркыз

ОП-35-47. Ысык-Ата районундагы Красный-Восток айылынын тургуну Карагулов Жанжигитти үйлөнүү-үлпөт тою менен куттуктайбыз. Айчүрөк менен бактылуу болуп, кармашкан колуңар бекем болсун. Ооруба, узун өмүр сүргүлө. Атаң, апаң, бир туугандарың

ОП-35-48. Мирбек Иманбековдун ырлары камтылган жыйнак диск чыгарган Асыл Апасовага рахмат. Мирбек ата-энеңди сахнага алып чыкканыңды көргөн сайын толкунданып, сага ичимден ыраазы болом, бар бол. Ысык-Атадан Айзада

ОП-35-49. Ассалому алейкум жарамазан. Он эки айда бир келген орозо жан. Орозоңор кабыл болсун "Обон" жан. Бай айтат короодон кой берем деп, кемпир айтат барчадан тон берем деп, кызы айтат кытай жоолук мен берем деп. Кызы берген жоолукту тең бөлөлү, бай берген койду өңөрөлү, кемпир берген тонун бөктөрөлү. Кыз албаган жигиттер тенге качар, аты күлүк жаш балдар ала качаар, аркасынан көк деңиз куба качаар. Кара ташты чапты эле чаң чыккан жок. Каапыр мойнун кести эле кан чыккан жок. Асыл

ОП-35-50. Султан байке, уруксат этсеңиз сизге жолугайынчы? Жок дебесеңиз. Айка 07725202хх

ОП-35-51. Жагымдуу, сүйкүмдүү, айдай сулуу Ильяз Абдыразаковго эч ким жетпейт. Ал тургай Бред Питт, Тимати Ерман, Дима Билан билдиңерби? Ал ар дайым биринчи. Аллах ар дайым колдоп жүрсүн. Талантыңызга ийилип таазим кылам. Кара-Кулжадан Үмүт

ОП-35-52. Ауу-кыздар, С.Садыралиевге СМС жаадырат экенсиңер да ээ? Кыргыздын эр жүрөк жигиттери, силерчи? Барсыңарбы, кайдасыңар СМС жазып турсаңар. Кыздар эле жаза беришеби? Асыл

ОП-35-53. Бүтүндөй кыргыз калкым бактылуу болсун. Маңдайыңардан ар дайым күлкү кетпей жүрө бергиле. Кеминдик Наргиз

ОП-35-54. Мирбек Иманбеков эмнеге мынча жылдыздуу, назик, татынакайсың? Жүзүңдөгү эки уячаң тим эле кишинин эсин оодарат го, чиркин. Сенин талантыңа чын дилимден таазим этем. Кеминдик Наргиз

ОП-35-55. 07776632хх абоненти, не кыл дейсиң? Кеңешиңе зар болуп жатам. Эчки өзүнүкүн билбей, койду мазактагандай туюлуп жатат мага. Өзүңдү билчи. Номериңди жакшы иштетчи, сүйлөшүп алалы. Талабың аткарылат. Ахилес

ОП-35-56. Жан досум Тутат, кармаган орозоң кабыл болсун. Жаратканым жакшылыгын аябасын. Ыймандуу бол. Досуң Үмүт

ОП-35-57. Алмамбет, сен супер жигитсиң, ар убак бирге бололу. Сенсиз мага жашоо жок, жаным. Алтышкам, былтышкам, тултушкам Макс мен сени чексиз сүйөм. 07771940хх

ОП-35-58. Алихан, сизди сүйөм жана колдойм. Ар дайым алдыга умтулуңуз. 07721288хх

ОП-35-59. Оңдоп жолго салаармын, ойлоп сага бараармын. "Обондогу" досторума салам айтып калаармын. Абилка Алтынай, Алина, Майрамгүл Мирлан Улан, Нур

ОП-35-60. Сүйүүнүн баркын билген адам адашпайт, бул дүйнөдө сүйгөн адам эч качан алдабайт. Жалган сүйүүнү жактабайт, жалындуу ак сүйүүнү адаштырбайт. Чыныгы сүйүү ак сүйүүнү барктайт. Назика

ОП-35-61. Эх, Азиз, Азиз. Күйөрмандарыңды алдадың, эмнеге келбедиң? 07735854хх

ОП-35-62. Ислам билип кой, мен сени сүйөм, көздөрүң мага өзгөчө жагат. Сени сүйөм. 07777922хх

ОП-35-63. Ой, Султан келдиби? Султан чыгармачылык ийгилик, сени көрүп, кучактап сүрөткө түшүп кетсем, өмүрүм узарып кетмек. Айдеми Айка 05550626хх

ОП-35-64. Саламым апакем Норинисого, сиңдилерим Хафиза, Дильноза, инилерим Улукбек, Бабурга, жээндерим Шахрух, Кайрат, Камилага жолдонот. Силерге ден соолук каалайм. Наргиза

ОП-35-65. Сокулуктагы Маку мага 0777571966га чалып койчу, суранам. Шамалды-Сайдан Бактияр

ОП-35-66. Султан байке, сиздин жакшы барыңыз дегениңиз жакты, эгер мүмкүнчүлүк болсо дагы уксам болобу? Тумар, Токмок

ОП-35-67. Фирдаус, Канжар, Ахилес, Майрам, Барби, Эма Гузел ж.б. салам. Меришка

ОП-35-68. Султан байке, ыйык рамазан айында кармаган орозоңуз кабыл болсун. Сизге жолугууну оозумду бекитип жана ачып жатып Алла Тааладан тиленем. Мүмкүн мени тандайсыз? Мен сизге ден соолук каалоо менен бирге Мыктыбек аванын, Гүлмайрам апанын кашында аман болуп, кадыр-барктуу кыргыз элимдин сүймөнчүктүү мырзаларынан болуп, дүйнө жүзүнө таанымал болушуңузга тилектешмин. Айтмакчы Султан байке менин катымды окудуңузбу? Сизди терең урматтоо менен күйөрманыңыз Гүлкайыр. 05501748хх

ОП-35-69. Эй Наку, Кербен Кубага асылбай жүрчү. Ал адам сулуу, шайыр жигит. @$@KG

ОП-35-70. Арзуумду сезбе жаным, акыйкат жүрөк жалын, каректе гана калсын, өчпөгөн махабатым. Азыр мен күнү-түнү тилеймин, Эламан менен бир болсом деп, тилегеним ишке ашса экен чоңойгондо. Ушул менин тилегим. Эма Гузел

ОП-35-71. Салам достор!Кандайсынар?, Аделина сайтта азыраак шоктон! Cулуум ий! Элиза жакшы болуп калдынбы? HAN-SHAI

ОП-35-72. Ошто жүргөн досум Салемге салам жолдойм. Досум сага дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. Мен да сени баары бир "лю". HAN-SHAI.

ОП-35-73. "Обондун" сулуулары Нурзат, Самара, Жанара, Анара, Айнура, Жылдыз эжелерге чо-оң салам! Ишиңерге ийгилик, калемиңер курчуй берсин! Силерди жакшы көрүп HAN-SHAI

ОП-35-74. "Обондун" баардык окурмандарын сыйлайм жана аябай жакшы көрөм! Достор дайыма ушунуңардан жазбагыла! Силер эң күчтүү, акылдуу, айкөл, суперсиңер! Силер бар "Жашоо керемет"! HAN-SHAI

ОП-35-75. Ау-уу Мемочка, кайда жүрөсүң алтын кыз? Смс деле жазбай калдың?Сени сагындым го! HAN-SHAI

ОП-35-76. Достор "Обондун" www.obon.kg сайтына киргиле, сонун жаңылыктар, музыка, клип жана ошондой эле чат бар! Ал жерден биз мындан да жакыныраак,кеңири сүйлөшө алабыз! Анда эмесе достор силерди сайттан күтөм. HAN-SHAI

ОП-35-77. Бир өмүргө сиздик болсом кандай бакыт. Качан Кудай берет мага мындай бакыт? Кудайдын мындай бакыт берээрин тилей берем, тилегиме жетээриме ишенем. Жубай болом жаныңызда жакшынакай татына, жанашып жүрсөк экөөбүзгө суктанышат дайыма. 05502901хх

ОП-35-78. Дагы канча жол бар билбейм жашаарым, өмүрүмдө көп досторду күтүпмүн. Көп досторумдан көңүлүмдүн калаарын эч качан ойлобопмун. Өмүр жолдо көптөр болду досторум, бир күн жарды, бир күн байга окшодум. Аксаганда, ооруганда жардам бербеген аман болгун айланайын досторум. S@m@ryshka

ОП-35-79. Cултан байке куш келипсиз "Обонго" Сизге каалоом: мүнөзүңүзгө шаттык, жүзүңүзгө жаштык, асмандай ачык маанай, нөшөрдөй бакыт-таалай, ден-соолугуңуз бекем, пейилиңиз кенен, өмүрүңүз узун болсун, кыялдарыңыз кыр ашып, ойлогон ой-максаттарыңыз орундалсын. Т.Токи

ОП-35-80. Султан, Мирбек И. экөөңөр чыныгы кан достордон болуп, достугуңар эч качан үзүлбөсүн. Экөөңөр биздин сахнанын көркүсүңөр. Кеминдик Наргиз

ОП-35-81. Жанэлита дос кандай, эмне жоголуп кеттиң? СМС жазып тур. Эма Гузел

ОП-35-82. Кемин районунун Ильич айылынын тургундары атам Качкимбаев Шайлообекке, апам Кулинага сагынычтуу салам. Ата-апа ар дайым бар болуп, жүзүңүздөрдөн күлкү кетпесин. Сиздер жашоомдун тирегисиңер. Кеминдик Наргиз

ОП-35-83. Менин саламым атам Саатбек, апам Гүлсүнгө, эжем Наргизага, сиңдим Нуриз, үйгө конок болуп келген Айзада апчиме, Дүйшөн тайкеме, Сонунбекке, Марленге чоң салам. Гүлиза (Данкай)

ОП-35-84. Бакуля сен суперсиң. Гуля

ОП-35-85. Салам Айтгүл, мен сени жакшы көрөм. 07735770хх

ОП-35-86. Саламым Султан Садыралиевге, ар дайым сизди Аллах колдоп жүрсүн жана сизге чыгармачылык ийгилик, тунук сүйүү, чексиз бакыт каалаймын. Жакты мага сүйлөгөнүң, күлгөнүң, Жакты мага бир мүнөздө жүргөнүң. Сүйүп калдым беш мүнөттүн ичинде, Кечирип кой катуу тийсе сүйөөрүм. Сизге жолуккум келет. Фирдаус 07773513хх

ОП-35-87. Салам Султан, Жылмайып күндүн нуру чагылгандай, жүрөсүң күлүмсүрөп ачык маанай. Кыргыз элим колдоп турса сени дайым, ошол сага эң бийик бакыт-таалай. Талыкпаган эмгегиңди баалайм дайым, мен үчүн эң кымбатсың Султан дайым. Сени сыйлоо менен күйөрманың Аймира 07775051хх

ОП-35-88. Сыймык Бейшекеевди чакыргылачы? Жанга жагым үнү бар Сыймык байке талантыңызга таазим. Кара көз карындаштарга керемет обондорду жаңырта бериңиз. Неге сыйкыр авазыңызга азгырыла берем. Диаз

ОП-35-89. Саламым ою асыл, сүйлөгөн сөзү ак, кылган иши адал сүйүктүү курбум Барбиге. Сени сагындым. Сен дагы Ошко келчи, жараткан ар дайым бактылуу жашоонун кучагына алсын. Гүлшан

ОП-35-90. Кыргыз элим бейиштин жолу тикендүү, оор, жанга жакпаган нерселер менен курчалган. Ал эми тозоктун жолу жан дүйнөбүздү туткундай тушаган оюн-зооктор жана арам иштер менен курчалган. Андыктан көптөгөн күчүбүздү жумшап, чын дилибиз менен тикендүү жолду тандайлы деп айтаар элем. Намаз - бейиштин ачкычы. Гүлшан

ОП-35-91. "Кыргызстан обондорундагы" "Керемет жашоо" командасындагы Айдеми Айка, Аделина, Азат, Батина, Гүлбарчын, Кербен Кубага чоң салам. Бирдигиңер түгөнбөсүн. Мемо

ОП-35-92. Апа, таене жана башка орозо кармаган туугандарымдын орозосу кабыл болсун, эч качан оорубаңыздар. Кыргыз элим орозоңор кабыл болсун. Баарыңарга ысык салам. Фирдаус

ОП-35-93. Оштогу ХБКдагы 16-кесиптик лицейдин 29-группасына, өзгөчө Элвира, Назира, Айпери, Орозгүл, Айперилерге чоң салам. Ошондой эле Ч.Мырзаевге да салам жолдойм. Орозоңор кабыл болсун. Бурул

ОП-35-94. Урматтуу Ахилес, табышмагыңды тапканга сюрприз бар дебедиң беле. Мен таап коюп сюрпиризиңди күтүп жаткан учурум. Андан бери 2 ай өттү. Мемо

ОП-35-95. Таене сизди сагындым, бирок азырынча бара албайм. Мага таарынган чыгарсыз. Быйыл барбасам сизди көрбөгөнүмө 4 жыл болот. Абда

ОП-35-96. "Самал" базарында Гулька, Бактыкан эжелерге салам жолдойм. Келген алармандарды алат-албайт деп мелдешпей жакшына соода кылгыла. Мелис

ОП-35-97. Султан тамеки тартасыңбы? Чыгармачылыгыңа ийгилик дос. 0773133871

ОП-35-98. А.Осмонов атындагы 68-гимназия мектебинин келечек жаштар уюмунун бардык парламенттеринин иштерине ийгилик каалайм. Меришка

ОП-35-99. "Азия ФМдеги" Алтынай сиз менен жакындан таанышса болобу? 0777865556 номерине чалыңыз. Меришка

ОП-35-100. Султан, жашоодо кайра жаралсаң ким болмоксуң? Чыгармачылык ийгилик. 07730896хх

ОП-35-101. Элдияр, Сүйүн, Нурбек, Санжарга салам жолдойм.Бактылуу болгула. Дархандан Жылдыз.

ОП-35-102. "Кыял" базарында иштеген Ферузага чоң салам. Сонунбек

ОП-35-103. Саламатсызбы Султан, ишиңизге ийгилик каалайм. Сизди Кудай колдосун, алдыңыз ачык жол болсун. Сиз дегенде элиңиз жүр деп концертиңизге келишсин. Дайым бар болуңуз. Ата-энеңиз, элиңиз сиз менен сыймыктанат. Кыргызда эң мыкты ырчы сизсиз. 07731345хх

ОП-35-104. "Обондун" жалпы окурмандарына ысык салам. Силерге кааларым арчадай жаштык, музыкадай шаттык, Ала-Тоодой улуулукту, ак мөңгүдөй тунуктукту каалайм. Акмарал

ОП-35-105. Кара-Кулжа районуна ысык салам. Темирдин "туулган жерин" уккан сайын сагынычым ого бетер күчөйт, окуучулук, балалык күндөр эске түшөт. Мемо

ОП-35-106. Мен иним Паңсатов Улукбекти жана сиңдим Паңсатова Хафизаны 28-сентябрь туулган күндөрү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Аларга дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Наргиза

ОП-35-107. Саламым сага гана арнаймын. Сагынычтан саргайтып, сай сөөгүм сыздаттың, сүйөм сени гана сүйөм. Урмат Усенов мен сени сүйөм. Акмарал

ОП-35-108. Эгер мен жигит болсом, ак сүйүүмдү Хан-Шайга айтмакмын. Хан-Шай кел, дос болобуз. Ошондой эле Кербен Куба менен да таанышам. 0550144687 Акмарал

ОП-35-109. Мени кыйбай уйкусу жок жанат шам, Түшүнө албай түн кирпиги төгүлөт. Кыялыңдан өзгөргөнсүп бараткан, кызганычтан ооруп калдым көрүнөт. Назика

ОП-35-110. Саламым Аделина, Айдеми Айка, Айдана Анту, Барби, Хан-Шай, Фирдаус, Жессика, Элдияр, Мээрим, Мемо, Тариэл, Назика, Эма Гузел ж.б. жолдонот. Баарыңарды сыйлайм. Кербен Куба

ОП-35-111. Наку мен эл катары жүргөн жөнөкөй жигитмин. "Обон" супер гезит да, ошондуктан андан алыстабайм. Иштеген ишим бар, "Дордойдогу" "Кербен" базарында иштейм. Катуу айткан күнөө, ошол үчүн өзүңдүн жолуң менен жүрчү. Айта турган сөзүң болсо 0777570379га СМС жаз. Кербен Куба

ОП-35-112. Иманбеков калды, Атабеков ашты, Ильяз чуркады, Султан кубалады, Неля жыргады, Бакуля ыйлады, Урмат киного тартылды. Чолпон

ОП-35-113. Ай Султан кыздардын баарын жыйнап албай, жигиттерден да чакыр. Кербен Куба 07775703хх

ОП-35-114. Оо, кыргыз элим, мен ойлогом кыргызда Т.Турсунбаева сулуу дечүмүн, андан өткөн Назика сулуу экен. Сенин сулуулугуңду көргөндө өзүмдү жоготуп жибердим. Мен сени катуу сүйүп калдым. Мирбек Атабеков ушундай кызды сүйдүрүп кантип бетиң чыдап жүрөт. Чынын айтсам фигурасы 90х60х90 экен. Сырдуу жигит

ОП-35-115. Балыкчыдагы Насибага салам. Мен сени жакшы көрөм. Рустам

ОП-35-116. Эрке сиңдим Элиза, биздин да, тагдырдын да эркеси бол. Эжең Аида

ОП-35-117. Астанада иштеп жаткан Муханбетке салам жолдойм. Мен сени сүйөм. Түбөлүккө бирге болсок экен. 07732427хх

ОП-35-118. Султан байке ден соолугуңуз чың болуп, талантыңыз өркүндөй берсин. Сизге ийгилик каалайм. Ата-энеңизди сыйлаган уулдардан болуңуз. Ариет 07724669хх

ОП-35-119. Кыздар артисттерге сүйүүңөрдү арнабагылачы. Алматыдан Чопа

ОП-35-120. Султан байке кандайсыз, сизди жаныңыздан бир да жолу көрө элекмин. Макул болсоңуз жолугуп маектешейин деген тилегим бар. Айчүрөк 07722458хх

ОП-35-121. Амансыздарбы замандаштар, ыйык Рамазан айы баарыбызга жакшылык алып келсин. Орозоңуздар кабыл болуп, айтыңыздар маарек болсун. СССР

ОП-35-122. Саламым Кайратка, Мухитке, ар дайым бар болуп, аман болгула. Нурзат

ОП-35-123. М.Атабековдун чыгармачылыгына ийгилик каалайм. Эммилия

ОП-35-124. Саламым С.Садыралиевге. Жүрөгүм деп сыздабаңызчы, аячы деп ыйлабаңызчы, жагымдуусуң деп күлүп-жайнап, сүйүү отун тартуулабаңыз. Фатима 07773513хх

ОП-35-125. Саламым Кызыл-Кыядагы классташым Досматова Наргизага жолдонот. 0777113787ге чал, классташың Гүлзат

ОП-35-126. Саламым "Обондун" супер окурмандарына, жолугуп жатыпсыңар, жолугушууңар көңүлдүү өтсүн. Канжар

ОП-35-127. Саламым Султан байкеге, ар дайым жагымдуу ырларыңыз менен кыргыз элин кубантып жүрүңүз. 43 жашар баланын арманы мен үчүн жаралгандай сезилет. Андыктан сизди кумир тутуп жашайм. Чыгармачылык ийгилик каалайм. Канжар 07736485хх

ОП-35-128. Дүйнөдөгү эң кымбат досум Мединага салам. 07777007хх

ОП-35-129. Лейлектин Интернационал айылындагы ата-энеме жана досторума салам. Гүлжамал

ОП-35-130. СМСчилер келгиле таанышабыз. Мен "Обондун" жаңы окурманымын. Захара

ОП-35-131. ЖаМУнун М-1-05 группасына чоң салам. 07726487хх

ОП-35-132. Алтыным апам Зулайкага салам. Апаке мен сизди аябай жакшы көрөм. Захара

ОП-35-133. Ассалому алейкум диндеш боордошторум. Орозоңуздар кабыл болсун. Ислам динин тутунууга чакырам. Алматыдан Айпери

ОП-35-134. Жазага чоң салам. Мен да сени менен таанышкым келет. Келе жаткан Айт майрамың менен. Гүлшан

ОП-35-135. Саламым Хан-Шай, Гүлшанга жолдонот. Кыргыз элинин сыймыктанган кыздарынан болгула. Тилегиңерге жеткиле. "Обондун" көркүн чыгарган супер СМСчилерине ийгилик. Нурпери

ОП-35-136. Салам Султан, сага чынында Кудай талантты берген. Көрсө, мен сени эмес, талантыңды жактырыпмын. Бир жолу болсо да сени менен сүрөткө түшсөм дейм. Гүлжамал 07730389хх

ОП-35-137. Назика сезимиңди акыл менен башкар. Намыс кайда? Аида Т.Т.

ОП-35-138. Ээлеп алып жүрөгүмдү кусалык, калгандаймын ак сүйүүгө тушалып. Келчи жаным, макул десең экөөлөп, кең сүйүүнүн асманында учалык. Элдияр мен сени сүйөм. Дархандан Жылдыз

ОП-35-139. Гүлнур Сатылганова наамыңыз кут болсун. Бар болуңуз. Күйөрманыңыз Жылдыз

ОП-35-140. Ахилес, Синди, Тариэл, Канжар, Хан-Шай силерге супер салам. Атыңар өзгөчө экен. Махбурат

ОП-35-141. С.Садыралиевге, жүзүңдөн күлкү кетпесин, жылдызың жанып өчпөсүн, Жадырап-жайнап жүрө бер, бактылуу өмүр сүрө бер. Мүмкүн сени Кудай өзү бергендир, элимдин маңдайында Султан болуп жүрө бер. Чынара 488448

ОП-35-142. "Дордойдогу" коллегаларыма Элдар, Динара, Куба, кичинекей Алиханга салам жолдойм. Чың ден соолук, узун өмүр каалап, орозосу кабыл болсун. Асыл

ОП-35-143. Элдин сүймөнчүктүүсү С.Садыралиевге: Сен ушундай жөнөкөй жигит, нечендеген кыз жүрөгүн жибиттиң. Ханзада сүйүү отун тартуулап, Айчырайга ашык болдуң, не болду жалгыз досту эскерип, кан досуңду, кучагыңда башка бирөө дегениңди. Кудача кыз түшүнөбү ал жообуңду. Гүлшекер 07778464хх

ОП-35-144. Саламым Алай районунун Сопу-Коргон айылынын 88-жылкыларына жолдонот. Тараздан Айжамал

ОП-35-145. Салам Даниел, "Садагам" аттуу ырың мага тиешелүү ыр экен. Бул ырды угуудан эч тажабайм. Бегимай92

ОП-35-146. Эма Гузел сага ийгилик, Парижге жакшы барып кел, жакшы эле даярдандыңбы? Сен күчтүүсүң, жеңээриңе ишенем. Амирхан

ОП-35-147. Билим берди адамзат улуу болду, окуу көп ачты сырдуу жолду. Кудайым акыл-билим кимге берсе, ак жолун ачып тураар миң сан эсе. Назика

ОП-35-148. Сумаянка алтыным, сени катуу жакшы көрүп калдым. Амирхан

ОП-35-149. Эма Гузел былтыр Астананы багынтып 1 ай эс алып келдиң эле, быйыл Парижди багындыр. Мен сен менен сыймыктанам жана жеңээриңе ишенем. Сумая

ОП-35-150. Султан байке саламатсызбы? Сизди абдан сыйлайм жана урматтайм. Сиз мени баарлашууга чакырсаңыз сүйүнмөкмүн. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Аселя 05552734хх

ОП-35-151. Мүмкүн болсо мен Мирбек Иманбеков менен дос болгум келет. Башка өлкөнүн кызымын .Номерим 0555668558. Атым Манижа. Сулуумун, мусулманчылыкка бекеммин.

ОП-35-152. Кара-Балта шаарында мед окуу жайда 1-курста окуп жаткан Жылдызга салам, мен сени чексиз сүйөм. Жангазы

ОП-35-153. Бишкекте жашап жаткан Рустам аке, Асел жеңе бешик бооңор бек болсун. Чымкенттен Бакыт

ОП-35-154. Саламатсыңбы Султан, сенин концертиңде апаңдын бутун өпкөнүңдү көрүп көзүмө жаш алып ыйлагам. Мен апамдан айрылып калгам. Сен азаматсың, бейиш эненин таманында экенин жамырай журтка белгиледиң. Сени менен баарлашкым келет. Орозо күнүндө суранычымды четке какпа. Алла Таалам колдосун. Сени менен сыймыктанам. Тоголок 07771232хх

ОП-35-155. Досторум Ботя, Миришке салам жолдойм. Алматыдан Чыңгыз

ОП-35-156. Саламым кыргыз элиме, кармаган орозоңор кабыл болсун. Алла Таалага таазим этели. Кеша

ОП-35-157. Сүйүктүү жарым Бектурду жана уулум Расулду удаа келген туулган күндөрү менен куттуктайм. Аларга чың ден соолук, узун өмүр жана бакыт-таалай каалайм. Ар дайым жүзүңөрдөн күлкү кетпей, маңдайымда жүрө беришиңерге тилектешмин. Мухабат

ОП-35-158. Таластын Бейшеке айылындагы апам Анаш, сиңдим Нурай, иним Мелис, кызым Маликага ысык салам. Новосибирскиден Асылбек, Бека, Аку

ОП-35-159. Саламым сүйүктүүм Жака Жазгүлгө жолдонот. Жаркылдаган жамалыңды, шыңгыр күлкүңдү, шайыр мүнөзүңдү сагындым. Түшүнүп койчу мени. Сени түбөлүккө сүйөм. Айдарчик

ОП-35-160. Назирбаев Нурик Жанболотович сизге кааларым арманыңыздан арылып, ден соолукта бактылуу жашаңыз. Сабыр кылсаңыз, күрөшсөңүз бул күндөр да өтүп кетээр. Динара90

ОП-35-161. Кандайсыңар кыргызымдын жаш жүрөктөрү. Сүйүүмө жетпедим деп көбүңөр жазыпсыңар, көп капалана бербегиле. Андан көрө көздөрүңөрдү чоң ачып, эки жагыңарды карап көрсөңөр. Балким сизди сүйүп жетпедим деп кайгырып жаткандар да бар. Ошолордун жүрөгүн капалантпай бурулуп койсоңуздар балким ошондо жашообуз кызыгыраак болот. Саматик

ОП-35-162. Кандай аял тууду экен Султандай таланттуу жигитти. Ар тарабы төп келишкен татынакай жигит, мен сизди сыйлайм. Тараздан Кулпунай

ОП-35-163. Кербен шаарынын Т.Уметалиев мектебине салам. Балтабаев Бексултан

ОП-35-164. Саламым жалпы СМСчилерге. Бар болгула, мага таарынгандардан кечирим сурайм. 2507

ОП-35-165. Султан салам, сенин ырларыңды сүйүп угам. Чыгармачылыгыңды баалайм, талантыңа таазим этем.Кел сый мамилебизди бекемдеп маек куралы. Чыдамсыздык менен жооп күтөм. Чакырышыңды сезип турам. Тургунай 07724153хх

ОП-35-166. Мусулмандын кызымын, ыйман жолун жолдогон. Сүйүүмдөн жабыр тартамын, жан дүйнөмдү сыздаткан. Эки жыл ичиме сактадым, Ильязга болгон сүйүүмдү. Эми эмне кылайын? Жанымды кантип унутам. Аселочик

ОП-35-167. Омар керемет жигит экенсиң, сени менен жолукканыма ыраазымын . Телефон номериңди сурасам бербедиң. Эми 0772415332ге чалышыңды күтөм. Тургунай

ОП-35-168. Айжана сизге кошулам, кыргызда кыз калбай калгансып Ильяз Мирбектин клибиндеги кызды тартканы мени да канааттандырган жок. Чындап эле башка кыз жок бекен? Аделина

ОП-35-169. "Обондун" СМСчилери Хан-Шай, Эма Гузел, Жака-Жазгүл Фирдаус, Кунчуайпери, Кербен Куба бар болгула. Силер менен жакындан таанышсам болобу? Фиона

ОП-35-170. Кандайсыз Султан байке, ишиңизге ийгилик каалайм. Кудай сизди колдосун. Кыргызстандын эң мыкты ырчысы Султан С, Мирбек И, сиздер Кудайга ишенесиздерби? Сизди көрсөм экен. Шамсудин 07731345хх

ОП-35-171. Айка, Айгера мен силерди колдойм. Неля эже биздин кумирибиз ээ. Эля

ОП-35-172. Сени берген жаратуучу Кудай тек, сен айткандай жалбарабыз Кудай деп. Сен бактылуу туура жолду көргөздүң, сен касиет, сен улуусуң Мухамед. Аллахым күнөө жасап адашкан пендесине ыйман берсин. Нурпери

ОП-35-173. Азиз Жетигенов күйөрмандарын сыйлаганды жаман көрөт окшойт да. Ташрабатта болгон концертте көп кыздар автограф алып жатсак, бул жерге каяктан келе калдым эле деп аябай өкүнүп жатты. "Бирок "Обонго" барам деген эле, келбептир.. Мемо

ОП-35-174. Көрүнбөс көзүң, угулбас сөзүң, таштаба маяк, бирдикти аяп.Эгерде тутсам жейсиң го таяк. Маяк таштабай СМС жазсаңар болбойбу? "Бекжандагы" кыздар. Нияз

ОП-35-175. Салам Саматик келип калдыңбы? Жашоо кандай, баары бешпи. "Обон" менен бирге болушуңа тилектешмин. Адилина

ОП-35-176. Жессика таттуу сөздөрүңө рахмат. Команданы колдогонуңа ыраазыбыз. Айдеми менен кабарлашып, команда менен таанышып көр алгач. Аделина

ОП-35-177. Канат Кадыржан, мен баары бир сизди жакшы көрөм. Сизчи, жаным? Гуля

ОП-35-178. Неля сенин айтышың боюнча мектепте бала талашып кыздар менен көп мушташчу экенсиң го? Бакуля менен да Урматты талашып урушуп кеттиңби? Бирок сен канчалык аракет кылба Урмат Бакуляны сүйөт. Гуля

ОП-35-179. Салам "Обон"! Жалпы смсчилерге жана Чынгыз Мырзаевге. 07725157хх

ОП-35-180. Саламатсызбы Султан Садыралиев, ылайым булбулдай мукам, таза үнүңүз эч качан өчпөй, дүйнө жүзүнө даңкталыңыз. Ден соолугуңуз таштай болсун, өмүрүңүз арчадай болсун. Урматым менен Бурул 07776296хх

ОП-35-181. Мирбек Иманбеков чыныгы күйөрманың катары сени баарынан биринчи болуп келе жаткан туулган күнүң менен куттуктайм. Кеминдик Наргиз

ОП-35-182. Султан байке билесизби, сен келээрсиң бир күнү деп жүрүп ал перини таптыңыз окшойт. Не болду деп калдыңыз ал сизди таарынтып койдубу, айтор билбейм, аячы мени аячы деп калдыңыз!!! Рахмат бизге конокко келгениңиз үчүн. "Обонго" дагы ыраазымын мен силерди жакшы көрөм деп Эля. 07738509хх

ОП-35-183. Султан! Менин байым эмес балам сиздей болсо дейм, себеби сиздей балдар эне сыймыгы. Мен да сиздин ата-энеңиз сыяктуу сыймыктуу балам болушун каалайм! Сизге ийгилик! Таразга качан келесиз? Кулпунай 777716554хх

ОП-35-184. Урмат, экөөбүз бири-бирибизге душман болбой көчөдөн учурашып туралы ээ. 07730618хх

ОП-35-185. Ырчы Ильяз Абдыразаковго дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалайм. Кудайдан сага узун өмүр тилейм. Өзбекстандан Райхона

ОП-35-186. Мирбек Иманбеков, мен сизди жакшы көрөм. Зар болсом да, кор болсом да сизди эч кимге алмаштырбайм. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм күйөрманыңыз Айдай

ОП-35-187. Султан Садыралиевге арналат: Сизди сүйөм сүйгөндүгүм сүттөн ак, калтырбачы жүрөгүмө кетпес так. Бир жолугуп маек курсам сиз менен, эч ыйлабайм бактылуумун, көңүл шат.

ОП-35-188. Менин саламым Акчал уулу Дүйшөн мектебинин "Pussycat Dolls" группасынын кыздарына салам! Пари, Батя, Зуля, Гуля, Жака бар болгула ар дайым!

ОП-35-189. "Обон салам"! Кербен Куба эмне телефонуң өчүк? Аксылык экенсиң го, жердешим болот экенсиң. 0773648574 номерине чалып койчу Канжар

ОП-35-190. Султан Садыралиев эмне мынча сулуусуз? Сиздей жигит дүйнөдө жок. Сизди төрөп чоңойткон апаңызга тизе бүгүп таазим этем. Ар дайым бар болуңуздар. Нурзат 07721937хх

ОП-35-191. Саламым Ильяз Абдыразаковго. Талантыңа таазим этем. Тараздан Айжамал

ОП-35-192. Салам "Обонушка"! Мени тааныгандардын баарына салам. Назика

ОП-35-193. Салам "Обондун" жалпы жамааты бар болгула. Сүйүктүү ырчым Сьездбекке салам жолдойм. Астанадан Динара

ОП-35-194. Менин саламым сүйүктүү досум Перизатка. Дос иштериңе ийгилик! Мөлмө л

ОП-35-195. ОП-34-31 абоненти! Эмне үчүн Кыз Бурактын кыздарын тентектер дедиңиз? Гүлшайыр эженин айтканына териктиңизби? Сизге Урмат Усенов жакса, мен Кыз Бурактын кыздарынын талантын баалайм.

ОП-35-196. Менин саламым Ошто дүйнөдөгү эч табылгыс сүйүктүү ардагым, алтыным апам Машаева Бааркан Сагынбаевага жолдонот, апа орозо айт майрамыңыз менен куттуктайбыз! Жамандыктан алыс болуп, жакшылыктарды жандап жүрүңүз! Жараткан сизден жакшылыгын аябасын. Биздин бешенебизге ар дайым аман болуңуз. Чымкенттен уул-кыздарыңыз Жанара, Кайрат

ОП-35-197. Урмат, мен сени сүйөм! Айка

ОП-35-198. Мен Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айылында жашаган Нурикке салам жолдойм. Сизди чексиз сүйөм. Алтынай

ОП-35-199. Салам айтам Токтогул районуна. Сагындым кыз келиндерин. 07778203хх

ОП-35-200. Саламатсызбы Султан Садыралиев. Сизге ыйык рамазан айында, кадыр түн күнү окуган намазыңыз, ак ниеттериңиз кабыл болсун. Ошондой эле биринчиден ден соолук, экинчиден апаңыздын ак сүтүн актоону, үчүнчүдөн намыскөйлүк. Төртүнчүдөн эр жүрөктүүлүк, бешинчиден Ата-Мекенизиздин сүйүктүү ырчысы болушуңузду жараткандан суранаар элем. Жана да түштүктөгү күйөрмандарыңыздын бар экенин эсте, жатка тутуп коюңуз. Чынар 07736713хх

ОП-35-201. Сүйүктүү ырчым Султанга: Мукам үнүң жан эргите ырдаган, укса жүрөк жай албастан сыздаган. Ушунчалык маанисинде ырыңдын, арман менен кайгы кошо жазылган. "Жүрөгүм" деген ырыңды сүйүп угам …. Ульяна 07772643хх

ОП-35-202. Бакуля Бадыева, биз сени чексиз жакшы көрөбүз. Сен суперсиң. Гуля

ОП-35-203. "Обон" гезитинен тапкан досторум Нурбек байкеге жана Гулнарага супер салам. Айт майрамыңыз менен куттуктайм. Бактылуу болгула. Терең урматтоо менен Айнагүл 0773085747

ОП-35-204. Военный Своровскийде 3-курста окуп жаткан инибиз Манасов Нурсултанды 30-сеньтябрь туулган күнү менен куттуктайбыз. Инибизге каалоорубуз дүйнөдөгү баардык жакшылыктарды каалап, окууларына ийгилик. Ошону менен бирге Кыргыз элинин керегине жараган эр азаматынан болушуна тилектешпиз. Оштон бир тууган эжелери Айсулуу, Калима, Космира, жана атасы-апасы куттукташат.

ОП-35-205. Салам Султан байке кандайсыз? Эмне үчүн башкалардан айырмаланып турасыз, бир туруп жөнөкөй жигит, бир туруп адамды кыйнап терең ойго саласыз, деги сиз кандай мырзасыз, сизди сүйүп калгандарга кантип жооп табасыз? Эгер мени чакырбасаңыз таарынам, сизге бере турган суроом өзүмдөн да көп, суранам деп апамдын эркеси, "Обондун" периси Эля 07738509хх

ОП-35-206. Жаңы Алайдагы 87-жылкы классташтарымдын баарына салам! Алматы 8687

ОП-35-207. Ади мен сени сүйөм жаным. "Обон" алга, ийгилик. Отузадырдан Кундуз

ОП-35-208. Кыргыз элиме, чоң апам Жекшенбүбү, атам Эмилбек, апам Гүлмирага чоң салам . Эмилбекова Нурай

ОП-35-209. "Обонтайдын" смсчилери смстен көп жазып турргула. Назика

ОП-35-210. Тээ алыста бирөө келет, көзгө сүйкүм карааны. Өзүң го деп карай салсам сен эмес экен ал дагы . Султанчик сен суперсиң! Жанып турган жылдызың, эч качан өчпөгүн! Супер күйөрманың Аруна 07775670хх

ОП-35-211. Диля туулган күнүң менен куттуктайбыз, өмүрлүү бол, жүзүңдөн күлкү кетпесин. Биз сени жакшы көрөбүз. Өмүрбек, Нурсултан,Эрсултан

ОП-35-212. Тараздагы досторум Дамира, Динара, Ширин, Насиба ар дайым жүзүңөрдөн күлкү кетпесин жана тунук сүйүү каалайм. Айжамал

ОП-35-213. Таластын Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын 11-б классынын сулуу кыздары Гүлназ, Арзар, Аниза, Айжан, Наргиза, Айсулуу силер суперсиңер, бар болгула. Фиона


ОП-35-214. Омардын талантын чын жүрөктөн сыйлайм. Айт майрамың менен куттуктайм. Ошко келип кетишиңди күтөм. Айсулуу

ОП-35-215. Досторум Жамиля, Асел, Жазгүл, Чынара, Дамира, Алмаз Нурбек, Дөөлөт, Оролбектерге салам. Өзгөчө жаным Марлеске салам. 05550637хх

ОП-35-216. "Обон" сен менин сүйүктүү досумсуң Бар бол. Үмүт

ОП-35-217. Супер СМСчилер Лазат, Айдеми Айка, Жака-Жазгүл, Аделина, Хан-Шай, Жемчуг, Гүлшан, Чынара ж.б. баарыңарга салам. "Обондун" көркү болуп жүрө бергиле. Ошондой эле жалпы кыргыз элимди рамазан айы менен куттуктайм. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Захара

ОП-35-218. Оштук жигиттер менен таанышам. 0777264890

ОП-35-219. Кара-Балтада жашаган сүйүктүү атам Абдырахманов Мустапалыга жана апам Ташбекова Айтбүбүгө, иним Дастанбекке чоң салам айтып, алардын ден соолуктарын Аллахтан тилеп келем. 07737478хх

ОП-35-220. Асманда жанган ак жылдыз, Ак шумкар болуп учасыз. Ак жылдызым жерде жанып, кыргызыма ыр сунасыз! Салам "Обондун" жалпы жамааты Султанга табышмак: Кыз-жигит сүйлөшүп жүрүшүп, кыз жакшы көрбөй калат. Анан кыздын туулган күнүнө бала бир нерсе белек кылат, ошондо кыз жакшы көрүп калат. Ушул табышмакты таппаса студияда мен конокмун. Жообун ошондо айтам. 07778448хх

ОП-35-221. Султанчик байке, ушул орозо айында сизге смс жазып жатам, орозо айында жүрөгүмө так калтырбай тандап коюңузчу суранам. Урматым менен Асылай

ОП-35-222. Урмат жакшы эле Неляны тандапсың. Өзүнө окшоштуруп, сен Бакулянын тырмагына да арзыбайсың. Гуля

ОП-35-223. Э-ээй туугандар, эмне үчүн бирибизди кордойбуз, алдайбыз? Эмнеге инсан деген атка татыктуу боло албайбыз? Эмнеге кулдук милдетибизди аткарбайбыз? Алланы унутуп, шайтандын кулу болуп калдыкпы? Ахилес

ОП-35-224. "Керемет жашоо" командасына Айдеми Айка, Аделина, Азат, Батина, Гүлбарчын, Кербен-Куба, Токи жана Алтынай, Айкан, Фирдаус, Барби, Бегайым, Айгерим, Айдана, Тариэль, Мурат, Меришка, Эма-Гузел, Жеңиш-Кроша, Канжар, Гүлмайрам ж.б. салам. Алтындарым, күчүктөрүм, жөжөлөрүм менин, бирдигиңер түгөнбөсүн, телефонуңар бузулбасын, светиңер өчпөсүн. Аман болгула. Мемо

ОП-35-225. Султан Садыралиев акыркы убакта күлгөнүң өзүңө абдан жарашып баратат. Кокусунан "Голивудская улыбка" тиштерин салдырган эмес белең? Мемо

ОП-35-226. Саламатсызбы Султан? Ден соолугуңуз жакшыбы, иштериңиз кандай? Мен кичинекей кезимден артист болгум келчү. Азыр 9-класста окуйм. Ушу жылы барсам мага колдоо көрсөтө аласызбы? Баткен шаары Мирлан

ОП-35-227. Менин саламым жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан орозо айт майрамыңыздар менен куттуктаймын. Жалпыңыздардын кармаган орозоңор кабыл болсун. Аман

ОП-35-228. Кыргыз жерин даңктаган, кыргыз элин барктаган, Кызыл туусун көтөрүп, дүйнөгө баарын тааныткан патриоту бол. Ыйык рамазан айы менен куттуктаган жана сыйлаган күйөрманыңыз Роянна 07736557хх

ОП-35-229. Саламым Султанга, чыгармачылык ийгилик, уктасам сен деп уктап, сен деп турам. Түшүмдө сага жетпей далбас урам. Жараткан бул оорунун дарысы не, акын эмес адамды акын кылган. М.Асель 07720307хх

ОП-35-230. Салам "Обондун" смсчилери! О-уу аябай көппүз го! Келгиле "Обон" партиясын түзүп шайлоого баралы. Баса төрагасы мен болоюн. Элге тезек тердирбей, жок дегенде "Обонду" бекер бердирели. Демилгечи К.Ильгиз

ОП-35-231. Эламан кайдасың жаным, дагы мени издейт бекенсиң, сени билбейм кайдан табарымды. Эма Гузеля

ОП-35-232. Кыргызды кыргыз кылган ырчыларга, спортсмендерге, ишкерлерге жана жалпы мусулмандарга теңирим өзү ырайым кылсын. СССР

ОП-35-233. Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жашаган агам Жолдошбектин уулду болушу менен куттуктайбыз. Элинин керегине жараган эр азаматтан болсун. Жумадиловдордун үй-бүлөсү

ОП-35-234. Мирбек Иманбеков ыйык Рамазан айында Кудай Таалам сизге эң жакшы күндөрдү ыйгарсын. СССР

ОП-35-235. Кара-Колдо иштеген курбум Элеске сагынычтуу салам. Зарина

ОП-35-236. Кулжанов Улан Абакирович кандайсың, каяктасың? 07735616хх

ОП-35-237. Султан байке, мен сиздин талантыңызга баа берем. Сизди Аллах өзү колдосун, мен беш маал намаз окуймун, сизге бакыт тилейм. Ушак сөздөргө көңүл бурбай эле коюңуз, Кудай өзү көрсөтөт. 07771589хх

ОП-35-238. Тоо мөңгүсүнөн аккан булактай тунук, кыргызымдын нукура чырай жүзү деп сени билем, ажарлуу кыз Хан-Шай жүрөгүң таза асыл адамсың, бар бол. Гүлшекер

ОП-35-239. "Обондун" смсчи балдар-кыздары келгилие бири-бирибизге жылуу сөз гана арнайбыз. Жакшы сөз жан эргитет дегендей. Зарина

ОП-35-240. Казашка 90, Жанелита, Оштон Маха эмне смс жазбай калдыңар? Эма-Гүзел

ОП-35-241. Булбул үндүү, уккан адамды ээритип жиберген, көптөгөн кыздардын түнкү уйкусун алып, өмүрүнүн маңызы болуп келген Эркинбаев Эдил байкеге салам. Эдил байке, азыркыдай ар убак жадырап-жайнап жүрө бериңиз. Кааларым бакыт, сизди угуп кабагым ачык. Мм-ааах! Балмуздак сүйүүчү карындашыңыз Аделина

ОП-35-242. Тилинен бал тамган ди-джей Ч.Мырзаевди күнүмдүн эртең мененки үч саатын эч нерсеге алаксыбастан радио угуп гана өткөзөм. Чыңгыздын тамашакөйлүгүн, тапкычтыгын өткөндө байкадым. Туулган күнүнүн эртеси бирөө радиодон "баш кандай? десе, "баш тоголок" деп жатпайбы. Санирабига

ОП-35-243. Басканыңыз бакча болсун, арасында алча болсун. Жегениңиз жүзүм болсун, өмүрүңүз узун болсун. Мунун баары кумирим Султанга. Мекуш 07737018хх

ОП-35-244. Сүйүктүү ырчым Султанга салам. Ата-энеңизге күйүмдүү балдардан болуп, ишиңизге ийгилик каалайм. Айнагүл 07726145хх

ОП-35-245. Салам Султан, талантың ташкындап өссүн, кайгыга чөкпөсүн көңүлүң. Узун болсун өмүрүң, таза болсун жүрөгүң. Өзгөчө таң берем талантыңа, сүйлөшсөм дейм баарлаша. Султан суранам мени да тандачы. Айка 07778465хх

ОП-35-246. Салам Омар, кыргыз эли сени менен сыймыктанат. Сага узун өмүр, бакыт-таалай, чыгармачылык ийгилик каалайм. 05555086хх

ОП-35-247. Эби жок согуп жүрөгүм, Эламан бир сен деп жүрөмүн. Жүрөгүңдөн орун бер, суранам сенден сүйгөнүм. Эма Гузел

ОП-35-248. Өмүр деген мөлтүрөгөн тунук суу, өлчөмү жок туруктуу, канча болсо ошол өмүр ичинде, өз сүйгөнүм болсо экен туруктуу. Эма Гузел

ОП-35-249. Султан, мен сенден жөн гана суранарым мени "Кумир менен баарлашууга" чакырып койчу. Орозо күнүндө сени менен жолугушуу мен үчүн чоң бакыт. Перизат

ОП-35-250. Супер бир туугандар Мажитке жана Сайкалга салам айтуу менен бирге ийгилик каалайм. Талантыңар ташкындай берсин. Алтындарым, аман болгула. Аделина

ОП-35-251. Ишенбейм чыныгы сүйүү бар экенине, ишенбейм сен кайрылып келээриңе. Ким менен болсо да бактылуу бол, убакыт өтүп сени унутаармын. Самаричка

ОП-35-252. 9-класста бир майрам күнү мектепте интермедия аткарып калдык. Досум (балык башынан сасыйт) деген сөздү унутуп калып, балык, балык деп туруп калды. Анан чекеде турган бир классташыбыз балык башынан сасыйт десе, микрофонду оозунан албай туруп "Энеңеби" деп жатпайбы. Элди баары каткырып жатып калышкан. Ошондон бери досумдун кличкасы Балык. Жоодар

ОП-35-253. Айдеми-Айка, Барби, Аделина, Арзуу, Гүлмайрам, Лазат эже, Наргиза мени унутуп коюптурсуңар ээ? Мейли ошентсе да сиздерге ысык салам. Нурзат

ОП-35-254. Салам Султан. Эми баштайын, биринчиден ийгилик каалайм, экинчиден талантыңды баалайм. 07776715хх

ОП-35-255. Салам Султан аке, иштериңиз, ден соолугуңуз кандай? Сизге узун өмүр, ачык асман, арчадай жаштык, суудай тунуктук каалайм. Тилеген максатыңызга жетиңиз. Өнөрүңүз өркүндөй берсин. Чыгармачылык ийгилик. Ар дайым алга! 0772679071

ОП-35-256. Ош облусунда жашаган досум Айзаттын 25-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм. Окууларына ийгилик, жашоодо жетишкендик каалайм. Бар бол, бай бол, аман бол. Т менен бактылуу бол. Бишкектен Мемо

ОП-35-257. Султанга: Жүрөгүңдү тартуу кылып сүйө албадың, сүйүүмө шерик болуп жүрө албадың. Ашыктык сезимимди сүйө албадың, капамды тең бөлүшүп күйө албадың. Эркин, жаш жүрөктүн ээси боло албадың. Луна 077305863

ОП-35-258. Султан, мен сени биринчи жолу "Махабатым" деген концертиңде эле байкадым. Сен чыныгы таланттуу мырза экенине көзүм жеткен, ар дайым биз сени сүйөбүз, урматтайбыз. Талантың ташкындай берсин. биз сени менен сыймыктанабыз. Луна

ОП-35-259. Атам Мырза, апам Гүлнара, акем Мирлан, иним Кутманга, акылдуу карындашым Элмарага салам. Аллахым ыйманыбызды бүтүн кылсын. Майсалбек

ОП-35-260. Салам Барби, Хан-Шай, Бегай, Жака-Жазгүл, Айдеми-Айка, Мемо, Гүлшан силер менен таанышкым келет. Анда смсчилер алга. Асена 18

ОП-35-261. Оо достор келгилечи жолугалы, чогулуп жарык маанайда олтуралы. Аздыр-көптүр өтүп кетти күнүбүз кайгыда, ошол күндүн баарысын унуталы. Ахилес

ОП-35-262. Ассалому алейкум Султан байке, улуу Рамазан айыңыз менен. Ишиңиз илгерилесин. Аллах сүйгөн пенде болуңуз. Буюрса бейиштен жолугабыз. Таластан Билал

ОП-35-263. Сизге арнап ыр жазам, бирок аларды билдире албай кыйналам. Султан байке суранам, мени тандаңызчы. Сизди көрбөсөм арманда калам. Бурул 07738834хх

ОП-35-264. Кандайсыңар астаналык кыздар? Сиздер менен таанышсак болобу? Менин атым Айбек номерим +77014745906

ОП-35-265. Адико, сен кимсиң өзү, сүйүүңдү "Обонго" жар салыпсың. Эма-Гузел көчөсүнө чакырган жок, анын жигити жок, анын достору көп болушу мүмкүн , бирок жигит жандаганга убактысы жок. Эма-Гузелдин жүрөгүнүн ээси Эламан, аны айтпасам да билсең керек, братан. Амирхан

ОП-35-266. Досум Жылдызды 28-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм жана Исмаилов мектебинин окуучуларына салам. Бегимай

ОП-35-267. Нарын облусунун жашоочусу Сарымсаков Эрнис Болотбековичти издейм. Таластан досу Канат, номерим 07730395хх

ОП-35-268. Султан, сенин чыгармачылыгыңды баалайм. Сенде чыныгы талант бар. Сенин эмгегиңди жаш кезиңде эле барктачумун. Сага чың ден соолук, соолубас бакыт каалайм. Атагың алыска жетсин. 07774789хх

ОП-35-269. Менин жандай көргөн досум Гулизаны 2-октябрь туулган күнү менен куттуктайм. Бактылуу бол. Айгүл

ОП-35-270. Корголдоев Аслан, мен сизди сүйөм. Биздин жолубуз эки башка болсо дагы жүрөгүмдө жашап келесиз. Гүлзар

ОП-35-271. Кара-Суунун экинчисинен Абдымухамед, мен сени түбөлүк сүйөм жаным. Сагынам сени. Отуз-Адырдан жаның Кундуз. Ади бар бол, жарыгым, чырагым. 07735566хх

ОП-35-272. Менин кан досум Мээрим, Жибекке, ягуандарга салам. Жалал-Абад облусу Кара-Кол шаарынан Делбира

ОП-35-273. Салам кыргыз калкым, баарыңарга ыйык рамазан айында бардык жакшылыктарды каалайм. Орозоңор кабыл болсун. Асена18

ОП-35-274. Кор дүйнө жыюу менен убарабыз, көгөрүп кызыл өңдөн кубарабыз. Бар нерсе толукташып турса дагы, бере бер жараткан деп суранабыз. Чачылган кыргыз качан гана жыйналабыз. Качанга дүйнө жыйып кыйналабыз. 07770714хх

ОП-35-275. Бардык жаштарга чоң салам. Мадина

ОП-35-276. Ыр аркалап жетем десең максатка, Ысык-Көлдүн толкунунан мени изде. Моюн сунбай өтөм десең жаштыкта, моймол көздүн колтугунан мени изде. Назика

ОП-35-277. Султан байке, биз сиз менен сыймыктанабыз. Обону менен сөзү төп келген ырларыңызды укканда кандай гана адам болбосун жүрөгү жылыйт. Сүйбөгөн сүйөт, сагынбаган сагынат, кубанбаган кубанат. Сизге ушундай талант берген Аллахга, ушунчалык деңгээлге жеткирген ата-энеңизге чоң рахмат. Сизге ден соолук, узун өмүр, эмгегиңиздин үзүрүн көрүңүз. Тумар 05553363хх

ОП-35-278. Айгүл, Айбек, Кубанычбек, Гүлбара, Акыл, Шахноза, Исмадияр, Зулфия, Фуркат, Жамила бактылуу болгула. Лейлектик кыз Сармата

ОП-35-279. Саламым Кара-Кулжада жашаган атам Дүйшөнбайга, апам Акмөөргө өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк ата-энем, бул дүйнөдө түгөнгүс менин берекем. Ар дайым биздин сыйыбыздын үстүндө жүргүлө жамандыкты билбестен. Оштон кызыңар Бурул

ОП-35-280. Сыймык, Айганыш, Айдана, Курманбек, Самаш, Асема силерге өмүр, ден соолук жана бактылуу балалык каалайм. эжеңер Айпери

ОП-35-281. Менин саламым Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундары апам Максат, атам Нуралиге салам жолдоп, ар дайым ден соолукта болушун каалайм. Шайыргүл

ОП-35-282. Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында жашаган Алтын байкеме салам жолдойм. Сизди шайлоодо алдыңкылардан болушуңузга тилектешмин. 07730618хх

ОП-35-283. Эма Гүзел, сени менен кантип байланышсам болот.Мага чалып койчу. Самара 0777787747

ОП-35-284. Кеминдик Наргиз Мирбага жетип бактылуу бол. Жазка

ОП-35-285. Дүйшөмбү күнү түш көрдүм, түшүмдө кызык иш көрдүм. Султан байке менен "Обондо" баарлашып олтурупмун. Ойгонуп барып гезит сатып алсам, чын эле Султан байке келет экен. Кубанычым койнума батпай кудуңдап жүргөн кезим. Түшүм аян берди. Бегимай 05431348хх

ОП-35-286. Жалпы Лейлек районуна салам. Өзгөчө Самат айылына. "Обонду" окугула. 05431348хх

ОП-35-287. Мен Оштук кыздар менен таанышам. номерим 77025748839 Жапар

ОП-35-288. Ызар мектебинде окуп жаткан досторум Асылгүл, Зыягүл Айгеримге салам жолдойм. Мадина

ОП-35-289. Курманжан сен менин сүйүктүүмсүң. 05558266хх

ОП-35-290. Ж..ы сен дүйнөдөгү эч бир адам жеткис жалгызымсың. Менин жашоомдун шаңы ар дайым сени менен. Сени чексиз сагынып сүйөм. Конфеткаң

ОП-35-291. Алматыда "Болашак" базарынын 1-катарында иштеген Кыял менен Төлөгөн айтор бар болгулачы. 770254693хх

ОП-35-292. Эй замандаш, сен эңсеген бак кушу, бейиш болот жыргалдардын жакшысы, акыл калчап азыртадан камдап ал. Билсең эгер намаз - бейиш ачкычы. Кабар берип Жараткандын жарчысы, ыйман деди эки дүйнө бактысы. Ыйман менен чын жүрөктөн окулган, намаз деди чын бейиштин ачкычы. Гүлшан

ОП-35-293. Сүйүктүү ырчым Ильязга, Тараздык Амантурга салам жолдойм. Ильяз менен тааныштым. Эми Амантур менен таанышкым келет. Каршы болбосоң, албетте. Билсең, сен Ильязга эки тамчы суудай окшойсуң. Менин атым сен чай ичкен кружкада жазылуу. Мен ушундай тентек кызмын. 777716554хх

ОП-35-294. Адамда жаралат жалгыз жүрөк, ал жүрөк сизди тандап сизди сүйөт. Султан байке сизге чыгармачылык ийгилик. Сиздин фанаткаңыз Делвира 07777067хх

ОП-35-295. Баардыгыңарды алдыда келе жаткан айт майрамыңар менен куттуктайм. Кармаган орозоңор кабыл болсун. Нарын Лахолдон Альзахида Альдебелдара

ОП-35-296. Шамалды-Сайдагы Асел, мен сени сүйөм. Кербенден Бексултан мага чалчы. 0777559367

ОП-35-297. Нарын облусунун Лахол айылынын Р.Кылыч атындагы орто мектебинин 11-класста окуган классташтарыма салам. Курбу кыздарым Нурай менен Гүлзар, мен силерди жакшы көрөм. Классташыңар Альзахида

ОП-35-298. Саламатсызбы Султан, мен алыскы Нарында жашайм. Эгер сиз мени тандаган болсоңуз жолдун алыстыгына карабай барат элем. Чыгармачылык ийгилик, күйөрманың Альзахида Альдебелдара 07722393хх

ОП-35-299. Салам Султан! Сагынганда сансыз салам жиберем, анан кантем же коштошуп кетпесем. Арманым көп айта турган ичимде, айлам барбы, кантем сизге жетпесем. Альбина 07737486хх

ОП-35-300. Кыргыз элимдин мусулмандарын орозо айт майрамы менен куттуктайм. "Обондун" супер окурманы Канжарга салам. 07777067хх

ОП-35-301. Менин саламым Куршабдагы атам Жолдошбай, апам Замира, иним Амантур, сиңдим Сүлфина, Айгүлдөргө. Астанадан кызыңар Лиза, уулуңар Манас

ОП-35-302. "Эл тараза, Эл сынчы, эң мыктысы кайсы ырчы" конкурсунун жеңүүчүсү Мирбек Иманбеков болуусун каалайм. Кана анда М.Иманбековдун күйөрмандары Мирбекке добуш берели. Айсулуу Кичикеминден

ОП-35-303. Менин саламым Ноокат районунун Бел-Өрүк айылында жашап жаткан атам Ташмат апам Абийба сиңдим Гүлүм, иним Жыргалга сагынычтуу салам жолдойм. 77023527533

ОП-35-304. Матмырзаевдердин үй-бүлөсүнө тынчтык жана ынтымак, эч качан оорубагыла. Гүлиза

ОП-35-305. С - сыйлуу
У- урматтуу
Л-лучший
Т - таланттуу
А- айчырайлуу
Н-нурдуу 0773883499

ОП-35-306. Жашоодогу бир келген бактым, жаным Руслан мен сени чексиз сүйөм. Алтыным, маңдайымда аман болушуңду кудайдан тилейм. Жаның Жаркынай

ОП-35-307. Калыйнур сени аябай сагындым. Сени чексиз сүйөм. Үмүт

ОП-35-308. Султан мага белек берчи суранам, беребесең таарынам. 07735387хх

ОП-35-309. Салам ягуан, братья Д Шопоков атындагы мектептин 11-б классынын кыздарына Мээрим, Мира, Венки Айганышка салам. Деля

ОП-35-310. Даниел, сени менен таанышканыма абдан кубанычтамын. Зериктирбей званок кылып тур. Гүлшайыр

ОП-35-311. Ойлонтуп жүрөгүмдү кыйнап сурасам бир жылмайып карап жүрөгүмдү мынча козгодуң. Ушунча назик жан белең? Табигат. Сырдуу Алтынай

ОП-35-312. Жазка эже оорубай жакшы жүрүңүз. Биз сизди аябай жакшы көрөбүз. Сизди сагынып Чымкенттен Аскар, Муслим

ОП-35-313. Султан байке биринчиден сизге чың ден соолук, узун өмүр, чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм. Жүзүңүздөн күлкү кетпесин. Гүланда 07774101хх

ОП-35-314. Карап сенин карагаттай көздөрүңдү, жүрөгүмө тунук сүйүү козгодуң. Махабаттын мен илинип торуна Мен сүйүүнүн туткунуна окшодум. Тултушкам менин. Аза86

ОП-35-315. Аял менен эркек жубай, топурак менен суу ылай. Бири-биринен ажырагыс кылып, жаратып койгон тура Кудай. Нурзат

ОП-35-316. С.Садыралиевге. Кандай адам терең сууну кече алат, кандай адам өз сүйүүсүнө жете алат. Эгер адам өз өз сүйүүсүнө жетпесе, ойлоп көрчү кандай турмуш кура алат. Фирдаус 07773513хх

ОП-35-317. Салам "Обонтай", кыргыз элиме жалындуу ысык салам. Даниел өнөрүң өркүндөй берсин. Супер СМСчилердин баарына ысык салам. Кудай силерди колдосун, силерге көз тийбесин, максатыңарга жеткиле. "Обондун көркү силерсиңер. Канттан Макуся




- Эмне сөзүңүз болсо айта бериңиз. Менин сөздөрүмдөн жактырбагандык даана сезилди. Ал муну байкабагандай түр көрсөтүп:
- Мындай учурду көптөн бери күтүп жүрөм. Биз сүйлөшүш үчүн арбын убакыт керек-деди. Маанисиз сөздөрүнө башымды ооруткум келбеди. Анын үстүнө эмне болсо да маалкатпай эрте билгенге ашыктым.
- Тез-тез айтыңыз. Сиздин жомогуңузду укканга убактым жок. - Жактырбай турганымды ал абдан жакшы түшүндү да болоору болду дегендей кол шилтеп:
- Сизди Бахид алдап жүрөт, анын тиги жакта аялы бар, - деди. Мени бирөө төбөгө чапкандай башым кеңгирей түштү. Эмне дээримди билбей:
- Сиз аны кантип далилдейсиз, -дедим акырын. Бул экинчи жолу угушум болгондон кийин, аны мен калпка чыгара албадым, болгону өз тагдырыма наалат айтып ызага муунуп бараттым. Тигил аял дал ушундай болоорун мурдатан билгендей камырабай жоолугун оңдоп: - Мага ишенбесеңиз, анын аялынын ушул шаарда бир тууган акеси бар, ошого жолуксаңыз болот. - Мага боор ооругандай оор улутунуп койду. Анын айткандарынын чын-төгүнүн билүү максатында шаардагы агасынын адресин толук алдым. Ушундан ары эле барып жолугуп көрөйүн деген чечимге келдим. Ал аял дагы бир топ нерселерди божурап Бахидди жамандады. Айткандарынын көбүн уккан жокмун, айрымдарын уксам да сөздөрүн тажик тилине чалып сүйлөгөндүктөн маанисин жеткире түшүнө албадым. Катуу ачуум келгендиктен тигил аялга:
-Жүрүңүз, чогуу баралы. Сиз мага үйүн көрсөтүп, өзүнө жолуктуруп коюңуз-дедим. Ал менден мындай чечкиндүүлүктү күтпөсө керек, кайра өзү коркуп кетти. Бүгүн убактысы жок экендигин, бир жума кийинкиге күн болжошту да шашылган бойдон жолго түштү. Анын мындай сунушу мага да жакты, анткени биринчи Бахиддин өзүнөн сурап көрүүнү туура деп эсептедим. Ал күнү үйгө келээр менен башым ооруп жатканын шылтоо кылып тамак ичтим да жатып алдым, бирок ойлор менен алпурушуп жатып таңга жуук гана уйкуга алдырдым.

***
Эртең менен мени эч ким ойготпогон соң абдан кеч турдум. Сабактан кечигип калыптырмын, аны шылтоо кылып ал күнү институтка барбадым. Барбай калышымдын экинчи себеби: кечээки аялдын сөзүнөн кийин Бахидди көрөйүн деген көзүм жок. Ата-энеме минтип жакпаса, өзү тигинтип алдап жүрсө, мына ушул күндөн баштап баарын кан буугандай токтотом деген катуу чечимге келип, ошону Бахидге кантип түшүндүрүүнүн бир нече формасын иштеп чыгып койдум. Ошондой эле Бахидден баш тартканымды айтып ата-энемди сүйүндүрүп коюуну да унутканым жок. Ушул ой башыма келгенде өзүм да кубанып шаша-буша кийинип, үстү-башымды оңдоп, апам менен олуттуу сүйлөшүүнү ар кандай пландаштырдым. Аңгыча болбой менин басып жүргөнүмдү байкаган апам:
- Ай, Элмира, кел тамак ич. Кечке эле жата бересиңби. Ушу сага түшүнбөйм, кантип жамбашың талыбай жата бересиң дейм да-деп наалып кирди. Менин жакшынакай маанайымды көргөндө көргөн көзүнө ишенбей абдан таң калды. Мен бала кезимдей анын бетинен өөп, ашканадагы үстөлгө отурдум. Апам буга жетине албай:
- Сен бүгүн таптакыр башкачасың го кызым, -деди. Анын бул сөзүн байкамаксан болуп:
- Мама, сизге бир нерсе айтайынбы? -деп сурадым. Ал кандай сөз экендигине бүшүркөп бир топ турду да:
- Айтчу сөзүң болсо табышмактатпай эле айта бербейсиңби. Апамдын сен кайсы маанилүү сөз айтмак элең дегендей жактырбаганы даана сезилип, аны кабагындагы бырыш толуктады. Бул жолу мен ага анча терс маани бербедим, апамды тезирээк кубанткым келди:
- Апа, мен тигинден кол үздүм. Экөөбүздүн мамилебиз бүгүндөн баштап токтойт, -дедим. Ушуну сен айтып жатасыңбы дегендей абдан таң калуу менен карады. Анан менин карегимен толук чындыкты көргөндөй:
- Ырас болбодубу… Менин кызым ушундай эле акылдуу болчу дейм да. - Ал сүйүнгөнүн жашыра албай кучактап өпкүлөп жиберди. Ошол селпейген "тажик" күйөө бала катары ушу биздин үйдөн кирип-чыкканын таптакыр элестете албай койгон элем. Кудайым бар дейм да… Ушундан куткара көр деп Кудайдан аябай тиледим эле, тилеген тилегимди бериптир… - Апам кубанычын жашыра албай калдаңдап ары-бери чуркап жүрдү. Азыркы кыймылына жарашпаган толук денеси, анын карама-каршысында кичинекей баладай чуркап сүйүнгөнүн көргөн киши боору эзилип күлмөк. Бир караганда түккө турбаган нерсенин апама ушундай таасир бериши мени абдан таң калтырды. Өзүмө өзүм баш оору кылбай эчак эле ушинтип кубантып койсом болмок экен деген ой бир саамга көкүрөгүмдү аралады. Бирок анда минтип калп эле үмүттөндүрүп кубандыра алмак эместигимди ойлодум.
- Мама, чай ичким келип жатат. - Секелек кезимдегидей эркеледим.
- Азыр, азыр… Апам кичинекей наристесине чай берчүдөй болгон дитин ошол тарапка буруп чай даярдады. Апам да, мен да көптөн бери биринчи ырахаттанып, ар кайсы кептерди сүйлөшүп чай ичтик. Ал өзүнүн студент кезинде атама кантип жолуканын, экөө алгач кантип таанышканын, ага чейин болгонун, бирок таянем ага улуксаат бербегенин, апасына менин атам жакканын, эми өкүнбөй эле жыргап, кандай кийим кием десе кийип, эмне тамак жейм десе жеп жашап жатканын айтты. Ал өзүнүн студент кезин абдан канааттануу менен элестете тургандай кылып божурап берди. Совет өкмөтүнүн тарбиясы болсо керек, ушул жерден мага бир нерсе жакан жок. Ал апамдын материалдык байлыкты жогору коюшу болду.
Кечинде атам келди, ал чай кайнаганча көнүмүш адаты боюнча ала келген гезиттерин барактап отурганда апам жардам бер дегендей ашканага чакырып алды. Чынында апам атамдан эч качан үй-жумуштары боюнча жардам сурачу эмес, тескерисинче көптөгөн эркек жумуштарын ага айтпай өзү бүтүрүп койчу. Мен апамдын атамды ашканага чакырып алышынан эле кеп мен тууралуу болоорун сездим. Аларга жолтоо болбой сабагымды окуп, Бахид менен болгон мамилеге ушуну менен чекит коюп жакшы кыз болоюн деп чечтим.
Атам менен апам көпкө сүйлөшүп отурушту, чечекейи-чеч бирин-бири тамашалашып. Элестетип көрсөм, алардагы мындай маанайды далайдан бери көрө элек экенмин. Алардын бактылуу жашашы менин колумда экендигин сездим жана өмүр бою ушундай бактылуу жашоону ыйгарууга, аларды мындай бакыттан айырбаганга өзүмө-өзүм ант берип жатып уктап кетипмин.







??.??